Фикхий

Саналган, таразага тартылган жана көлөм менен сатылуучу нерселерди айырмалоо эрежеси

Саналган, таразага тартылган жана көлөм менен сатылуучу нерселерди айырмалоо эрежеси

Суроо: Шаръий өкүмдөргө байланыштуу маселелерде саналган, таразага тартылган жана көлөм менен сатылуучу нерселерди кантип айырмалоо керек? Кайсы товарларды салам келишими (байер кызматы б.а. акчаны алдын ала төлөп, товарды кийин жеткирип берүү кызматы) аркылуу сатып алса болот? Башкы критерийи (эрежеси) эмнеде?

Жооп: Саналган (معدود), таразага тартылган (موزون) жана көлөм менен مكيل) ) өлчөнүп сатылуучу нерселер соодадагы реалдуу абалга жараша аныкталат. Башкача айтканда, эгер бир нерсеге салам (келер чакта жеткирүү боюнча келишим түзүү же байерлик) соодасын кылуу жаиз же жаиз эместигин базарда бул товар кандайча сатыларын кароо менен болот:

– Ар бир даанасына баа коюлуп сатылса («ар бир түймөк ушунча», «ар бир даана ушунча» деп сатылса) — анда бул сан менен сатылуучу нерсе;

– Ар бир килограммына баа коюлуп сатылса — бул салмак менен сатылуучу нерсе;

– Ар бир литр, метр же чака менен сатылса — бул көлөм менен сатылуучу нерсе.

Эгер ушундай болсо, анда ал нерсе ушул категориялардын бирине кирет. Тагыраагы, саналган, таразага тартылган же көлөм менен сатылуучу болуп эсептелет. Кээ бир товарлар бир нече категорияга тең кириши мүмкүн.

Мисалдар:

  • Буудай, арпа таразага тартылып жана көлөм менен сатылат.
  • Банан, апельсин салмак менен да, даана менен да сатылат (айрым өлкөлөрдө даана менен сатылат).
  • Токулган кездеме — өлчөм менен сатылат (карыш, метр менен).

Ошентип, товар жеткирилгенде анын өлчөмүн аныктаган ыкма — тараза, сан же көлөм — кандай болсо, ошол ыкма менен аны тактоо керек. Бул جهالة (белгисиздик) жок болушу үчүн маанилүү. Мисалы, «100 килограмм буудай берем» деп айтса, бул жетишсиз. Буудайдын түрүн да так көрсөтүү зарыл. Ошондо гана салмак аркылуу белгисиздик жоголот. Ушундай эле тартип көлөм менен жана сан менен сатылуучу нерселерге да тиешелүү. Бирок жаныбар тууралуу эмне айтууга болот? Ал сан менен сатылабы? Мисалы, “ар бир төө миңден” деп сатышабы? Же болбосо сатып алуучу төөнү көрүп, аны баалап: “бул төө миңге татыбайт” деп, андан кийин экинчисин тандап алабы? Эгер ошондой болсо, анда бардык төөлөр бири-бирине тең болуп, сатык да сан менен жүргүзүлүшү керекпи?

Ошондой эле үйлөр (үйлөрдүн сатылышы) жөнүндө эмне айтууга болот?

Алар сан менен, салмак менен же көлөм менен сатылабы? Башкача айтканда, он үйү бар бирөө “үйдүн баасы миңден” деп жарыя кылып сатабы? Же ар бир үй өзүнчө көрүлүп, бири экинчисинен айырмаланып сатылабы?

Демек, жаныбар да, үй да салмак, көлөм же сан менен сатылуучу нерселерге кирбейт деп айтылат. Кээде айрым адамдар жаныбарды салмагы менен сатышы мүмкүн, бирок бул бардык жаныбарларга тиешелүү эмес. Мисалы, бир койду салмагы менен сатышы мүмкүн, бирок бардык койлорду же бардык жаныбарларды антип сатпайт. Ошондуктан, жаныбар дайыма салмак менен сатылбай тургандыктан, анда “салам” келишими жаиз болбойт, анткени “сага жүз килограмм жаныбар берем” деп айтылбайт. Мында албетте, тирүү жаныбар тууралуу айтылууда.

Ошондой эле кээде айрымдар үйлөрдү метри менен сатышат, бирок бул бардык үйлөргө тиешелүү эмес. Бир үйдүн бир метри он доллар болсо, башка үйдө жыйырма доллар болушу мүмкүн. Демек, үйдүн баасы анын көлөмү менен эмес, өзүнүн сапаты жана абалы менен аныкталат. Ошондуктан “сага жүз метр үй берем” деп айтууга болбойт.

Жыйынтыктап айтканда, жалпы эреже эгер товар жеткирилген учурда анын өзгөчөлүктөрү салмак, сан же көлөм менен так аныкталса, анда ага салам келишими жаиз болот. Эгер мунун бирөө менен да так аныкталбаса, анда салам соодасы жаиз болбойт. Ал эми көпчүлүк нерселер салмак менен, көлөм менен же сан менен так аныкталган болот, бирок бардык нерселер мындай болбойт.

Таш жөнүндө маселе төмөнкүчө түшүндүрүлөт:

А) Эгер таштардын сапаты жана түрү жеткирүү маалында өлчөм (көлөм) же сан аркылуу так аныкталса, анда аларды салам жолу менен сатууга болот. Башкача айтканда, сатып алуучу таш казуучу кожоюнга белгилүү өлчөмдө же сандагы таштар үчүн алдын ала төлөйт, анан белгиленген мөөнөт өткөндөн кийин ошол таштарды алат. Бул учурда таштардын өзгөчөлүгү жеткирүү маалында көлөм же сан боюнча так аныкталышы негизги шарт. Салам келишими сатуучуда ошол учурда товар бар болсо да, болбосо да жаиз. Бул шартта акча алдын ала төлөнөт, ал эми товар кийин белгиленген убакта алынат.

Б) Эгер таштарды саламсыз (адаттагы сатып алуу) жолу менен сатып алса, анда таштар сатуучунун колунда реалдуу болушу керек, себеби «өзүнө таандык эмес нерсени сатууга тыюу салынган» (хадистеги өкүм боюнча). Бул учурда сатып алуучу таштарды көзү менен көрүп, баасын жактырса сатып алат. Баасы толук накталай же жарым-жартылай насыя түрүндө төлөнүшү мүмкүн, бул келишим боюнча макулдашылат.

В) Эгер маселе сатуу да эмес, салам да эмес, тескерисинче кызмат акысына (ижара/подряд) байланыштуу болсо, анда өкүм башкача болот. Мисалы, сен дубалды таштан тургузгуң келип, бир куруучу менен “бир метр дубал куруу мынча акча” деген шарт менен подряддык келишим عقد مقاولة) ) түзсөң, анда бул сатуу келишими эмес, жумуш аткаруу келишими болуп эсептелет. Бул учурда куруучу таш анын колунда болобу же жокпу маанилүү эмес. Анткени ал ташты сатууга эмес, дубал тургузууга милдеттенет.

22.06.2006-жыл.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button