Саясатчынын жөндөмдөрү: Дипломаттык

Саясатчынын жөндөмдөрү: Дипломаттык
Дипломатия жана саясий лидерлик ар дайым мамиле куруу жана альянстарды түзө билүү менен тыгыз байланышкан. Саясатчынын өзгөчө жеке сапаттары же харизмасы бар болсо да, өз ишмердүүлүгүн жалгыз жүргүзө албайт. Ал стратегиялык альянстарды түзүп, башка таасирдүү адамдар менен биргеликте иштөөгө тийиш. Күчтүү союздаштардын жоктугу эң амбициялуу саясий демилгелерди да ишке ашырууга мүмкүндүк бербейт. Заманбап дүйнөдө саясатчылар көптөгөн ар кандай социалдык топтор менен өз ара аракеттенүүгө мажбур. Бул байланыштарды түзүүдөн качкан адамдар обочолонуп калуу коркунучуна туш болушат.
Эффективдүү болуу үчүн саясатчы өзүнүн айланасында: партиясындабы, негизги ишкерлер арасындабы же пикир лидерлеринин арасында болобу колдоо чөйрөсүн түзө билиши керек . Бул анын таасирин гана күчөтпөстөн, ар кандай саясий, экономикалык, социалдык факторлор анын сунуштап жаткан чечимдерине кандай таасир этерин жакшыраак түшүнүүгө мүмкүндүк берет. Элита, ЖМК, бизнес, аскер күчтөрү жана диний лидерлер менен болгон байланыштар — таасирдин ачкычы болуп саналат.
Аталган ар бир топ маанилүү социалдык жана саясий капиталга ээ, ал окуялардын жүрүшүн олуттуу өзгөртүп же таасир эте алат. Элиталар, эреже боюнча, учурдагы түзүмдө ким жогорку кызматтарды ээлей турганын чечишет. Элиталар менен жакшы байланышы жок саясатчы негизги учурларда колдоодон ажырап калуу коркунучуна гана эмес, жабык эшик артында кабыл алынган чечимдерге да жетпей калуу коркунучуна туш болот.
ЖМК, өз кезегинде, коомдук пикирди калыптандыруунун эң күчтүү куралдарынын бири болуп саналат. Саясатчы журналисттер менен иштешүүнү гана эмес, медиаплатформаларды өз максаттары үчүн пайдаланып, өзүнүн позициясын кеңири массаларга жеткирип, белгилүү бир имидж жаратууну да билиши зарыл.
Бизнесмендер саясатчыларга ресурстарды, каржылоону беришет жана алардын көзкарандысыздыгын камсыз кылууга жардамдашат. Көп учурда алар саясий кампаниялардын ири демөөрчүлөрү жана экономикалык же мыйзам чыгаруу чечимдери үчүн күрөштөгү союздаштары болуп чыгышат.
Айрым өлкөлөрдө армия күч түзүмү гана болбостон, саясий туруктуулуктун маанилүү элементи болуп саналат. Анын колдоосу жок саясатчы кризис же туруксуздук маалында, же биз «Х саат» деп атаган кырдаалда жардам алуу маселесинде кыйынчылыкка туш болушу мүмкүн.
Ошондой эле кээ бир өлкөлөрдө диний лидерлер жана диний уюмдар кадимки институттардан кем эмес, айрым учурда андан да чоң саясий салмакка ээ. Коомдук пикирге диндин таасирин эске албаган саясатчы шайлоочулардын олуттуу бөлүгүнүн колдоосунан ажырап калуу коркунучунда болот. Ал эми, негизги колдоо элдин диний катмары болгон шартта, биз үчүн бул абдан маанилүү аспект болуп эсептелет.
