Сакофат
Trending

Саясатчынын жөндөмдөрү: Ишенимдүүлүк

Саясатчынын жөндөмдөрү: Ишенимдүүлүк

Ишенимдүү болуу — саясий лидерликтин негизи. Ансыз, ар бир саясатчы өзүн кыйроого түртөт. Саясатта бул түшүнүк өз чечимдеринде, убадаларында жана аракеттеринде туруктуулукту сактай билүү жөндөмүн билдирет. Ошондой эле коом арасында лидерге болгон ишенимди пайда кыла алуу жана лидердин чынчылдыгын, аракеттеринин натыйжасын көрсөтө билүү жөндөмүн түшүндүрөт.  Ишенимдүүлүк саясатчынын жеке кадыр-баркы менен түздөн-түз байланыштуу. Шайлоочулардын көзүндө анын аракеттери логикалык жана туруктуу болушу шарт жана анын сөздөрү ишке ашырылышы керек. Бул жөндөм коомчулуктун алдында сүйлөп жатканда өзүн кармай билүүнү, ошол эле учурда ички күчүнө таянуу менен убактылуу пайда үчүн өзүнүн принциптерине каршы чыкпоону камтыйт. Тагыраагы ишенимдүүлүктү жоготкон саясатчы, элдин колдоосун да жоготот. Саясатта, элдин көзүнчө туруксуз жана тартипсиз көрүнүү оор кесепеттерге себеп болот.   

Кырдаалга жараша көз карашын өзгөртүү, өзү жайып жаткан идеяларына каршы чыгуу – кабыл алынгыс фактор. Эл ишенимдүү адамга гана өзүнүн добушун берет. Сөзү убадага толгон эмес, иши найтыжа менен жанаша болгон адамды эл колдогусу келет. Маселен, саясатчы олуттуу өзгөртүүлөрдү элге убада кылып коюп, кийин өз сөзүн аткарбаса же убадасына каршы иш кылса, колдоочулардын арасында ишенимсиздикти жана белгисиздикти жаратып, аларды нааразы жана бушайман кылат.

Саясатчы, башка адамдардай, каталарды кетириши мүмкүн, бирок ошону менен бирге анын каталарга болгон реакциясы менен узак мөөнөттүү саясатты  жүргүзө билүү жөндөмү  чоң мааниге ээ. Элдин ишенимине жеткен соң элдин колдоосу, саясатчынын негизги активине айланат. Эгер саясатчы бул активди жоготуп койсо, аны кайра калыбына келтирүү алда канча оор болот.  Бул сыпат чоң саясий чечимдерге гана эмес, саясатчы өзүн жеке турмушунда алып жүрүүсү, же ага болгон коомчулуктун көз карашы сыяктуу майда-чүйдө иштерде да иштетилет. Саясатчынын жүрүм-туруму, анын жеке пикири, маектешүүдөгү өзгөчөлүгү, көйгөйлөргө болгон мамилеси, мунун баары саясатчынын зоболосун көтөрүүгө же бузууга кызмат кылат. Ошондуктан саясатчы тандаган образына ылайык болушу зарыл. Саясатчы ар кандай  карама-каршылыктарга түшүүдөн сак болушу керек. Ал түйшүктүн алдында алсыздыкты көрсөтпөөсү керек, анткени бул нерсе элдин ишенимин азайтып анын жарактуулугуна жана чындыкка болгон умтулуусуна шек туудурат. 

Андыктан саясатчы кабыл алып жаткан ар бир чечим, ишенимге негизделүүсү шарт. Реформалар программасы, финансылык чечимдер, жеке билдирүүлөр, мунун баардыгы бир образдын бөлүгү болушу зарыл. Ошол себептен саясатчынын образы коомдун үмүтүнө гана эмес, күтүүлөрүнө туура келиши шарт. Ошондой эле, элге келечек тууралуу так багытты көрсөтө алуу, саясатчы үчүн өтө зарыл. Эгер саясатчы өз аракеттеринде жана чечимдеринде ишенимдүүлүгүн жана туруктуулугун элге көрсөтө алса, ал коомдун колдоосун узак убакытка сактап калат.

Бирок саясатта ишенимдүүлүк тышкы басымга кабыл  болушу мүмкүн. Даярдыгы жок адамдын колуна бийлик өтсө, ал аны өзгөртүп коёт. Кыска мөөнөттүү пайда үчүн саясатчыны өз принциптеринен баш тартууга мажбур кылат. Мынадай абалда ишенимдүүлүктүн асыл-мааниси жоголот. Анткени ишенимдүүлүктүн формуласы  — басымга баш ийбестен өз көз карашын сактап, өз ишенимин коргоо.

