Украина тузагы жана НАТОнун келечеги

Украина тузагы жана НАТОнун келечеги
Россияны чектөө жана Кытайды курчоо үчүн согуштук пландар
НАТО уюму Россия менен мүмкүн болгон согушка карата аскерий пландарды жана келечекке байланышкан изилдөөлөрдү түзө баштады. НАТО өлкөлөрү Москва менен мүмкүн болуучу кармашка тиешелүү «жашыруун» деп мүнөздөлгөн «миңдеген беттен турган аскерий пландарды» даярдап, кабыл алышты. Бул пландарда акыркы ондогон жылдардан бери биринчи жолу Россия менен мүмкүн болгон аскерий кагылышуунун майда-чүйдөсүнө чейин көрсөтүлгөн. Адистер мындай дешет: «Бул Россия-Украина согушу башталгандан кийин НАТО Россия Федерациясына болгон саясатын кайра карап чыккандыгына байланыштуу. Анткени НАТО узак убакыт бою Россияны уюмга коркунуч жаратпайт деп эсептеп келген».
Башында Россия НАТОнун мүчөсү болууга аракет кылган жана уюм менен келишимдер түзгөн. 1997-жылы алар өз ара мамиленин негиздери тууралуу мыйзамга кол коюшкан, анда эки тарап тынчтык, демократия жана коопсуздук үчүн биргелешип иштөөгө милдеттендирилген. Ошондой эле НАТОнун кошумча согуштук күчтөрүнүн мүчө өлкөлөрдө туруктуу жайгашуусуна чектөө коюлган, бирок коргонуу маалында же коркунуч бар шартта бул жайгашуу уруксат кылынган. Тараптар узак мөөнөттүү саясий кызматташууга да макул болуп, биргелешкен консультациялык платформа катары НАТО–Россия кеңеши түзүлгөн.
Бирок НАТО өлкөлөрү Россияны кошуудан баш тартуусу жана «ачык эшик» саясатын жүргүзүсү, чыгышка карай кеңейишинен улам, Россия өзүн алданган жана басынтылгандай сезди. Анткени Батыш лидерлери менен «чыгышка кеңейбөө жана Украинаны кошпоо» тууралуу жашыруун ишеним берүү болгондугу айтылган. Бирок Батыш алдап кетти, бул жөнүндө Путин 2022-жылдын февралында Украинага каршы согуш жарыялап жатып айткан: «Токсонунчу жылдары бизге НАТО чыгышты көздөй бир карыш да жылбайт деп убада кылгансыңар. Силер бизди каратып туруп алдап кеттиңер. НАТОнун кеңейүүсүнүн беш толкуну буга чейин болуп өттү».
2022-жылдын 18-майында Финляндия жана Швеция НАТОнун мүчөлүгүнө кошулуу боюнча расмий арыз беришти жана ондогон жылдар бою сактап келген нейтралдуулук саясатын ташташты.
Америка үчүн Россияны Украина тузагына түшүрүү — чоң максаттарга жетүүнүн жолу болду. Анткени Россия-Украина согушу табигый түрдө эмес, АКШнын стратегиялык максаттары үчүн атайын шартталган. Украина НАТОнун мүчөсү боло турганы тууралуу кеп чыккан соң, Россиянын согушка кирүүсү камсыз кылынды жана согуш созулуп, керектүү максаттарга жеткенче улантылды.
Кремлге жакын турган аскерий баалоолорго ылайык, Россияга жүктөлгөн айрым украин облустарын Россияга кошуу тапшырмасы бир нече күндүн ичинде эле аткарылат деп эсептелген. Бирок мурдагы АКШ президенти Жо Байдендин администрациясы башкача көз карашта болгон. Ал Украинанын чыгышындагы согуштан өзүнүн геосаясий максаттарын көрдү. Ошондуктан Вашингтон Россиянын чабуулун тосуу үчүн Киевге аскерий, чалгындык жана логистикалык колдоону ачык жолдор аркылуу берүүдөн тартынган жок. (Аль-Жазира).
