Фикхий

Ат жарыш тууралуу

Ат жарыш тууралуу

Суроо: Бүгүнкү күндө ат жарыштыруунун ар кандай түрлөрү өткөрүлүп келет. Мындай жарыштарды өткөрүү жайизби?

Жооп: Ат жарышты өткөрүү жайиз, анда шариатка каршы эч нерсе жок. Бирок, сыйлыкка ээ болууда маселе бар.

Сыйлык коюу түрлөрү төмөнкүдөй болушу мүмкүн:

         1.      Үчүнчү тараптан коюлса. Мисалы: «Ким биринчи келсе, ага мынча берем» десе — бул жайиз.

         2.      Чабышка катышкан эки кишинин бири: «Эгер мени озуп кетсең, сага мынча берем, ал эми мен сени озуп кетсем, сенден эч нерсе албайм» десе бул да жайиз.

         3.      Эки тарап тең утушка акча же мүлк койсо, бул рихан болуп саналат. Көпчүлүк факихтер муну харам деп эсептешкен, анткени бул кумарга кирет. Мисалы, бирөө экинчисине: «Эгер мени озуп кетсең, сага мынча берем, эгер мен сени озуп кетсем, сен мага мынча бересиң» десе көпчүлүк аалымдардын көз караша боюнча бул харам жана туурасы да ушул.

Мунун далили,  Расулуллах ﷺ  эки  жарышуучунун ортосундагы рихан (сыйлык) жаиз болушу үчүн, аларга кошулуп, утса сыйлык ала турган, утулса эч нерсе бербеген үчүнчү (мухаллил) адам катышуусун шарт кылган. Ошол эле учурда анын аты экөөнүн атына күч-кубат жагынан тең келиши керек. Каршы тараптын аты алсыз жана жай, ал эми алардын аттары күчтүү болбошу зарыл. Болбосо, экөө тең аны сөзсүз озуп кетери белгилүү болуп, анын катышуусу эч нерсе өзгөртпөй калат.

Расулуллах ﷺ  «мухаллил» ат чабышка алсыз ат менен чыгып, сөзсүз утулат деген учурда эки тарап тең акча койгонду «кумар» деп атаган. Ал эми үчүнчү адам таптакыр болбогон учурда, бул мындан да артык кумар болот. Ошондуктан, эки тарап бири экинчисинен утуп алган сыйлык кумар жана харам.

Абу Дауд Абу Хурайрадан (р.а.) риваят кылган:

قال النبي ﷺ: «من أدخل فرساً بين فرسين وهو لا يؤمن أن يُسبق، فليس بقمار، ومن أدخل فرساً بين فرسين وقد أمن أن يُسبق فهو قمار».

«Эгер кимдир бирөө эки аттын арасына ат кошуп чабыштырса жана анын утулушу мүмкүн болсо, бул кумар эмес. Ал эми анын сөзсүз утулары белгилүү болсо, бул — кумар» (Ат алсыз болгону үчүн аны экөө сөзсүз озуп кетсе, жарыш экөөнүн ортосунда гана болуп калган болот, демек бул да кумар жана харам).

Айта кетсек, айрым фаиыхтер, мисалы, Ибнул-Каййим эки тарап тең акча коюуну жаиз деп эсептешкен, анткени бул хадисти ал даъиф (алсыз) деп көргөн. Бирок хадис «мурсал» (риваятчылар чынжыры сахабийге жетпестен, табиъйден үзүлүп калган хадис) деп айтылганы менен, факихтер аны далил катары колдонушкан. Ошондуктан, биздин Экономикалык түзүмдө айтылгандай, ат чабыштагы рихан кумар деп эсептелет жана бул биздин табанний кылынган пикир.

15.02.2004-ж.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button