Саясий

Учурдагы мусулман өлкөлөрүнүн армиясына баруу тууралуу

Учурдагы мусулман өлкөлөрүнүн армиясына баруу тууралуу

Суроо: Мусулман өлкөлөрүндөгү учурдагы режимдердин армиясына барууга уруксатпы? Анткени Пайгамбарыбыз ﷺ заалим башкаруучулардын жоокерлери жөнүндө тыюу салган хадис бар экен. Ошондой эле, алардан нусрат талап кылуу жайиз болобу? Заалим башкаруучулар менен бирге согушууга болобу?

Жооп: Абу Саид жана Абу Хурайра رضي الله عنهما риваят кылышкан: Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:

«ليأتين على الناس زمان يكون عليهم أمراء سفهاء يقدمون شرار الناس ويظهرون بخيارهم ويؤخرون الصلاة عن مواقيتها فمن أدرك ذلك منكم فلا يكون عريفاً ولا شرطياً ولا جابياً ولا خازناً».

«Адамдарга акмак башкаруучулар башчылык кылган бир доор келет. Алардын жаман адамдары алдыга коюлуп, жакшылары четке сүрүлөт. Намазды өз убагында аткарышпайт. Силерден ким бул доорго жетсе, алардын аскер башчысы (же жоокери), салык жыйноочусу, казыначысы же полиция кызматкери болбосун». (Абу Яъла риваяты. Анын риваятынын рижалдары Абдуррахман ибн Масъуддан башкасы “сахих” хадистерди риваят кылгандар. Ал болсо ишенимдүү мухаддис.)

“Канз ул-Уммал”да мындай риваят келтирилет:

«… فمن أدركهم فلا يكونن لـهـم عريفاً ولا جابياً ولا خازناً ولا شرطياً»

«…ким аларды (ошол башкаруучуларды) көрө турган болсо, алар үчүн аскер башчы, салыкчы, казыначы же полиция кызматкери болбосун» (Канз ул-Уммал, Хатиб Абу Хурайрадан).

Бул маселени терең изилдесек, төмөнкүдөй жыйынтык чыгат:

 1. Абу Яъла риваятындагы хадисте Пайгамбарыбыз ﷺ башкаруучу акмак жана заалим болгон учурда, төрт кызматта: аскер башчылыктаعريف , салык жыйноочулукта جابي , казыначылыкта خازن , полицияда –شرطي иштөөгө умумий түрдө тыюу салган.

“Канз ул-Уммал”дагы риваятта болсо, бул төрт кызмат так ошол заалим башкаруучулар үчүн иштегендерге тиешелүү экендиги لهم – алар үчүн деген сөз менен баса белгиленген. Бул жердеги ل – ихтисас б.а таандык болууну билдирип турат. Демек, бул тыюу ошол башкаруучулардын өздөрүнө тиешелүү, алар үчүн иштеген коопсуздук кызматынын кызматкерлери, салык жыйноочулары жана казыначыларына тиешелүү.

Ошентип, «нахий мутлак – жалпылаштырылган тыюу» «мукайад – өзгөчө тыюу» менен чектелип, бул хадистер жалпы аскер, салыкчы, казыначы жана полиция кызматкери болуудан кайтарган эмес. Тыюу ошол заалим башкаруучулардын жеке кызматында иштегендерге гана тиешелүү.

2. Акмак жана заалим башкаруучулардын бийлигине ыраазы болгон адам, ал армияда болобу же башка жерде болобу күнөөкөр болот. Анткени Аллах түшүргөн өкүмдөр менен башкарбаган башкаруучуларды өзгөртүү үчүн аракет кылбоо, аларды сындабоо же аларга ыраазы болуу, баары чоң күнөө. Пайгамбарыбыз мындай деген:

«ستكون أمراء فتعرفون وتنكرون فمن كره فقد برئ ومن أنكر فقد سلم ولكن من رضي وتابع»

«Силерге башкаруучулар дайындалат. Кээ бир иштерине ыраазы болуп, кээ бирлерине каршы чыгасыңар. Кимде-ким (жамандыктан) жийиркенсе, ал кутулат; кимде-ким (ачык) каршы чыкса, ал аман калат; ал эми кимде-ким ыраазы болуп, алардын артынан ээрчиген болсо (күнөөкөр болот)» (Муслим риваяты).

