Одеколон колдонуунун өкүмү тууралуу

Одеколон колдонуунун өкүмү тууралуу
Суроо: Курамына спирт кошулган атырларды колдонуунун өкүмү кандай? Ибадаттарда табанний кылбагандыгыбыз белгилүү, анда эмне үчүн хамр маселесинде табанний кылабыз?
Жооп:
Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деген:
«كُلُّ مُسْكِرٍ خَمْرٌ، وَكُلُّ خَمْرٍ حَرَامٌ» رواه مسلم.
«Бардык мас кылуучу нерсе – хамр (арак) жана бардык мас кылуучу ичимдиктер – арам». (Муслим риваят кылган).
Дагы ﷺ мындай деген:
«مَا أَسْكَرَ كَثِيرُهُ فَقَلِيلُهُ حَرَامٌ» رواه ابن ماجه والدارقطني وصححه ابن حجر.
«Көп ичкенде мас кылуучу нерсенин азы да харам» (Ибн Мажа, Даракутни риваят кылган, Ибн Хажар сахих деген).
Ошентип, Пайгамбарыбыз ﷺ хамр деп аталган суюктуктун эмне экенин аныктап берген: ар бир мас кылуучу, аз болобу көп болобу, хамр болуп эсептелет. Бул жерде «тахкикул манат» (нерсенин өкүмүн так аныктоо) жасалат, башкача айтканда, мисалы атырды же одеколонду көп же аз өлчөмдө ичсе, ал мас кылабы? Эгер мас кылса, анда ал хамр болуп, ага хамрдын өкүмдөрү колдонулат. Башкача айтканда, он түрдүү арам иштерге кирет. Хадисте айтылат:
«لُعِنَتِ الْخَمْرُ عَلَى عَشَرَةِ أَوْجُهٍ: بَاعِيهَا، وَعَاصِرِهَا، وَمُعْتَصِرِهَا، وَبَائِعِهَا، وَمُبْتَاعِهَا، وَحَامِلِهَا، وَالْمَحْمُولَةِ إِلَيْهِ، وَآكِلِ ثَمَنِهَا، وَشَارِبِهَا، وَسَاقِيهَا» رواه ابن ماجه.
«Аллах аракка 10 каргыш түшүрдү: аны жасаганга, жасатканга, сатуучуга, сатып алуучуга, ташыганга, ташытканга, акчасын алганга, ичкенге жана ичиргенге» (Ибн Мажа риваят кылган).
Биз билебиз, айрым аймактарда, айрыкча Булуң өлкөлөрүндө, одеколон жана башка атырлар ичилет жана курамындагы спирттен улам адам мас болот.
Ошондуктан, эгер кандай гана суюктук болбосун – атырбы же башка нерсеби – көп өлчөмдө ичкенде мас кылса, анда анын азын да ичүү арам. Ал хамр болуп эсептелет жана ага хамрдын он адамга тиешелүү болгон арамдыгы колдонулат.
Ал эми спирттин этил спирти жана метил спирти деп аталган 2 түрү бар. Биз адистерден төмөнкүлөрдү билдик:
Спирт эки түрдүү болот: анын бири – этил спирти, ал ар кандай концентрацияда болгон хамрдын негизги таасир этүүчү заты. Экинчиси – метил спирти, ал жыгач же була (волокнистые материалы) сыяктуу заттардан алынат. Экөө тең организмге, айрыкча нерв системасына тийгизген таасир жагынан окшош, бирок химиялык курам жана организмдеги кычкылдануу процесси боюнча таптакыр айырмаланат. Ошол себептен натыйжалары да башкача чыгат.
