
Саясий түшүнүктүн негиздери жана саясий багытты аныктоо (5)
(эл аралык мыйзамдын пайда болушу)
Лукман Харзулла
Дүйнөдөгү түзүмдөр менен мамлекеттердин болушу жана алардын бири-бири менен карым-катнашы убакыттын өтүшү менен аларды бузгандар сынга алына турган эрежелерге, макулдашууга алып келди. Коомдук пикирдин өкүмдөр менен түзүмдөргө үстөмдүгүнүн негизинде булар бул адаттарды ыктыярдуу түрдө карманып келишкен. Эл аралык адат кийин эл аралык мыйзамдын негизги өзөгүн түзгөн.
Эл аралык адат жалпы да, жалпы эмес да болушу мүмкүн. Жалпы эл аралык адат — бул дүйнөдөгү бардык мамлекеттер карманган, коомдук пикирде кабыл алынган жана адат катары туруктуу саналган, убактылуу эмес көрүнүш. Ал эми, жалпы эмес эл аралык адат дүйнөнүн белгилүү бир аймагына таандык адат болуп саналат. Ошондуктан «континенттик эл аралык эреже» жана «регионалдык эл аралык эреже» деген түшүнүктөр колдонулган, бул белгилүү бир адатты ишке ашырган мамлекеттердин чөйрөсүнүн кеңдигине жараша аныкталган. Мисал катары Улуу Британия менен Исландиянын ортосундагы треска (cod) балыгы үчүн болгон согуштардан кийин пайда болгон регионалдык эл аралык адатты айтууга болот. Ал эл аралык сууларда балык уулоо укугуна байланыштуу болуп, Исландия Британияны өзүнүн сууларынан 200 деңиз мил аралыкка чейин балык уулоодон баш тартууга мажбур кылган. Бул чечим адат болуп, кийин «деңиздердеги өзгөчө экономикалык зоналар» деп аталган мыйзамга айланган. Регионалдык адаттарга мисал катары Пайгамбарыбыз ﷺ жиберилерден мурун арабдарда кеңири белгилүү болгон «харам айларда согушпоо» салтын да келтирүүгө болот. Ал эми жалпы эл аралык адаттардын мисалы — элчилер менен эл аралык өкүлдөрдүн кол тийбестиги.
Европа мамлекеттери XVII кылымдын ортосунда өз ара мамилелерди тартипке салууга киришип, 1648-жылы Вестфалия келишиминде мамилелерин жөнгө салган мыйзамды негиздешкен. Бул келишим Европага гана эмес, дүйнөдөгү бардык мамлекеттерге таасир кылган эл аралык укукту мыйзамдаштырууга амалий башталыш болгон. Ошондой эле, эл аралык деңгээлде мамилелерди жөнгө салган көрүнүктүү жыйындардын бири 1815-жылы өткөн Вена жыйыны болуп, ал Франциядагы революциялык согуштардан келип чыккан көптөгөн маселелерди чечүүгө аракет кылып, Европа континентинде чек араны белгилөө менен аяктаган. Ошондой эле 1919-жылы өткөн Париж жыйыны Усманий мамлекеттин мурасын бөлүштүрүү жана Улуттар Лигасын түзүү менен жыйынтыкталган.
Эл аралык жалпы укук бул мамлекеттердин ортосундагы мамилелерди тынчтык жана согуш абалында тартипке салган мыйзам болуп, анда эл аралык уюмдарга мамлекеттер үстүнөн бийлик берилет. Бул бийликти БУУнун Коопсуздук Кеңеши сыяктуу эл аралык аткаруучу органдар ишке ашырат, ал дүйнөдөгү биринчи державага баш иет же дүйнөлүк абалды аныктоого таасир кылган күч борборлорунун ортосунда талашка түшөт.
Эл аралык жалпы укуктун мисалы катары Женева келишими сыяктуу эл аралык келишимдерден келип чыккан мыйзамдарды айтууга болот. Ошондой эле, өз ара мамлекеттер деңгээлинде кабыл алынган жана милдеттенмеси мамлекетке тиешелүү болуп, жеке адамдарга тиешелүү болбогон мыйзамдар да эл аралык жалпы укукка кирет. Мисалы — ядролук куралды жайылтууну чектөө келишими.
