Фикхий

Аялдардын суроолоруна жооптор

بسم الله الرحمن الرحيم

Аялдардын суроолоруна жооптор

(Талак маселеси)

Суроо:

Бир мажлисте (отурушта)дароо үч талакберүүнүнөкүмү боюнчатабаннийкылынган рай кайсы?Кандайучурлардабайнунакубра(чоңажырашуу) өкүмү түшөт?

Жооп: Биринчиден: «Ижтимаъий түзүм» китебинде белгиленген өкүмдөр гана талак маселесине байланыштуу табанний кылынган райлар болуп эсептелет. Ал эми анын бутактары, мисалы, үч талак качан жарактуу болот деген сыяктуу өкүмдөр табанний кылынган эмес, аны каалаган муътабар мужтахидден алууга болот.

Ал эми бир мажлисте, бир эле сөз менен үч талакты айтуунун өкүмү боюнча менин көз карашым төмөнкүдөй:

Эгерде күйөөсү аялын карап туруп: «Сен үч жолу талаксың» десе жана ал акыл-эсинде болуп, эмне айтып жатканын түшүнсө (мисалы, араб эмес адам бул сөздөрдүн маанисин билбей туруп, жаттап алып айтканы сыяктуу болбосо), анда бул 3 талак болуп түшөт. Ал ичинен бир талак гана деп ниет кылса да, такыр ниет кылбаса да айырмасы жок. Себеби «Сен үч жолу талаксың» деген сорих (ачык) жана так сөздүн түшүнүгү ниетке муктаж эмес, талак түшөт.

Мунун далилдерин мен өзүмдүн «Ат-Тайсир фи усул ат-тафсир» аттуу китебимде келтиргем. Ал жерде төмөнкү аят жөнүндө сөз кылгам:

﴿فَإِن طَلَّقَهَا فَلَا تَحِلُّ لَهُ مِن بَعْدُ حَتَّىٰ تَنكِحَ زَوْجًا غَيْرَهُ﴾

«Эми эгер аны (эр үчүнчү жолу) талак кылса, ал аял качан башка эр менен турмуш курмайынча мурунку эрине адал болбойт» (Бакара: 230).

Ошондой эле бул тема боюнча аталган китебимдин 203-бетинен 205-бетине чейин кээ бир маселелерди тиркеп бердим.

Аллах Таала ушул ыйык аятта көрсөткөн: ким аялына үчүнчү жолу талак берсе – башкача айтканда, «(Эркек өз аялын кайра өз никесине алуусу мүмкүн болгон) талак эки мертебе». деген чектен ашып кетсе – анда аялы андан чоң ажырашуу (байнуна кубра) менен ажырайт. Бул деген – күйөөсүнө идда ичинде кайра кайтууга болбойт, ошондой эле жаңы акд жана махр менен да үйлөнүүгө болбойт. Ага ачык түрдө тыюу салынат. Мына ошол аял башка бир күйөөгө тиймейинче ага (биринчи күйөөсүнө) адал болбойт. Анан экинчи күйөөсү аны талак кылса, биринчи күйөөсүнө аялдын колун сурап, жаңы акд жана махр менен үйлөнүшүнө уруксат берилет. Ошондо ал башка ажнабия (бөтөн) аял сыяктуу болот.

Ушул жерде маселе чыгат: чоң ажырашуу (байнуна кубра) үч талакты ар башка убакта, биринен кийин бирин айтып бергенде гана болобу, же болбосо үч талакты бир эле сөз менен айтып койгондо да болобу?

Бул маселе боюнча фыкых аалымдары ортосунда ихтилаф болуп, узун талкуулар жүргөн. Аны кылдаттык менен изилдегенде менин айтаарым төмөнкүдөй, Аллахтын жардамы менен:

Үч талакты бөлүп-бөлүп айтуу менен үчөөнү бир эле сөз менен айтуунун ортосунда эч бир айырма жок. Экөөндө тең өкүм бирдей: чоң ажырашуу күчүнө кирет. Үч талакты бир эле сөз менен айтуу да, ар кайсы убакта үч жолу кайталоо да – экөө тең байнуна кубра өкүмүнө жеткирет.

Буга далил:

 1. Аллах Тааланын сөзү:

{ٱلطَّلَٰقُ مَرَّتَانِۖ فَإِمۡسَاكُۢ بِمَعۡرُوفٍ أَوۡ تَسۡرِيحُۢ بِإِحۡسَٰنٖ…}

«(Эркек өз аялын кайра өз никесине алуусу мүмкүн болгон) талак эки мертебе. Андан соң (үй-бүлөнү) жакшылык менен сактоо же жакшы жол менен ажырашуу (мүмкүн)». Андан кийин:

{فَإِن طَلَّقَهَا فَلَا تَحِلُّ لَهُ مِنۢ بَعۡدُ حَتَّىٰ تَنكِحَ زَوۡجٗا غَيۡرَه

«Эми эгер аны (эр үчүнчү жолу) талак кылса, ал аял качан башка эр менен турмуш курмайынча мурунку эрине адал болбойт». (Бакара: 230).

