Фикхий

Үстөмдүк кылуучу тайпа

بسم الله الرحمن الرحيم

Үстөмдүк кылуучу тайпа

Суроо: Пайгамбарыбыз ﷺ дан «таифа захира» (дайыма жеңишке жетүүчү, үстөм болуучу тайпа) жөнүндө бир нече сахих хадистер риваят кылынган. Бул хадистердин тафсири кандай? Бул тайпа, айрым сөздөрдө айтылгандай усул аалымдарына же хадис аалымдарына тиешелүүбү? Анан дагы кээде кээ бир жамааттар «биз ошол тайпабыз» деп айтышат. Муну кантип айырмалай алабыз? Аллах сизге береке берсин.

Жооп: Сурооңуздун жообу эки бөлүктөн турат:

Биринчи: таифа захира жөнүндө хадистерди тафсир кылуу.

Экинчи: бул хадистерге амал кылуу жолу.

Биринчи жагына токтолсок, “таифа захира”  жөнүндө бир нече хадистер риваят кылынган:

  • Имам Бухарий аль-Мугийра ибн Шуъба разияллаху анхудан риваят кылат, ал айтты: Пайгамбар ﷺ  айтты:

«لاَ يَزَالُ طَائِفَةٌ مِنْ أُمَّتِي ظَاهِرِينَ حَتَّى يَأْتِيَهُمْ أَمْرُ اللَّهِ وَهُمْ ظَاهِرُونَ»

«Менин үммөтүмдөн бир таифа (тайпа, топ) дайыма захир (бийик, үстөм) болуп турат. Аларга Аллахтын буйругу келгенче алар ошол абалда турушат».

  • Имам Муслим Саубандан риваят кылат, ал айтты: Пайгамбар ﷺ  мындай деген:

«لاَ تَزَالُ طَائِفَةٌ مِنْ أُمَّتِي ظَاهِرِينَ عَلَى الْحَقِّ لاَ يَضُرُّهُمْ مَنْ خَذَلَهُمْ حَتَّى يَأْتِيَ أَمْرُ اللَّهِ وَهُمْ كَذَلِكَ»

«Менин үммөтүмдөн бир топ дайыма акыйкаттын үстүндө болот. Ким аларды таштап койсо, аларга зыян жетпейт. Аллахтын буйругу келгенче алар ошол абалда кала беришет».

  • Имам Муслим Жабир ибн Абдуллах разияллаху анхудан риваят кылат, ал айтты: Мен Пайгамбар ﷺдан уктум:

«لاَ تَزَالُ طَائِفَةٌ مِنْ أُمَّتِي يُقَاتِلُونَ عَلَى الْحَقِّ ظَاهِرِينَ إِلَى يَوْمِ الْقِيَامَةِ، قَالَ فَيَنْزِلُ عِيسَى ابْنُ مَرْيَمَ فَيَقُولُ أَمِيرُهُمْ: تَعَالَ صَلِّ لَنَا، فَيَقُولُ: لاَ، إِنَّ بَعْضَكُمْ عَلَى بَعْضٍ أُمَرَاءُ، تَكْرِمَةَ اللَّهِ هَذِهِ الأُمَّةَ»

«Менин үммөтүмдөн бир топ акыйкат үчүн согушуп, Кыяматка чейин захир-үстөм абалда болот. Анан Марямдын уулу Иса түшөт. Алардын амири ага: “Бизге имам болуп намаз оку” дейт. Ал болсо: “Жок, силердин араңарда амир бар. Бул Аллах үммөткө улуулук бергендиги себебинен” деп жооп берет».

  • Муслим риваят кылган: Пайгамбар ﷺ  айтты:

«وَلاَ تَزَالُ عِصَابَةٌ مِنْ الْمُسْلِمِينَ يُقَاتِلُونَ عَلَى الْحَقِّ ظَاهِرِينَ عَلَى مَنْ نَاوَأَهُمْ إِلَى يَوْمِ الْقِيَامَةِ»

«Мусулмандардан бир топ дайыма акыйкат үчүн согушуп, аларга каршы чыккандарга үстөм болуп турушат. Бул Кыяматка чейин уланат».

