Фикхий

Алтын акча системасындагы баанын туруктуулугу

Алтын акча системасындагы баанын туруктуулугу

Суроо: Алтын акча системасындагы баанын туруктуу болушунун себеби эмнеде?

Мунун жообу төмөнкүдөй:

А – Эгер металл (мисалы, алтын) акча бирдиги катары тандалып алынса жана анын өзүнө таандык баалуулугу болсо жана адамдар аны кооздук же башка муктаждыктары үчүн талап кылышса, анда азыркы акча системасындай бул акчаны мамлекеттердин экономикасына жана ага болгон ишенимге байлоонун кажети болбойт. Себеби анын өзүнүн баалуулугу бар. Ал эми азыркы акча системасы мамлекеттин экономикасына болгон ишенимге гана негизделген. Анткени анын өзүндө эч кандай баалуулук жок. Белгилүү болгондой, мамлекеттин экономикасы төлөм балансына, импорт-экспортко, чыгымдарга (кээде саясий күчүнө да) жараша өзгөрүп турат. Эгерде акчанын өзүндө баалуулук болсо жана ал мамлекеттердин экономикасынын өзгөрүшүнө көз каранды болбосо, анда ал туруктуу болот.

Б – Мамлекеттердин акчаларынын курсу ортосундагы туруктуулук. Себеби, алардын курсу алтын менен байланган болот. Бул болсо акчанын баасын туруктуу кылат жана ал мамлекеттердин экономикалык күчүнө жараша өзгөрбөйт. Анткени бул учурда айырбаштоо, алтын менен же алтын менен камсыздалган кагаз акчалар менен жүргүзүлөт. Башкача айтканда, ар бир мамлекеттин акчасы өзүндөгү алтын коруна жараша айырбашталат.

В – Ички жана тышкы акча бир эле болот. Адамдар ички базарда да, тышкы соодада да бирдей акча бирдиги менен иш жүргүзүшөт. Азыр болсо, ички соодада улуттук акча колдонулат, тышкы соодада болсо башка өлкөлөрдүн (күчтүү) валюталары колдонулат. Эгер ички жана тышкы акча бирдей болсо, анда бул да туруктуулукту камсыздайт. Мындан тышкары, эгер эки металл (мисалы, алтын менен күмүш) колдонулса, анда металл акчалардын жалпы көлөмү көбүрөөк болот. Бул болсо металл материалын монополиялап алуудан алыс кылып, туруктуулукту ого бетер күчөтөт. Бир металл колдонулганда да туруктуулук байкалат, эки металл колдонулганда болсо туруктуулук андан да жогору болот.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button