Йемен маселесинин кескин курчушунун артында эмне турат?

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Суроо-жооп
Йемен маселесинин кескин курчушунун артында эмне турат?
Суроо: Президенттик Кеңештин мүчөсү Айдарус аз-Зубайди жетектеген, Йемендеги Түштүк Өткөөл Кеңешинин күчтөрү, Хадрамавт жана Аль-Махрага өз күчтөрүн жайгаштыргандан кийин, иштер абдан татаалдашып кетти. Кеңештин башчысы Рашад аль-Алими БАЭ менен түзүлгөн биргелешкен коргонуу келишимин токтотуп, андан Йеменден 24 сааттын ичинде өз күчтөрүн чыгарып кетүүнү талап кылды. Сауд Арабиясы аны дароо колдоп, Мукалла портундагы Эмираттардын курал-жарактарын бомбалады. Сауд Арабиясы Рашад аль-Алиминин өтүнүчүнө жооп берип, Йеменден күчтөрүн чыгарып кетүүнү БАЭден талап кылды. Анан БАЭ чегинип кетти… акырында аз-Зубайди БАЭге качып кетти… Йемен маселесинин мынчалык кескин курчушунун артында эмне турат? Британия Йемендеги жактоочуларын жоготуп жатабы? Бул чыр-чатактын эл аралык өңүтү барбы?
Жооп:
Маселени тактоо үчүн, бул кризис кантип пайда болгонун, андан кийин бул окуялардын кесепеттери жана кырдаалдары кандай болгонун түшүндүрүп беребиз:
Биринчиден: Кризистин пайда болушунун жергиликтүү өңүтү.
- Сырткы көрүнүшү боюнча, Түштүк Йемен мамлекетин калыбына келтирүү долбоорун эң туруктуу колдогон тарап болгон Йемендин Өткөөл Кеңеши. Ал алдыга жылганда, кризис күчөй баштады. Ал өзүнүн күчтөрү менен Хадрамавт жана Аль-Махраны басып алып, Амр бин Хабриш жетектеген уруулук альянстын күчтөрүн мунай объектилеринен кууп чыкты. Түштүк Өткөөл Кеңешке берилген Йемен күчтөрү аймакта өздөрүнүн көзөмөлүн жарыялашкан, бейшемби күнү эртең менен Хадрамавт губернаторлугунун Аль-Масила аймагындагы мунай компанияларынын объектилерине аскердик операциялар жүргүзүлдү, анын алкагында мунай кендерине, айланадагы объектилерге жана камсыздоо жолдоруна аскердик операциялар жүргүзүлдү. Бул Хадрамавттагы уруулук альянска кирген күчтөр айрым жерлердеги чектелүү кагылышуулардан кийин аймактагы позицияларынан чегингенден кийин болду… ( BBC, 2025.12.4).
- “Аль-Жазира” телеканалы 2025-жылдын 3-декабрында Мухаммед Аль-Кахтани жетектеген Сауд Арабиясынын делегациясы Хадрамавт аймагынын борбору Мукалла шаарына келип, ал жердеги тараптарды чогултуп, чыңалууну токтотуу боюнча макулдашууга жетишилгенин билдирди. Бул келишим боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду. Хадрамавт губернаторлугунун басма сөз кызматы билдирүүсүндө, келишимге Хадрамавт губернатору Салим Ахмад Аль-Ханбаши жана Губернатордун биринчи орун басары, Хадрамавттагы уруулук альянстын башчысы шейх Амр бин Али бин Хабриш кол койгонун билдирди. Сауд Арабиясынын делегациясы келишимди ишке ашыруу үчүн кепил катары Хадрамавттын ичинде кала берери макулдашылды. (Sky News, 2025.12.4).
