Комментарий

Шайлоолор элдин жашоосун өзгөртөбү?!

Шайлоолор элдин жашоосун өзгөртөбү?!

Жогорку Кеңеште шайлоолорду өткөрүү тартибин олуттуу өзгөртө турган мыйзам долбоору демилгеленди. Депутаттар президенттик жана парламенттик шайлоолордун күнүн расмий эс алуу күнү катары белгилөөнү сунуштап жатышат. Бирок бул күндүн эмгек акысы шайлоого катышкан жарандарга гана төлөнөт.

Документке ылайык, президенттик жана парламенттик шайлоо күндөрү дем алыш, майрам күндөрү жана эмгек өргүүсү менен катар өзүнчө эс алуу күнү катары таанылат. Мыйзам долбоорунун негизги жобосу боюнча, шайлоо күнү үчүн орточо күндүк эмгек акы добуш бергенин тастыктаган кызматкерлерге гана берилет. Жаран жүйөлүү себеби жок шайлоого катышпаган болсо, ал күн акы төлөнбөгөн эс алуу күнү катары эсептелет.

Мындан тышкары, депутаттар мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизип, камсыздандыруу стажын эсептөөдө шайлоого катышкан жарандарга ганашайлоо күнүн кошууну сунушташууда.

Долбоордун дагы бир жобосуна ылайык, келечекте Министрлер кабинети шайлоого катышкан жарандар үчүн кошумча жеңилдиктерди жана артыкчылыктарды берүүгө, ошондой эле шайлоого катышпагандар үчүн айрым чектөөлөрдү киргизүүгө укуктуу болот.

Комментарий: бийлик адамдарды шайлоого катыштыруу үчүн эбегейсиз үгүт кампанияларын жүргүзүп, үлкөн административдик ресурсту колдонуп келет. Бирок, ага карабастан жылдан жылга адамдардын шайлоого катышуусу солгундап барууда. Статистикадан көрүнүп тургандай, акыркы жылдардагы шайлоолордо адамдар эң аз катышканы катталган. Маселен, парламенттик шайлоолорду алып карасак, 1990 жана 2000-жылдары адамдардын шайлоого катышуусу негизинен 60 %дан ашып келген. 2007-жылы 74%, 2010-жылы 59%, 2015-жылы 56%, 2020-жылы 56% болгон. Ал эми 2021-жылдагы пайраменттик шайлоодо шайлоочулардын болгону 34 %ы добуш берген, ал эми 2025жылы бул көрсөткүч 36 %ды түзгөн.

Президенттик шайлоолор да ушундай өңүттө бара жатат, тагырагы шайлоочулардын катышуусу акырындык менен төмөндөө тенденциясын көрсөтүүдө. 1991-жылы президенттик шайлоодо шайлоочулардын болжол менен 89 %ы катышкан. 2005-жылы бул көрсөткүч 75 %, 2011-жылы 61 %, 2017-жылы 56 % болуп, ал эми 2021-жылдагы мөөнөтүнөн мурунку шайлоодо 39 %га чейин төмөндөгөн.

Бул бийлик үчүн көңүл жубатуучу көрүнүш эмес. Тескерисинче тынчсыздандырган, кала берсе кооптондурган абал. Ошондуктан, бийлик адамдарды шайлоого тартуу үчүн колдонуп келген үгүт кампанияларынан, административдик ресурстарынан тышкары жогоруда аталган мыйзамды да ишке салууну көздөп жатат.

Бирок, мындай суроолор жаралат: бул аракеттер адамдардын шайлоого кызыгуусун арттырабы? Эмне себептен адамдар шайлоого улам аз катышып жатат? Маселе талапкерлердеби же саясий партиялардабы? Шайлоолорго катышуунун солгундашы эмнени түшүндүрөт?

