Судан «төрттүк» жарашуу менен аскерий мобилизациянын ортосунда. Кайда багыт алууда?!

Судан «төрттүк» жарашуу менен аскерий мобилизациянын ортосунда. Кайда багыт алууда?!
АКШ төрттүк ок атышууну токтотуунун аткарылышын катуу талап кылып турган учурда, Судан армиясынын командачылыгы согушту жана салгылашууну улантуу үчүн мобилизация жана жалпы даярдык жарыялады. АКШ бул талапка «адамдык кырдаалдын кырсыктуу абалы» деген жүйөнү келтирип жатат. Кыязы бул кырдаал Фашир шаары кулагандан кийин пайда болгондой. Бирок баары билет: Судан эли бул эки жарым жылдан ашык согуш учурунда көргөн азап-кыйынчылыктар жаш балдардын чачын агартарлык деңгээлге жетти! Бирок АКШ Дарфур аймагын Толук бойдон Ыкчам колдоо күчтөрү көзөмөлдөй баштаганына ынангандан кийин, Дарфурду Судандан ажыратууга багытталган өзүнүн кара ниет планын тездеткиси келип жатат. Ал буга чейин да Башир өкмөтүндөгү өз агенттери жана бөлүнүп чыккан Элдик кыймыл аркылуу Түштүк Суданды ажыратып алган.
Америка президентинин Африка жана Жакынкы Чыгыш маселелери боюнча кеңешчиси Массад Булос Судандагы инсаний кырдаалды азыр дүйнөдөгү эң чоң гуманитардык кырсык деп мүнөздөп, өзгөчө акыркы бир нече жумадагы Фаширдеги абалды баса белгиледи. Булос бул кырдаалды таптакыр кабыл алынгыс деп атап, аны тез арада токтотуу зарылдыгын айтты. Ал АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубионун акыркы билдирүүлөрүнө да ишара кылды.
АКШ өкүлү түшүндүргөндөй, Вашингтон Саудия, Бириккен Араб Эмираттары жана Египет кирген төрттүк өнөктөштөрдүн колдоосу менен Суданда үч айлык гуманитардык ок атышууну тооктотууну сунуштаган. Ал бул демилге төрттүк тарабынан 12-сентябрда коюлган деталдуу «Жол картасын» ишке ашырууга жеткирүүнү көздөгөнүн айтты. Бул жол картанын максаты Суданда туруктуу тынчтыкка жетишүү. Бул сөздөрдү Америка президентинин Африка жана Жакынкы Чыгыш боюнча кеңешчиси Массад Булос 2025-жылдын 15-ноябрында, ишемби күнү «Аль-Жазира» каналына берген маегинде айткан.
Бул билдирүүгө каршы түрдө армиянын командачылыгы согушка чакырып, мобилизация жана жалпы даярдык жарыялоодо. 2025-жылдын 14-ноябры, жума күнү, Судан Куралдуу күчтөрүнүн Башкы командири, Эгемендик кеңешинин төрагасы Абдулфаттах аль-Бурхан куралдуу күчтөрдө жалпы мобилизация жарыялап, курал көтөрө алган бардык судандыктарды алдыңкы сапка чыгып, Ыкчам колдоо күчтөрүнө каршы жүрүп жаткан согушка катышууга чакырды. Бурхан Жазира штатындагы ас-Сурейха айылында эл жыйынында сүйлөп жатып, козголоңчуларды жана аларды колдогондорду кабыл албай турганын, Ыкчам колдоо күчтөрү тарабынан өлтүрүлгөн жай тургундардын укуктары текке кетпей турганын баса белгиледи!
Бирок Бурхандын бул сөздөрү Судан өкмөтүнүн чыныгы позициясын чагылдырбайт. Өкмөт чындыгында төрттүктүн демилгесине жана ок атышууну токтотууга макул, ал эми жүргүзүп жаткан мобилизация жана жалпы даярдык элди тынчтандыруу жана алардын каарын басуу үчүн гана жасалууда. Өкмөттүн төрттүккө макул экенин Коопсуздук жана коргонуу кеңешинин жыйынынан кийин Коргоо министринин билдирүүсү да тастыктайт. Анда өлкөнүн эң жогорку органы болгон Кеңеш судандыктардын азабын токтотууга чакырган «чыдамкай жана чынчыл аракеттерди» кубаттаарын билдирген. Ошондой эле Кеңеш АКШга жана АКШ президентинин кеңешчиси Массад Булоско ыраазычылык билдирген. Бул ачык айтылбаса да, жашыруун түрдө макулдук бергенинин далили.
