Ирак жана Иранды жактаган тайпалардын тагдыры

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Суроо жооп
Ирак жана Иранды жактаган тайпалардын тагдыры
Суроо: “Аш-Шарк аль-Авсат” гезити өзүнүн веб-сайтында 2026-жылдын 4-августунда жарыялаган макаласында: “Ирак өкмөтү абдан сезимтал кырдаал менен бетме-бет келди. Вашингтон Ирак өкмөтүнө өлкөнүн саясий, коопсуздук жана экономикалык институттарында терең тамырлаган Ирандын таасири астындагы тайпаларды куралсыздандыруу талабын койду. Натыйжада Ирак өкмөтү шал абалга кептелди”, – деп жазган. Ирактагы Элдик мобилизациялык күчтөр 2026-жылдын 29-июлунда Американын жана Сауд Арабиясынын согуштук учактарынын Ирактын бир катар провинцияларындагы Элдик мобилизациялык күчтөрдүн расмий штаб-квартираларына жасаган чабуулдарынын натыйжасында Элдик мобилизациялык күчтөрдүн кеминде 20 мүчөсү каза болуп, 32си жаракат алганын жарыялаган. (Жакынкы Чыгыш, 8.04.2026). АКШ жана Сауд Арабия Ирактагы Иран колдогон куралдуу топтордун жайгашкан жерлерине биргелешип чабуул коюшту… (Аль-Хурра, 31.07.2026). Бул премьер-министр Али Фаалих аз-Зайди АКШга расмий сапарынан кайтып келгенден кийин жасалды! Мунун баарынын артында эмне турат? Американын Ирактагы таасири мурдагыдан да күчөдүбү?
Жооп:
Бул суроолорду тактоо үчүн, төмөнкүлөрдү карап чыгабыз:
1. Америка Саддам Хусейндин учурунда Иракты басып алуу менен Баас режимине жана анын артындагыларга, башкача айтканда, бүткүл аймактагы Британиянын таасирине өлүмгө алып келүүчү сокку урган. Бирок британ таасири Сауд Арабиясынын өпкөсү аркылуу дем алуусун уланткан. Сауд Арабиясынын мурдагы тышкы иштер министри Сауд аль-Файсал Американын Ирактагы саясатын ачык сындаган. Ал Америка Иракта басып алган аймактар Иранга өткөрүлүп берилип жатканын айткан. Бирок 2015-жылы британ малайы падыша Абдулланын каза болушу жана америка малайы Салман менен анын уулу Мухаммаддын Сауд Арабиясында бийликке келиши менен Америка бул аймактагы британ таасирине өлүмгө алып келүүчү сокку урду. Британдыктар үчүн Перс булуңундагы мамлекетчелер жана Иордания гана калган. Алардын баары Американын таасирине каршы турууга күчү жок кичинекей мамлекеттер. Балким алар кийлигишүүгө да жөндөмсүз! Ошентип, Америка аймактагы иш жүзүндөгү негизги күчкө айланды.
2. Американын терроризм шылтоосу менен Исламга каршы согушундагы саясаты Ислам аймагын тайпалык жактан бөлүүнү талап кылды. Бул саясатка ылайык, Иран башка Сауд Арабиясына каршы сектанттык борборго айланды. Бул саясат ошондой эле Ирандын аймактагы ролун кеңейтүүнү талап кылган. Бул ролго Иракка кирүү жана Америка баскынчылыгынын көлөкөсүндө ал жерде “таасир аймагын” түзүү кирген. Ошол сыяктуу эле, Йемен менен Ливанда, Сирияда жана башка жерлерде тайпалык топтор аркылуу Америка таасирин жаюу да кирген. Ошол учурда Америка Ирандын бул ролуна абдан муктаж болгон.
