Саясий
Trending

Кипр маселесин чечүү боюнча Американын көз карашы

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Суроо жооп

Кипр маселесин чечүү боюнча Американын көз карашы

Суроо: Түркиянын президенттик аппараты дүйшөмбү күнү Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Туфан Эрхүрмандын 2025-жылдын 13-ноябрында, бейшемби күнү Анкарага иш сапары менен келерин жарыялады. Түркиянын президенттик аппаратынын коммуникация бөлүмүнүн башчысы Бурханеттин Дуран Эрхүрмандын Анкарага сапары президент Эрдогандын чакыруусуна жооп катары болуп жатканын айтты. Дуран бул сапар Эрхүрмандын биринчи чет өлкөгө сапары болорун кошумчалады. 19-октябрда Түрк Кипринин Жогорку Шайлоо Комиссиясы Республикалык Түрк партиясынын лидери Туфан Эрхүрмандын президенттик шайлоодо жеңишке жеткенин жарыялады. (Anadolu Agency 10.11.2025). Бул жакындашууга эмне себеп болду? Эрхүрман шайлоо өнөктүгүндө аралды бириктирүүгө чакырып жатканда, Эрдоган эки мамлекет түзүүгө чакырып жаткандыгына байланыштуубу? Жакындашуунун артында Америка турабы? Аллах сизге жакшылыктарды берсин.

Жооп: Жогорудагы суроолорго жоопту тактоо үчүн, биз төмөнкүлөрдү карап чыгабыз:

Биринчиден: Түндүк Кипрдеги шайлоонун биринчи айлампасында оппозициялык талапкер Туфан Эрхүрман 62%дан ашык добуш алып, жеңишке жетти, ал эми азыркы президент Эрсин Татар 36% дан аз добуш алды (RT, 19.10.2025). Бул шайлоодогу жаңылык, шайлоо өнөктүгүн аралды Грек Кипри менен бириктирүүгө негиздеген оппозициялык талапкердин жеңиши болду. Ал биринчи турда чоң айырма менен жеңишке жетишти, ал эми эки мамлекет чечимине чакырган азыркы президент жеңилүүгө учурады. Бул Түркия ондогон жылдардан бери сунуштап келе жаткан чечим. Бул жыйынтыктардын жергиликтүү жана эл аралык кесепеттерин түшүнүү үчүн төмөнкүлөрдү карап чыгабыз:

  1. Түндүк Кипрдеги түрктөрдүн көз карашынан алганда, Түркия британдыктарга акыркы малайлык көрсөткөн мезгилде аралдагы түрк мусулмандарынын грек-кипрликтер тарабынан басмырланышынан пайдаланып, 1974-жылы Америка таасиринин аралга киришине жол бербөө үчүн аскердик кийлигишүү жасаган. Ошол учурда Британия өз кызыкчылыгына жеткен, бирок Эрдогандын көп жылдык башкаруусу Түркияны британиялыктардан Америка тарабына жылдырды. Ошентип, аралдын түндүгүндөгү түрктөрдүн катышуусу Американын колундагы таякка айланды. Жергиликтүү деңгээлден алып караганда аралдын түндүгүндө секуляристтер дагы эле үстөмдүк кылып келишет,  өкмөт кызматкерлери кыздардын мектептерде хиджаб кийүүсүнө да тыюу салышат. Премьер-министрдин чечими 2025-жылдын апрель айында буга жол бергенде, Жогорку Конституциялык Сот 2025-жылдын сентябрь айында чечимди жокко чыгарган (Haberler гезити, 25.09.2025). Бул Түндүк Кипрде ашынган секуляризмдин жайылып баратканын көрсөтүп турат.
  2. Түркия аралдын түндүгүнө эч кандай ийгиликтүү экономикалык тажрыйбаны өткөрүп бербегендиктен, аралдын түндүгүндөгү кырдаал экономикалык жактан анчалык деле оор эмес бойдон калган, ал тургай акча адалдоо баш калкалоочу жайына айланган, кумар оюндары жана казинолор кеңири таралган. Экинчи жагынан, 2004-жылы Европа Биримдигинин мүчөсү болуп, 2008-жылы евроаймакка кошулган Грек Кипри… Мунун баары аралды Грек Кипри менен кайра бириктирүүнү талап кылган күчтөрдүн табитин күчөттү, айрыкча Түркия ондогон жылдар бою Европа Биримдигинин эшигин каккылап, ал ага ачылбай жатат!

