Эмне үчүн Египет, Судан жана Ливия чек арасынын үч бурчтуу аймагына көңүл бурулууда?!

Эмне үчүн Египет, Судан жана Ливия чек арасынын үч бурчтуу аймагына көңүл бурулууда?!
2025-жылдын 16-июлунда, шаршемби күнү кечинде Египеттин борбору Каирде Египет, Ливия жана Судандын жооптуу жетекчилеринин жогорку деңгээлдеги жолугушуусу болуп өттү. Бул жолугушууда аймактагы коопсуздук чакырыктар жана өнүгүүлөр боюнча пикир алмашуу каралганын маалымат булактары кабарлашты. Бул сүйлөшүүлөр боюнча расмий билдирүү чыкпаса да, “Шаркыят” басылмасына маалым болгон египеттик булактын айтымында, жолугушуунун негизги максаты үч өлкө ортосунда биргелешкен механизм түзүү, чек арадагы үч бурчтуу аймактын коопсуздугун камсыз кылуу жана ал жактагы абалды турукташтыруу болгон.
“Шаркыят” кабарлаган бул жолугушуу алгачкы эмес, андан мурда да ушуга окшош жолугушуулар өткөн. Себеби Египет, Судан жана Ливия чек аралары кесилишкен үч бурчтуу аймак акыркы бир нече жумада тез өнүгүп жаткан аскерий жана саясий окуялардын борборунда турат. Бул аймактын маанилүүлүгү жана Судандагы жүрүп жаткан согуштун жүрүшүнө тийгизген таасири чоң. Айрыкча Ливиядагы Халифа Хафтардын күчтөрү же “Ливия Улуттук армиясы” деп аталган топ Судандагы “Ыкчам колдоо күчтөрүн” (Rapid Support Forces) курал жана аскердик жабдуулар менен камсыздап жатканы белгилүү. Акыркы мезгилде Судан армиясы менен Ливия Улуттук армиясынын ортосунда, айрыкча Хафтардын күчтөрүнүн Судандагы “Ыкчам колдоо күчтөрүнө” чек арада кол салууларды ишке ашырууда жардам берип жатканы тууралуу айыптоолор алмашып келди. Бул айыптоолор көбүнчө Судан армиясынын башчысы Абдел Фаттах аль-Бурхан менен Ливия Улуттук армиясынын башчысы Халифа Хафтардын ортосундагы үч бурчтуу аймакка байланыштуу болду.
Окуялардын чыңалышы өткөн июнь айынын ортосунда орун алды. Анда Халифа Хафтарга караштуу салафий багыттагы “Сабил ас-Салам” батальонунун бир бөлүгү Судан армиясынын биргелешкен күчтөрү менен кагылышкан. Бул күчтөр Судан армиясы менен коштолгон болчу. Ошол учурда “Ыкчам колдоо күчтөрү” үч бурчтуу аймакты өз көзөмөлүнө алганын жарыялады. Ал аймак буга чейин Судан армиясы менен союздаш болгон куралдуу топтордун же “биргелешкен күчтөрдүн” колунда эле. Армия бул аймакта чектелген гана катышуусун сактап турган, кийин коргонуу максатындагы кайра жайгаштыруу чараларынын алкагында аймакты бошотконун билдирип, артка кеткен.
“Ыкчам колдоо күчтөрү” же куралдуу кыймылдар үчүн бул үч бурчтуу аймактын маанисин түшүнүү үчүн, алардын аны басып алуу алдында бул аймак армияны колдогон биргелешкен күчтөрдү камсыздоо өтмөгү болгонун билиш керек. Бул күчтөрдүн тарыхый түпкү негиздери Британияга барып такалат, алар Умар аль-Башир режимине каршы күрөшкөн. 2019-жылы анын бийлиги кулагандан кийин, бул кыймылдар жана башка куралдуу топтор өткөөл өкмөт менен 2020-жылдын октябрында Жуба тынчтык келишимин түзүшкөн жана өкмөттүк өнөктөштүккө киришип, министрлик жана бийлик кызматтарына келишкен.
Судан армиясы менен “Ыкчам колдоо күчтөрүнүн” ортосунда согуш башталганда, бул кыймылдар нейтралдуу болууну жана эч бир тарапка кошулбоону тандашкан. Себеби бул согуш Америкага байланыштуу топтордун маселеси экенин билишкен. Бирок алар өздөрүнүн бар болушуна коркунуч сезгендиктен аргасыздан армия тарапка өтүп, “Ыкчам колдоо күчтөрүнө” каршы күрөшүүгө киришишти.
