Сакофат

Элди ааламга тааныта турган анын тилиби же фикирлериби

بسم الله الرحمن الرحيم

Элди ааламга тааныта турган анын тилиби же фикирлериби

  1. I. Тилдин жашоодогу ролу

Тил – адамдар бири-бирлери менен мамиле кылуулары үчүн зарыл болгон каражат. Ар бир инсан өз максадын, фикирин тил аркылуу башкаларга жеткирет. Мисал менен түшүндүрсөм, ашпоздор бышырылган тамактарды кардарларга чыны, тарелка, табак, пияла сыяктуу ар кыл идиштерде жеткирет, идиштерсиз жеткирүүнүн аргасы жок. Ушул сыяктуу эле, тил да акылыбыздагы ой-фикрлерди, максаддарды башкаларга жеткирзүүнүн василасы болуп саналат. Тил билбеген же дудук адам өз максадын, фикирин башкаларга жеткире албайт. Ошондуктан, ким қанча көп тил билсе, ошончолук көп адамдар менен фикр алмаша алат. Бирок, эң эске алчу жагдай, негизги кеп идиште эмес, балким, кеп идиш ичинде жеткирилип жаткан нерседе. Маселен, беймаза, тузсуз же шор тамакты – мейли ал алтын идиште болсо да – аны ала турган кардар болбойт. Анын ашпозу касад-банкрот болот. Ушуга окшоп, башкаларга жеткирилип жаткан фикирлерде, максаддарда маани болбосо, же акылдуу адамдар кабыл албай турган маанилерди жеткирүү кааланса, анда адамдар андан жүз үйрүшөт.

1) Тилге болгон кызыгуунун күчтүү болушу ошо тил өз ичине алган фикрлерге, илм-фан байлыктарына байланыштуу, эгер ошол тилде жазылган китептерде көп илимий байлыктар болсо, ошо илмий байлыктарга жетишүү үчүн тилге болгон  кызыгуу күчтүү болот. Ошондуктан, ахыркы кылымдарда англис жана орус тилдеринде жазылган китептерде, интернет тармактарындагы материалдарда маалыматтар көп болгондуктан, адам бирер нерсе тууралуу изденмекчи болсо, англис же орус тилдери аркылуу изилдөөлөр алып барып калды. Буга мисал катары айтсак, биздин региондогу жогорку окуу жайларында илимдердин көпчүлүгү орус тилинде болгондуктан, регион калкында орус тилине болгон кызыгуу күчтүү, ал тургай, эне тилин өнүктүрүү тууралуу эртели-кеч сайрай турган “улутчулдардын” өздөрү да перзенттерин орус мектептеринен билим алдырууга умтулушат.

2) Тилдин да ой-фикрлерди толугураак-мукаммал жеткирүүгө мүмкүнчүлүгү болушу керек. Анткени, ар кандай адам өз фикрин, максаддарын толук жана туура жеткирүүнү каалайт. Ошон үчүн өзүндөгү фикрлерди, жаңы илмий ачылыштарды жеткирүүгө ыңгайлуу, мукаммал тилди тандайт. Мисалы, Ч. Айтматов өз фикрлерин жеткирүүдө орус тилин тандаган. Ал эми, тарыхта Орто Азиянын улуу окумуштуулары китептерин араб тилинде жазышкан. Себеби, илимий байлыктарды, айрыкча, исламий билимдерди араб тили менен толугураак жеткирүү мүмкүнчүлүгү бар экендигин билишкен.

3) Тилге карата саясат. Тил элди башкаруу үчүн колдонула турган бир васила катары пайдаланылат. Мисалы, орустар биздин журттарды басып алганда, тарыхыбыздан үзүп, өздөрүн билимдүү калк кылып көрсөтүш үчүн, араб алифбесин кирилл алфавитине өзгөрттү. Муну менен кийинки муундан өз тарыхын билбей турган, илмий байлыктарынан пайдалана албай турган, жашоону орустар баян кылгандай элестете турган маңкурт калк жетишип чыкты. Натыйжада, Исламды, анын талабдарын жаман көрө тургандар көбөйдү. Мурун Исламга каршы күрөштү каафирлер өздөрү түздөн-түз алып барышса, ахыры келип, эми өзүбүздүн мусулман перзенттери Исламга каршы күрөштү ашыгы менен аткара турган болушту. Тарыхыбызды билбегендигибизден улам, каафирлерди улуу калк деп биле турган, куфр жашоо образын “заманбаптык” деп биле турган, Исламга жакындашууга болсо “арабкулдук” деп карап, ирээнжий турган болуп калдык. Фикрлей албай турган маңкурт болуп калгандыгыбыздан улам Исламдан ирээнжүү өкүмдар болуп калууда. Негизи, оо туулгандагы тойлорубуздан тартып тээ өлгөндөгү кабырга көмүлгөнүбүз Исламга ылайык болуп жатпайбы.