Экинчиден: Жергиликтүү абал, Түркия менен болгон байланыштар жана бул секуляристтик маанай бул шайлоонун жыйынтыгына салым кошту, анда ал көпчүлүк добуш менен жеңишке жетти. Биринчи турдан баштап эле талапкер Туфан Эрхүрман жеңишке жеткен, бирок бул жергиликтүү жагдайлар бул жеңиштин негизги кыймылдаткыч күчү болгон эмес. Анткени эл аралык аренадагы өзгөрүүлөр жана Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги жаратылыш газынын ачылыштары өз көлөкөсүн түшүрдү, муну төмөнкүлөр далилдейт:

  1. Украина-орус согушу: Украина-орус согушунун өнүгүшүнүн бардык мүмкүн болгон сценарийлерине жана Орусиянын Кара деңизди көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнө каршы даярдануу максатында Америка Грециядагы аскердик базаларында аскердик катышуусун күчөтүүдө. Буга кургактагы айрым жабдууларды өткөрүп берүү да кирет. Бул орусиялык коркунучтарга каршы туруу үчүн Американын Кипрди аймактагы туруктуу “учак ташуучу кеме” катары кароосу жаңыланууда. Америка аралда аскердик базаларды куруу боюнча эски кыялдарын кайра жандандырууда, ага удаалаш Орусиянын Украинадагы согушу Американын аралда аскердик базаларга болгон муктаждыгын күчөтүүдө. Жакынкы Чыгыштагы согуштарга келсек, Америка Кипрдеги аскердик катышуусун араб аймагындагы катышуусуна караганда туруктуураак деп эсептейт,. Анткени анын башаламандыктары жана исламдык кырдаалдын күчөшү Американын таасирин бул аймактан чыгарып салууга алып келет деп кооптонот.
  2. Жаратылыш газынын ачылышы: Акыркы эки он жылдыкта Жер Ортолук деңизинин чыгышында ири жаратылыш газынын ачылыштары бүгүнкү күндө бул аймактагы газ кендерин иштетүүгө катышып жаткан америкалык энергетикалык компаниялардын табитин арттырды. Бул Американы аймакка таасирин андан ары кеңейтүүгө түртөт жана бул маселеде Кипр өндүрүш же газ куурлар жагынан маанилүү звено деп эсептелет. Ошондуктан, АКШнын Кипрдеги элчиси Кипр президенти менен үзгүлтүксүз жолугушуп, аны менен 2018-жылдан бери чыгыш Жер Ортолук деңизинде мунай жана газ ачылыштары, ошондой эле Конгресс мүчөлөрүнүн Никосияга болгон сапарлары маселелерин талкуулап турат. Дал ушул газдын айынан аймак өлкөлөрүнүн ортосунда деңиз экономикалык чек араларына байланыштуу жаңы чыр-чатактар ​​пайда болду. Трамп баштаган администрация жыл башында бийликке кайтып келгенде, аны менен кошо америкалык энергетикалык компаниялардын таасири да кайтып келди. Трамптын администрациясы чыгыш Жер Ортолук деңизинде жаратылыш газын өндүрүү менен үстөмдүк кылуу аракеттерин тездетип жатат. Бул Европаны орус газынан ажыраткандан кийин аны энергетикалык маселелер жаатында Америка менен байланыштыра турган учурдагы куралдарына кошумча курал болот.
  3. Brexitтен кийинки Британиянын алсыздыгы: Американын Британияга болгон көз карашы өзгөрдү, анткени анын алсыздыгы Brexitтен кийин айкын боло баштады. Америка 2020-жылы Европа Биримдигинен чыккандан кийин Улуу Британияга ири соода келишимин түзүү убадаларына карабастан, булар аткарыла элек. Анын ордуна, Трамптын администрациясы аларга бажы тарифтерин киргизди, алардын кесепеттери дагы эле британ заводдорунун жабылышында байкалууда. Американын жаңы көз карашы Кипрдеги Британия таасирин мурастоону жана анын куралдарын, айрыкча Кипрди пайдаланууну көздөйт. 2024-жылдын 8-ноябрында консервативдүү көз караштагы жана Трамптын тобун колдогон америкалык “The National Interest” журналы америкалык оңчулдардын алдыңкы өкүлдөрүнүн биринин макаласын жарыялаган. Американы Кипрден Британияны чыгарып, аралдын аянтынын 3%ын түзгөн Акротири жана Декелия аттуу эки аскердик базасын тартып алууга чакырган дал ушул Майкл Рубин болгон!
  4. Бул эл аралык термелүүлөр жана газ ачылыштары Кипр аралын бириктирүүгө багытталган жаңы Америка багытын түзүүгө салым кошкон болушу мүмкүн. Трамп администрациясы биринчи мөөнөтүндө 1987-жылдан бери Кипрге карата колдонулуп келе жаткан курал-жарак эмбаргосун (тыюусун) алып салган. Америка Кошмо Штаттары шейшемби күнү Кипрге аскердик техника сатууга отуз жылдан ашык убакыттан бери киргизип келген эмбаргону бир жылдык мөөнөткө жарым-жартылай алып салганын жарыялады… АКШнын Мамлекеттик департаментинин билдирүүсүндө, Мамлекеттик катчы Майк Помпео Кипрдин президенти Никос Анастасиадиске өлүмгө алып келбеген коргонуу буюмдарын жана коргонуу кызматтарын экспорттоого, кайра экспорттоого жана кайра өткөрүп берүүгө коюлган чектөөлөрдү алып салуу чечими тууралуу маалымат бергени айтылат. (Swiss info, 2.9.2020). Бул алып салуу жыл сайын жаңыланып турат, андан кийин Байдендин администрациясы Кипр менен маанилүү коргонуу келишимине кол коюу менен бул жолду аягына чыгарды. Кипр менен Америка Кошмо Штаттары аймактык гуманитардык кризистерге жана коопсуздук маселелерине эки өлкөнүн жооп кайтаруусун күчөтүү жолдорун белгилеген коргонуу кызматташтыгы боюнча алкактык келишимге кол коюшту. (Седмой день, 10. 09. 2024).