Айкын көрүнүп тургандай, эл аралык мыйзамды коюучу тарап – бул согуштарда жеңишке жеткен ири мамлекеттер же күчү тең болуп, бири-бирин жеңе албасын түшүнгөндө өз ара мамилелерин жөнгө салуу үчүн келишим түзүп, ага кол коюп, аны эл аралык мыйзамга айландырган ири державалар. Бул келишимдер жана эл аралык макулдашуулар аркылуу, же жалпы укуктук принциптер аркылуу, же эл аралык адаттардан алынган негиздер аркылуу ишке ашат. Вестфалия келишиминен кийин Европа мамлекеттеринин өз ара макулдашышы аларды Усманий мамлекет менен күрөшүүгө даяр кылды. Анткени, Усманийлер Европанын ири мамлекеттеринин дубалдарын кыйратып, башка мамлекеттерге да коркунуч туудурган эле. Демек, эл аралык мыйзам негизинен Исламдын Европага каршы жайылышын токтотуу үчүн түзүлгөнү анык.
Батыш державалары эл аралык мыйзамдарды жана БУУнун чечимдерин чыгаруу, адамдар менен мамлекеттерди ушул мыйзамдардын негизинде соттоо милдетин аткаруучу уюмдарды жана мекемелерди түзүү менен алектеништи. Бул дүйнөгө укуктук жактан үстөмдүк орнотуу жана бул уюмдарды баарынан жогору турган сот кылуу аракети эле. Ушул максатта Улуттар Лигасы, андан кийин Бириккен Улуттар Уюму, ошондой эле Эл аралык кылмыш соту түзүлдү. Бул уюмдар дүйнөдөгү биринчи державага багыт жагынан баш иет, ал эми аткаруу жагынан БУУнун Коопсуздук Кеңешине байланган. Ошондуктан бул уюмдар менен мекемелер дүйнөдөгү биринчи держава үчүн анын саясаттарын дүйнөгө таңуулоонун куралы катары кызмат кылат. Бирок, башка мамлекеттер да бул уюмдарга катышкандыктан, бул нерсе биринчи державаны башкалардын кээ бир каршылыктарына кабылышына алып келет.
Эл аралык мыйзамды сактабагандык мамлекеттерди, ал тургай дүйнөдөгү биринчи державаны да кыйын абалда калтырат. Арийне, кээ бир учурларда ал өзүнүн маанилүү кызыкчылыгын камсыз кылуу үчүн эл аралык мыйзамды бузууга мажбур болушу мүмкүн, бирок ошондо да өзүн актай турган айла-амалдарды издеп, эл аралык мыйзамды бузду деген айыптан кутулууга умтулат.
Мисалы, Россиянын президенти Путин 2022-жылы Украинага каршы жүргүзгөн согушунда өзүн эл аралык мыйзамды бузбай жаткандай көрсөтүүгө аракет кылды. Ал Украинанын жерлерин басып алгандай эмес, тескерисинче, бөлүнүп чыккан республикалар аны коргоого чакыргандан кийин гана киргендей кылып көрсөткөн. Ошол сыяктуу эле Америка да 2003-жылы Иракка согуш менен киргенде, дүйнөлүк коомдук пикирди Иракта жапырт жок кылуучу чоң куралдар бар деп ишендирүү аркылуу даярдады. Бул калп кийин аны уятка калтырганы менен, Америка өз максатына жетип алган эле. Андан соң, анын калпы ачылган соң ал пайда болгон дүйнөлүк коомдук пикирдин таасирин азайтууга аракет кылды.
Демек, мамлекеттер шексиз түрдө дүйнөлүк коомдук пикирди эске алат. Анткени дүйнөлүк коомдук пикир кээде ошол мамлекеттин ички коомдук пикирине айланып, анын өкмөтүн уятка калтырат. Америка мисалында болсо, ал ички коомдук пикирди көзөмөлдөөгө аракет кылат. Анткени ал шайлоолорго жана Конгресстеги (Өкүлдөр палатасы менен Сенаттагы) чечимдерге түздөн-түз же кыйыр таасир кылат.
