Роя гезити

Эл өкүлдөр жыйынынын шайлоосу — вакыйлык жана важиб ортосунда

Эл өкүлдөр жыйынынын шайлоосу — вакыйлык жана важиб ортосунда

2025-жылдын 5-октябры, жекшемби күнү, Сирияда Асад режиминин кулатылышынан кийинки биринчи мыйзам чыгаруу шайлоосу өткөрүлдү. Бирок бул шайлоо өлкөнүн бардык вилаяттарын камтыган жок, айрыкча Сувейда маселесиндеги саясий тыгын жана «КДС» көзөмөлүндөгү аймактардын абалы сакталган бойдон калды. Ошондой эле Америка өзүнө пайдалуу, бирок революция элинин курмандыктарынын жемишин тартып ала турган жаңы чындыкты таңуулоого аракет кылууда.

Бул маселе боюнча Эл өкүлдөр жыйынынын вакыйлыгына, ага катышуунун жана мүчөлөрүн шайлоонун өкүмүнө байланыштуу негизги маселелерди түшүндүрүү зарыл.

Биринчиден:

Адамдар өздөрүн өкүл кылып шайлоо маселеси, башкача айтканда, алардын атынан пикир билдирүүчү адам же адамдарды тандоо — шариат боюнча өзү жалпысынан жаиз болгон иштерден болуп саналат. Бул иш «Эл өкүлдөр жыйыны», «Мажлисул Умма» же «Эл кеңеши» деп аталган органдар аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн. Мындай өкүлдүк — шайлоочулардын пикирин билдирүү үчүн алардын өкүлү (вакили) болот. Ал эми өкүлдүк (вакалат) Исламдагы жаиз өкүмдөрдүн бири болгондуктан, шайлоонун ушул жагы жаиз болуп эсептелет.

Бирок маселе башка жакта турат: «Эл өкүлдөр жыйыны» — бул демократиялык түзүмдөн келип чыккан мыйзам чыгаруучу кеңеш. Бул түзүмдө «бийлик элге таандык» деп эсептелет, башкача айтканда, эл мыйзамдарды жана түзүмдөрдү өзү чыгарат, ал эми парламент элдин атынан ошол мыйзамдарды бекитүүчү орган болот. Бул демократия системасы Исламга түп-тамыры менен каршы келет. Анткени Исламда мыйзам чыгаруучулук Аллах Таалага гана таандык. Эч ким Аллах менен бирге мыйзам чыгаруучу боло албайт. Аллах Таала айтты:

﴿إِنِ الْحُكْمُ إِلاَّ لِلّهِ﴾

«Өкүмдарлык Аллага гана таандык». (Юсуф: 40).

Жана Аллах Таала дагы мындай деди:

﴿وَلاَ تَقُولُواْ لِمَا تَصِفُ أَلْسِنَتُكُمُ الْكَذِبَ هَـذَا حَلاَلٌ وَهَـذَا حَرَامٌ لِّتَفْتَرُواْ عَلَى اللَّهِ الْكَذِبَ إِنَّ الَّذِينَ يَفْتَرُونَ عَلَى اللَّهِ الْكَذِبَ لاَ يُفْلِحُونَ﴾

«Алла жөнүндө жалган жалаа ойлоп табуу үчүн (атап айтканда Алла буюрбаган өкүмдөрдү Алланыкы деш үчүн) тилиңерге келген жалганды сүйлөп: «Бул адал, бул арам», дей бербегиле. Анткени Алланын абройуна жалган жалаа жапкан адамдар эч кутулбайт». (Нахль: 116).

Ошондуктан Исламда бийлик элде эмес, шариатта болот. Ислам түзүмүндө мамлекеттин ичинде мыйзам чыгаруучу бийлик болбойт, ал болгону Ислам алып келген шариат өкүмдөрүнөн алынган мыйзамдарды колдонуу маанисинде гана түшүнүлөт.

Исламдагы «Мажлисул Умма» болсо, бул эл өкүлдөрүнүн кеңеши болуп, ал калктын талаптарын жана пикирлерин билдирет, өкүмдарларды эсепке тартат, бирок мыйзам чыгаруучу бийликке ээ болбойт. Ошондуктан, эгерде бир мусулман парламентке кирип, бул исламга каршы системаны таанып жана ага макул болсо, анда ал сөзсүз түрдө күнөөкөр болот.

Экинчиден:

Маселе Аллах түшүрбөгөн мыйзамдар менен өкүм чыгаруучу мындай жыйналыштарга катышуунун шариат боюнча арам болушу менен гана чектелбейт. Маселенин дагы бир маанилүү жагы мындай жыйналыштардын өзү чынында бийликке ээ эмес жасалма органдар болуп саналат. Алар бүгүнкү күндө бардык мусулман өлкөлөрдө болуп жаткандай, бийликтин колундагы бир саясий көрүнүш гана. Башкача айтканда, алар бийликтин каалаган чечимдерин, долбоорлорун жана эл аралык күчтөрдүн таңуулоолорун мыйзамдуу түрдө көрсөтүү үчүн гана колдонулат.