Көңүл бура турган жайы, бул процесс коомчулук алдындагы ишмердүүлүк менен гана чектелбейт. Саясатчынын жеке турмушу, күнүмдүк жашоосу, анын инсан катары кабыл алынуусуна жана беделине чоң таасир тийгизет. Сөз, жүрүм-турум, жеке көйгөйлөргө болгон реакция  — мунун баары коомчулукка бир образды калыптандырат. Саясатчынын берип жаткан сөзү элдин алдында күрөөгө айланат. Эгер саясатчы убадаларын аткарбай, жүргүзүп жаткан иш-аракеттерин сүйлөгөн сөзү менен шайкеш кылбаса, демек коомдун ишеними бөксөрөт. Жыйынтыкта коом саясатчынын ыкластуулугуна шек санай баштайт. 

Дал ушул түшунүк, узак мөөнөткө багыттанган таасирдүү саясатчынын негизи болот.  Саясатчынын партиясы же идеологиясы коом арасында колдоого ээ болуп туруп, бирок саясатчынын өзүндө ишеним жок болсо, ал элдин колдоосун тез жоготот. Анын кадыр-баркына негизделген карьера, убадасына терс келген бир кыймыл менен эле урап түшүшү мүмкүн. Анткени мындай кыймыл аракеттер, анын убадаларына жана сөздөрүнө шайкеш келбегендигин тастыктайт. Андыктан, саясатчынын ишенимдүүлүгү — анын негизги активи болуп эсептелинет. Эл менен болгон узак мөөнөттүү алака-мамиле, саясий стратегия дал ушул активдин (ишенимдин) үстүнө курулат. 

Тарыхта ишенимдүүлүктүн жоктугунан улам, саясий ийгиликсиздике учурагандар көп.  Алар саясий жараксыздыгы жана эки жүздүүлүгү үчүн ишенимин жоготуп, өздөрүн алсыз абалга алып келишкен.

Убаданы аткарбоо, сөздөгү тартипсиздик, жеке турмуш менен саясий карьерадагы карама-каршылыктар, коррупцияга шектелүү – мунун баардыгы саясатчынын карьерасына жана ага болгон ишенимге балта чабат. 

Саясатчы ишенимдүүлүк, убадаларды аткаруу менен чектелбөөсүн дайым эске алып жүрүшү шарт. Ишенимдүүлүк – кыйынчылык учурунда өз принциптериңе бекем болуу, убадаларыңды аткаруу, кыйынчылыкта убактылуу пайда үчүн өз баалуулуктарыңан кайтпоо дегенди түшүндүрөт.

Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри Дэвид Кэмерон менен болуп өткөн окуя, саясаттагы ишенимдүүлүктүн маанисин ачык далилдей турган мисалдардын бири. Анын Брекзит боюнча референдумун өткөрүү чечими саясий карьерасы үчүн залакалуу болду. Кэмерон келечектеги кесепеттерди эске албастан «чечимди элге берүүнү» убада кылган. Көпчүлүк үчүн күтүлбөс болгон референдумдун жыйынтыгы, анын кызматтан кетүүсүнө себеп болду. Анын убадалары жетиштүү түрдө келечектеги көйгөйлөрдү алдын алган эмес. Мындай жагдай анын аброюн талкалап, ишенимди өлкө ичинде да, сыртында да солгундатып койду.

Ал эми, Кэмерондон кийин кызматты кабыл алган Тереза Мэй дагы оор кырдаалга туш болгон. Тереза Мэй шайлоочулардын, жада калса өзүнүн партиясынын колдоосунан айрылды. Себеби анын брекзит боюнча позициялары туруксуз бойдон калган.  Тереза Мэй кызмат учурунда так стратегияга ээ боло албады. Андан  тышкары, элге берген убадаларын аткара албады. Мэй саясий ийкемдүүлүктү көрсөтө албастан, өз учурунда принципиалдуулукту сактай албады. Бул анын карьерасын туруксуз жана кыска мөөнөттүү кылып койду. Жыйынтыкта, ал өлкөнү саясий жана экономикалык кризиске батырып, 2019-жылы кызматтан кетти.