Эл аралык адаттар менен эл аралык мыйзам маселесин изилдөө саясий түшүнүктө да, саясаттарды белгилөөдө да маанилүү. Ошондой эле дүйнөдөгү ири державалардын эл аралык мыйзамды кармана албаган абалын түшүнүү зарыл. Анткени бул мамлекеттер эл аралык мыйзамды эч качан бузбайт деп ойлоп алуу туура эмес болгондой эле, алар таптакыр эл аралык мыйзамды көзгө илбейт деп кабыл алуу да туура эмес. Тескерисинче, эл аралык адат же мыйзамды түшүнүү белгиленген максатка жеткирүүчү саясатты түзүүгө жардам берет.
Пайгамбарыбыз ﷺ Худайбия умрасына чыкканда, ал жөнүндө ачык айтып, арабдарды кабардар кылды: ал умрага бара жатканын жана жоокердик курал эмес, жолоочунун куралын гана көтөрүп бара жатканын маалымдады. Ошентип ал Курайшты катуу уят абалга салды: эгер алар аны Меккеге киргизбей койсо да, киргизсе да кыйын абалда калышмак. Пайгамбарыбыз ﷺ болсо максатында тынчтыкка умтулуп, Курайшты дал ушул максатка түрттү. Бул болсо «Курайштар харамды тейлөөчүлөр жана ал жерге ибадат кылуу үчүн баргандарды тосууга акылары жок» деген регионалдык адатты колдонуу аркылуу ишке ашты.
Эл аралык абал
Эл аралык абал – бул мамлекеттин дүйнөдөгү абалы жана таасирдүү мамлекеттер менен болгон мамилеси же дүйнөдөгү таасирдүү мамлекеттердин ортосунда түзүлгөн мамилелердин түзүлүшү. Бул ар бир мамлекеттин өз алдынча саясатын карагандай каралбайт. Анткени ар бир мамлекеттин саясаты анын жашоого болгон көз карашынан (дүйнө караш) келип чыгат, ал эми ошол саясатты түшүнүү үчүн мамлекет өз саясатын кайсы фикратка жана кайсы тарикатка негиздеп жүргүзүп жатканын түшүнүү талап кылынат. Эл аралык абал болсо дүйнөдөгү таасирдүү мамлекеттердин ортосундагы мамилелерден куралат, бул мамлекеттердин жашоого болгон көз карашы бирдей болушу шарт эмес. Жалпы эл аралык абал — бул мамлекеттердин көз караштары ар түрдүү болсо да, бирок алар бири-бири менен согуштук же тынчтык мамилелерин түзүп турган абал.
Эл аралык абал дүйнөдөгү таасирдүү мамлекеттердин эл аралык саясаттагы ордуна жараша түзүлөт. Бул эл аралык ордун аныктаган факторлордун катарына мамлекеттин аскерий күчү, экономикалык күчү, дипломатиялык мүмкүнчүлүгү, өнөр жай жана технологиялык дарамети, ошондой эле демографиялык күчү кирет. Ошонун негизинде мамлекеттердин ортосунда айырмачылыктар пайда болот, бул алардын эл аралык мамилелерге таасир этүүсүндө да, демек эл аралык абалда да айырмачылыктарды шарттайт. Ушундан улам «дүйнөдөгү биринчи мамлекет», «өз алдынча мамлекет», «регионалдык мамлекет», «көз каранды мамлекет» деген түшүнүктөр пайда болгон. Ошондуктан дүйнөдөгү биринчи державанын ордун жана башка мамлекеттердин ага карата ордун туура түшүнүү зарыл.
Дүйнөдөгү биринчи держава — бул эл аралык абалды аныктоодо алдыңкы орунду ээлеген мамлекет. Бул анын башка мамлекеттер менен түзгөн мамилелеринин негизинде жүзөгө ашат. Мамлекеттер өз кызыкчылыктарын камсыз кылуу үчүн дүйнөдөгү биринчи державанын кызыкчылыктарына кызмат кылууга умтулат жана анын пайдасына ортоктош болушат. Же болбосо, ага атаандаштык кылышат же кармашка киришет. Натыйжада дүйнөдөгү биринчи державага каршы турган мамлекет анын таасирине жараша жана ошол атаандаштыгынын ийгилигине жараша, эл аралык абалга өз салымын кошот.