- Мунайга бай Йемендин чыгыш провинциясына өзүн-өзү башкарууну талап кылган Хадрамавт урууларынын альянсынын башчысы Шейх Амр бин Хабриш Хадрамавт жээктеги жана платодогу жерлерди бутага алып, мунай объектилерине коркунуч жаралып, чет элдик куралдуу күчтөр басып кирип жатканын билдирди. Бин Хабриш телекөрсөтүү аркылуу сүйлөгөн сөзүндө Түштүк Өткөөл Кеңештин күчтөрүн “Хадрамавт уруулук альянсына таандык позицияларга дрондорду колдонуп, альянс менен Хадрамавт губернаторлугундагы жергиликтүү бийликтин ортосунда түзүлгөн келишимди ачык бузуп, өлүмгө жана жаракат алууга алып келген” деп айыптады. (Аль-Араби Аль-Жадид, 12.09.2025).
Сауд Арабиясы бул окуяларды четке какты, учурда Хадрамавт губернаторлугуна иш сапары менен барган Сауд Арабиясынын делегациясынын башчысы Генерал-майор Мухаммед Аль-Кахтани (Йемен боюнча атайын комитеттин башчысы) өз өлкөсүнүн губернаторлуктун туруктуулугун колдоо позициясын баса белгилеп, “кандайдыр бир күч менен аткарыла турган ишти таңуулоо аракеттерин” четке какты.
- Ошол эле учурда Йемендин президенттик жетекчилик кеңешинин башчысы Рашад аль-Алими Сауд Арабиясы менен бир пикирде болуп, анын позициясын карманды. Йемендин Президенттик Кеңешинин башчысы Рашад аль-Алими коопсуздукка жана туруктуулукка тоскоол болгон жана мыйзамдуу өкмөттүн ыйгарым укуктарына шек келтирген ар кандай жеке аракеттерди кескин четке кагаарын ырастады. Ал Хадрамаут губернаторлугунда жетишилген ок атышууну токтотуу келишимин толук сактоо зарылдыгын баса белгиледи. Аль-Алиминин бул сөзү ал убактылуу борбор шаар Аденден Сауд Арабиясына жөнөп кетер алдында айтылды (“Аль-Кудс” гезити, 2025-жылдын 5-декабры).
- Сауд Арабиясынын БАЭ Түштүк Өткөөл Кеңешинин күчтөрүн Хадрамавт жана Аль-Махрага жайгаштырганга чейинки кырдаалды калыбына келтирүү аракеттери ийгиликсиз болуп, туңгуюкка кептелгендиктен, кризис күчөп, аймактык масштабга ээ боло баштады. (Йемендеги Президенттик Кеңештин башчысы Рашад аль-Алими шейшемби күнү Бириккен Араб Эмираттары менен биргелешкен коргонуу келишимин жокко чыгаруу чечимин жарыялады жана эмираттык күчтөргө Йеменден чыгып кетүү үчүн 24 саат убакыт берди. (RT, 2025.12.30). Ал Коргоо министрлигине караштуу “Мекен калкан” күчтөрүнө эрте кыймылдап, эки губернаторлуктагы бардык аскерий лагерлерди ээлөөгө буйрук кылды.
- Сауд Арабиясы бул кадамды дароо колдоду, андан кийин кризис күчөп, Сауд күчтөрү БАЭ тарабынан Өткөөл кеңешти колдоо үчүн Мукалла портуна жөнөтүлгөн курал-жарактарды жана ок-дарыларды бомбалады. Сауд Арабиясы жетектеген Йемендеги коалиция шейшемби күнү Хадрамавт губернаторлугундагы Мукалла портуна БАЭден келген курал-жарактарды жана согуштук унааларды бутага алуу менен чектелген аскердик операция жүргүзгөнүн жарыялады. (Sada News, 2025.12.30). Ошентип, Йеменде оор кризис түзүлүп, дипломатиялык аракеттер менен чечилбей, ал аймактык деңгээлде күчөп, Сауд Арабиясы Президенттик кеңештен Бириккен Араб Эмираттарын Йемен аренасынан кууп чыгууну талап кылды. Андан кийин ал БАЭнин Хадрамавттагы Түштүк Өткөөл Кеңешине жөнөткөн курал-жарактарын бомбалап, Сауд Арабиясы менен БАЭнин ортосунда 2017-жылы Сауд Арабиясы менен Катардын ортосунда болгондой оор кризис пайда болушу мүмкүн деп коркутту.