2023-жылдын октябрь айында «Ыкчам колдоо күчтөрү» армиянын аль-Фашер шаарындагы командачылыгына дрондорду колдонуу менен чабуул жасашкан. Бул чабуул аз сандагы куралдар менен болгон кагылышуулар менен коштолгон. Ага чейин «Ыкчам колдоо күчтөрү» Дарфур аймагынын түндүгүн, тактап айтканда вилаяттын борбору жана бүткүл аймактын борбору болгон аль-Фашер шаарын кошпогондо, толук көзөмөлгө алышкан болчу. Эгер бул шаар да «Ыкчам колдоо күчтөрүнүн» колуна өтсө, бул куралдуу кыймылдардын бийликтеги орду жоголот эле. Анткени алар Дарфурдагы калктын колдоосун жоготуп, ошол эле учурда шаардын коргоосун да камсыз кыла алышкан эмес. Ошондуктан, бул куралдуу кыймылдар өзгөчө Дарфур аймагынын башчысы Мини Арко Менауи жетектеген Суданды бошотуу кыймылы жана каржы министри Жибрил Ибрахим жетектеген Адилеттик жана теңдик кыймылы 2023-жылдын ноябрында армия тарапта согушка кошулуу чечимин кабыл алышкан. Алар үчүн бул согуш өмүр же өлүм маселеси болчу. Ошондуктан алар аль-Фашер шаары түшүп калбашы үчүн жан дили менен күрөшкөн.
Аларды колдогондор курал-жарак жана жабдыктар менен колдоп турушкан, бул көмөктөр Египет-Судан-Ливия чек арасындагы үч бурчтуу аймак аркылуу жеткирилген. Бул абал АКШны аймактагы өз кишилери аркылуу бул өтмөктү жабууга түрттү. Анан Хафтар аралашып, “Салам батальону” аркылуу бул үч бурчтукту Ыкчам колдоо күчтөрүнө өткөрүп берген. Бул кадам Америка кишилеринин бул стратегиялык аймактагы үстөмдүгүн бекемдөөгө багытталган болчу.
Бул кырдаалда Египет президенти Абдул-Фаттах ас-Сиси баштаган жолугушуулар уюштурулду. Ал 2025-жылдын 30-июнунда Жер Ортолук деңиз жээгиндеги Жаңы Эль-Аламейн шаарында Халифа Хафтар жана Абдель Фаттах аль-Бурхан менен ошол эле күнү эки өзүнчө жолугушуу өткөрдү. Бул жолугушуунун максаты үч бурчтуу аймакты Америка өз кишилери аркылуу көзөмөлдө кармоосу үчүн координациялоо болгону ачык көрүнүп турат. Себеби Хафтар, Сиси, Бурхан жана Хамидти — булардын баары АКШнын кишилери экендиги белгилүү.
Бул куралдуу кыймылдардын жолун бууп коюу аль-Фашердин «Ыкчам колдоо күчтөрүнүн» тез түшүшүнө түрткү берип, кийинчерээк бул аймакты бөлүп-жарууга даярдоо максатын көздөйт. Ал учурда аймак Америка кишиси Хамидтинин көзөмөлүндө болот. Ошондой эле, бул үч бурчтуу аймактын Америка тарабынан көзөмөлгө алынышы Хафтарга «Ыкчам колдоо күчтөрүн» эркин колдоо мүмкүнчүлүгүн түзөт. Mena Defense жана The America Report сайттарында жарыяланган маалыматтарга ылайык, Хафтардын күчтөрү түштүк-чыгыштагы алыс жайгашкан “Маатен ас-Сара” аба базасын кайра ишке киргизишкен. Бул база үч бурчтуу аймакка жана Судан менен Чаддын чек арасына жакын жайгашкан стратегиялык жай катары пайдаланылууда.
Аталган сайттар бул база азыр логистикалык алдыңкы борбор болуп калганын, ал Куфра менен Судан чек арасын байланыштырып, «Ыкчам колдоо күчтөрүнө» ок-дарылар жана күйүүчү май менен көмөктөшүү үчүн жашыруун операциялар үчүн колдонулуп жатканын кабарлашты.
Биздин өлкөлөр Америка жүргүзүп жаткан кутумдардын аренасына айланып калганы ачуу чындык, ал кутумдар өз динин саткан, Америкага кызмат кылган, анын пландарын ишке ашырып жаткан сатылган кишилери аркылуу ишке ашырылып жатат. Мунун баарын өзгөртө турган жалгыз күч ушул үммөттүн ичинде чыга турган ыкластуу жигиттер. Алар кайсы кутумдар менен бетме-бет келгенин, кимдер аркылуу бул кутумдар ишке ашырылып жатканын аң-сезимдүү түрдө түшүнүшү керек. Айрыкча АКШнын биздин байлыктарыбызга каршы алып барган колонизатордук саясатына каршы турууну талап кылат. Ошондо гана алар Исламдын буйругу боюнча аракет кылып, бул аймакта баш катырып жаткан кудуретсиз колонизатордун жана анын ичиндеги туруктуу куйруктарынын колун кесүүгө умтулуп, Пайгамбарлык минхажы негизинде экинчи Халифалыкты куруп, жер жүзүн Исламдын нуру менен жарык кылышат.
Ошондо үммөттү саткан, тыңчы болгон, ага каршы чыккандар же ага кутум жасагандардын баары жоюлуп, жок кылынат.
Ибрахим Усман Абу Халил
Роя гезити