Британдык Би-Би-Синин дипломатия боюнча кабарчысы Жеймс Лэндал бул тууралуу мындай деп жазган: «Балким, Россияга каршы согуштун максаттары чыңалуунун эң маанилүү булагы болуп жаткандыр. Азыркы учурда Батыш «Украинаны коргоо» деген ураандын артында бириккен, өлкөнүн туруштук берүүсү үчүн экономикалык жана аскерий колдоо көрсөтүүдө. Бирок узак мөөнөттүү максат эмне?»
АКШнын The National Interest журналы мындай деп жазган: «АКШ Украина согушунда эсептелген жана ойлонуп чыгылган ыкманы кабыл алды: түз согушка аралашпай, Киевди ортомчу күч катары колдоп, кеңирээк стратегиянын алкагында Россиянын салттуу аскерий мүмкүнчүлүктөрүн алсыратууну көздөдү. Бул — америкалык жоокерлердин өмүрүн тобокелге салбоо жана НАТО менен Россиянын түз кагылышуусунан сактануу үчүн жасалган ыкма».
CJ Аткинс People’s World журналынын башкы редакторунун орун басары «Украина тузагы» тууралуу макаласында мындай дейт (аль-Араби аль-Жадид): «Россиянын мыйзамдуу коопсуздук тынчсызданууларын, Путин өкмөтүнүн империалисттик амбициялары менен айкалыштырып пайдалануу тузакты түзүүнү абдан түз, атүгүл жөнөкөй ишке айлантты».
Ал эми Путин, орус саясий ой жүгүртүүсүнө мүнөздүү тайыздык жана саясий акылсыздык менен белгилүү болгондой, бул тузакка түшүп калды. Ал Украина согушу узакка созулбайт деп ойлоду. Чындыгында болсо Украина АКШ саясатынын максаттарын түшүнбөстөн, орус аюусу жутуп алган жем болду.
Америка Украина согушу аркылуу үч максатты көздөйт:
- Биринчиси: Россияны жок кылуу эмес, алсыратуу жана узакка созулган түрдө чарчатып түгөтүү.
Бул тууралуу көрүнүктүү батыш лидерлери ачык айткан. Алардын башында АКШнын коргоо министри Ллойд Остин турат. Ал: «Биздин максат Россияны мурдагыга караганда алсыраган абалда көрүү», — деген.
Ооба, Россия тузакка түштү: Украина бир нече күндө кулайт, Батыштын колдоосу тез өчөт деп ойлоду. Бирок бул эсеп реалдуулукка каршы чыгып, төмөнкүлөр болду:
Украина кыйрап калган жок; Украин күчтөрү коомдук демилге менен бекемделди; эл массалык мобилизацияга чыкты; эл аралык медиа толук колдоо көрсөттү.
Мунун баары орус армиясынын тез жеңишке жетүү планын үзгүлтүккө учуратты, аларды артка чегинүүгө мажбур кылды жана согуш узакка созулган жүдөп-алсыратуу согушуна айланды.
- Россиянын шайтандыгы жана Европаны коркутуу. Европанын өзүнчө коргонуу системасын куруу жөнүндө ойлонбошу үчүн, АКШнын коргоосу алдында калтыруунун жолу.
Байден Россияны Батыш үчүн эң чоң коркунуч катары көрсөтүүдө ийгиликке жетти. Натыйжада Европа менен Россия ортосунда узак мөөнөттүү мамилелерди куруу аракеттери эки тараптын стратегиялык көз караштарынын кагылышуусунан улам жокко чыкты. The National Interest журналы орус согушу НАТОнун жанданышына көмөк болду деп жазды, анткени уюм муздак согуштан кийинки ондогон жылдарда алсыроо абалында болчу.