- БАЭ “баш ийип”, Йеменден өз күчтөрүн чыгарып кетүүнү жарыялаганга чейин коркутуу уланды. БАЭнин Коргоо министрлиги бүгүн, шейшемби күнү, Йемендеги калган терроризмге каршы топторду, өз каалоосу менен мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында жана тиешелүү өнөктөштөр менен координациялоо жолу менен коалициядан чыгуусун жарыялады.. (RT, 2025.12.30). Сауд Арабиясы Йемендеги БАЭнин жолдоочуларына (Айдарус аз-Зубайди жетектеген Түштүк Өткөөл Кеңеш) Хадрамавт жана аль-Махраны таштап кетүү жөнүндө эскертүүлөрдү жөнөтүүнү улантты, кеңеш башында жооп берүүдөн баш тарткан. Андан кийин ал Сауд Арабиясынын басымы астында биргелешип катышууну же жарым-жартылай чыгып кетүүнү сунуштап, кандайдыр бир жооп кайтара баштады. Йемендеги Түштүк Өткөөл Кеңешинин күчтөрү Хадрамаут жээгиндеги жана өрөөнүндөгү бир катар аймактардан чыга баштады… (Аль-Мудун, 2025.12.31). Бул чегинүү кризистин акыркы чечими эмес, тескерисинче, амалкөйлүккө жакыныраак болду!
- Андан кийин, коалициянын маалымат каражаттарындагы жарыясына ылайык, Зубайди 2026-жылдын 8-январында Аденден Сомали аркылуу Абу-Дабиге качып кеткен. Андан кийин Сауд Арабиясынын коргоо министри Падышалык түштүктүк ишмерлер менен кеңешип, Эр-Рияд конференциясына даярдануу үчүн даярдоо комитетин түзөрүн билдирди. Жума күнү эртең менен Йемендеги Түштүк Өткөөл Кеңешинин башкы катчысы Абдул Рахман ас-Субайхи кеңешти жана анын бардык органдарын таркатканын жарыялады. Ал Сауд Арабия падышалыгынын колдоосу астында өткөрүлүүчү ар тараптуу түштүк конференциясы аркылуу Түштүктө адилеттүү максатына жетүү үчүн иштеп жатканын жарыялады. (Аль-Жазира, 01.09.2026).
Экинчиден: Эл аралык өңүт
- Бул өңүт ачык жана бир мааниге ээ. Сауд Арабиясынын акимдери Американын саясатын ишке ашыруучу малайлар, ал эми Эмираттардын акимдери Британиянын саясатын ишке ашыруучу малайлар. Алар карама-каршы тараптар, ошондуктан алардын Йемендеги кызыкчылыктары кагылышат жана алар чыр-чатактын босогосунда турушат же анын эшиктеринин биринен киришет. Бирок, бул чыр-чатакка катышкан йемендик тараптар жакында эле британдыктардын малайлары болушкан. Йемендеги Түштүк Өткөөл Кеңешти жетектеген жана Президенттик Кеңештин сегиз мүчөсүнүн бири болгон Айдарус аз-Зубайди Улуу Британиянын малайы болуп саналат жана бардык аракеттерин БАЭ менен координациялайт.
- Түштүк Өткөөл Кеңешинин башчысы Рашад аль-Алимиге келсек, ал дагы британиялык лагердин бир бөлүгү болгон, бирок ал Сауд Арабиясын катуу колдоп, БАЭнин Йеменден чыгып кетишин талап кылган. БАЭ бул Британиянын Йемендеги таасирин сактоо үчүн күчтүү курал:
А. 2022-жылы президенттик кеңеш түзүлгөн, анын төрагасы Рашад Аль-Алими президенттин ыйгарым укуктарына ээ, ал эми калган жети мүчөсү вице-президенттин ыйгарым укуктарына ээ. Бирок анын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү британдыктар менен байланышкан Йемендин саясий борборунан болушканына карабастан, Сауд Арабиясы жана Американын өкүлү бул президенттик кеңешти түзүүгө макул болушту. Бирок алар буга маани беришкен эмес, анткени Сауд Арабиясы Президенттик кеңешти каржылык жана коопсуздук колдоосу аркылуу көзөмөлдөп турган, айрыкча, аны тынчтандырып турган нерсе Өткөөл кеңештин төрт мүчөсү ага караштуу. Мындан тышкары, британдыктардын жолдоочусу болгон жана Йемендин мурдагы президенти Али Абдулла Салехтин убагынан бери жогорку саясий кызматтарды ээлеп келген аль-Алими Сауд Арабиясында жашап, каржылык жана коопсуздук жагынан Сауд Арабиясынын жардамына абдан таянган. Мунун баары Сауд Арабиясына акыркы учурларда күчтүү мүмкүнчүлүк жолдорун ачты.