3. Американын Сириядагы Иранга болгон муктаждыгы аяктагандан кийин, Американын саясатында белгиленген Ирандын ролу да аяктады. Ал алардын чыгып кетишин талап кыла баштады, чындыгында Иран Сириядан дароо күчтөрүн чыгарып кетти. Ал Ливанда партиясынын лидерлери өлтүрүлгөнүнө карабастан, яхудий мамлекетине каршы согушка катышкан жок, бирок өзүнүн ядролук программасы боюнча позициясынан чегинбеди. Жөөт режими 2025-жылы ага каршы баштаган согуш белгилүү тамсилдеги “ак бука желген күнү болду” деген абалга туш болду. Башкача айтканда, 2023-жылдын 7-октябрындагы окуялар башталгандан кийин дароо ага каршы согуш ачылбаганынан улам өкүнүчтөн оозун тиштеп калды. Тескерисинче, ал учурда Ливандагы партиясынын ролуна ыраазы болгон эле. 2025-жылдагы ага каршы согуш жана андан кийинки Америка жана анын жакын өнөктөшү жөөт мамлекети жетектеген согуштар Ирандын аймактагы ролун жок кылуу саясатын чагылдырган. Тегеранды жактаган ирактагы тайпалар аны менен бирге Америкага каршы согушуп, Ирактагы же Перс булуңундагы айрым мамлекеттердеги америка буталарына ракеталар жана дрондорду учура башташкан. Бул жерде Америка Трамп администрациясынын жаңы саясатынын алкагында Иранды баш ийген мамлекетке айландыруу жана мүмкүн болсо, анын аймактык ролун азайтуу максатында Ирактагы Ирандын ролун жок кылууну талап кылды. Ошондуктан, Ирактагы бүгүнкү саясий окуялардын кыймылдаткыч күчү Трамптын Ирактагы Ирандын таасирин жок кылуу саясаты алкагында жүрүп жатат.
4. 2003-жылы Иракты басып алып, ал жерде тайпалык саясий система курган Америка Иранга ал жерде олуттуу таасир этүүгө мүмкүнчүлүк берген. Бүгүн ал бул кырдаалды токтоткусу келет жана Ирак өкмөтүн сектанттык эмес, араб мамлекети катары кайрадан багыттоону каалайт. Башкача айтканда, Ирактын Иран менен болгон мамилесин үзүп, Перс булуңундагы мамлекеттер жана калган араб мамлекеттери менен мамилелерин нормалдаштыруу. Мунун баары Ирактагы Иран таасирине кийлигишүү же анын ал жердеги катышуусун жок кылуу үчүн жүргүзүлүп жаткан согуштун бир бөлүгү. АКШ Иракка Иран газын жеткирүүгө санкцияларды киргизип, Багдадды Ирандын газынан башка альтернативаларды издөөгө үндөдү. Ирактын альтернативасы түркмөн газы болгондуктан, ал Иран аркылуу өтүшү керек болчу, ошондуктан Америка аны четке какты. Ирак Ирандан электр энергиясын импорттоодон баш тартты: “АКШ Иракка коңшулаш Ирандан электр энергиясын сатып алууга уруксат берген санкциялардан бошотууну токтотту. Бул АКШнын президенти Дональд Трамптын Тегеранга “максималдуу кысым көрсөтүү” саясатына шайкеш келет”. (Al Jazeera Net, 03.09.2025).
Буга чейин АКШ Иран менен доллар аркылуу бүтүмдөрдү жүргүзгөн ирактык ар кандай уюмга санкцияларды киргизген: “Шаршемби күнү The Wall Street Journal гезити АКШнын расмий өкүлдөрүнө шилтеме жасап, АКШ Ирактын 14 банкына доллар менен операцияларды жүргүзүүсүнө бөгөт койгонун билдирди. Гезиттин билдирүүсүндө АКШнын Казына министрлиги жана Нью-Йорктун Федералдык резервдик банкы тарабынан киргизилген тыюу салуу, АКШ валютасынын Иранга чыгып кетишине каршы кеңири кампаниянын бир бөлүгү экени айтылган” (Аль-Кудс Аль-Араби, 2023-жылдын 19-июлу).
5. Башка жагынан алганда, АКШ Ирак өкмөтүнөн Иранды жактаган топторду кысымга алып, аларды өкмөттөн четтетүүнү талап кылууда. Маалымат булактары Кошмо Штаттар Ирактын жогорку даражалуу саясатчыларын Иран колдогон куралдуу топтор кийинки Ирак өкмөтүнө кирсе, Ирак мамлекетинин өзүнө таасир этиши мүмкүн болгон санкциялар менен коркутканын билдиришти. Буга Ирактын эң маанилүү финансылык булагы, атап айтканда, Нью-Йорктун Федералдык резервдик банкы аркылуу келген мунай кирешелерин бутага алуу коркунучу да кирет. Рейтер агенттигине маек курган төрт булактын айтымында, бул эскертүү АКШнын президенти Дональд Трамптын Ирактагы Иран колдогон топтордун таасирин азайтуу боюнча өнөктүгүнүн эң күчтүү мисалдарынын бири. (Sky News Arabia, 2026-жылдын 23-январы).
