Сакофий

Умумий жана хос

Умумий жана хос

Суроо: Ассаламу алейкум. Бир абалга тиешелүү умумий жана хос болуп келген насс карама-каршы келген учурда хос өкүмгө амал кылынабы же умумий өкүмгө амал кылынабы?

Жооп: Урматтуу бир тууган, саламдан кийин:

Мен «таъадул жана тарожих» бабында сиз айткан المظنون العام يترك ويعمل بالمقطوع الخاص

“Зонний ъаам ташталып, катъий хоско амал кылынат”, деген дал ушул нассты (текст) таппадым.

(Ъаам – умумий; жалпыга тиешелүү насс) (Хос – жалпыга эмес, белгилүү нерселерге же адамдарга же абалдарга тиешелүү насс).

Бирок ошол эле мааниге жакын сөздөр келтирилген:

(فإذا كانا لا يستويان في القوة بأن كان أحدهما قطعياً والآخر ظنياً فيرجح القطعي ويعمل به ويترك الظني سواء أكانا عامين أو خاصين أو كان المقطوع به خاصاً والمظنون عالما)

“Эгерде умумий менен хос күч-кубатта тең эмес болсо, мисалы: бирөөсү катъий, экинчиси зонний болсо, экөө тең умумийби же хоспу же катъий насс хос, зонний насс умумий болобу айырмасы жок – хоско амал кылынат

Бул туура, бардык учурларда хос менен умумий карама-каршы келсе, хоско амал кылынат. Башкача айтканда, эгерде умумий зонний болуп, хос катъий болсо, же тескерисинче, умумий катъий болуп, хос зонний болсо — баардык абалда хоско амал кылынат. Ошондуктан китеп муну улантып:

(فإن كان المقطوع به عاماً والمظنون خاصاً عمل بالمظنون)

“Эгерде умумий катъий болуп, ал эми хос зонний болсо, анда зонний хоско амал кылынат”, – деп айткан.

Башкача айтканда, эгерде бир нас умумий, экинчиси хос болсо — хоско амал кылынат. Анткени хос — умумийге үстөмдүк кылат. Себеби, Сүннөт Курандын умумийин хос кылат; Куран болсо Сүннөтүн умумийин хос кылат; Курандын умумийи Куран менен хос кылынат; Сүннөтүн умумийи Сүннөт менен хос кылынат. Демек, бардык абалда хоско амал кылынат.

Ал эми сиздин: эгерде Сүннөттүн умумийи «зынаакерге балак уруу» тууралуу келип, Курандын хосу болсо «мухсан* – таш бараң кылуу» тууралуу келсе, анда «умумийге да хоско да амал кылынып калат го» деген сөзүңүздө бираз чаташуу бар.

(*Мухсан – балагатка жеткен, бойдок эмес аял же эркек).

Бир маселеде экөөнө тең амал кылынбайт, тескерисинче ошол маселе боюнча хоско амал кылынат, умумий ташталат. Бирок, хос менен чектелбеген бөлүгүндө умумий насска амал кылынат. Маселен, Аллах таала айтат…

«الزانية والزاني فاجلدوا كل واحد منهما مئة جلدة»

Зынаакер аял жана зынаакер эркек – алардын ар-бирине жүз балактан ургула”. (Нур: 2)бул катъий умумий. Анан Расулуллах дын иши — мухсан зынаакерди таш бараң кылуусу — бул зонний хос. Эгер сизге мухсан зынаакер алып келинсе, экөөнө тең амал кыласызбы? Жок, тескерисинче хос зоннийге гана амал кыласыз. Мухсандын өкүмү — ражм (таш бараң), балак уруу эмес. Ал эми калган умумий бөлүгү, башкача айтканда мухсан эмес бойдок зынаакерлердин өкүмү балак уруу бойдон калат.

Ошол сыяктуу эле, Худайбия келишиминде Бухарийдин риваяты боюнча Барадан келген хадисте:

أن لا يأتيك أحد منا وإن كان على دينك إلا رددته

Курайштар Пайгамбарыбыз га: Меккеден Мединага эч бир адам өтпөйт, жада калса мусулман болсо дагы артка кайтаруу керек болот”бул эркек менен аялга тиешелүү зонний умумий. Ал эми Аллах таала айтат:

فَإِنْ عَلِمْتُمُوهُنَّ مُؤْمِنَاتٍ فَلَا تَرْجِعُوهُنَّ إِلَى الْكُفَّارِ»

“Ошентип, эгер силер алардын (момуна аялдардын чыныгы) момуна экендиктерин билсеңер, ал учурда аларды каапырларга кайтарбагыла”! (Мумтахана: 10) бул аялдарга тиешелүү катъий хос.

Эгерде Меккеден Мадинага аял келсе, экөөнө тең амал кылабызбы? Жок, тескерисинче аялга тиешелүү катъий хоско амал кылабыз. Ал эми умумийдин калган бөлүгү, башкача айтканда эркектерди кайтаруу, күчүндө калат.

Мына ушундай абалда бир маселе ичинде умумийге эмес, хоско амал кылынат.

Сизге салам жана урматымды кабыл алыңыз.

25.04.2004-ж.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button