Үчүнчүдөн: Өтө сейрек кездешүүчү окуялар, мисалы, 1970 жана 1996-жылдары гана болгон. АКШнын президенти Байден Кипр президентин Вашингтондо кабыл алган. Бул Байдендин администрациясынын аякташы жана Трамптын жеңиши жарыялангандан кийин болгон. Америка өз позициясын жарыялады: “Мен Кипрди эки зоналуу, эки жамааттуу федералдык биримдиктин негизинде кайра бириктирүү мүмкүнчүлүгүнө оптимисттик көз караштамын”, – деди жолугушуу алдындагы сөзүндө Ак үйдө президент Никос Христодулидести кабыл алган АКШнын президенти. Ал “АКШ бул максатка жетүү үчүн колубуздан келгендин баарын кылууга даяр” деп ырастады. Өз кезегинде президент Никос Кипр маселесинде АКШнын колдоосуна таянаарын ырастады. (Кипр жаңылыктар агенттиги, 30.10.2024). Ага чейин Кипрдин коргоо министри Пальмас Ларнаканын жанында тик учак базасынын курулушу жүрүп жатканын билдирген. Кипрдин грек маалымат каражаттары база АКШга бөлүнүп берилерин билдиришкен. (Turkey Today, 29.7.2024).

Төртүнчүдөн: Түркияга келсек, ал Грек Кипри менен Американын ортосундагы коргонуу келишиминен баш тартканын жарыялаган (Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин веб-сайты, 2024-жылдын 11-сентябры). Бирок Америкага баш ийген өлкө катары ал Америка тарабынан чечилген маселеге каршы тура албайт. Ошондуктан Түркия грек расмий өкүлдөрү менен жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрө баштады, ал тургай Түндүк Кипр боюнча чыр-чатактан улам аларды тааныбаса да, грек-кипр расмий өкүлдөрү менен байланышты.

  1. Кипрдин расмий өкүлдөрү Түркия менен Кипрдин президенттери бейшемби күнү Венгрияда өткөн саммиттин алкагында жолугушкандыгын билдиришти, бул сейрек кездешүүчү көрүнүш. Кипр өкмөтүнүн өкүлүнүн орун басары Яннис X платформасындагы билдирүүсүндө Түркиянын тышкы иштер министри Хакан да катышканын билдирди. (Al-Ittihad News, 2024-жыл 11-июль). Бул АКШнын талабы боюнча гана болушу мүмкүн, анткени ал Түркияны Кипрдеги америкалык чечимди кабыл алууга түртөт.
  2. Мисалы, Түркия Греция менен чыңалууну жарата баштаганда, бул Трамптын администрациясынын биринчи мөөнөтүндөгү каалоолоруна ылайык келген. Байден келип, европалык өнөктөштөрүн жетектөө үчүн кайтып келүү саясатын жүргүзө баштаганда, Түркия менен Эрдоган мурунку америка администрациянын мамилесине карама-каршы келген кийинки Америка админстрациясынын мамилесине кошулушкан.
  3. Түркиянын 2024-жылы АКШнын Грек Кипри менен коргонуу жаатындагы кызматташтыгына каршылыгы эч кандай олуттуу эмес, анткени Эрдогандын Грек Кипринин президенти менен жолугушуусу ушул каршылыктан көп өтпөй болду! Бул Түркия менен Эрдогандын Американын багытына ылайык өз багытын өзгөртүп жатканынын далили.