Ирак өкмөтү Американын көрсөтмөлөрүн аткарып жатканын, өкмөт Американын Иранга каршы уланып жаткан согушунда нейтралдуу экенин жарыялады. Бул нейтралдуулук анын Иранды колдобой турганын билдирет, болбосо АКШнын аскерлери Ирактын аймагын Иранга жана Иранга берилген ирактык топторго сокку уруу үчүн колдонушмак. Ошо сыяктуу эле, айрым гезиттер ачыкка чыгаргандай, жөөт режими Иракта аскердик базаларын түзүүгө аракет кылууда: “Ирак аймагында (Израилдин) базасы тууралуу мурунку маалыматтардан кийин, New York Times гезитинин билдирүүсүндө (Израил) Ирактын батыш чөлүндө экинчи жашыруун аскердик база түзгөнү аныкталган. (Deutsche Welle, 18.05.2026).
6. Андан кийин Америка Иракта өкмөттү ким жетектешине ачык кийлигише баштады. Малики Американын берилген малайы болуп, оккупация учурунда Иракты бекем Американын көзөмөлү менен башкарганына карабастан, Трамптын администрациясы анын Ирактын премьер-министри болуп кайра шайланышына ачык каршы чыкты. Трамп: “Аль-Маликинин тушунда өлкө жакырчылыкка жана башаламандыкка баткан. Эгер ал шайланса, анын саясаты жана акылга сыйбаган идеологияларынан улам бул кайталанбашы керек. Америка Кошмо Штаттары Иракка эч кандай жардам көрсөтпөйт”– деди. (Sky News Arabia, 2026-жылдын 29-январы). “Аль-Малики Ирак парламентиндеги эң ири саясий блок тарабынан премьер-министрликке көрсөтүлдү”. (Аль-Арабия, 14.02.2026). Малики өзүнүн жана Ирак элинин нааразычылыктарына карабастан, Трамптын талабын жеңе алган жок. АКШнын президенти Дональд Трамптын коркутууларына жооп катары, Ирактын мурдагы премьер-министри Нури аль-Малики шаршемби күнү “АКШнын Ирактын ички иштерине ачык кийлигишүүсүн” четке кагып, муну “өз өлкөсүнүн эгемендүүлүгүн бузуу” деп эсептей турганын билдирди. Трамптын сөздөрүнө нааразылык катары жүздөгөн адамдар Багдадда АКШ элчилиги жайгашкан Жашыл зонанын жанында демонстрацияга чыгышты. (France 24, 18.01.2026). Ошентип, Трамптын билдирүүлөрү Американын малай мамлекеттер жана алардын малай башкаруучулары менен болгон мамилелеринин чыныгы жүзүн ачыкка чыгарды. Чынында эле, аль-Малики четтетилип, 2026-жылдын 27-апрелинде Америка үчүн алгылыктуу инсан Али аль-Зайди дайындалды. Бул окуя Ирандын Ирактагы таасири өтө алсыз экенин, ал тургай таасир деңгээлине да көтөрүлбөй турганын көрсөтүп турат. Тескерисинче, Америка Иранга Иракта американын саясатын ишке ашыруу үчүн орун берип, ага жайларды камсыз кылып келген.