АКШнын мурдагы президенти Барак Обаманын саламаттыкты сактоо реформасы (Obamacare) да убадага берилгендиктин канчалык маанилүү экенин көрсөтөт. Реформа көптөгөн оң өзгөрүүлөрдү алып келгени менен, анын  «эгер сизге азыркы камсыздандырууңуз жагып жатса, аны сактап кала аласыз»  деген башкы урааны толук түрдө аткарылган жок. Нааразычылыктар күчөп, миллиондогон америкалыктар мурдагы полистеринен ажырап калды. Демек, ийгиликтүү программа болсо да, эгер берилген убада бузулса, ишеним төмөндөп, саясий кадыр-баркка терс таасир тиет.

Ишенимдүүлүктүн жоктугу канчалык кыйратуучу кесепеттерге алып келерине, Франциядагы Николя Саркози менен байланыштуу окуя да мисал боло алат. Анын бийлиги менен жеке саясий ишмердигине байланыштуу коррупциялык жаңжалдар, шайлоочулардын ишенимин олуттуу түрдө солгундатып койду. Айрыкча Ливиядан мыйзамсыз шайлоо каржылоосу тууралуу маалыматтар ачыкка чыккандан кийин, анын кадыр-баркы француз элинин алдында төмөндөй түштү. Натыйжада бул анын саясий жеңилүүсүнө жана аброюнун кыйрашына алып келди.

Саясий карьерада туруктуулук жана чынчылдык кандай мааниге ээ экенин дагы бир жолу, Германиянын мурунку канцлери Герхард Шрёдердин мисалы далилдейт. Канцлердик кызматтан кеткен соң, Украина кризисинин фонунда анын орус газ гиганты «Газпром» менен болгон жакын мамилелери катуу сынга алынат. Бул фактылар, Канцлердин өзүнө жана анын саясий чечимдерине болгон ишенимди кыйла солгундатып койгон. Бул окуялар, саясатчы өз принциптерине бекем болбосо, жада калса жакынкы колдоочуларынын көз алдында да ишенимин жоготорун тастыктайт.

Ан-Набхани (рахимахулла) «Уюшуу» китебинде (партия же лидер бийликке келген соң саясий чынчылдык менен абройду сактоо өтө чоң мааниге ээ экенин белгилеген. Бийликке жетүү чоң ийгилик болсо да, бирок текебердик менен корс мамиле партияга жана лидердин аброюна залака келтирүүчү өтө чоң коркунуч  экенин белгилейт.

Ан-Набхани, бийликке келгенден кийинки текебердик ар кандай формада көрүнүшү мүмкүн экенин баяндап берген. Мисалы элден өзүн жогору сезүү, партия мүчөлөрүнүн кеңештерин четке кагуу сыяктуу реакциялар болушу мүмкүн. Саясатчынын ушундай позицияга келип калуусу, өтө коркунучтуу. Анткени мындай лидерлер, чечимдерди объективдүү саясий кырдаалга карап эмес, өз эгосуна таянып кабыл ала башташат. Алар, чыныгы бийлик элдин колдоосунда жана өзүн-өзү көзөмөлдөй билиште экенин унутуп коюшат.

Китепте «абройдун жоголушу» текебердиктин кесепети экени баса белгиленет. Эгер лидер же партия ашыкча өзүнүн бийлигине таянып, элдин пикирин көзгө илбей өзүнчө аракет кылса, заматта элдин колдоосунан ажырайт. Набханийдин оюнда, кыйраган авторитетти калыбына келтирүү аны негиздөөдөн көрө оорурак. Анткени элдин ишенимин кайтаруу үчүн чоң аракеттер талап кылынат. Бул үчүн жөн гана саясий кадамдар аздык кылат. Эл бийликтин текебердигин көргөн соң башка альтернатива издей баштайт. Ал эми бийликтеги лидер менен партия, элдин ишенимин кайтаруу үчүн көбүрөөк күчтү сарптоого мажбур болот. 

Такъюддин ан-Набхани, бийликке жеткенден кийинки текебердик жана коомду тоготпоо, сөзсүз түрдө абройдун кыйроосуна жана аны калыбына келтирүүгө сарпталуучу чоң чыгымдарга алып келерин баса белгилейт. Бул болсо ийгиликтен кийинки жеңилүүгө алып келет.

Ошондуктан ишенимдүүлүк — саясий карьеранын пайдубалы. Саясатчынын сөзү — анын мыйзамы болушу шарт! Анын аракеттери туруктуу жана чынчыл болушу зарыл. Бул принциптерден бир карыш кайтуу, кадыр-барктын түшүүсүнө жана тарапташтардын ишеними жок болуп кетүүсүнө алып келет . Эгер саясатчы коомдун көзүндө ишенимдүү боло албаса, ал башкаруу жөндөмүн жоготуп, келечексиз саясий фигурага айланат.

Бурана

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button