Сакофий

Кыймат менен баанын ортосундагы айырма

Кыймат менен баанын ортосундагы айырма

Ассаламу алейкум уа рахматуллохи уа баракатуху.

Суроо: Исламдагы Экономика түзүмү китебинде «кыймат» жана «баа» тууралуу келген түшүндүрмө так эместей, айрыкча махрдын кыймат жана баа менен катталышы маселеси боюнча. Ушуну бир аз кененирээк түшүндүрүп берсеңиз, Аллах сизге жана сиз аркылуу башкаларга береке берсин.

Уа алейкум ассалам уа рахматуллохи уа баракатуху.

Жооп: Кыймат – бул товардагы пайданын (манфаъат) өлчөмү. Ал ар бир заманда жана ар бир жерде (туруктуу) болот, өзгөрбөйт. Мисалы, кумуранын пайдалуулугу анын өзүндө бар нерселер менен аныкталат: жасалган материал, суу ташууга ылайыктуулугу, ичүүгө колдонулушу, даарат алууда пайдаланылышы… Мына ушулар бүгүн да, эртең да андан ажырабайт, баасы кымбаттаса да, арзандаса да өзгөрбөйт.

Ошондуктан, эгер сен кумуранын кыйматын башка бир товар менен салыштырып бааласаң, анда ал товардагы пайда да кумуранын пайдалуулугуна барабар болушу керек. Мисалы, кумуранын баалуулугун бир отургучтун баалуулугу менен бааласаң, анда алардын ички пайдалуулугу – жасалган материалы, колдонуу түрлөрү ж.б. бирдей деңгээлде болушу шарт. Бул баалоо – кыймат менен баалоо – убакыттын өтүшү менен да, мекендин өзгөрүшү менен да өзгөрбөйт. Эгер адам үчүн кумуранын пайдалуулугу жарым отургучтун пайдалуулугуна барабар болсо, анда бул баалуулук дайыма өзгөрбөйт. Анткени ал товардагы материалдык мүнөздөмөлөр жана пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү менен гана өлчөнөт. Баасы көтөрүлсө да, түшсө да кыймат ошол бойдон калат.

Мисалы, кумуранын баасы өсүп кетсе, бул анын курамы көбөйдү же пайдалары артты дегенди билдирбейт. Анын кыйматы өзгөрбөйт, бирок баа өсүшү же түшүшү мүмкүн. Дал ушундай эле текченин да баасы көтөрүлсө да, түшсө да анын материалдык курамы жана пайдалануу формалары өзгөрбөйт.

Ошондой эле эгер текченин кыйматын башка бир товар, мисалы алтын менен бааласаң, жана текченин пайдалуулугу белгилүү бир алтын бөлүгүнөн эки эседей баалуу экенин тапсаң, анда бул кыймат да туруктуу бойдон калат. Анткени ал текченин материалдык курамы, алтындын материалдык курамы, жана адамдын алардан көргөн пайдалары менен аныкталат. Ошондуктан текченин кыйматы ошол алтын бөлүгүнүн кыйматынын жарымына барабар бойдон кала берет. Текченин баасы өссө да, алтындын баасы түшсө да туруктуу калат. Анткени кыймат товардагы ички курамга жана адамдын пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө жараша аныкталат.

Ал эми товарды баасы – бул сөзсүз түрдө товардын ички курамы жана анын адамга бере турган пайдасы менен тең болушу шарт эмес. Анткени баага суроо-талап менен сунуш таасир этет.

Бул жерде маанилүү бир байкоо бар: товарды баалоодо анын ички пайдалуулугуна каралбайт. Мисалы, буудайдын баасын кагаз акча менен бааласаң, анда буудайдын ички пайдалуулугу абдан чоң. Ал эми кагаз акчанын материалдык пайдалуулугу дээрлик нөл. Болгону кагаздын түрү, үстүндөгү сүрөттөр жана аны чыгаруудагы техникалык иштер гана бар. Себеби баа – сунуш жана суроо-талапка байланыштуу. Фасык бир адам бир кап буудайды бир бөтөлкө арак сатып алуу үчүн сатышы мүмкүн, буудайдын пайдалуулугу менен арактын пайдалуулугунун ортосунда асман менен жердей айырма болсо да.

Ал эми кыймат менен баалоодо эки тараптагы пайдалуулуктун тең болушу шарт. Ошондуктан сен «бир кап буудайдын кыйматы жыйырма кагаз динардын кыйматына барабар» деп айта албайсың. Анткени бир кап буудайдын материалдык пайдалуулугу — жыйырма кагаздын материалдык пайдалуулугунан миң эсе жогору.

Демек, кыймат товардагы ички пайдалуулук менен өлчөнөт. Ошондуктан бир кап буудайдын баалуулугу «баланча алтын динардын өлчөмүнө» же «баланча пайдалуулугу тең товарга» барабар деп бааланат.

Ушундайча, сен бааны кайсы гана товар менен болбосун (анын материалдык пайдалуулугу кандай болбосун) аныктай аласың, бирок кыйматты болсо пайдалуулугу тең болгон товар аркылуу гана аныктайсың. Башкача айтканда, алгачкы товар сыяктуу эле өзүндө ички пайда бар болгон нерсе менен гана бааласаң болот.