Б. Ошондуктан, анын позициясы декабрь айынын башында Өткөөл кеңештин Хадрамавт жана Аль-Махра губернаторлуктарына жасаган чабуулуна каршы бекем болду. Ал гана эмес, БАЭни Йемен майданынан чыгарып салуу менен бекем позицияны ээледи жана бул Улуу Британиянын Йемендеги калган таасирине чоң зыян келтирет. Бул малайлардын өзгөргөнүнүн көрсөткүчү жана анын акыркы билдирүүсү муну көрсөтүп турат. Йемендин Президенттик Кеңешинин башчысы Рашад аль-Алими бүгүн Сауд Арабиясы менен стратегиялык өнөктөштүктү коргоо улуттук милдет экенин билдирди. Йемен жетекчилиги бул өнөктөштүк аркылуу жетишилген жетишкендиктерди моюнга алат, ошол эле учурда аны коркунучка кептөө ыктымалын да билет. Ал бул өнөктөштүк Йемен мамлекетин калыбына келтирүү аракеттерин колдоодо фундаменталдык тирек болуп саналаарын баса белгиледи. (Аль-Арабия, 2026-жылдын 1-январы). Ошондуктан, Президенттик Кеңештин мүчөлөрү болгон жогорку даражалуу Британия малайлары ага каршы чыгып, ал өзүнүн ыйгарым укуктарынан аша чаап жатат деп айыпташты. Алар биргелешкен билдирүү жасап, “Президенттик Кеңештин башчысы Рашад Аль-Алиминин бир тараптуу аракеттерин жана чечимдерин, анын ичинде өзгөчө кырдаал жарыялоону, кооптуу саясий жана коопсуздук билдирүүлөрүн чыгарууну жана ал тургай Бириккен Араб Эмираттарын араб коалициясынан жана Йемендин аймагынан чыгарып жибергенин чоң тынчсыздануу менен кабыл алышты” деп билдиришкен. (Independent Arabia, 2025.12.30). Бирок аль-Алиминин британиялыктардан Сауд Арабиясына малайлыгын өзгөртүшү Түштүк Йемендеги британия малайларынын жок болушун билдирбейт, тескерисинче, аларды алсыратты, айрыкча Абдул Рахман ас-Субайхи Өткөөл кеңешти таркатканын жарыялагандан кийин британдыктардын позициясы алсырады.
Үчүнчүдөн: Бул катуу таасир талашууну жакшылап карап чыккандан кийин, анын Хадрамавттын айланасында болуп, Махра губернаторлугун да камтыганын көрөбүз:
- Йемендин үчтөн бир бөлүгүн түзгөн Хадрамавт Йемен согушу жылдарында чыр-чатактын четинде калган жана Түштүк Йеменди түндүктөн бөлүүнү көздөгөн Өткөөл Кеңеш тарабынан кыйыр түрдө көзөмөлдөнгөн аймактардын бири катары эсептелген. Сауд Арабиясынын ага кийлигишүүсү чектелүү болгон. 2024-жылы Сауд Арабиясы Йемен өкмөттүк күчтөрүнүн (Рашад Аль-Алими) Хадрамавтка киришин колдогон, ал эми БАЭ колдогон Өткөөл кеңеш буга каршы болгон (Balqees веб-сайты, 2024-жылдын 3-июну). Сауд Арабиясынын Хадрамавттагы кийлигишүүсү Трамп Америкада бийликке келгенге чейин чектелүү бойдон калган. Трамп келгенден тарта Сауд Арабиясынын кийлигишүүсү күчөп, БАЭге жана Түштүк Өткөөл Кеңешке карата акыркы коркунучтары туу чокусуна жетти.