Саясатчынын эң маанилүү жөндөмдөрүнүн бири жакшы мамилени сактап калуу жөндөмү, ал тургай негизинен оппозицияда турган адамдар менен да. Бул жөндөм өлкө ичиндеги саясатка гана эмес, тышкы саясий байланыштарга да тиешелүү. Маанилүүсү ар дайым жеңе билүү эмес, кээде чегинип коюу, кээде убактылуу пикир келишпестиктерге көз жумуп, андан да маанилүү максат үчүн сабыр кылууну билиш керек. Оппонент менен болгон жаңжал кыска мөөнөттүү болушу мүмкүн, бирок «көпүрөнү өрттөө» келечекте байланыш түзүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарып, саясатчынын кийинки саясий жашоосун кыйла татаалдаштырып коёт. Өз мамилелерин чебер башкарып, татаал кырдаалдарда айланып өтө билген жана оппоненттери менен тил табыша алган саясатчылар узак мөөнөттүү келечекте кыйла ийгиликтүү болушат.
Жогоруда айтылган бардык аспектилер саясат – бул жөн гана мамлекетти башкаруу же коомдук пикирди калыптандыруу эмес, адамдарды, союздарды жана тармактарды башкаруу экенин баса белгилейт. Мындай байланыштарды түзүп жана сактап турууну билүү кошумча же үстүртөн иш эмес, ийгиликтүү саясий ишмердүүлүктүн негизи болуп эсептелет. Акыры, ийгиликтүү саясатчы, бул жөн гана туура нерселерди айткан адам эмес, керектүү адамдар менен туура мамиле түзө алган, колдоочу альянстарды жаратып жана аларды узак мөөнөттүү перспективада сактай алган адам.
Дипломаттык жөндөм саясатчынын сапатын эң так чагылдырган түшүнүк болуп эсептелет. Бул термин керектүү байланыштарды түзүү жөндөмүн гана эмес, жаңжалдык кырдаалдарды жумшак, бирок натыйжалуу чечүү, ачык кагылышуулардан качуу жана ар түрдүү адамдар менен, ал тургай негизинен оппонент болгон адамдар менен да тил табышуу жөндөмүн баса белгилейт. Дипломат саясатчы өзүнүн позициясын жана акыйдасын жоготпостон иш-аракеттеринде ийкемдүү болуп, ошол эле учурда маанилүү альянстарды өнүктүрө алат. Бул аны узак мөөнөттүү келечекте ийгиликтүү кылат. Ошондой эле дипломат болуу бул жөн гана саясий өнөр эмес, жогорку эмоционалдык жетилгендиктин көрүнүшү жана стратегиялык ой жүгүртүүнүн натыйжасы катары кошумчалоого болот.
Исламий тажрыйбада дипломатия ар дайым ийгиликтүү жетекчилик кылуу, жаңжалдарды чечүү жана тынчтык орнотуу үчүн маанилүү жана зарыл өнөр катары эсептелген. Бул сапат пайгамбарлардын иштеринде да, улуу ислам лидерлеринин жүрүм-турумунда да чагылдырылган. Саясий дипломатиянын жана эң татаал кырдаалдарда да мамиле түзө билүүнүн эң көрүнүктүү мисалдарынын бири — Пайгамбарыбыз Мухаммаддын ﷺ жашоосу. Бирок саясат, тынчтык жана адилеттүүлүк үчүн маанилүү сабактарды Юсуф пайгамбардын (алейхиссалам), Сулайман пайгамбардын (алейхиссалам) жана башка пайгамбарлардын тарыхтарынан да табууга болот.
Мисалы, Юсуф пайгамбар (алейхиссалам) Мисирге келгенде, жөн гана аман калып тим болбостон, өзүнүн акылмандыгы жана мамиле кура билүү жөндөмү аркылуу мисирлик падышанын сарайында жогорку даражадагы кызматка жеткен. Анын дипломатиялык мамилеси чын ыкластуулукка жана сабырдуулукка негизделген эле. Ал ар кандай адамдар менен, анын ичинде өзүнө кыянаттык кылган бир туугандары менен да байланыш түзө алды жана аларды кечирди. Жеке таарынычтарга карабастан байланыштарды сактап, ар кандай топтор менен иш алып баруу жөндөмү — бул эффективдүү саясатчынын маанилүү сапаты.
