Асыл хадис

Элдешүү

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Элдешүү
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
أَخْبَرَنَا عَبْدُ اللَّهِ بْنُ مُحَمَّدٍ الْأَزْدِيُّ، قَالَ: حَدَّثَنَا إِسْحَاقُ بْنُ إِبْرَاهِيمَ الْحَنْظَلِيُّ، قَالَ: حَدَّثَنَا أَبُو مُعَاوِيَةَ، قَالَ: حَدَّثَنَا الْأَعْمَشُ، عَنْ عَمْرِو بْنِ مُرَّةَ، عَنْ سَالِمِ بْنِ أَبِي الْجَعْدِ، عَنْ أُمِّ الدَّرْدَاءِ، عَنْ أَبِي الدَّرْدَاءِ، عَنْ رَسُولِ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ: “أَلَا أُخْبِرُكُمْ، بِأَفْضَلَ مِنْ دَرَجَةِ الصِّيَامِ، وَالْقِيَامِ”؟، قَالُوا: بَلَى يَا رَسُولَ اللَّهِ، قَالَ: “إِصْلَاحُ ذَاتِ الْبَيْنِ، وَفَسَادُ ذَاتِ الْبَيْنِ هِيَ الْحَالِقَةُ”. (صحيح بن حبان 5183)
Бизге Абдулла ибн Мухаммад аль-Азди Абу ад-Дардадан риваят кылды: Аллахтын Элчиси, ага Аллахтын салам-салаваттары болсун айтты: “Силерге орозо кармоонун жана намаз окуунун даражасынан да жакшыраак нерсени айтып берейинби? Алар: Ооба, оо Аллахтын элчиси, – дешти. Ал: Адамдар ортосун жараштыруу, анткени адамдардын ортосундагы келишпестик – бул кыйроо”, – деди. (Сахих Ибн Хиббан 5183).
Урматуу бир туугандар:
Эң жакшы сөз – бул Улуу Аллахтын сөзү, ал эми эң жакшы жол – бул Анын Пайгамбары, ага Аллахтын салам-салаваттары болсун, Мухаммаддын жолу.
Бул асыл хадис бизди адамдар көңүл сыртында калтырып унутта калтырган исламдын маанилүү максатына багыттайт. Адамдар салттуу түрдө орозо кармоо жана намаз окуу сыяктуу ибадаттарды Аллахка жакындоонун эң жогорку деңгээлине коюшкан. Алар ааламдардын Эгесинин алдында бул ибадаттардын даражасынан да кем эмес маанилүү болгон жана аларды эң жогорку даражаларга көтөргөн маселелерди, мисалы, адамдардын ортосун жараштырууну көз жаздымда калтырышкан.
Бул асыл хадис бизди коом туруктуу жана бейпил, коопсуз жана тынчтык болушу үчүн адамдардын ортосун жараштыруунун маанилүүлүгүн эскертти. Бул нерсе шайтандын эшиктерин жабат, ошондуктан ал адамдар ортосунда келишпестик жайылтуунун эч кандай жолун таппайт. Биздин урматтуу Элчибиз, ага Аллахтын салам-салаваттары болсун, адамдар ортосундагы келишпестик- аларды коопсуздуктан ажыратуу жана жашоосуна коркунуч жайылтуу, тозокко алып баруучу жана мусулмандын амалдарын жокко чыгаруучу эң жаман нерселердин бири экенин эскертти. Ошондуктан мусулман адамдын мурда кармаган орозосу жана окуган намаздары ага пайда алып келбей кала турганын да бизге баяндады. Адамдар ортосундагы келишпестик – бул адамдардын жашоосун талкалап, ал тургай кан төгүүгө алып келиши мүмкүн болгон аракеттердин бири.
Аллахтан бизди жер бетинде бузукулардан жана бузукчулук кылуучулардан алыс, адил оңдоочулардын катарына кошуусун суранабыз. Оомийин.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.
1448-х, 29-робиус саани. 
2026-ж, 11-октябрь.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button