  • Муслим Укба ибн Амирден риваят кылат, ал айтты: Мен Расулуллах ﷺдан уктум:

«لاَ تَزَالُ عِصَابَةٌ مِنْ أُمَّتِي يُقَاتِلُونَ عَلَى أَمْرِ اللَّهِ قَاهِرِينَ لِعَدُوِّهِمْ، لاَ يَضُرُّهُمْ مَنْ خَالَفَهُمْ، حَتَّى تَأْتِيَهُمُ السَّاعَةُ وَهُمْ عَلَى ذَلِكَ»

«Менин үммөтүмдөн бир топ дайыма Аллахтын иши үчүн согушуп, душмандарын жеңип турушат. Ким аларга каршы чыкса, аларга зыян жетпейт. Кыямат келгенче алар ошол абалда болушат».

  • Муслим Муавиядан риваят кылат, ал айтты: Мен Расулуллах ﷺдан уктум, ал айтты:

«لاَ تَزَالُ طَائِفَةٌ مِنْ أُمَّتِي قَائِمَةً بِأَمْرِ اللَّهِ لاَ يَضُرُّهُمْ مَنْ خَذَلَهُمْ أَوْ خَالَفَهُمْ حَتَّى يَأْتِيَ أَمْرُ اللَّهِ وَهُمْ ظَاهِرُونَ عَلَى النَّاسِ»

«Менин үммөтүмдөн бир топ дайыма Аллахтын буйругун аткарып турушат. Ким аларды таштап койсо, каршы чыкса да, аларга зыян жетпейт. Аллахтын буйругу келгенче алар адамдарга үстөм абалда турушат».

  • Тирмизий Саубандан риваят кылат, ал айтты: Пайгамбар ﷺ  айтты:

«لاَ تَزَالُ طَائِفَةٌ مِنْ أُمَّتِي عَلَى الْحَقِّ ظَاهِرِينَ لاَ يَضُرُّهُمْ مَنْ يَخْذُلُهُمْ حَتَّى يَأْتِيَ أَمْرُ اللَّهِ»

«Менин үммөтүмдөн бир топ дайыма акыйкаттын үстүндө ачык үстөм болушат. Ким аларды таштаса да, аларга зыян жетпейт. Аллахтын буйругу келгенче ушундай бойдон кала беришет».

  • Абу Дауд Имран ибн Хусайндан риваят кылат, ал айтты: Пайгамбар ﷺ айтты:

«لاَ تَزَالُ طَائِفَةٌ مِنْ أُمَّتِي يُقَاتِلُونَ عَلَى الْحَقِّ ظَاهِرِينَ عَلَى مَنْ نَاوَأَهُمْ حَتَّى يُقَاتِلَ آخِرُهُمُ الْمَسِيحَ الدَّجَّالَ»

«Менин үммөтүмдөн бир топ дайыма акыйкат үчүн согушуп, аларга каршы чыккандарга үстөм болушат. Алардын акыркылары Масиих Дажжал менен согушканга чейин ушундай бойдон калышат».

  • Имам Ахмад Жабир ибн Абдуллахтан риваят кылат, ал айтты: Мен Пайгамбар ﷺдан уктум:

«لاَ تَزَالُ طَائِفَةٌ مِنْ أُمَّتِي يُقَاتِلُونَ عَلَى الْحَقِّ ظَاهِرِينَ إِلَى يَوْمِ الْقِيَامَةِ»

«Менин үммөтүмдөн бир топ дайыма акыйкат үчүн согушуп, Кыямат күнүнө чейин ачык үстөм абалда болушат».

  • Ахмаддан риваят кылынат: Пайгамбар ﷺ  айтты:

«لاَ تَزَالُ طَائِفَةٌ مِنْ أُمَّتِي عَلَى الْحَقِّ ظَاهِرِينَ لَعَدُوِّهِمْ قَاهِرِينَ لاَ يَضُرُّهُمْ مَنْ خَالَفَهُمْ إِلاَّ مَا أَصَابَهُمْ مِنْ لأْوَاءَ حَتَّى يَأْتِيَهُمْ أَمْرُ اللَّهِ وَهُمْ كَذَلِكَ»

«Менин үммөтүмдөн бир топ дайыма акыйкаттын үстүндө болуп, душмандарына үстөм турушат. Ким аларга каршы чыкса, аларга зыян жетпейт. Болгону кээ бир кыйынчылыктар гана жетет. Аллахтын буйругу келгенче алар ушул абалда кала беришет».