Мындай кеңештер реалдуу түрдө элдин чыныгы эркин эмес, бийликтин жана анын артындагы чет өлкөлүк күчтөрдүн эркин чагылдырат. Көпчүлүк учурда алар бийлик тарабынан атайын даярдалган шайлоо мыйзамдарынын негизинде түзүлөт, шайлоолор бурмалоо, чектөө жана көзөмөл астында өтөт. Натыйжада бул кеңештердин ролу — өкүмдардын чечимдерин бекитип, аларга “институционалдык” өң берүүдөн башка нерсе эмес. Ошондуктан сен аларды бир добуштан бийликтин же эл аралык күчтөрдүн талаптарын колдоп жатканын көрөсүң, ал тургай ал талаптар элдин эркин тебелеп, байлыктарын талап-тоноого алып келсе да.

Үчүнчүдөн:

Башкаруу иштерине жана эл аралык мамилелерге карата ата мекендик робытаны (ватанияны) негиз кылуу — Исламдын акыйдавий робытасын четке кагуу болуп, бул абдан кооптуу жаңылыштык болуп эсептелет. Ал эми Аллах бизге жеңиш берип, бизди Дамаскка чейин Өзүнүн жардамы менен жеткирген эле…

Исламда жетекчилик үммөттүн колунда — ал өзүнө башкаруучу шайлайт, бирок бул башкаруучу Аллахтын шариатынын негизинде өкүм жүргүзүшү керек. Ал эми мыйзам чыгаруучулук (ташрий) укугу Аллахка гана таандык, Анын өкүмүндө эч кимге шерик жок. Ошондуктан Исламда бийлик демократиялык системалардагыдай элге эмес, шариатка таандык.

Сирия эли үчүн эң ылайыктуу жана эң улуу максат — алардын курмандыктарынын жемишин Исламдын өкүмү жана адилеттиги үстөмдүк кылган мамлекет менен таажылоо, адамдардын каалоосуна эмес, Аллахтын мыйзамына баш ийген бийликти орнотуу болушу керек.

Мындан мурун айтылгандарга кошумча кылып айта турган болсок, азыркы саясий абал ачык көрсөтүп турат: жаңы Эл өкүлдөр жыйыны үммөт үчүн өтө кооптуу болгон эл аралык келишимдерди өткөрүү жана бекемдөө үчүн аянтчага айланат. Алардын эң башында яхудий түзүмү менен талкууланып жаткан коопсуздук келишими турат. Күтүлүп жаткандай, бул жыйындын алгачкы чечимдеринин бири дал ушул келишимди бекитүү жана ага жасалма “элдик колдоо” көрүнүшүн берүү болот.

Дал ушундай жыйындарга катышуунун коркунучу жатат. Бул шариатка каршы чыгуу менен гана чектелбестен, мындан да чоңураак кооптуулукту жаратат, анткени мындай жыйындар өлкөнүн суверенитетине жана элинин тагдырына түздөн-түз таасир этүүчү саясий кадамдарды мыйзамдаштыруунун шектүү куралы болуп калат.

Ошондуктан биз түшүнүшүбүз керек, мындай кеңештерге катышуу же аларга мыйзам чыгаруучулук ролду, ал тургай формалдуу түрдө болсо да, берген адамдарды шайлоо шариат боюнча арам. Биз бул жыйындардын жалган беделин кыйратып, алардын чыныгы жүзүн элге көрсөтүшүбүз керек. Анткени бул кеңеш Аллахтын шариатына каршы келген жана саясий жактан да, шаръий жактан да кабыл алынгыс иштерди жана келишимдерди мыйзамдаштыруу үчүн кызмат кылат. Бул мыйзам чыгаруу иши болобу, яхудий түзүмү менен коопсуздук келишимин бекитүү же аны менен нормалдашуу болобу же башка ушул сыяктуу саткындык жана жеңилүүчүлүк кадамдар болобу айырмасы жок.

Эгер бул кеңеш жогоруда түшүндүрүлгөндөй, мухасаба кылуу жана амр бил-мааруф, нахий ан-ил-мункар (жакшылыкка чакыруу, жамандыктан кайтаруу) ролун таштап, эл аралык күчтөрдүн ыраазычылыгына умтулган бийликтин бир бөлүгүнө айланса, анда ал элдин кызыкчылыгын көздөгөн орган болбой калат. Мындай түзүм менен кызматташуу же ага таянуу — бул Шам элинин өз революциясында кылган улуу курмандыктарына чыккынчылык кылуу болуп эсептелет.

Бүгүнкү күндө бизге жүктөлгөн милдет бул жасалма институттардын жалган жүзүн ачыкка чыгаруу. Өлкөнүн келечеги жалган добуш салуу кутучалары аркылуу да, көзөмөлгө алынган жыйындар аркылуу да курулбайт. Чыныгы келечек — бул үммөттүн акыйдасынан келип чыккан, чынчыл долбоор аркылуу гана курулат, ал долбоор иштерди өз ордуна коюп, бийликти Аллах Таалага гана таандык кылат.

Устаз Абдуддалий (Абу аль-Мунзир)

Роя гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button