Накталай акчаны накталай акчага сатуу тууралуу

Накталай акчаны накталай акчага сатуу тууралуу
Суроо: Накталай акчаны накталай акчага сатуунун өкүмү кандай?
Жооп: Накталай акчаны накталай акчага сатуу маселеси, сарф өкүмдөрүнө кирет. Сарф жарактуу болушу үчүн төмөнкүдөй шарттар керек:
а) Келишим мекемесинде бар накталай акчаларды алмаштыруу:
Бул учурда, бир түрдөгү акча болсо, колго-кол жана тең өлчөмдө болушу керек. Эгер ар кыл валютадагы акчалар болсо, анда колго-кол болушу зарыл, ал эми өлчөмдөрүн каалагандай кылып сатса болот. Мунун далилдери белгилүү, анын ичинде Пайгамбарыбыз ﷺ айткан хадис:
«الذَّهَبُ بِالذَّهَبِ وَالْفِضَّةُ بِالْفِضَّةِ وَالْبُرُّ بِالْبُرِّ وَالشَّعِيرُ بِالشَّعِيرِ وَالتَّمْرُ بِالتَّمْرِ وَالْمِلْحُ بِالْمِلْحِ مِثْلًا بِمِثْلٍ سَوَاءً بِسَوَاءٍ يَدًا بِيَدٍ، فَإِذَا اخْتَلَفَتْ هَذِهِ الأَصْنَافُ فَبِيعُوا كَيْفَ شِئْتُمْ إِذَا كَانَ يَدًا بِيَدٍ»
«Алтынга алтын, күмүшкө күмүш, буудайга буудай, арпага арпа, курмага курма, тузга туз теңме-тең, колго-кол (сатылуусу зарыл). Эгер бул түрлөр ар башка болсо, каалаганыңардай сатып алгыла, бирок колго-кол болсун» (Муслим риваяты, Убада ибн Самиттен).
б) Накталай акчаны моюндагы карызга алмаштыруу: عيناً وذمةً
Карызды накталай акчанын өзү менен же ошол күнкү баасы боюнча башка акча менен колго-кол алууга уруксат. Мунун далили Ибн Умардан риваят кылынган хадис:
(… «فأبيع بالدنانير وآخذ الدراهم وأبيع بالدراهم وآخذ الدنانير، آخذ هذه من هذه، وأعطي هذه من هذه» — .
«Динардын ордуна дирхам алып сатам, дирхамдын ордуна динар алып сатам, буларды андан алып, аларды мындан берем»,-деди. Ошондо Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деди:
لا بأس أن تأخذها بسعر يومها ما لم تفترقا وبينكما شيء
“Эгер силер ортодо бир нерсе калтырбастан (келишимди толук бүтүрүп), ошол күндүн баасы менен алсаңар, эч тыюу жок». Демек, бул хадис моюндагы карыз катары белгиленген акчаны башка акчага алмаштыруунун (сарф) уруксат экенин көрсөтөт. Бирок милдеттүү түрдө колго-кол болушу керек.
Жогорку маселенин мисалы, бир адам башка адамга 100 динар (алтын тыйын) карыз, аны кайтарып жатканда 100 динар кылып кайтарса да болот, же ошол күндүн курсуна жараша дирхам (күмүш тыйындар) менен да кайтарса болот)
в) Карыз акчаны карызга алмаштыруу: صرف في الذمة
Мисалы, бир адам экинчисине алтын карыз, ал эми экинчиси ага күмүш карыз. Экөө өз ара карыздарын алмаштырып, бири экинчисине болгон алтын карызын, экинчиси ага болгон күмүш карызын эсептен чыгарат. Бул да жаиз, анткени учурдагы карыз колдогу накталай акча сыяктуу болуп эсептелет. Бирок маселени ошол эле отурушта тактоо зарыл. Фикхта бул «сарф фи-з-зимма» деп аталат.
25-Зул-Хижжа 1424-ж,
16.02.2004-ж.