Алар: «Эй Расулуллах ﷺ , алар кайда болушат?» — деп сурашты. Ал айтты:

«بِبَيْتِ الْمَقْدِسِ وَأَكْنَافِ بَيْتِ الْمَقْدِسِ»

«Байтул-Макдисте жана Байтул-Макдистин айланасында».

  • Табараний (аль-Кабирде) риваят кылат:

«لاَ تَزَالُ طَائِفَةٌ مِنْ أُمَّتِي عَلَى الْحَقِّ ظَاهِرِينَ عَلَى مَنْ يَغْزُوهُمْ قَاهِرِينَ لاَ يَضُرُّهُمْ مَنْ نَاوَأَهُمْ حَتَّى يَأْتِيَهُمْ أَمْرُ اللَّهِ وَهُمْ كَذَلِكَ، قِيلَ: يَا رَسُولَ اللَّهِ وَأَيْنَ هُمْ؟ قَالَ: بِبَيْتِ الْمَقْدِسِ»

«Менин үммөтүмдөн бир топ дайыма акыйкат үстүндө болушат. Аларга каршы чабуул кылгандарга үстөм болушат. Ким аларга каршы чыкса зыян жетпейт. Аллахтын буйругу келгенче алар ушундай бойдон калышат».

Алар сурашты: «Эй Расулуллах ﷺ , алар кайда болушат?» Ал: «Байтул-Макдисте» – деди.

  • Имам Ахмад риваят кылган Абу Умамадан келген хадисте да «алар Байтул-Макдисте» деп айтылат. Табараний андан тышкары Нахдийден да ушундай маанидеги хадис риваят кылат. Ал эми Табараний «аль-Аусатта» Абу Хурайрадан риваят кылган хадисте мындай деп айтылат:

«يقاتلون على أبواب دمشق وما حولها، وعلى أبواب بيت المقدس وما حوله، لا يضرهم من خذلهم ظاهرين إلى يوم القيامة»

«Алар Дамасктын дарбазаларында жана анын айланасында, Байтул-Макдистин дарбазаларында жана анын айланасында согушушат. Ким аларды таштап койсо, аларга зыян жетпейт. Алар Кыяматка чейин ачык үстөм бойдон калышат». (Фатхул-Бариде келтирилген)

  • «Менин үммөтүмдөн бир топ дайыма Дамасктын дарбазаларында жана анын айланасында, Байтул-Макдистин дарбазаларында жана анын айланасында согушушат. Ким аларды таштап койсо, аларга зыян жетпейт. Алар акыйкат үстүндө Кыяматка чейин үстөм болушат». (Канзул-Уммал — ал-Муттакий ал-Хиндий).

Бул хадистерди ой жүгүртүп, аларды чогултуп караганда төмөнкүлөр түшүнүктүү болот:

  1. 1. Бул тайпа бардык мусулмандар эмес, мусулмандардын бир бөлүгү гана. Анткени «таифа» тилибизде «бир нерсенин бөлүгү» дегенди түшүндүрөт. Ар бир нерсенин бир бөлүгү анын «таифасы». «Камус» китебинде мындай делет: والطائفة من الشيء: القطعة منه – Бир нерсенин таифасы — анын бир бөлүгү».
  2. 2. Алар акыйкат үстүндө, башкача айтканда, ислам үстүндө бекем турушат: قائمة بأمر الله Аллахтын буйругунда бекем турушат.
  3. 3. Алар Аллах жолунда согушушат: يقاتلون على الحق – акыйкат үчүн согушушат, يقاتلون على أمر الله – Аллахтын иши үчүн согушушат.
  4. 4. Алар күчкө жана кубатка ээ болуп, душмандын аскерлери менен согушуп, аларды кыйратып жеңилүүгө дуушар кылышат жана ачык-айкын, көрүнө турган жеңишке жетишет: يقاتلون على الحق ظاهرين على من ناوأهم» – акыйкат үчүн согушушат жана аларга каршы чыккандарга үстөм болушат, يقاتلون على أمر الله قاهرين لعدوهم – Аллахтын иши үчүн согушуп, душмандарына үстөм болушат.
  5. 5. Бул таифа يقاتلون على أبواب دمشق وما حولها وعلى أبواب بيت المقدس وما حوله – Дамасктын дарбазаларында жана анын айланасында, Байтул-Макдистин дарбазаларында жана анын айланасында согушушат. Демек, алар душман менен согушушат жана аны Шам жерлеринде жана анын айланасында жеңишет.