Таасири жагынан болсо, экөө тең мээнин бардык маанилүү борбордук ишин басаңдатат. Бирок этил спирти мас кылат, өлтүрбөйт. Аны өтө көп ичкенде адам эсин жоготуп, андан соң терең уйкуга кетет, кийин ойгонуп кетет. Ал эми метил спирти мас кылат, бирок уулуу таасири өтө коркунучтуу: торчо клеткаларын бузат, көздүн нервин өлтүрөт, бул сокурлукка алып келет. Ошондой эле мээнин маанилүү борборундагы клеткаларын өлтүрүп, бузат бул өлүмгө да алып келиши мүмкүн. Бул таасирлер анын колдонулган көлөмүнө жараша болот.
Бардык хамрда негизинен этил спирти болот жана анда өтө аз өлчөмдө метил спирти кездешет, ал эми одеколондун курамында көбүнчө метил спирти бар.
Демек, этил спирти менен метил спиртинин азы мас кылат, ал эми метил спиртинин көбү өлтүрөт. Ошондуктан, одеколон – этил же метил спиртинен ылайыктуу өлчөмдө жасалса да, ал мас кылат (Булуң өлкөлөрүндө одеколондон мас болгон учурлар белгилүү). Эгер мас кылып, уулуу зат таасир этсе, бирок өлтүрбөсө – анда ал хамр болгондуктан арам, жана уулуу зат болгондуктан да арам (өлтүрбөсө да). Ал эми эгерде курамында өлтүрө тургандай деңгээлде метил спирти колдонулса, анда ал суюктук же одеколон зыяндуу зат болгондуктан арам болуп эсептелет, анткени зыяндуу нерселердин негизги өкүмү – арамдык.
Ошентип, курамына спирт кошулган суюктуктарда «тахкикул манат» жасалат:
– Эгер курамындагы спирттин өлчөмү аны аз же көп ичкенде мас кылса – анда ал хамр болуп, (хадисте айтылган) он тарапка арам болот.
– Эгер мас кылбаса, бирок уулуу болсо – анда ал уулуу зат болгондуктан арам. Бул учурда хадисте айтылгандай, уулуу заттан түшкөн акчаны пайдалануу, аны сатуу же белек кылуу жагынан арам болот:
«وَإِنَّ اللهَ إِذَا حَرَّمَ عَلَى قَوْمٍ أَكْلَ شَيْءٍ حَرَّمَ عَلَيْهِمْ ثَمَنَهُ» رواه أبو داود وأحمد.
«Аллах бир коомго бир нерсени жегенди арам кылса, анын акысын да (түшкөн акчасын) аларга арам кылат» (Абу Дауд, Ахмад риваят кылган).
Дагы хадисте:
«قَاتَلَ اللَّهُ الْيَهُودَ، إِنَّ اللهَ لَمَّا حَرَّمَ عَلَيْهِمْ الشُّحُومَ جَمَّلُوهَا، فَبَاعُوهَا، فَأَكَلُوا أَثْمَانَهَا» رواه أحمد.
«Яхудийлерге Аллахтын каргышы тийсин! Аллах аларга майды арам кылганда, алар аны эритип, сатып, анын акысын жешти» (Ахмад риваят кылган).
«جملوها» дегенсөз – эритипалыштыдегендибилдирет.
Ал эми он тараптан арам болуу өкүмү хамрга гана тиешелүү.
Бул суроонун биринчи бөлүгү – атыр же одеколон жөнүндө.
Эгер биз ибадаттарда табанний кылбагандыгыбыз белгилүү болсо, анда эмнеге бул маселеде табанний кылабыз? – деген суроого жооп эки жагынан берилет:
1. Хамр ибадат эмес.
2. Биз бул жерде хамрдын арамдыгын табанний кылып жаткан жокпуз, анткени анын арамдыгы бир ооздон белгилүү. Маселе – бул суюктуктун «тахкикул манаты»: ал мас кылабы, же жокпу. Ким «тахкикул манат» жасап, суюктуктун азын да, көбүн да ичкенде мас кылбайт деп аныктаса – анда ал суюктук хамр болбойт жана аны колдонуу адал.
والسلام عليكم ورحمة الله وبركاته
08/08/2004 ж.