Сулайман пайгамбар (алейхиссалам) болсо өзүнүн акылмандыгы менен дипломатияда стратегиялык мамилени көрсөттү. Анын Саба падышасы менен болгон кат алышуусу тынчтык жана түшүнүшүүгө жетүү үчүн күчтү да, дипломатиялык мамилени да колдонуу мүмкүндүгүнүн үлгүсү. Анын акылмандыгы — иш-аракеттеринде бекем болуу, бирок сөзүндө жумшактык менен мамиле кылууда болгон. Бул ага альянстарды курууга жана жаңжалдардан качууга мүмкүндүк берген.
Пайгамбарыбыз Мухаммад ﷺ да дипломатиянын жана байланыш куруунун эң жаркын үлгүсү болуп саналат. Ал Таиф шаарына барганда (айрым булактар боюнча) жергиликтүү бийлик ээлерин жана уруу башчыларын Исламды кабыл алууга чакыруу үчүн кыркка жакын зыярат жасаган. Көптөгөн баш тартууларга карабастан, ал аракетин улантып, дипломатиялык сабырдуулуктун маанилүүлүгүн көрсөттү. Ал ар дайым жумшактык, сабырдуулук жана туруктуулук менен иш кылып, келечектеги сүйлөшүүлөр жана мүмкүнчүлүктөр үчүн эшикти ачык калтырчу. Бул мисал айкын ийгиликсиздиктерге карабай, үмүттү жоготпостон, тынчтыкка негизделген мамилелерди орнотуунун жолдорун издөө зарыл экенин көрсөтүп турат.
Дагы бир маанилүү жагдай – Пайгамбарыбыз Мухаммаддын ﷺ белгилүү окуясы жана анын фатхтарга жана тынчтык келишимдерине болгон мамилеси. Худайбия тынчтык келишими түзүлгөндөн кийин, анын шарттары мусулмандар үчүн ыңгайсыз болсо да, Пайгамбар ﷺ стратегиялык акылмандыгын көрсөттү. Пайгамбарыбыз тынчтык убактылуу болсо да, узак мөөнөттүү туруктуулукту камсыз кылып, Исламдын жайылышына мүмкүнчүлүк берерин түшүнгөн. Бул тынчтык кадам кийин Аравияда Исламдын ийгиликтүү жайылышына негиз болуп калды.
Пайгамбарыбыз Мухаммаддын ﷺ дипломатиялык мамилесинин дагы бир мисалы – анын Мекке жетекчилеринин биринин уулуна болгон жоомарттыгы. Пайгамбар ﷺ бул адамга чоң мал үйүрүн белек кылуусу, анын үй-бүлөсүнүн Ислам тарапка өтүшүнүн чечүүчү себеби болгон. Пайгамбар ﷺ материалдык каражаттарды байланышты чыңдоо жана тынчтык орнотуу үчүн колдонгон, бул болсо ресурстарды стратегиялык максаттарга жетүү үчүн пайдалануунун маанилүүлүгүн дагы бир жолу баса белгилейт.
Умар ибн аль-Хаттаб (Аллах андан ыраазы болсун) да саясий ийкемдүүлүктүн жана дипломатиялык акылмандыктын эң жаркын мисалдарынын бири болуп саналат. Ал Ислам мамлекетинин аймагын активдүү кеңейтүү менен гана чектелбестен, ар кандай элдер жана маданияттар менен мамилени чебер кура алган. Кудусту фатх кылгандан кийин Умар (р.а.) христиандар менен белгилүү Умарий келишимин түзгөн. Бул келишим жергиликтүү христиандар үчүн тынчтыкты сактоого жана аларды коргоого мүмкүндүк берген, аларга өз мыйзамдары боюнча жашоого уруксат кылынган, ал эми алар болсо салык төлөөгө милдеттендирилген. Бул келишим жогорку деңгээлдеги дипломатиянын үлгүсү болуп эсептелет жана ал узак мөөнөттүү тынчтыкта жашоону камсыз кылган. Умар (р.а.) ар түрдүү этникалык жана диний топтор менен дипломатиялык мамилелерди активдүү түзүп, жаңы кошулган аймактарда кагылышуулардын алдын алууга жана туруктуулукту орнотууга жетишкен.