  1. II. Тилдеги этибар бериле турган жактар

1) Асл-түпкүлүгүндө, тилге болгон этибардын негизи ошо тилде жашырынган илм-маарифатта жатат. Исламий китептерде, айрыкча, хакыйкаттардын манба-булагы болгон Қуръан жана ҳадистерде бардык хакыйкаттар бар. Алардагы хакыйкаттардын көпчүлүгүн ахыркы кылымдарга келип илм да тастыктап жатат. Мисалы, “Анбия” суурасында Аллах Таала айтат:

… وَجَعَلۡنَا مِنَ ٱلۡمَاۤءِ كُلَّ شَیۡءٍ حَیٍّۚ أَفَلَا یُؤۡمِنُونَ

жана бардык жандууну суудан кылганыбызды көрүшпөдүбү? Эми да ыйман келтиришпейби? [21:30].

Ар бир тирүү жанзаттын кеминде 80%ы суудан экени илимде микроскоп ихтиро кылынгандан кийин тастыкталды. О.э. Асман Жерди сактоочу кылып жаратылгандыгын да илим исбаттады. Аллах Таала айтат:

وَجَعَلۡنَا ٱلسَّمَاۤءَ سَقۡفࣰا مَّحۡفُوظࣰاۖ وَهُمۡ عَنۡ ءَایَـٰتِهَا مُعۡرِضُونَ

– Жана асманды сакталган шып кылып койдук. Алар анын аяттарынан жүз үйрүүчү болушууда [21:32].

О.э. Ю.Гагарин космоско чыкканда асманга көтөрүлгөн сайын көкүрөк-көксөсү кысылышын айткан. Аллах Таала айтат:

فَمَن یُرِدِ ٱللَّهُ أَن یَهۡدِیَهُۥ یَشۡرَحۡ صَدۡرَهُۥ لِلۡإِسۡلَـٰمِۖ وَمَن یُرِدۡ أَن یُضِلَّهُۥ یَجۡعَلۡ صَدۡرَهُۥ ضَیِّقًا حَرَجࣰا كَأَنَّمَا یَصَّعَّدُ فِی ٱلسَّمَاۤءِۚ كَذَ ٰ⁠لِكَ یَجۡعَلُ ٱللَّهُ ٱلرِّجۡسَ عَلَى ٱلَّذِینَ لَا یُؤۡمِنُونَ

– Алла кимди хидаят кылууну кааласа, анын көңүл-көксөсүн Ислам үчүн кең кылып коёт. Ал эми кимди адаштырууну кааласа, анын көкүрөк-көксөсүн кудум асманга көтөрүлүп бараткандай тар жана кууш кылып кысылтып коёт. Аллах ыйман келтирбегендерди ушундай кылат. [6:125]

О.э. америкалык окумуштуу Фрэнк Пресс тоолордун жерге казык кылып коюлганын ачкан. Аллах Таала айтат:

وَٱلۡجِبَالَ أَوۡتَادࣰا

– Жана тоолорду казык (кылып койбодукпу) [78:7]

О.э. англиялык окумуштуу Стивен Уильям Хокинг ааламдын кеңейишин ачкан. Аллах Таала айтат:

وَٱلسَّمَاۤءَ بَنَیۡنَـٰهَا بِأَیۡی۟دࣲ وَإِنَّا لَمُوسِعُونَ

– Асманды өз кудуретибиз менен бинаа кылдык. Жана Биз аны кеңейтүүчүбүз [51:47].

Куръан жана ҳадистерде келген бул сыяктуу жүздөгөн хакыйкаттарды каафирлер ачып чыгышууда. Лекин ачууга мухтаждык болбогон же алиге чейин ачылбаган хакыйкаттардан пайдаланышып, алардан улуу окумуштуулар жетишип чыгууда. Ал эми биздин калктар, айрыкча жаштарыбыз, хакыйкаттар манба-булагы болгон Қуръан жана ҳадистерден махрум болуп, алардан пайдалана албай жатышат. Қуръан тилине – англис же немис тилинчелик да – этибар берилбей жатат. Ошон үчүн, улуу аллаамалар журту болгон Орто Азиядагы калктардан кийинки аср-кылымдарда аалымдар чыкпай калды.