Бул аяттан далил алуу төмөнкүдөй:

Аллах Таала «эки мертебе (жолу)» – деп айтты, демек эки талак; сөз жыйнактуу же бөлөк-бөлөк айтылышы менен чектелген эмес. Ошондой эле «Эми эгер аны (эр үчүнчү жолу) талак кылса» – деп айтты. Бул үчүнчү талак болуп эсептелет. Феъл (сөз) мусбат (ырастоочу) түрдө айтылган жана эч кандай шартка байланыштырылган эмес. Демек, «эгер аны үчүнчү жолу талак кылса», ал мурдагы эки талак менен кошо болсо да, алардан бөлөк болсо да, айырмасы жок.

Ошондуктан бул аят үч талак менен – жыйнактуу айтылган болсун же бөлөк айтылган болсун – чоң ажырашуу (байнуна кубра) түшүүсүн билдирет.

Ал эми айрымдар: «Үч жолу айтылган талак бөлөк-бөлөк болмоюнча байнуна кубра болбойт дешет. Эгер бир эле сөз менен жыйнактуу айтылса, анда ал бир талак болуп эсептелет. Бул Пайгамбарыбыз ﷺдан келген кээ бир хадистерде айтылган» – деп айтышат.

Анткени бул хадистердин баары даъиф (алсыз), алардын бири да «хасан» же «сахих» даражасына жетпейт. Болгону Ибн Аббастан (разияллаху анху) риваят кылган эки хадис такйид (чектөө) болууга жарабайт жана аларга амал кылынбайт. Биз муну эми түшүндүрүп беребиз, иншаАллах.

Ал эки хадис төмөнкүлөр:

Биринчи хадис: Мухаммад ибн Исхактын риваяты. Ал мындай дейт:

«Мага Дауд ибн Хусайн Икрима аркылуу Ибн Аббастан (р.а.) айтып берди:

طلق رُكانةُ امرأتَه في مجلس واحد ثلاثاً فحزن عليها ، فقال له رسول الله صلى الله عليه وسلم: فإنها واحدة

«Рукана аялын бир эле отурушта үч жолу талак кылды. Ошондо ал кылганына өкүнүп калды. Пайгамбар ﷺ ага: «Ал бир гана талак болду», – деди».

Бул хадисти Имам Ахмад өзүнүн Муснадында риваят кылган.

Экинчи хадисти Таус риваят кылган. Абу Сахба Ибн Аббастан сурады:

أتعلم إنما كانت الثلاث تجعل واحدة على عهد النبي وأبي بكر وثلاثاً من إمارة عمر؟. قال ابن عباس : نعم

«Билесиңби, Пайгамбар ﷺ менен Абу Бакрдын (халифалык) доорунда үч талак бир талак деп эсептелчү эле, ал эми Умар халифа болгондон кийин үч талак үчөө болуп эсептелди?»

Ибн Аббас: «Ооба» – деп жоо берди.

Бирок, Ибн Аббастан бөлөк башка сахабалардан үч талакты жыйнактуу түрдө бир эле жолу айтканда ал бир талак болуп эсептелет деген сахих же хасан даражага жеткен бир да хадис риваят болгон эмес. Ошондуктан бул риваятка таянып өкүм чыгаруу маржух (алсыз). Анткени Ибн Аббастын сакталып калган сахих фатвалары үч талакты бир эле сөз менен айтуу үчөөнү тең жарактуу кыларын, анын натыйжасында чоң ажырашуу өкүмү түшөрүн көрсөтөт.

Мына төмөндө анын бир катар фатвалары:

 1. Абдуллах ибн Касир, Мужахидден риваят кылат:

«Мен Ибн Аббастын жанында отургам. Бир киши келип: “Мен аялымды үч жолу талак кылып койдум” – деди. Ибн Аббас унчукпай калды. Мен аны аялын кайра кайтарып берсе керек деп ойлодум. Анан ал айтты:

“Силердин бириңер акмакчылык кылып, анан мага келип: «Эй, Ибн Аббас, эй, Ибн Аббас!» – дейт. Ал эми Аллах айтты:

وَمَن يَتَّقِ ٱللَّهَ يَجۡعَل لَّهُۥ مَخۡرَجٗا

«Ким Алладан корксо (тактап айтканда, жогорудагы эстетме болгон талак кылуу жол-жобо эрежелерин Алладан корккону үчүн сактаса) Ал Зат анысы үчүн (бардык кайгы-кырсыктардан) чыгар жолду (пайда) кылат». (Талак: 2).

Сен болсо Аллахтан коркподуң, ошондуктан мен сен үчүн эч бир жол таппай жатам. Сен Раббиңе каршы чыктың, аялың сенден чоң ажырашуу менен ажырады. Аллах Таала айтты:

يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّبِيُّ إِذَا طَلَّقۡتُمُ ٱلنِّسَآءَ فَطَلِّقُوهُنَّ لِعِدَّتِهِنَّ

«Эй пайгамбар (алайхис-салам), эгер силер (тактап айтканда момундар) аялдарыңарды талак кылсаңар, алардын иддаларында (тактап айтканда тазалык учурларында) талак кылгыла!» (Талак: 1). Демек, Ибн Аббас үч талак жыйнактуу айтылса үч талак түшөт деп жана чоң ажырашуу өкүмү болот деп эсептеди».