Мындан тышкары, Курани Каримде адамдардын ортосундагы мамилелерде дипломатиянын, сабырдуулуктун жана ийкемдүүлүктүн маанилүүлүгүнө көптөгөн көрсөтмөлөр бар.
Али Имран сүрөсү, 159–160-аяттарда айтылат:
﴿فَبِمَا رَحْمَةٍ مِّنَ ٱللَّهِ لِنتَ لَهُمۡۖ وَلَوۡ كُنتَ فَظّٗا غَلِيظَ ٱلۡقَلۡبِ لَٱنفَضُّواْ مِنۡ حَوۡلِكَ فَٱعۡفُ عَنۡهُمۡ وَٱسۡتَغۡفِرۡ لَهُمۡ وَشَاوِرۡهُمۡ فِي ٱلۡأَمۡرِۖ فَإِذَا عَزَمۡتَ فَتَوَكَّلۡ عَلَى ٱللَّهِۚ إِنَّ ٱللَّهَ يُحِبُّ ٱلۡمُتَوَكِّلِينَ ١٥٩ إِن يَنصُرۡكُمُ ٱللَّهُ فَلَا غَالِبَ لَكُمۡۖ وَإِن يَخۡذُلۡكُمۡ فَمَن ذَا ٱلَّذِي يَنصُرُكُم مِّنۢ بَعۡدِهِۗ وَعَلَى ٱللَّهِ فَلۡيَتَوَكَّلِ ٱلۡمُؤۡمِنُونَ ١٦٠﴾
«(Эй Мухаммад) Алла тарабынан болгон бир мээрим себептүү аларга (сахаабаларыңа) жумшак сөздүү болдуң. Эгер одоно, дили катуу болгонуңда, албетте, алар айланаңдан таркалып кетишкен болоор эле. Эми сен аларды кечиргин, алар үчүн Алладан кечирим сурагын жана иштеринде аларга кеңеш салгын! Эми (кеңеш салган соң, бир ишти) ниет кылсаң Аллага сүйөнгүн – тобокел кылгын! Албетте, Алла Өзүнө (таянып) сүйөнүп (иш кылууучуларды) сүйөт. Эгер силерге Алла жар болсо эч ким силерди жеңе албайт. Эгер Ал силерди жардамсыз койсо, Андан Өзгө эч бир затжардамчы боло албайт. Ыйман келтирген заттар Алланын Өзүнө гана сүйөнүшсүн!» (Али Имран сүрөсү, 159–160-аяттар).
Бул аят адамдар менен мамиледе, айрыкча сага макул болбогондор менен жумшактык жана сабырдуулуктун маанилүүлүгүн баса белгилейт. Пайгамбарыбыз Мухаммад ﷺ бул мамилени дайыма колдонуп, катуу каршылыктарга дуушар болгондо да жогорку дипломатия жана стратегиялык ийкемдүүлүк көрсөтчү.