Бул европалык союздаштардын коргонуу чыгымдарынын көбөйүшүнө, буга чейин нейтралдуу болгон Финляндия жана Швециянын уюмга кошулушуна алып келди. Натыйжада НАТО биримдиги жана анын Европадагы коопсуздук ролу бекемделди. Жада калса, уюм жарандык бюджети 27,8% көбөйтүлүп 370 млн евродон ашты, ал эми аскерий бюджети 25,8% көбөйүп 2 млрд евро чамасына жетти.
Акырында бул согуш Европанын дагы эле Вашингтондун коопсуздук калканына, АКШнын европа-аймактык жаңжалдарды чекке сүрүү күчүнө жана НАТОнун жетекчилигине муктаж экенин көрсөттү.
- Россия менен Кытайдын байланышын үзүү жана Россияны көзөмөлгө алынгандан кийин Кытайга басым жасоо стратегиясына кошуу.
Россияны согуш аркылуу алсыратуу — Кытайды да алсыратуу дегенди билдирет. Бул АКШга пайдалуу. Украинадагы согуштун айынан Кытай өзүнө эл аралык аренада көмөктөшүп, дипломатиялык позицияларды айкалыштырып келген маанилүү союздашын жоготуп коюшу мүмкүн болду. Демек, Путиндин согуштагы жаңылыш эсептөөлөрү Кытайды да Украина сазына кандайдыр бир деңгээлде батырып салды.
Журнал мындай деп кошумчалады: «Вашингтон бул түшүнүктү максималдуу пайдаланып, акыркы мезгилде Европадагы НАТО союздаштары менен, ошондой эле Япония, Түштүк Корея, Австралия сыяктуу Чыгыш Азиядагы өнөктөштөрү менен аскерий координацияны жана тажрыйба алмашууну күчөткөн. Бул стратегиялык координация Американын таасирин кеңейтүүгө жана Москва менен Пекинге каршы мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга кызмат кылууда».
Демек, АКШ Россияны толугу менен жок кылууну каалабайт. Себеби согуштун жайылып кетишинен жана ядролук коркунучтан чочуйт. Ошондуктан Украинага жардамды этияттык менен, өлчөм менен берди — өлтүргүч, сокку уруучу куралдарды берген жок, жардамды согуш максаттарын камсыз кыла турган гана деңгээлге чейин чектеди.
Согуштун узакка созулушунун натыйжасында европалык жана америкалык багыттар бөлүнүп кетти. Бирок Европанын коопсуздукка байланыштуу да, Украинага байланыштуу да чечимдери жок. Себеби саясий чечим Европада эмес, Россия менен АКШнын ортосунда.
Европа согушту алдын ала эч кандай шарт койбостон токтоткусу келет, анткени согуштун оту, кесепети, таасири — баары Европаны күйгүзүп жатат. Ал эми кадыр-баркын жоготкон жана Батыш статистикасына ылайык 250 миңден ашык жоокерин жоготкон Россия — жүзүн сактап калуу үчүн Трамп менен жолугууга умтулуп жүрөт. Трамп болсо жолугушуудан баш тартууда. Бул Кытайга басым кылуу стратегиясындагы үчүнчү максатка жетүү үчүн жасалып жатат.
Британдык The Telegraph гезити «Путиндин күчү жөнүндөгү уламыш кыйрап жатат… Балким аягы ойлогондон алда канча жакын» деген аталышта анализ жарыялады. Аны геосаясий стратегия боюнча адис Марк Бролиң жазган. Анда ал Россия президенти Владимир Путиндин күчү жөнүндөгү миф кыйрап бара жатканын, анын режими көптөр ойлогондон эртерээк кулашы мүмкүн экенин, биринчи кезекте Путиндин өзү муну түшүнбөй жатканын айтты.
Ошондой эле ал АКШ президенти Дональд Трамптын Москвага карата акыркы позициясындагы өзгөрүү Украина согушунун аякташын жана, мүмкүн, орус режиминин кыйрашын тездетиши ыктымал экенин белгиледи.
Хасан Хамдан
Роя гезити