Дүйнөдөгү биринчи держава дүйнөдө саясий абалды түзөт жана башка мамлекеттерди өзүнүн фикратына жана саясий тарикатына багыттайт. Ошондуктан дүйнөдөгү биринчи державанын ордун ээлөөгө умтулган ар бир мамлекет саясий абалды өзүнө буруу үчүн аракет кылууга тийиш. Ал орунду ээлөөнүн жолу сөзсүз учурдагы биринчи держава менен атаандашуу аркылуу өтөт. Бул үчүн дүйнөдөгү саясий абалды өзүнө тартып, учурдагы биринчи державанын айланасындагы мамлекеттерди андан бөлүп алуу, анын зулумдугун жана дүйнөгө алып келип жаткан зыяндарын ачып көрсөтүү, ошондой эле башка мамлекеттерди андан алыстатууга көмөкчү болгон коомдук пикирди жаратуу зарыл.
Муну менен катар алдыңкы орунду ээлегиси келген мамлекет дүйнөнү башкаруу жоопкерчилигин көтөрүүгө учурдагы державадан алда канча татыктуу экенин далилдей турган амалий ыкмаларды колдонууга милдеттүү. Мына ушундай жол менен гана ал дүйнөдөгү биринчи державанын ордуна умтулушу мүмкүн.
Эл аралык абал өзгөрүп турат, ал дайыма туруктуу болбойт. Ошондуктан саясий түшүнүктү туура өздөштүрүүнү жана өз мамлекетине, үммөтүнө пайдалуу саясатты аныктоону каалаган адам эл аралык мамилелерди тынымсыз изилдеп, эл аралык абалды түшүнүшү керек: ал туруктуу абалдабы же солкулдап, өзгөрүү баскычын баштан кечирип жатабы. Тарыхта дүйнөдөгү биринчи державанын орду Римден мусулмандарга өткөн, Франциядан Англияга өткөн, Англиядан Германияга өткөн, Советтер Союзу менен Америка Кошмо Штаттары дүйнөгө атаандашып үстөмдүк кылган, андан кийин экөө тил табышкан, андан соң АКШ жалгыз дүйнөлүк абалды белгилөөчү болуп калган. Ушундайча эл аралык абал улам өзгөрүп турган.
Америка – дүйнөдөгү биринчи мамлекет. Ал эми башка мамлекеттер болсо — көз каранды, көз карандысыз же айланасында айланган мамлекеттер болот. Көз каранды мамлекет — бул өз саясатын башка мамлекетке байлап койгон мамлекет. Мисалы, Мисир Насирдин доорунан бери Америкага көз каранды болуп, аймактагы АКШ долбоорлорун ишке ашырып, анын саясатын жүргүзүп келген. Бул саясат айрым учурларда Мисирге жана анын экономикасына зыян алып келген. Ошондой эле Саудия бирде Британияга, бирде АКШга берилгендик көрсөтүп келген. Акыры Салман жана анын уулу бийликке келгенде, өздөрү үчүн түз пайда болбосо да АКШнын саясатын ишке ашырууга киришти. Маселен, 2015-жылы Саудия Йеменде «Буркан чабуулун» баштап, бул согуш Саудиянын абдан чоң байлыгын жутуп жок кылды. Бирок бул согуштан Саудия эч кандай олуттуу саясий пайда алган жок, тескерисинче, Америка гана утушка ээ болду. Анткени Америка Саудия аркылуу хусийлерди саясий салмактуу күч катары сүйлөшүү үстөлүнө отургузуп, аларды Йеменди башкарууга шерик кылуу же кийин англиялык агенттерди сүрүп чыгып, өлкөнү толук колго алуу мүмкүнчүлүгүн бекемдеп берди.
Ал эми державанын айланасында айланган мамлекет – бул тышкы саясатында башка мамлекетке көз карандылык жагынан эмес, кызыкчылык байланышы менен байланып турган мамлекет.