2) Куръан тилинин кудуретинде ар бир нерсени толук жана эң мукаммал жеткирүү мүмкүнчүлүгү бар. Аны менен ар кандай аалым элге жеткирмекчи болгон ар кандай ой-фикрлерин, кашфият-ачылыштарын жеткириши мүмкүн о.э. эл да алардын эмгектерин, максаддарын түшүнүүсү мүмкүн. О.э. абдан көп илмий байлыктарды араб тилиндеги китептеринен табуу мүмкүн. Андан пайдаланып, элге өзүбүздүн тилде жеткирүү менен тилге болгон этибар күчөйт, элибизден аалымдар чыгат, элибиз дүйнөгө тааныла баштайт. Анткени, китептерден пайдалуу нерселерди издөө мүмкүнчүлүгү бар болсо, анда ошол тилди өздөштүрүүнүн мааниси болот. Маселен, Такиюддин Набахоний рохимахуллох “التفكير” – (ат-тафкир) “Фикирлөө” китебин “Бакара” сурасынын 31-аятынан илхамданып жазды, аны орус тилине бир каафир инсан которду, натыйжада, орус тилдүү калктардын фикрлөөнү ошол котормодон өздөштүрүү мүмкүнчүлүгү пайда болду. О.э. мунун орус тилинин кадырын көтөрүүгө кандайдыр салымы болду.

3) Хакыйкаттарга түздөн-түз жетип барыш үчүн Куръан тилине катуу маани берүү керек. Айрыкча, балдарды мектеп жашынан Куръан жана ҳадистерден пайдалана ала турган болуулары үчүн араб тилине кызыктыруу зарыл. Анткени, балдардын тарбиясы жакшы болушу; ата-энеге, ааила-бүлөгө, тууган-урукка, адамдар менен кыла турган мамилелерине жана ушул сыяктуу турмуштук иштерине туура мунасабаттарды үйрөнүшү; адамдарга пайдалуу иштерди кылууга кызыгышы; жакшы адам болууга умтулушу; о.э. ичкилик, баңгилик, бузукулук, уурулук, бирөөлөргө азар жеткирүү сыяктуу жийиркеничтүү иштерден жүз үйрүшү – бул жана бу сыяктуу сыфаттардын бардыгы жогорудагыдай рухдагы тарбия аркылуу болот. Ошондо келечекте уулдарыбыз жакшы перзент, камкор ата, үлгүлүү үй-бүлө башчысы болуп чыгат. Жамият-коомго пайда келтирүү максадында жаңы-жаңы хакыйкаттарды кашфият кылып, аларды абалы өз тилдеринде элибизге, андан кийин бүткүл адамзатка жеткирүүгө умтулат. Ошондо тилибиз да күчөйт, элибизден аалам тан алган аалымдар да чыга баштайт.

 III. Тилге карата этибарды күчөтүү

1) Окутуучуларга болгон урмат эң жогорку даражага көтөрүлүшү керек. Ошондо жаштардын окутуучуларга кулак салышы да чын дилден болот, аларды тарбиялоо, илмге, китеп окууга кызыктыруу жеңилдешет, себеби, жаштардын тарбиясындагы негизги орунду окутуучулар ээлейт. Ошон үчүн өнүккөн мамлекеттерде окумуштууларга, окутуучуларга зор этибар берилет, айлык акылары жогору болот. Мисалы, Японияда окутуучулардын айлыгы орган кызматкерлериникинен дээрлик эки эсеге көп, коомдо алар эң урматтуу адамдар эсептелишет, жада калса, соодагерлер таварларын арзандатып беришет. Негизи, Ислам ушундай таалим берет. Бирок, өкүнүчтүүсү, азыркы мусулмандарда андай болбой калды. Жогорку билимдүүлөр ичинен эң этибарсыздары окутуучулар, аларга болгон урматсыздык үй-бүлөдөн эле ыхтыярсыз сиңдирилет. Аларга карата болгон урматсыздык себептүү алар берип жаткан илимдердин да кадыры түшүп кетет. Асли, чыныгы исламий аалымдарды урматтоо Исламда пайгамбарлардан кийинки эле эң бийик орунда турат. Бул тууралуу өтө көп хадистер келген. Ал эми, аларга карата урматсыздык кылуу эмес, аларды хакаараттоо эмес, ал тургай, аларды жаман көрүүнүн өзү эле харам. Росулуллох ﷺ айтты:

«إنَّ اللهَ وَمَلاَئِكَتَهُ وَأَهْلُ أَرْضِيهِ يُصَلُّونَ عَلَى مُعَلِّمِ النَّاسَ الْـخَيْرَ»

«Адамдарга жакшылыктан таалим бергендерге Аллах, Анын периштелери жана жер ахли салават айтат». (Термизий жана Табароний «Муъжамул Кабир»де чыгарган). Росулуллох ﷺ дагы айтат:

«من سلك طريقًا يطلبُ فيه علمًا ، سلك اللهُ به طريقًا من طرقِ الجنةِ ، وإنَّ الملائكةَ لتضعُ أجنحتَها رضًا لطالبِ العِلمِ ، وإنَّ العالِمَ ليستغفرُ له من في السماواتِ ومن في الأرضِ ، والحيتانُ في جوفِ الماءِ ، وإنَّ فضلَ العالمِ على العابدِ كفضلِ القمرِ ليلةَ البدرِ على سائرِ الكواكبِ ، وإنَّ العُلَمَاءَ وَرَثَةُ الأَنْبِيَاءِ، وَإِنَّ الأَنْبِيَاءَ لَمْ يُوَرِّثُوا دِينَارًا وَلَا دِرْهَمًا، إِنَّمَا وَرَّثُوا العِلْمَ، فَمَنْ أَخَذَهُ أَخَذَ بِحَظٍّ وَافِرٍ»

«Кимде-ким илм талабында жолго чыкса, аны Аллах жаннат жолдорунан бир жолго жүргүзүп коёт. Периштелер илм издеп чыккандардан раазы болуп, канаттарын төшөк кылып төшөшөт. Албетте, аалимге жер-асмандагы бардык жанзаттар, жада калса, суу түбүндөгү балыктар да магфират сурашат. Албетте, аалимдин аабидден (ибадат кылуучудан) афзелдиги түндөгү жылдыздарга салыштырмалуу айдын афзелдигиндей. Уламалар Пайгамбарлардын мураскорлору. Пайгамбарлар динар да, дирхам да мурас калтырышпаган. Балким, илмди мурас калтырышкан. Ким аны алса, насибесин толук алыптыр». (Абу Давуд риваяты). Росулуллох ﷺ дагы айтат:

اغد عالما أو متعلما أو مستمعا أو محبا ، ولا تكن الخامسة فتهلك

Эртеден аалим болууга, же таалим алуучу болууга, же (аалимдерди) тыңдоочу болууга, же (аалимдерди) жакшы көрүүчү болууга аракет кыл. Бешинчиси болбо, анда халак болосуң (т.а. аларды жаман көрүүчү болбо, анда эле өлгөнүң ушу). (Табароний риваяты).

2) Хакыйкаттар булагы болгон Куръан жана хадистерден жаштарыбыз пайдаланышы үчүн Куръан тили болгон араб тилин мектеп программасына киргизүү керек. Асли, ар бир мусулман араб тилин билиши ваажиб, ушул фарзга маани берилбей калгандан тартып Уммат төмөндүккө кулап баштаган. Ошондуктан, абалкыдай бардык тармактарда жетекчилик макамыбызга кайра жетишибиз үчүн араб тилин үйрөнүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү зарыл. Жаштарга мектепте Куран тилин үйрөтүүнү жолго коюу керек.

3) Куръан жана хадистерден түрдүү жана көптөгөн мусабака-жарыштарды уюштуруу керек. Мындай саясат аркылуу жаштарыбыздын хакыйкаттарды билүүгө, илмге болгон кызыгуулары артат. Калкыбызда кайрадан улуу аалымдар чыгып баштайт. Тарыхыбыздагы таанымал аалымдарыбыз да Куръан жана хадистерди жакшы үйрөнүүсү натыйжасында аалам тан алган жетик окумуштуулар болуп чыгышкан, лекин, алар “ааламга таанылайын, машхур болоюн” деп умтулушпаган, балким, шариатка туура жана мүмкүн болушунча мукаммал амал кылайын деп умтулушкан жана ушундай натыйжаларга жетишишкен. Росулуллох ﷺ төмөнкү хадисинде ушундан эскерткен:

مَنْ تَعَلَّمَ الْعِلْمَ لِيُبَاهِيَ بِهِ الْعُلَمَاءَ، وَيُجَارِيَ بِهِ السُّفَهَاءَ، وَيَصْرِفَ بِهِ وُجُوهَ النَّاسِ إِلَيْهِ، أَدْخَلَهُ اللَّهُ جَهَنَّمَ

Кимде-ким илмди аалымдарга мактаныш үчүн, паскечтердин бутуна жыгылыш үчүн, адамдарды өзүнө каратыш үчүн таалим алса, Аллах аны жаханнамга киргизет”. (Ибни Маажа риваяты).

Амал кылуу үчүн алган илмдери аалымдарды ар кыл тармактарда: математика, физика, тиббият-медицина, астрономия сыяктуу тармактарда аалам тан алган жылдыздар кылып, бийиктиктерге көтөрдү. Аллах Таала айтат:

یَرۡفَعِ ٱللَّهُ ٱلَّذِینَ ءَامَنُوا۟ مِنكُمۡ وَٱلَّذِینَ أُوتُوا۟ ٱلۡعِلۡمَ دَرَجَـٰتࣲۚ وَٱللَّهُ بِمَا تَعۡمَلُونَ خَبِیرࣱ

Аллах силерден ыйман келтиргендерди жана илм тартуу этилгендерди (бийик) даражаларга көтөрөт. Аллах амалдарыңардан хабардар. [58:11].

Устаз Муаллим ас-Сакофий

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button