Фикхий

Профсоюздар берген жеңилдиктер тууралуу

Профсоюздар берген жеңилдиктер тууралуу

Суроо: Профсоюздар (кесиптик бирдиктер) мүчөлөрүнө көрсөткөн жеңилдиктеринен, мисалы, бөлүп төлөп берүү (рассрочка) аркылуу соода кылуу же айрым учурларда каржылык жардам алуудан пайдаланса болобу?

Жооп: Биз профсоюздарга мүчө болууну туура эмес деген көз караштабыз. Бирок эгер адам өз кесиби менен иштеши үчүн сөзсүз түрдө кесиптик биримдикке кириши шарт болсо, башкача айтканда, катталуу милдеттүү болсо, анда ишке уруксат алуу максатында ага мүчө болушу жайиз.

Эгер ушул абал (милдеттүү түрдө кирүү) бар болсо, анда ишке уруксат алуу үчүн катталууга болот. Мындай учурда ал биримдиктин шариатка каршы келбеген кызматтарынан пайдаланышы мүмкүн. Ал эми, алардан пайыз менен (риба аркылуу) акчалай жардам алуу жайиз эмес.

Жыйынтыктап айтканда, эгер биримдикке мүчө болуу шарт болсо, анда анын шариатка ылайык кызматтарынан пайдалануу жайиз болот. Ал эми мүчө болуу ар бир кесип ээси үчүн милдеттүү болгон учурда гана жайиз болуп эсептелет.

04/03/2004-ж.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button