Мисал катары Японияны алсак болот. Ал Экинчи дүйнөлүк согуштан жеңилип чыгып, анын аскерий табиятына шарттар коюлгандан кийин өнөр жай жана экономика жагынан өзүнө абройлуу орун түзүүгө умтулду жана бул тармакта дүйнөлүк деңгээлде көрүнүктүү орунду ээледи. Бирок тышкы саясатында өз кызыкчылыгын АКШнын кызыкчылыгы аркылуу ишке ашырууга аракет кылды. Ошентип, Кытайды чектөө алкагында Япония 2007-жылы АКШ, Австралия жана Индия менен бирге төрт тараптуу диалогго (QUAD) кошулду.
Түркия да ушундай. Ал Англиянын үстөмдүгүнөн чыккан соң, өз кызыкчылыгын АКШнын кызыкчылыгы аркылуу ишке ашырууга умтулду. 2020-жылы Ливияга өзүнүн аскерлерин жиберип, ал жакта Американын таасирин бекемдөөгө аракет кылды. Ошондой эле АКШ колдогон Сирия режими кулап калбашы үчүн Сириядагы революцияны басаңдатууга аракет кылды. Ал үчүн Сирия армиясынан бөлүнүп чыккан айрым офицерлерди жана ошол учурда түзүлгөн куралдуу топторду өз көзөмөлүнө алды. Муну менен революцияга түздөн-түз кийлигишип, чечүүчү фронттордун ачылышына жол бербей, фронтту топтордун өз ара кагылышына айландырды. Бул ишин Түркия Сириядагы революция башталган 2011-жылдан тартып ушул күнгө чейин жүргүзүп келди.
Андан соң Түркия Сирия режимин өзү менен нормалдашкан мамилеге мажбур кылууну көздөдү, бирок режим аны четке какканда, 2024-жылы топтордун күчтөрүн козгоп, Сирия режимин кулатты. Натыйжада Түркия Сириядагы кырдаалды АКШнын пайдасына көзөмөлгө алды. Бирок, ошол эле учурда ал өзүнүн ички саясатын багыттарына жараша жүргүзүп, өз кызыкчылыгын ишке ашырууга да аракет кылды. Демек, Түркиянын АКШ менен тышкы саясаттагы байланышы — кызыкчылык байланышы болду.
Ал эми көз карандысыз мамлекет — ички жана тышкы саясатында өз каалоосу жана өз кызыкчылыгына жараша иш алып барган мамлекет. Мисал катары Кытайды алсак болот. Ал өз кызыкчылыгын өзү аныктап түшүнүгүнө жараша ишке ашырып жатат. Кытай күчтүү экономикалык державага жана атаандашсыз соода кубатына айланууну каалайт. Ошондуктан ал Африканын ар кайсы бурчтарын изилдеп, ресурстарды издөөгө киришти. Андан соң ал Латын Америкасына чейин кирип барып, Перудагы бир порттун 60% үлүшүн ээликке алды жана аны башкарууга отуз жылдык концессия укугун да колго киргизди.
Кытай өз максатына жетүү жолунда АКШ тарабынан коюлган тоскоолдуктарга карабастан аракетин улантып жатат. Ал Тайван маселесинде аны өзүнүн бир бөлүгү катары карап, өзүнө ылайык саясат жүргүзүүдө. Ошол эле учурда АКШ Тайванды Кытайдын бооруна кадалган тикенекке айлантты.
Ушундай эле абалды Россиянын ички жана тышкы саясатынан да көрүүгө болот. Көз салган адам жаңылып, айрым маселелерде Россия АКШнын кызыкчылыгына кызмат кылып жаткандыктан, экөөнүн ортосунда көз карандылык мамиле бар деп ойлобошу керек. Анткени көз карандысыз мамлекет кээде өз кызыкчылыгын камсыздоо үчүн дүйнөдөгү биринчи державанын кызыкчылыгын да эске алат. Бирок бул аны көз каранды мамлекет кылбайт жана айланасында айланган мамлекет да кылбайт. Себеби көз карандысыз мамлекет мындай саясатты дүйнөдөгү биринчи державанын чечиминен көз каранды болбой, өз алдынча жүргүзөт. Ал эми айланасында айланган мамлекет болсо өзүнүн тышкы саясатындагы кызыкчылыгын биринчи державанын кызыкчылыгына байлайт.