- Трамп администрациясы келгенден кийин Сауд Арабиясынын Хадрамавтка кийлигишүүсүнүн көбөйүшүнө келсек, 2025-жылдын башынан бери Хадрамаутка чоң таасирин тийгизип келе жатканы айдан ачык. Ал уруу башчылары менен байланышып, өзүнө жолдоочуларын чогулта баштады жана Хадрамаут уруулары альянсынын лидери жана Хадрамауттун губернаторунун биринчи орун басары Амр бин Хабриштен издегенин тапты. Ал ага колдоо көрсөтүп, аны чоң бийликке түртө баштаган, ошондуктан ал Хадрамавтта көбүрөөк көзөмөлдү жана үстөмдүктү көздөгөн. 2025-жылдын февраль айында Бин Хабриш мунай экспортун токтотууну жарыялоо менен бирге “Хадрамутту коргоо күчтөрүн” түзүү менен майданга чыга келди. (Al Jazeera Net, 2025.12.3). Андан кийин Сауд Арабиясы аны Сейюндан Эр-Риядга жеткирүү үчүн аскердик учак жөнөтүп, колдоо көрсөткөндөн кийин, аны Эр-Рияддагы жогорку кызматтагы адамдар, анын ичинде Коргоо министри жана Сауд Армия штабынын башчысы тосуп алышкан (Аль-Араб гезити, 2025.3.29). Ал 2025-жылдын май айында Эр-Рияддан кайтып келип, 35 000 жоокерден турган 6 аскердик бригада, Жеке коопсуздук жана куткаруу сыяктуу адистештирилген коопсуздук бөлүмдөрүнүн түзүлгөнүн жарыялады. Акырында Сауд Арабиясы өзүнүн адамы Амр бин Хабришти мунай компанияларын көзөмөлдөөгө түрттү. Бул Айдарус аз-Зубайди жетектеген Түштүк Өткөөл Кеңешинин белин сындырган сокку болду. Ошондуктан ал Хадрамаутту кайрадан өз көзөмөлүнө алуу үчүн жеңин түрүп, кризистин күчөшүнө алып келди.
- Анан дагы бир маселе бар, ал кеңири Хадрамаут губернаторлугу табигый минералдык байлыктын баалуу казынасынын үстүндө жайгашкан, анын ичинде сейрек кездешүүчү минералдар, мисалы, скандий, жээктеги Хадрамавт райондору Бром Майфада жана Хажар райондорунда көп санда табылган жана ал учактарды жана космос кемелерин жасоодо колдонулат. Муну Аден шаарынын веб-сайты да 2025-жылдын 11-июлунда Хадрамавттагы Геологиялык изилдөө башкармалыгына шилтеме берип тастыктады. Хадрамауттагы бул ачылыш Йеменди сейрек кездешүүчү минералдардын глобалдык картасына киргизет, ошондой эле Хадрамауттун кара кумдары эл аралык компаниялар инвестиция салууга шашып жаткан ильменит, рутил, циркон жана магнетит сыяктуу минералдарга бай. Ошо сыяктуу эле, Хадрамавтта мунай, мрамор жана граниттин ири кору бар (Йемен Жакынкы Чыгышта сейрек кездешүүчү жер минералдарын өндүрүүчү өлкөлөрдүн тизмесинен өзүнө орун алган жалгыз араб өлкөсү катары айырмаланып турат..) Вашингтондо жайгашкан энергетикалык платформа 08.07.2025). Дал ушул сейрек кездешүүчү элементтер Трамптын администрациясын көптөгөн эл аралык саясатында маанилүү. Электрондук чип сыяктуу сезимтал өнөр жай процесстерин жөнгө салуучу бул сейрек кездешүүчү металлдарга ээ болууда, Кытайдын үстөмдүгүнө каршы турууга түрткү берип келет.