 2. Хумайд ал-А‘раж жана башкалар дагы ушундай мазмунда Мужахид аркылуу Ибн Аббастан риваят кылышкан.

 3. Шу‘ба Амр ибн Мурра, Айюб жана Ибн Журейж аркылуу Икрима ибн Халидден, ал болсо Саид ибн Жубайр аркылуу Ибн Аббастан ушундай эле мазмундагы риваятты билдирген.

4. Ибн Журейж Абдулхамид ибн Рафиъ аркылуу Атоодон, ал болсо Ибн Аббастан риваят кылган.

 5. Ал-А‘маш Малик ибн Харистен, ал болсо Ибн Аббастан риваят кылган.

 6. Ибн Журейж Амр ибн Динар аркылуу Ибн Аббастан келтирген.

Булардын баары, Ибн Аббас үч талак тең жарактуу деп фатва чыгаргандыгын айгинелеп турат жана «аялың сенден чоң ажырашуу менен ажырады» – деген сөздөрү да буга күбө.

Ушул фатвалардын кеңири жайылгандыгы жана Ибн Аббастан сахих түрдө риваят кылынганы, анын үч талакты бир эле сөз менен айтуу менен үчөө тең түшөөрүн ачык айткандыгы – Ибн Аббастан риваят кылынган «Пайгамбар ﷺ үч талакты бир талак деп эсептеген» деген хадисти маржух (алсыз) кылат. Себеби сахаба өзү риваят кылган нерсеге каршы амал кылса, анда анын риваяты маржух болот. Ошентип, бул маселе боюнча ражих (эң күчтүү) болгон өкүм – ыйык аяттын мазмуну: үч талак бөлөк-бөлөк айтылса да, жыйнактуу айтылса да чоң ажырашуу өкүмүнө жеткирет.

Бул өкүмгө көптөгөн факихтер жана аалымдар амал кылышкан жана үч талактын бардыгы тең түшөт дешкен.

Имам Бухари өзүнүн «Сахихинде» мындай деген:

«Аллах Тааланын «Талак эки жолу» деген сөзүн далил кылып, үч талакты жаиз деп эсептегендердин бабы» деп, кийин лиъан (каргыш айтышуу) хадисин келтирген:

Сахл ибн Са‘ид ас-Са‘идиден: … Сахл айтты:

فتلاعنا … فطلقها ثلاثاً، قبل أن يأمره رسول الله صلى الله عليه وسلم ، قال ابن شهاب فكانت تلك سنة الأولين

«Ал экөөсү лиъан айтышты… Андан соң аялын үч жолу талак кылды. Бул Пайгамбар ﷺ ага буйрук берүүдөн мурда болду». Ибн Шихаб айтты: «Бул алгачкылардын сүннөтү болуп калды».

Имам Байхаки Ибн Аббастан Таустун риваят кылган (имам Муслим чыгарып, бирок Бухари чыгарбаган) хадисине комментарий берип мындай деген: «Менимче, Бухари аны Ибн Аббастан келген башка риваяттарга каршы келгени үчүн таштап койгон. Ал башка риваяттарды келтирген, биз аларды мурда баяндап өттүк».

Жыйынтыктап айтканда: үч талак – жыйнактуу түрдө болсун же бөлөк-бөлөк айтылсын – жарактуу жана анын натыйжасында чоң ажырашуу өкүмү түшөт. Бирок үч талакты бир эле сөз менен, бир эле отурушта айтуу менен бөлүп айтуу ортосунда айырма бар. Үч талакты бир эле сөз менен, бир эле отурушта айтуу – катуу тыюу салынган, башкача айтканда харам. Бирок ошентсе да ал үчөө тең жарактуу болот жана талак өкүмү түшөт. Бирок мындай кылган адам күнөөкөр болот.

Буга далил – Пайгамбарыбыз ﷺдан келген Махмуд ибн Лабиддин риваяты:

“أخبر رسول الله صلى الله عليه وسلم عن رجل طلق امرأته ثلاث تطليقات جميعاً، فقام غضبان ثم قال: أيلعب بكتاب الله وأنا بين أظهركم؟! حتى قام رجل فقال: يا رسول الله ألا أقتله

«Аллахтын Элчисине ﷺ бир адам аялын бир учурда үч талак бергендиги тууралуу кабар беришти. Ошондо Пайгамбар ﷺ ордунан катуу ачууланып туруп: “Менин көз алдымда Аллахтын китеби менен ойноп жатышабы?” – деди. Ошондо бир киши туруп: “Эй, Аллахтын Элчиси! Мен аны өлтүрөйүнбү?!” – деди».

Бул маселе боюнча менин оюмча ражих болгон өкүм ушул.

Аллах жакшыраак билет жана Ал эң Даанышман Зат.

2004

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button