Бул сыпаттардан төмөнкү жыйынтык чыгат: бул таифа Ислам акыйкаты үстүндө туруп, Аллах жолунда согушат жана душманды ачык-айкын жеңүүгө кудуреттүү күчкө ээ болот. Душмандар — мамлекеттер жана аскерлер. Аларды жеңген таифа сөзсүз Ислам армиясы болушу керек, жана бул армияны халифа же аскер башчысы жетектейт. Алар душман менен согушуп, аны кыйратып, ага үстөмдүк кылышат. Бул таифа Шам жерлеринен көтөрүлүп, мамлекет жана армия курап, душман менен согушуп, аны жеңип, ага үстөм болушат.

Башкача айтканда, бул таифа же мамлекет жана армия ээси болуп, душманды жеңип үстөм болот, же мамлекет жана армияны түзүү үчүн аракет кылып, кийин душманды жеңип үстөм болот.

Менимче, бул Пайгамбарыбыз ﷺ доорунда жана анын сахабалары душман менен согушуп, аларга үстөм болушкан учурга да дал келет. Бул таифанын сыпаттары Исламдын алгачкы кылымына да, б.а душман менен согушуп, ага үстөм болгон учурга да толук туура келет. Ошондой эле ар бир халифага жана Ислам мамлекетиндеги ар бир аскер башчысына да тиешелүү, алар душман менен согушуп, аны жеңип, ага үстөм болушкан.

Менимче, бул Салахуддин жана анын армиясына да туура келет, себеби алар кресттүүлөрдү жеңишти. Ошондой эле Кутуз жана Бейбарс жана алардын армиясына да тиешелүү, анткени алар монгол-татарларды жеңишкен.

Бул бизге да тиешелүү деп ойлойм, анткени биз күчтүү Ислам мамлекетин рашид Халифалыкты куруу үчүн аракет кылып жатабыз. Ал мамлекет кафир душман менен согушуп, аны жеңип, ага үстөм болот жана көрүнө турган жеңишке жетет. Яхудий түзүмүн жок кылып, Римди да фатх кылат, бул жөнүндө бизди Расулуллах ﷺ сүйүнчүлөгөн.

Менимче, бул туура жана негиздүү көз караш. Бирок бул таифа Ислам мамлекети жок, армиясы да жок топторго тиешелүү эмес. Анткени эгерде мамлекет жана армия болбосо, душманды кыйратуучу жеңишке жетишүүгө жана ага үстөм болууга мүмкүн эмес. Мамлекет жана армиясыз, яхудий түзүмүн жок кылуу же Америка менен Британияны жеңүү мүмкүн эмес.

Демек, «захира» сыпат жөн гана согуш жүргүзүү эмес, балким душманды кыйратуу, ага үстөм болуу. Ал эми душман мамлекет жана армия. Топтор мамлекет жана армиясыз душманды жеңип, ага үстөм боло алышпайт.

Ошондой эле бул таифа Халифалыкты тикелөөгө аракет кылбаган жамаатарга да тиешелүү эмес. Анткени алар Халифалык үчүн аракет кылбаса, мамлекеттерди жана армияларды жеңүү кудурети болбойт. Демек, душман менен согушуп, ага үстөм болуу — иш жүзүндө бар болсо да, даярдык стадиясында болсо да — бул таифанын негизги сыпаты болуп эсептелет.

Ушуга ылайык, бул хадистер эгерде алар Ислам мамлекетин түзүүгө жана душманды жеңүүгө алып бара турган аракетте болбосо, хадис аалымдарына да, усул аалымдарына да тешеси жок.

Ал эми «Сахих Бухариде» келген:

(باب قول النبي صلى الله عليه وسلم لا تزال طائفة من أمتي ظاهرين على الحق يقاتلون وهم أهل العلم)

«Пайгамбарыбыз ﷺ : «Менин үммөтүмдөн бир таифа дайыма акыйкат үстүндө согушуп турушат, алар илим ээлери” деген сөзү тууралуу баб» деген жерде وهم أهل العلم»   – алар илим ээлери» деген сөз Пайгамбарыбыз ﷺдын сөзү эмес, ал китептин авторунун (имам Бухаринин) өзүнүн түшүндүрмөсү. Хафиз Ибн Хажар аль-Асқаланий «Фатхул-Бари»де муну ачыктап айткан:

«قوله وهم أهل العلم هو من كلام المصنف»  «Анын “алар илим ээлери” деп айтканы автордун сөзү».

