Фикхий

Халифанын ишти аткарууда алсыздыгы жана жамаатты бириктирип турган иште амирди шайлоо тууралуу

Халифанын ишти аткарууда алсыздыгы жана жамаатты бириктирип турган иште амирди шайлоо тууралуу

Суроо: Халифа шариатты ишке ашырууга алсыздык кылган учурда, аны кызматтан алуу абалы кандай? Эгер мусулмандардын орток иши болсо амир шайлап алуулары шартпы?
Жооп:
1. Халифанын иши – шариат өкүмдөрүн ишке ашыруу. Бул болсо, ишти өзү түздөн-түз жүргүзүүгө же башкаларга тапшырган учурда, алардын ишин өзү көзөмөлдөөгө кудуреттүү болушун талап кылат. Эгер ал ооруп, ишти өзү жүргүзө албай же тапшырган адамын өзү көзөмөлдөй албай калса – мисалы, узак убакыт реанимацияда жатып калууга себеп болгон ооруга чалдыкса, же реанимациядан чыккандан кийин да башкалар менен аралаша албай калса (жугуштуу дарт себебинен), же катуу оорулар концентрация жана аңдоо жөндөмүн жоготсо, же эс тутумга, сезүү органдарынын саламаттыгына, сүйлөө жөндөмүнө таасир эткен шал оорусу сыяктуу илдеттерге чалдыгып, бул абал узакка созулса жана мамлекеттеги өкүмдөрдүн кемчиликсиз аткарылышына тоскоол болсо, анда бул абалды «Мазолим соту» аныктайт. Ал адистер менен бирге дарылоонун узактыгын, дарылоонун жүрүшүн, айыгуу мүмкүнбү же мүмкүн эмеспи – мунун баарын иликтейт.
Мындай жана ушул өңдүү абалдарда халифа ошол бойдон кала берет. Бирок «Мазолим соту» белгилүү бир мөөнөт күтүп, эгер бул мөөнөттөн кийин да шариат өкүмдөрү токтоп, мамлекет менен үммөткө зыян келе турган болсо, анда аны кызматтан алуу өкүмүн чыгарат. Ошондон кийин шариат өкүмдөрүнө ылайык башка бирөөгө байъат берилет.
2. Ооба, кандайдыр бир жамаатты бириктирип турган орток иш – алардын арасынан бирөөнү амир кылууга себеп болот. Бул нерсе нусустардан алынган:
«لا يحل لثلاثة نفر يكونون بأرض فلاة إلا أمروا عليهم أحدهم»
«Ээн талаада жүргөн үч киши үчүн, арасынан бирин амир кылып шайламайынча сапарда жүрүүлөрү адал болбойт».
«إذا كنتم ثلاثةً في سفر فأمروا عليكم أحدكم»
«Үчөөңөр жол жүрүп калсаңар, араңардан бирөөнү амир кылгыла».
Бул жердеги «ээн талаада жүргөн» «жол жүрүп» деген сөз айкаштарынан алардын ортосунда жалпы иш бар экени түшүнүлөт. Демек, ушул негизде жамаат ичинен амир дайындоо – ошол жамааттын мүчөлөрүн бириктирип турган ар кандай орток ишке (саякат болобу, же уюм, топ болобу ж.б.) тиешелүү болуп эсептелет.

24/07/2004 ж.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button