Ошондуктан эл аралык мамилелердин түпкүрүнө тереңирээк кирүү жана дүйнөдөгү биринчи держава менен башка мамлекеттердин ордун туура түшүнүү абдан маанилүү. Бул түшүнүк саясатчыга жана байкоочу адамга дүйнөдөгү окуялардын эл аралык абалды аныктаган күчкө кантип байланып турганын аңдоого мүмкүндүк берет. Ошону менен окуяны жаратканбы, басаңдатканбы, багытын өзгөрткөнбү же алдын алганбы, мунун баарын эл аралык абалды жетектеп турган күчтүн саясий таасирине жараша түшүнүүгө болот.
Америка Украинаны НАТОго мүчө болууга түртүп, 2022-жылы Украина менен Россиянын ортосунда согуш тутанышын шарттады. Мунун натыйжасында Россия менен Кытайдын ортосунда калыптанып келе жаткан союзга тоскоолдук кылды. Андан соң АКШ Украинаны колдоо жана Россияны кысымга алуу менен алек болуп, аны «SWIFT» каржы тутумунан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратты, бир катар санкцияларды киргизди жана Европаны да Россияга каршы санкцияларга катышууга мажбурлады. Бул согуштан Европа өзү катуу зыян тарткан болсо да, АКШ Европаны өз канатынын астына чогултуп, НАТОну күчтөндүрдү. Бул дүйнөдөгү биринчи держава жараткан саясий окуя болуп, Россия менен Кытай биргеликте союз түзүүгө аракет кылган башка бир окуянын алдын алды.
Араб өлкөлөрүндөгү революциялар болсо элдердин арасынан өзүнөн өзү башталып, Мисирде өкүмдар режимди кулатууга чейин жетти, АКШ Сирияда болсо режимди сактап калды, Йеменде болсо өз кишилерин системага киргизүү үчүн окуядан пайдаланды. АКШ элди басуу үчүн баскынчыларды, революциячыл саясий фронттор атынан элди алдаган айлакер күчтөрдү, а түгүл башка мамлекеттерди да бул ишке тартты. Ал Россия менен Иранды Сирия режими тарабында турууга мажбурлады, Түркия менен Саудияны болсо козголоңчулардын тарабына тургузду. Ошентип, эң негизги таасир кылуучу күч дагы да болсо АКШ болду.
Дал ушул себептен улам саясатты байкоочу жана түзүүчү адамдар үчүн эл аралык абалды так түшүнүү зарыл. Болбосо, туура эмес жыйынтыктарга келип, көз каранды мамлекетти көз карандысыз деп, айланасында айланган мамлекетти дүйнөдөгү биринчи державага атаандаш деп эсептеп алышы мүмкүн!
Бул замандын таң калычтуу көрүнүштөрүнүн бири — айрым адамдар Саудиянын мураскер ханзаадасы Мухаммад бин Салманды көз карандысыз деп эсептеши. Алардын жүйөсү — ал АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан менен катуу сүйлөшүп, 2021-жылы президент Жо Байден администрациясынын алгачкы мезгилинде мунай өндүрүү саясатын өзгөртүү жөнүндөгү талабын четке какканы.
Таӊ калычтуу көрүнүштөрдүн дагы бири — айрымдар Иранды АКШга атаандаш катары эсептеши. Алар Иран Иракта, Сирияда жана Йеменде ага баш ийген топторду жайгаштырып, америкалыктардын кызыкчылыктарына коркунуч жаратат, а түгүл алардын базаларын ракеталар менен аткылап келет деп далил келтиришет. Бирок терең көз салган адам, Салмандын Байденге каршы туруусун күчтөндүргөн тарап – Байдендин АКШдагы атаандашы Дональд Трамп болгонун табат. Ошондой эле Америка өзү эле Ирактагы саясий кырдаалды Иран партиясы жана агенттери аркылуу көзөмөлгө алганын, Сириядагы абалды алар аркылуу тартипке салганын жана Йеменде да бийликти алар аркылуу дээрлик толук колго алганын көрөт.
[Уландысы бар].