Бешинчи: Түндүк Кипрдин шайланган президентинин билдирүүсүнө келсек, Эрхүрман өзүнүн жеңишин “кайсы кипрлик түрктөр, алардын кайсы улутка таандык экенине карабастан, баарынын жеңиши” деп мүнөздөдү. Ал позициялардын жана көз караштардын биримдигин сактоо үчүн тышкы саясатты “Түркия менен тыгыз кызматташтыкта” жүргүзүү ниетин дагы бир жолу ырастады. (Al Jazeera Net, 20.10.2025). Бул Кипрде федерализм боюнча америкалык планды ишке ашыруу үчүн эки тараптын ортосундагы жакындашууга ыңгайлуу атмосфераны түзүү максатында жасалууда. Ошондуктан, Эрдогандын өнөктөшү жана Анкарадагы түрк улутчулдарынын лидери Девлет Бахчели ачууланып, Түндүк Кипрдеги шайлоонун жыйынтыктарын четке кагарын жарыялады жана Түндүк Кипр парламентин шашылыш түрдө чогулуп, шайлоонун жыйынтыктарын четке какканын жарыялап, Түркия Республикасына кошулуу чечимин кабыл алууга чакырды. (RT, 19.10.2025). Бирок, Эрдогандын өзү жекшемби күнү Түндүк Кипр Түрк Республикасындагы Республикалык түрк партиясынын лидери Туфан Эрхүрманды президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады (Anadolu агенттиги, 19.10.2025). Ал тургай, Түндүк Кипрдеги демократиянын жетилгендиги менен мактанды. Бул катаал позициялар бийликтен алыс түрк чөйрөлөрүнөн угулуп жатканын, ал эми Эрдогандын чөйрөсү Америкага терең баш ийип, Американын күн тартибине шайкеш келген позицияларды карманып жатканын билдирет. Ошондуктан Эрдоган Кипрди кошуп алуудан же эки мамлекет чечиминен баш тартып, федерализмге ыктады!

Алтынчы: Ошого ылайык, Кипр аралын бириктирүү боюнча сүйлөшүүлөр Американын исламга каршы согушуна ылайык, грек-кипрликтер үстөмдүк кылган, ал эми түрк-кипрлик мусулмандардын саясий укуктары азыраак болгон эки аймактан, эки коомчулуктан турган федералдык биримдикке негизделген Америка чечимине ылайык тездеши мүмкүн. Башкача айтканда Гректер үстөмдүк кылган, Американы жактаган Кипр үчүн чоң рол ойноо жөнүндөгү көз карашына ылайык, Түркия өзүн Американын орбитасына койду жана ага каршы тура албайт. Эгерде жергиликтүү, түрк жана эл аралык шарттар бүгүнкүдөй бойдон калса, анда бул жолу Американын көз карашына ылайык федералдык биримдиктин алкагында сүйлөшүүлөрдүн ийгилиги үчүн жол ачылат.

Туфан Эрхүрмандын 2025-жылдын 13-ноябры, бейшемби күнү Түркияга сапары эки аймактын жана эки элдин кош федералдык биримдиги боюнча америкалык планды ишке ашыруунун биринчи кадамы болушу күмөнсүз. Анткени эки аймактын ички иштери ар бир аймак тарабынан аныкталат. Ал эми коргонуу жана тышкы иштерге келсек, эгерде иштер Америка каалагандай болсо булар негизинен федералдык өкмөттүн б.а. грек-кипрликтердин колунда, Америка планына Кипрди чет элдик күчтөрдөн (аралдагы британ базаларынан жана түрк күчтөрүнөн) тазалоо кирет, ошондо Түндүк Кипрдеги базалар анын гана колунда болот!