Китепте айтылган: «Эгер бир киши аялга үйлөнүп, анын махрына белгилүү, сыпатталган бир текчени берип, анын кыйматы 50 динар деп айтса…» — бул жердеги 50 динар сен ойлогондой кагаз акча эмес. Себеби кыймат материалдык пайдалуулук менен өлчөнөт жана ал өзгөрбөйт. Бул жерде айтылган динарлар алтын динарлар.

Бул учурда аял күйөөсүнүн мойнунда кыйматы 50 алтын динарга барабар болгон текче бар болуп эсептелет. Кайсы убакта жана кайсы жерде болбосун. Эгер текче жок болуп кетсе, анда ал аял ордуна элүү алтын динар алат.

Ал эми эгер ал: «кыйматы 50 иорданиялык динар» деп айтса, анда бул жерде “кыймат” деген сөз маани бербеген лагв (көңүл бурулбаган) сөз болуп калат жана мында кагаз акча менен баа  айтылган болот.

Билип коюңуздар: бул айырмачылык фикх китептеринде биздегидей так-айкын формада түшүндүрүлгөн эмес. Факихтер көп учурда «кыймат»  деген сөздү «баа»  маанисинде колдонушкан.

Биздин изилдөөлөрдө бул айырмачылык өзгөчө белгиленди. Себеби капиталисттер «кыймат» түшүнүгүн бурмалап, аны жалаң кагаз, жасалма наркка айлантып, аны ач көздүк, күч колдонуу жана эксплуатацияга ылайык өзгөртүштү. Ошол себептен биз бул маселени ачык чыгарып, толук түшүндүрдүк.

Ошондуктан, эгер нике келишиминде «кыйматы мындай болгон текче» деп жазылып, маселе казыга чейин жетсе, анда тараптардан суралышы керек: алар «кыймат» деген терминди чыныгы маанисинде түшүнүшкөнбү же «баа» дегенди көздөшкөнбү? Анткени бул маселедеги жахилдик кечирилүүгө тийиш. Себеби көпчүлүк адамдар «товардын кыйматы жыйырма динар» десе, аны «баасы жыйырма» деп түшүнүшөт.

Эми эки абалдын айырмасы айкын болду деп ойлойм:

1 — Эгер келишимде: «Кыйматы 50 динар» деп жазылса (б.а. материалдык пайдалуулугу бар алтын акча деп жазылса, кагаз динар деп жазууга болбойт).

Мында келишимдин текстине ылайык амал кылынат: Үй ээсине күч менен алынган нерсени кайтаруу тууралуу хадистер бар:

«على اليد ما أخذت حتى تؤديه»

«Адамдын колунда эмне болсо, аны кайтарып бермейинче ошол нерсеге жооптуу» ( Ибн Мажа, Ахмад, Дарими).

«وإذا أخذ أحدكم عصا أخيه فليرْدُدْها عليه»

«Силерден ким бир тууганынын таягын алса, аны кайра өзүнө кайтарсын» (Ахмад).

Демек, уурдалган текченин өзүн кайтарып бериши керек. Эгер текче жок болуп кетсе (халак болсо), анда анын кыйматы т.а. 50 алтын динар төлөнөт. Андан башка нерсе төлөнбөйт. Анткени кыймат убакыт, жер, суроо-талап менен өзгөрбөйт, жана ал – баа эмес, текчени ошол суммаларга сатып алсын дегенди билдирбейт.

2- Эгер анын баасын  50 динар деп жазса (бул жерде бааны кагаз акча, алтын, же башка нерсе менен жазса болот, анткени баанын акчанын материалдык пайдалуулугу менен байланышы жок). Анда келишимдин текстине ылайык төмөнкүчө аткарылат: Ал мурдагы хадистерге ылайык текченин өзүн кайтарып берет. Эгер текче жок болуп кетсе, анда жазылган бааны төлөйт. Же ошол баага ылайык текче сатып берет. Ошентип, ал келишимдин текстин так аткарган болот.

Ал эми сенин кошумча берген сурооң жөнүндө:

«Эгер күйөө аялдын махрына текченин ордуна зер жасалгасын (мисага шакек, шуру) берип, кыйматын 50 динар деп жазса, эмне болот?»

Бул учурда, бир тууганым, кыйматты кагаз акча менен жазуу жараксыз. Туурасы төмөнкү эки абалдын бири болушу керек:

А) Келишимде: «Махр – кыйматы элүү алтын динар болгон зер жасалга» – деп жазылса, ал аялга ошол зер жасалганы берет. Эгер жасалга жок болуп кетсе: 50 алтын динарды төлөйт. Анткени кыймат – туруктуу, жана ал адамдагы пайдалуулук менен өлчөнөт.

Б) Келишимде: «Махр – баасы  элүү динар болгон зер жасалга» – деп жазылса, бааны кагаз, алтын, же башка формада жазууга болот.

Бул учурда: ал аялга зер жасалганы  берет. Эгер жасалга жок болсо, 50 динарга зер жасалга сатып берет, же келишимде жазылган элүү динардын баасын төлөп берет.

Эгер мамлекет келишим түзүлгөндөн кийин өзүнүн кагаз акчасын белгилүү пайызга чейин девальвацияласа, анда ошол пайыз керектүү учурда эсепке алынат.

27.10.2006-ж

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button