Эскерте кетүү керек: душман менен чынчылдык жана ихлас менен согушкан ар бир тайпа, душманды жеңүүгө кудурети жетпесе да соопко ээ болот. Атүгүл душманга каршы ихлас менен жеке өзү күрөшкөн киши да сооп алат. Ошондой эле ар бир тайпа жакшылыкка байланыштуу кандайдыр бир иш жасаса — ал жеке болсо да, жамаъий болсо да — ага да сооп жазылат. Ислам илимдеринде иш алып барган ар бир топ, мейли ал иш жеке деңгээлде болсо да, мисалы усул илиминде же хадис илиминде болсун, алар да соопко ээ болушат.

Бирок маселе мында эмес. Маселе бул же тигил топту «таифа захира» деп атоо туурабы, туура эмеспи деген суроодо.

«Таифа захира» деп атоо үчүн сөзсүз түрдө Пайгамбарыбыз ﷺ  хадистеринде айтылган белгилерди толук кандуу өзүнө камтуусу зарыл.

Ал эми бул хадистерди бириктирип, чогуу ой жүгүрткөндөн кийин кылына турган тафсир жогоруда айткан тафсир. Менимче, дал ошол тафсир эң туура көз караш болуп эсептелет.

Ал эми لا يزال деген сөз «таптакыр үзүлбөйт» дегенди билдирбейт. Ал душманга үстөм болуу ар кайсы доорлордо, үзгүлтүксүз түрдө кайталанып тураарын түшүндүрөт. Башкача айтканда, алардын душманды жеңиши бир эле жолу болуп, андан кийин душман түбөлүккө бизди жеңип коёт дегенди түшүндүрбөйт. Тескерисинче, жеңишибиз доорлорго бөлүнүп, кайра-кайра кайталанып турат жана Кыяматка чейин уланат.

Тарыхта да ушундай болду: Исламдын алгачкы доорунда биз каапырларга үстөм болуп, аларды жеңдик. Андан кийин бирде жеңилип, кайра жеңишке жетип турдук. Аллах Таала айткандай:

{وَتِلْكَ الْأَيَّامُ نُدَاوِلُهَا بَيْنَ النَّاسِ}

«Биз бул күндөрдү (жеңүү жана жеңилүү күндөрүн) адамдар арасында айландырып турабыз». (Али Имран: 140).

Кресттүүлөр болду — аларды жеңдик. Татарлар чыкты — аларды да жеңдик. Андан кийин алсырап калдык, бирок кайра Константинипоьду фатх кылдык, ал «Ислам Бол» (Истанбул) болуп калды. Андан соң Халифалык жоюлду, бирок Аллахтын уруксаты менен ал кайра келет жана Палестинаны ээлеп алган яхудий түзүмүн жок кылат. Ошондой эле Рим да фатх кылынат, иншаАллах. Хадистерде сүрөттөлгөн ошол таифа — дайыма акыйкат үчүн согушуп турат жана акыркысы Масиих Дажжал менен согушканга чейин уланат.

Хадисте көңүлдү бура турган нерсе — Иса عليه السلام  Кыяматка жакын түшкөндө мусулмандардын мамлекетин жана амирин табат. Бул болсо душманды жеңүү жана ага үстөм болуу ачык-айкын болот дегенди түшүндүрөт.

Демек, لا يزال – дайыма, үзгүлтүксүз деген сөз эч качан үзүлбөйт дегенди эмес, бул дүйнө ар дайым мусулмандардын душманды ачык-айкын жеңген доорлорунан куру калбайт дегенди түшүндүрөт.

Бул Пайгамбар ﷺ  Бухарийде риваят кылган хадисине окшош:

«لن يزال أمر هذه الأمة مستقيماً حتى تقوم الساعة»

«Бул үммөттүн иши Кыяматка чейин түз бойдон кала берет».

Бул хадис да үммөттүн түз абалы эч качан үзүлбөйт дегенди түшүндүрбөйт. Анткени тарыхта, айрыкча Халифалык кыйратылгандан кийин, үммөттүн түздүгү үзүлгөн учурлар болгон.