 3. Акмак жана заалим башкаруучулардан, Аллах түшүргөн өкүмдөр менен башкарбаган режимди өзгөртүү үчүн күч ээлеринен (алар башкаруучунун коопсуздук кызматында болобу же башка жакта болобу) жоопкерчиликти түшүндүрүп жана бул режимдин бузук мүнөзүн ачып бергенден кийин нусрат талап кылуу жайиз. Бул режимди алмаштыруу фарз экенин айтып түшүндүргөн соң, эгер алар муну кабыл алып, Аллах менен Анын Элчисине баш ийишсе, анда алардын бул иши Аллахтын уруксаты менен абдан улуу иш болуп саналат. Эгер алар өз кызмат ордун Аллахтын өкүмдөрүн орнотуу үчүн колдонушса, бул чоң сооптуу иш болуп калат. Анткени Пайгамбарыбыз өзү да мушрик болгон урууларга барып, аларды Исламга чакырып, алар даъватка жооп беришкен соң, Аллахтын өкүмүн орнотуу үчүн алардан нусрат сурачу. Ошондуктан, залим башкаруучулардын армиясында иштегендер, эгер алар акыйкатты кабыл алып, залимдерди жок кылуу зарыл экенин билишсе жана иштөөгө даяр болушса, алардан нусрат талап кылуу жайиз болот.

4. Ооба, эгерде жихад мусулмандарга эмес, каапырларга каршы болуп жатса, анда залим башкаруучулар менен кошо согушууга болот. Анткени жихад бардык шарттарда мусулманга фарз болуп саналат, жада калса башкаруучу фасык болсо да, негизгиси каапырларга каршы согуш болуусу шарт. Себеби жихад тууралуу келген аяттар жалпы мааниде түшүп, эч кандай шарт менен чектелбеген. Мисалы:

{وَمَا لَكُمْ لَا تُقَاتِلُونَ فِي سَبِيلِ اللَّه}

(Эй момундар), силерге эмне болду, Алла жолунда согуш кылбай жатсыңар?”

﴿الَّذِينَ آمَنُوا يُقَاتِلُونَ فِي سَبِيلِ اللَّهِ﴾

Ыйман ээлери Алла жолунда согуш кылышат.

﴿فَلْيُقَاتِلْ فِي سَبِيلِ اللَّهِ الَّذِينَ يَشْرُونَ الْحَيَاةَ الدُّنْيَا بِالْآخِرَةِ﴾

Алла жолунда бул дүйнөнүн ордуна Акыретти сатып ала турган заттар согуш кылышсын”.

Жана башка көптөгөн аяттарда да башкаруучу залим болобу же адил болобу жихад кылууга буйруган, эч бир шарт коюлган эмес, маанилүүсү, каапырларга каршы согуш жүрүшү керек.

Ошондой эле, хадистер да башкаруучунун зулумдугуна карабастан, жихадга чыгуудан тыйбайт. Башкача айтканда, “заалим имам менен кошо жихад кылгыла” деген мааниге каршы келбейт.

Анас رضي الله عنه риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз мындай деген:

«والجهاد ماضٍ منذ أن بعثني الله إلى أن يقاتل آخر أمتي الدجال، لا يبطله جور جائر ولا عدل عادل».

«Аллах мени пайгамбар кылгандан тартып, үммөтүмдүн акыркысы Дажал менен согушканга чейин жихад улана берет. Аны бир заалимдин зулумдугу да, бир адилдин адилдиги да токтото албайт».

Бир тууганыңыз

20.07.2003-ж.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button