- Ошентип, Трамптын администрациясы Сауд Арабиясын Хадрамавттын туруктуулугун бузууга түрткөнү айдан ачык. Муну Бин Хабриш жетектеген уруулук альянстын мунай компанияларын көзөмөлдөөнү кеңейтүү жана өзүн-өзү башкарууга чакырыктардын темпин жогорулатуу аракеттери далилдеп турат. Бул британиялык топту (БАЭ жана анын Өткөөл Кеңеш сыяктуу жергиликтүү филиалдары) Хадрамавт жана Аль-Махра губернаторлугуна кол салып, көзөмөлдү басып алууга түрттү, бул Сауд Арабиясын, же тагыраагы, Трамптын администрациясын жинди кылды. Анын БАЭге каршы катаал чаралары 2015-жылы “Чечкиндүү бороон” операциясында алардын ортосундагы союздан бери болуп көрбөгөндөй курчуду. Бул катаал чараларга БАЭнин курал-жарактарын бомбалоо жана Өткөөл Кеңештеги анын тарапташтарын коркутуу да кирген. Бул Трамп администрациясынын бул маселеге, тактап айтканда, Хадрамавттагы сейрек кездешүүчү минералдар маселесине канчалык олуттуу мамиле кылып жатканын көрсөтүп турат жана Америка Сауд Арабиясынын куралына ишенгенине карабастан, бул маселеден четте калган жок. АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Сауд Арабиясынын тышкы иштер министри Фейсал бин Фархан менен байланышып, Йемендеги кырдаалды жана аймактык коопсуздукка жана туруктуулукка таасир этүүчү маселелерди талкуулады.( RT, 2025.12.30).
Жыйынтыктап айтканда, Йемендеги жаңы жагдай – Трамптын администрациясы сейрек кездешүүчү минералдардан улам Хадрамавтка көңүл буруп жатат. Америка башка өнөр жай процесстерин башкарган бул сезимтал тармактагы Кытайдын үстөмдүгүнө туруштук берүү үчүн аракет кылууда. Ошондой эле Йемен лидерлеринин, айрыкча президент Рашад аль-Алиминин британиялыктардан Америкага өтүп, малайлыгы күчөшү мүмкүн. Кытай компаниялары Хадрамавтта сейрек кездешүүчү минералдарды издеп жатканын билгендиктен, бул минералдар маселеси Трамп үчүн Кытай аларды басып ала электе шашылыш түрдө маанилүү. Каапыр өлкөлөрдүн малайлары Йемендеги согушту өз кожоюндарына гана белгилүү болгон максаттар үчүн ушундайча тутандырып жатышат. Бул оор окуялардын сериясы Йеменде гана эмес, Суданда жана башка мусулман өлкөлөрүндө да уланууда. Мусулмандар бири-бирин чыр-чатактарда өлтүрүшөт, алардын чыккынчы лидерлери алардын баарын курмандыкка чалууга үндөө үчүн чоң кызыкчылык бар экенин айтышат. Бирок бул чыр-чатактар чындыгында каапыр элдердин кызыкчылыктарын коргоо үчүн жүргүзүлүп келет. Бул окуялар үммөттүн эң күчтүү бөлүгү көтөрүлүп, башкаруучуларын жеңип, аларды катуу жазага тартканга чейин, Пайгамбарлык жолундагы адилеттүүлүк, ырайым жана хидаят мамлекети болгон Халифалык орногонго чейин улана берет. Андан кийин Аллах Ислам жана мусулмандар үчүн каалаган жакшылыктар, бейиштен береке, ырайым, даңк жана кадыр-барк болот. Аллах Таала айтат:
﴿إِنَّ اللَّهَ بَالِغُ أَمْرِهِ قَدْ جَعَلَ اللَّهُ لِكُلِّ شَيْءٍ قَدْراً﴾
“Албетте, Аллах Өзүнүн ишин ишке ашырат. Аллах ар бир нерсе үчүн өлчөм белгилеп койгон (ар бир иштин чеги бар)”.
Эртеңки күн аны күткөн адам үчүн жакын.
1447-х, 22-ражаб.
2026-ж, 11-январь.