Фатх сүрөсү, 1–2-аяттарда Аллах Таала мындай дейт:
﴿إِنَّا فَتَحۡنَا لَكَ فَتۡحٗا مُّبِينٗا ١ لِّيَغۡفِرَ لَكَ ٱللَّهُ مَا تَقَدَّمَ مِن ذَنبِكَ وَمَا تَأَخَّرَ وَيُتِمَّ نِعۡمَتَهُۥ عَلَيۡكَ وَيَهۡدِيَكَ صِرَٰطٗا مُّسۡتَقِيمٗا ٢﴾
«(Эй Мухаммад), Алла сенин илгери өткөн жана кийин келе турган (бардык) күнөөлөрүңдү кечирүүсү үчүн, жана сага Өз жакшылыгын толук кылып берип, сени Туура Жолго баштоосу үчүн, чындыгында Биз сага ачык-айкын фатх-жеңиш тартуу эттик».
Бул аят тынчтык келишимдерин керектүү учурда түзүүнүн маанилүүлүгүн жана алар жогорку максаттарга жана узак мөөнөттүү пайдага кызмат кыларын эске салат.
Бакара сүрөсү, 229-аятта болсо мындай деп айтылат:
{ ٱلطَّلَـٰقُ مَرَّتَانِۖ فَإِمۡسَاكُۢ بِمَعۡرُوفٍ أَوۡ تَسۡرِیحُۢ بِإِحۡسَـٰنࣲۗ }
«(Эркек өз аялын кайра өз никесине алуусу мүмкүн болгон) талак эки мертебе. Андан соң (үй-бүлөнү) жакшылык менен сактоо же жакшы жол менен ажырашуу (мүмкүн)».
Бул аят Пайгамбарыбыз ﷺ үммөтүнө компромисстик стратегиясын үйрөткөнүн көрсөтөт
Бул принцип жана бардык тараптардын кызыкчылыктарын эске алуу — дипломатиялык тажрыйбада да колдонулуучу негизги ыкмалардын бири болуп эсептелет. Анткени дипломатияда баарын канааттандырган чечим табуу өзгөчө маанилүү.
Мындан тышкары, Пайгамбарыбыз Мухаммаддын ﷺ хадистери да дипломатиянын, сабырдуулуктун жана ырайымдуулуктун маанилүүлүгүн баса белгилейт. Сахих аль-Бухариде келген хадисте Пайгамбар ﷺ айтты:
«كُلُّكُمْ رَاعٍ وَكُلُّكُمْ مَسْؤولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ»
«Ар бириңер кайтаруучусуңар жана ар бириңер өз карамагындагылары үчүн жоопкер» (аль-Бухари).
Бул хадис лидерлердин өз элинин алдында жоопкерчилигин эске салат. Бул жоопкерчилик элди угуу, компромисс табуу жана чатактарды тынчтык жолу менен чечүү жөндөмүн да камтыйт.
Сахих Муслимде болсо Пайгамбар ﷺ мындай деген:
«الرَّاحِمُونَ يَرْحَمُهُمُ الرَّحْمَٰنُ، ارْحَمُوا مَن فِي الْأَرْضِ يَرْحَمْكُم مَن فِي السَّمَاءِ»
«Ырайымдууларга Аллах ырайым кылат. Жер жүзүндөгүлөргө ырайым кылгыла, асмандагы силерге ырайым кылат» (Муслим).
Бул хадис бардык мамилелерде, анын ичинде дипломатияда да, ырайымдуулуктун жана түшүнүктүүлүктүн маанилүүлүгүн көрсөтөт. Анткени сабырдуулук жана боорукерлик — тынчтыкка жана келишимге жетүүнүн эң таасирдүү куралдарынын бири.
Ошентип, Курани Каримде да, Пайгамбарыбыз Мухаммаддын ﷺ хадистеринде да биз дипломатиялуулуктун, сабырдуулуктун жана ийкемдүүлүктүн маанилүүлүгүн үйрөткөн көптөгөн мисалдар менен көрсөтмөлөрдү таба алабыз. Бул сапаттар эффективдүү саясий жетекчилик үчүн гана эмес, Ислам тынчтыгын, адилеттүүлүгүн жана үммөттүн гүлдөп-өнүгүшүн орнотуунун да негизи болуп саналат.
Бурана