Шайлоолорго катышуунун басаңдашы саясий институттарга болгон ишенимдин төмөндөшүнө, экономикалык, социалдык абалдын жакшы жакка өзгөрбөй, тескерисинче төмөндөп жатканына байланыштуу. Себеби адамдардын укугу бузулуп, күч жана сот органдары алардын укугун коргоонун ордуна, тескерисинче басмырлап жатышканы баарына маалым. Андан тышкары элдин жашоо шарты оорлошуп барууда. Адамдардын тапканы кымбатчылык себептүү эч нерсеге жарабай калып жатат. Ал эми элди кокосунан алган салыктар менен айып пулдардын түрлөрү болсо көбөйүп, көлөмү эселеп жогорулоодо. Адамдардын проблемалары чечилбей, туңгуюкка кептелип жатышканын жер-жерлердеги эл менен акимдердин жолугушуулары да ырастап турат. Ал жыйындарда ачыкталгандай, адамдардын жөнөкөй бир укуктары да корголбой, тебеленип жатат.

Отуз жылдан бери эл жашоону жакшы жакка өзгөртөт деген пикирде ар кандай талапкерлерге, партияларга добуш берип келишти. Алардын “жалындуу”, “суктандырган” убадаларына ишеништи. Бирок, адамдар ар сапар шайлоодо алданышканын көрүштү. Шайлоо алдында берилген убадалар аткарылган жок. Тескерисинче шайланган талапкерлер же партиялар элдин мүдөөсүнө карама-каршы болгон мыйзамдарды, саясаттарды жүргүзүштү.

Натыйжада калк шайлоого начар катышып шайлоого карата көз карашын ачыктады. Адамдар бийликтеги башчылардын, аткаминерлердин, депуттардын алмашуусу эч бир өзгөрүү алып келбестигин түшүнүп барууда.

Демек, турмуш чындыгы көрсөтүп тургандай, маселе жеке адамда эмес. Маселе – колдонулуп жаткан системада. Бүгүнкү экономикалык, социалдык абалдын баарына учурдагы капиталисттик система себепкер. Бүгүнкү абал – анын жыйынтыгы. Андыктан, капиталисттик система өзгөрмөйүн учурдагы оор абалыбыз таптакыр өзгөрбөйт. Ал тургай, тескерисинче жаман нукта бара берет. Анткени бул система бир ууч байлардын гана жыргал жашоосун камсыздап, калган адамдардын кул сыяктуу эксплуатация болушун кепилдейт. Ал эми ар кандай шайлоолор бул чындыкты жашырган парда сыяктуу. Капиталисттер адамдарды шайлоо менен алдап, оор жашоосунан чыгууга үмүт берип азгырышат. Бирок абал өзгөрүүсүз калат.

Демек, адамдарды эмес, системаны өзгөртүүгө көңүл буруубуз кажет. Ошондо гана туура багытты тапкан болобуз. Ал эми, системаны өзгөртүүгө келсек, бул абалдан чыгуу үчүн Исламга кайтуубуз шарт. Ал гана чыныгы өзгөрүүнү алып келет. Себеби Ислам капитализм, социализм сыяктуу толук бир система. Анын өкүмдөрү жана эрежелери инсандын адамга кул болуусунан алып чыгып, бакубат жашоону камсыздайт. Ислам адамды эксплуатация кылуу үчүн эмес, анын проблемаларын чечүү үчүн келген. Ал гана адамдын азиздигин, сый-урматын, укугун коргоп, эки дүйнө бакытын тартуу кылат. Ал эми андан башка системалардын баары адамды бактысыз жашоого кептейт.

«Анан, силерге Мен тараптан хидаят (жетекчилик көрсөтмө) келгенде ким Менин хидаятымды ээрчисе, жолдон адашпайт жана бактысыз болбойт. Ким Менин эскертмемден баш тартса, анда, албетте ал үчүн бактысыз турмуш болот жана Биз аны Кыямат күнүндө сокур абалда тирилтебиз». Таха сүрөсү, 123-124-аяттар:

Харун Абдулхак

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button