Ал эми сөздөрдү айлантып айтууга аракет кылган Судандын тышкы иштер министри Мухийиддин Салим төрттүк демилгесин кыйыр түрдө кабыл алганын билдирди. «Аш-Шарк аль-Аусат» гезити 2025-жылдын 12-ноябрындагы санында министрдин мындай сөзүн келтирди: «Судан өкмөтү төрттүк эл аралык тобу менен расмий форматта иштебейт, анткени ал БУУнун Коопсуздук Кеңешинин, же башка эл аралык уюмдун чечими менен түзүлгөн эмес. Судан Египет жана Саудиядагы бир туугандары жана АКШдагы достору менен эки тараптуу негизде иш алып барат, толук түшүнүшүп, алар менен координация кылууда».
Демек, Судандын тышкы иштер министри төрттүктүн мүчөлөрү менен (Бириккен Араб Эмираттарынан башка) координация жүргүзөрүн өзү тастыктап жатат. Анда «бир туугандар» деп атаган өлкөлөрдүн позициясы кандай?! Алар төрттүк сунуштаган ок аташууну токтотууну жана билдирүүдөгү талаптарды колдошобу, же аскерий чечимди жакташабы?!
Жооп «бир туугандардын» билдирүүлөрүнөн ачылып турат. «Ат-Тагйир» гезити Египеттин тышкы иштер министринин билдирүүсүн келтирди. Анда мындай делет: «Египеттин тышкы иштер министри Бадруддин Абдульатый Суданда ок атышууну дароо токтотуунун маанилүүлүгүн, өлкөнүн биримдигин жана эгемендигин сактап кала турган кеңири саясий процессти баштоого шарт түзүү зарылдыгын баса белгиледи. Ал төрттүктүн Судан боюнча билдирүүсүн бардык пункттары менен аткаруу зарыл экенин билдирди». Бул билдирүү 2025-жылдын 15-ноябрында, ишемби күнү, АКШ президентинин араб-африка иштери боюнча кеңешчиси Массад Булос менен болгон телефон сүйлөшүүсүндө айтылган.
Ал эми Саудиянын позициясы «Аш-Шарк аль-Аусат» гезитинде, 2025-жылдын 14-ноябры, жума күнү мындайча берилген: «Саудия менен Египет Суданда ок атышууну токтотуунун жана кеңири саясий процессти баштоого шарт түзүүнүн маанилүүлүгүн дагы бир жолу ырастады».
Ал эми Судандын тышкы иштер министри «достор» деп атаган АКШнын позициясына келсек, шаръий жактан алар дос эмес, душман. Алар төрттүктүн өзү жана демөөрчүлөрү.
Бул жердеги вакыйлык мына ушундай. Тилекке каршы, эки варианттын тең натыйжасы бир: Дарфурду Судандын “денесинен” ажыратуу.
Төрттүк сунуштаган ок атышууну токтотуу АКШ каалаган жыйынтыкка жеткиче улана турган сүйлөшүүлөр тузагына түшүүнүн башталышы.
Ал эми азыркы өңүттө согушту улантуу боюнча вариантка келсек, АКШ армиянын Ыкчам колдоо күчтөрүн жеңип алышына эч качан жол бербейт. Болбосо согуш алгачкы сааттарында бүтмөк. Анткени бул күчтөрдү АКШнын Судандагы агенттери АКШнын көрсөтмөсү менен Дарфурду бөлүү үчүн түзгөн. Алар бүгүн өздөрүнө тапшырылган милдетти эң мыкты деңгээлде аткарып жатышат, айрыкча Дарфурда параллелдүү өкмөт түзгөнүн жана бүткүл аймакты көзөмөлгө алганын эске алуу шарт.
Ошондуктан чыгуу жолу бирөө гана, андан башкасы чечим эмес: Армия жетекчилери үммөттөн тартып алынган бийликти кайра үммөткө кайтарып бериши керек. Үммөт болсо Халифалык шарттарына ээ болгон бир адамга Китеп жана Сүннөткө ылайык байъат бериши керек. Ошондо ал Ислам өкүмдөрүн жүзөгө ашырат, алар болсо биздин иштерибизге кафир колонизаторлордун кийлигишүүсүнө тыюу салат. Аллах Таала айтат:
﴿وَلَن يَجْعَلَ اللَّهُ لِلْكَافِرِينَ عَلَى الْمُؤْمِنِينَ سَبِيلاً﴾
«Алла эч качан каапырлар үчүн момундар үстүнөн жеңип чыгышына жол бербейт». (Ниса: 141).
Ким курал көтөрүп «мыйзамсыздыкка учурадым» деп доо койсо, бийлик андан адегенде курал таштоону талап кылат. Андан кийин мамлекет анын доосун угуп, аны шариат өкүмдөрүнө ылайык чечет. Эгер андан баш тартса курал таштаганга чейин ага каршы согуш жүргүзүлөт. Ортомчулук, жараштыруу, же башка кандайдыр бир ат менен эч кимге кийлигишүүгө уруксат берилбейт. Анткени Ислам үммөт биримдигин жана анын саясий биримдигин өмүр же өлүм маселеси деп белгилеген.
Ибрахим Усман Абу Халил
Роя гезити




