Түрк мамлекеттер уюму үммөттү ойготобу же уктатабы?

Түрк мамлекеттер уюму үммөттү ойготобу же уктатабы?
30-октябрда Түркиянын борбору Анкара шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мамлекет башчыларынын 13-саммити өтүп жатат. Саммитке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Түркия жана Венгриянын лидерлери катышты.
Жыйын учурунда аймактык жана эл аралык күн тартиптеги актуалдуу маселелер талкууланып, Анкара декларациясына жана бир катар документтерге кол коюлду. Ал эми, Азербайжандагы жоолукчан окуучу, мугалимдерге каршы дээрлик бир айдан бери уланып жаткан зулумдукка карата сөз да айтылбады. Бул уюм ичиндеги ажырымдын дагы бир көрсөткүчү болуп калды. Буга чейин Казакстан “израил”дин эгемендигин тастыктап, бекемдей турган «Ибрахим келишимдерине» кошулган. Пайдага негизделген капиталисттик көз караштан улам, Азербайжан менен Казакстан яхудий түзүмүн мунай менен камсыздап келүүдө. Коопсуздук, курал-жарак соодасы боюнча да кызматташтыкты күчөтүп жатышат.
Албетте, мунун менен уюмдун башка мүчөлөрү мындай кыянаттыктан алыс деп айтууга да болбойт. Анткени, улутчулдук жана Ислам ураандары менен белгилүү болгон Эрдогандын Түркиясы да яхудий түзүмү менен соода алакасын улантып, Казакстан менен Азербайжандын мунайын өткөрүүгө ортомчу болуп келе жатат.
Демек, Түрк мамлекеттер уюму буга чейин түркчүлүк урааны астында Америка кызыкчылыгы үчүн Борбор Азия аймагын Орусия жана Кытайдан алыстатууга кызмат кылып келсе, бүгүн анын ичинде пайдага негизделген кызыкчылыктар басымдуулук кылып барууда. Бул болсо, улутчулдук түшүнүктүн капиталисттик мабда алдындагы алсыздыгын көрсөткөн табигый көрүнүш болуп калды. А бирок, кызыкчылык үстөм келген жердеги робытанын алсырашы да табигый.
Андыктан, Түрк мамлекеттер уюмунун популисттик ураандарынан, сырты жалтырак сый мамилелеринен таасирленип, аны үммөттү ойготуучу уюм катары карагандар жаңылышат. ТМУ тескерисинче, үммөттү бир колонизатордун кучагынан экинчи колонизатордун таасирине киргизүүдөн башка максатты көздөбөйт. Башкача айтканда, Борбор Азиядагы салттуу таасирге ээ болгон Россия менен Кытайдан аймакты Батышка карай диверсификациялоону максат кылат.
Ал эми, үммөттү ойготуунун жолу улутчулдук же пайдага негизделген убактылуу уюмдар аркылуу болбойт. Тескерисинче, бүгүнкү дүйнөнү ач келемиштей кемирип жаткан капиталисттик башкаруудан баш тартып, Ислам акыйдасы негизинде үммөттү бириктирүү жана шариятты толук түстө революциялык жол менен турмушка ашыра турган Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу ойгонот. Ошондо момундар бүгүн чегип жаткан азаптардан кутулуп, фатх кылуучу кубатка айланат. Аллах Таала айтат:
﴿وَيَقُولُونَ مَتَى هُوَ قُلْ عَسَى أَنْ يَكُونَ قَرِيباً﴾
«Али алар «Ал (күн) качан болот?» деп (сурашат). Балким жакында болоор», деп айткын!». (Исра: 51).
Мумтаз Маверанахрий