Жетинчи: Туура Жолдогу Халифалык доорунда Ислам адилеттүүлүгү дүйнө жүзүнө жайылганга чейин колонизатор каапырлар мусулмандарды куугунтуктап келди. Колонизатор каапырларды өз мекенине кайтарып жиберүүчү жол менен куугунтуктап жибериштин ордуна каапыр колонизаторлордун мусулман жерлерине үстөмдүгү мусулман башкаруучуларынын көз алдында жан мурдунун учунда биринин артынан бири күчөп, алар бул үстөмдүккө каршылык көрсөтпөй  жатканы чындап эле кейиштүү. Каапыр колонизаторлорго малайлык кылган башкаруучулар аларга кантип каршы тура алышат?! Кипр мунун күбөсү, анткени ал ислам аралы болсо да. Америка ал жерде каалаганын жасап жатат,. Кипр мусулмандар тарабынан хижранын 28-жылы үчүнчү туура жолдогу халифа Усмандын тушунда фатх кылынган. Аны фатх кылуу мусулмандардын алгачкы деңиз фатх жортуулдарынын бири болгон. Аны фатх кылуу Пайгамбарыбыздын сахабаларынын (ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун) бир тобу катышкан, алардын арасында Абу Зарр, Убада ибн ас-Самит жана анын аялы Умму Харам, Абу ад-Дарда жана Шаддад ибн Аус (Аллах алардан ыраазы болсун) бар эле. Сахаба  асыл аял Умму Харамдын мүрзөсү Кипрдеги белгилүү зыярат жайларынын бири бойдон калууда. Кипр ислам тарыхында маанилүү орунду ээлейт. Ошондуктан, европалык кресттүүлөр ислам өлкөлөрүнө каршы биринчи крест жортуулдары учурунда аны басып алганда, мусулмандар аны бошотуп, мусулман өлкөсү катары баштапкы абалына кайтарганга чейин тынчышкан эмес. Андан кийин ал бардык мусулман жерлери сыяктуу эле Осмон халифалыгынын курамына кирген, анткени халифалык аларга өткөрүлүп берилген. Халифалык жоюлганда, британиялыктар Кипрди өз колонияларына кошуп алышкан. Бирок мусулмандар аны кресттүүлөрдүн согушунан Ислам жерине кайтарып алгандай эле, алар аны Кудуреттүү жана мактоого татыктуу Аллахтын уруксаты менен жакынкы күндөрү кайрадан Ислам жерине кайтарышат. Кипр үчүн туура чечим: Осмон халифалыгынын курамындагыдай эле ислам өлкөсү катары баштапкы абалына кайтуу. Халифалык калыбына келгенге чейин ал Түркиянын бир бөлүгү катары кайтып келиши керек, ошондо исламдын желеги алардын асманында бирге жана бардык мусулман жерлеринде бийик желбирейт. Аллах кааласа, бул сөзсүз ишке ашат жана бул чоң жеңиш болот… Бул туура чечим жана бул чыныгы акыйкат.

﴿فَمَاذَا بَعْدَ الْحَقِّ إِلَّا الضَّلَالُ فَأَنَّى تُصْرَفُونَ﴾.

“Акыйкаттан кийин  адашуудан башка эмне бар? Анан кантип бурулуп кетесиңер?”

Чечим Америка же  Британия пландаштырган нерсе эмес, башкача айтканда, чечим Кипрдин эки мамлекетке айланышында эмес. Алардын бири Түркияга, экинчиси Грецияга кошулабы же жокпу, же Кипр гректер башкарган алардын ортосундагы федералдык мамлекетпи, Ошондой эле, ал римдиктер башкарган бирдиктүү мамлекет болбошу керек. Ислам өлкөсү каапырлардын бийлиги астында калбашы керек.

﴿وَلَنْ يَجْعَلَ اللَّهُ لِلْكَافِرِينَ عَلَى الْمُؤْمِنِينَ سَبِيلاً﴾.

“Аллах каапырларга эч качан момундардын үстүнөн бийлик кылууга жол бербейт”.

Кудай буюрса, Кипр мурдагыдай эле ислам өлкөсүнө айланат. Күндөр айланып турат, Кипрдин үстүнөн көптөгөн колдор өттү, бирок акыркы жеңиш ар дайым такыба адамдарга таандык.

﴿وَاللَّهُ غَالِبٌ عَلَى أَمْرِهِ وَلَكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ﴾

“Аллах Өз ишинде үстөмдүк кылат, бирок адамдардын көпчүлүгү билишпейт”.

1447-х 21-жумаадил уула

2025-ж 12-ноябрь.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button