Бирок бул хадистин мааниси – бул дүйнө Кыяматка чейин үммөттүн түз абалынан куру болбойт дегенди түшүндүрөт. Үммөттүн иши бирде кыйшайып, кайра түздөлүп турат. Халифасы жоголуп, кайра кайтып келет. Кыйшайып калса – кайра түз жолго келет. Демек, үммөттүн түздүгү ар кайсы доорлордо кайталанып турат жана Кыяматка чейин уланат.

Бул жооптун биринчи бөлүгү. Менин оюмча, ушул тафсир туура жана акыйкатка эң жакын көз караш. Бирок мындан башка тафсир такыр жок деп кескин түрдө айтпайм. Болгону, ушул түшүндүрмө туурасына эң жакыныраак деп эсептейм.

Эми экинчи бөлүккө келсек, башында айткандай бул хадистерге кандайча амал кылуу керек деген маселеге көз чаптырсак:

Бул хадистерге амал кылуу амалий ишке ашырууга негизделиши керек, сахабалар رضي الله عنهم  жана алардын артынан жакшылык менен ээрчигендер Пайгамбарыбыз ﷺдын мусулмандар үчүн жакшылыкка байланышкан сүйүнчүлөрүнө кандайча мамиле кылышкан болсо, биз да ошондой мамиле кылышыбыз керек.

Мисалы, алар Пайгамбарыбыз ﷺдын Константинипол менен Рим фатх кылынары тууралуу сүйүнчүлөгөн хадисин укканда, ар бири бул сүйүнчү алардын колу менен ишке ашсын деп аракет кылышкан. Акыры Аллах Таала Мухаммад аль-Фатихке (Аллах рахмат кылсын) бул биринчи ачылышты буюрду, жана ал жер «Ислам Бол» (Истанбул) деп аталды. Сахабалар бул хадисти угуп, аны ишке ашыруу үчүн чындап аракет кылышкан. Көптөгөн халифалар Константиниполду ачуу үчүн аскерлерди жөнөтүшкөн. Атүгүл карыя сахабалар, мисалы Абу Аюб رضي الله عنه  сыяктуулар, бул аскерлерге кошулуп, бул улуу соопко ээ болууга умтулушкан.

Ошол сыяктуу эле, «таифа захира» жөнүндөгү хадис да Пайгамбарыбыз ﷺ тарабынан бизге сүйүнчүлөнгөн. Ал анын сыпаттарын баяндап, алардын артыкчылыгын айткан. Алар душман менен согушат, аны жеңишет, ага үстөм болушат жана бул көрүнүктүү, ачык-айкын болот. Бул болсо Ислам мамлекети жана мусулман армиясы аркылуу гана ишке ашат. Ошол армия каапыр мамлекеттерди жана алардын аскерлерин жеңет.

Ошондуктан биз жең түрүп, белди бууп, бар күчүбүздү жумшап, Ислам мамлекетин — рашид Халифалыкты кайра тикелөө үчүн аракет кылышыбыз керек. Ошондо биз анын армиясында болуп, душман менен согушуп, аны жеңип, ага үстөм болобуз жана Аллахтын уруксаты менен Пайгамбарыбыз ﷺ  хадистеринде сүрөттөлгөн ошол «таифа захиранын» ичинен болууну үмүт кылабыз.

Ошондой эле бул жерде өтө маанилүү бир нерсе бар: маселе бул же тигил топ «биз таифа захирабыз» деп айтышында эмес. Чыныгы маселе ким ошол таифа захирадан болууну кааласа, анда хадистерде баяндалган сыпаттарды ишке ашыруусу керек.

Ал сыпаттар Ислам мамлекетин жана мусулман армиясын тикелөө, алар менен каапыр душманга — Америкага, Британияга, яхудийлерге ж.б. каршы согушуу, аларды жеңүү, үстөм болуу. Ошондо гана ал топ «бул таифа захирадан» деп көрсөтүлөт. Демек, ким таифа захирадан болууну кааласа, душманды жеңип, ага үстөм болууга алып баруучу амалдарды кылуусу зарыл.

Биз Аллах Тааладан бизди ошолордон кылуусун, Ислам мамлекети рашид Халифалык кайра тикеленип, аны көрүү бактысын насип кылуусун, жана душманды жеңип, аны басып алып, ага үстөм боло турган Ислам аскерлеринин катарында болуубузду тилейбиз.

Чындыгында, Аллах Таала Өзүнө (динине) жардам бергендерге жардам берет. Ал Күчтүү жана Азиз.

7-Рамазан 1425-х.

21-10-2004-ж.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button