7. Америка бул ролду токтоткусу келгенде, Ирак өкмөтүнөн бул топторду куралсыздандыруусун талап кыла баштады жана Ливандан Ливандагы Иран партиясына каршы эмне кылууну талап кылгандай эле, Ирактан да куралсыздандыруунун мөөнөтүн белгилөөнү талап кылды. Чынында эле, Ирактын эки тобу куралсызданууга макул болушту. Июнь айынын башында ирактык шиит динаятчысы Муктада ас-Садрга берилген куралдуу топ “Тынчтык бригадасы”нын жоокерлери куралдарын Ирак өкмөтүнө өткөрүп берүү үчүн Самарра шаарында чогулушкан. Бул куралсыздандыруу процессинде бул тайпа Ирактын ичинде да, сыртында да иш алып барган, негизинен шиит кошуундарынан турган күчтүү альянс болгон “Элдик Мобилизациялык Күчтөрдөн” чыгып кетишин билдирген. “Тынчтык бригадаларына” кирген миңдеген жоокерлер бул альянстан биринчилерден болуп чыгып кетишкен жана алар акыркысы эмес. Күчтүү куралдуу топ болгон “Асаиб Ахл аль-Хак” дагы Элдик Мобилизациялык Күчтөрдөн чыгаарын жарыялады.
Ошондой болсо да, Иран колдогон бир нече белгилүү куралдуу топтор Ирактагы жана жалпы аймактагы Тегерандын кызыкчылыктарына кызмат кылууга бекем берилген бойдон калууда. Бирок Элдик Мобилизациялык Күчтөрдүн (ЭМО) ичиндеги бөлүнүп жарылуу Иран үчүн чыныгы сокку болуп саналат (Көз карандысыз Арабия, 2026-жылдын 12-июлу). Мамлекет курал-жарактарды тапшыруу үчүн мөөнөт белгиледи. Ирактын премьер-министри Али аз-Зубайди шейшемби күнү өлкөсү келерки сентябрь айы аяктагандан кийин эч бир тарапка мамлекет белгилеген чектен тышкары курал алып жүрүүгө уруксат берилбей турганын билдирди. Ак үйдө АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугушуусунда аль-Зайди өз өкмөтүнүн курал-жарактарга болгон мамилеси расмий коопсуздук күчтөрү менен гана чектеп коюуга негизделгенин баса белгиледи. (Sky News Arabia, 2026-жылдын 14-июлу).
Ошондуктан, бүгүнкү күндө Ирактагы саясий окуялар Американын Ирандын Ирактагы мурунку ролун жана ал жердеги таасирин жок кылуу саясаты менен байланыштуу. Американын бул жааттагы ийгилиги Иракка аскердик жана саясий кысым көрсөтүүдө гана эмес, каржылык тармакта да маанилүү көрүнөт. Ирактын мунайдан түшкөн кирешеси АКШ Казыналыгынын эсебине которулат, ошондуктан Ирактагы режим АКШ Казыналыгынын уруксатысыз кызматкерлеринин айлык акысын төлөй албайт!
8. Бир маселе калды, ал Ирактагы коррупцияны жана коррупционерлерди ачыкка чыгаруу өнөктүгү. Бул өнөктүк Ирактагы Иран менен байланышы барларга гана каршы багытталып, аларды коркута алат. Ал башкаларга таасир эткени менен, Америка аймактагы демократиянын үлгүсү катары курган Ирак режими башынан аягына чейин коррупцияга батып, ошол режимдердин ичинен эң коррупциялашкан режим болуп саналат. Ирак өкмөтү акыркы билдирүүлөрүндө каржылык жана административдик коррупциялык иштерге тиешеси бар деп айыпталган 21 чиновникти камакка алганын, ал эми издөөдө жүргөн дагы бир катар адамдар боштондукта жүргөнүн билдирди… Ирактын премьер-министри Али аз-Зайди өкмөттүн коррупцияга каршы күрөшүүгө жана мамлекеттик каражаттарды кайтарып алууга умтулаарын өкмөттүк жыйында ырастады. Экономикалык эксперт Абдул Рахман Аль-Машхадани “Al Jazeera Net” басылмасына берген маегинде Ирактагы каржылык жана саясий коррупциянын экономикалык чыгымын бир триллион доллардан ашык деп эсептейт. Ал тонолгон каражаттардын көпчүлүк бөлүгү чет элдик экономикага интеграцияланганын (чыгып кеткенин) белгиледи. (Al Jazeera Net, 07.03.2026).
9. Ошондуктан, Ирактын президенти Али аз-Зайдини премьер-министр кылып дайындагандан кийин, “Аш-Шарк” каналынын 2026-жылдын 10-майындагы маалыматы боюнча, Американын талаптарынын тизмесине Ирак өкмөтүнөн Ирандын таасирин алып салуу боюнча практикалык чараларды көрүү жана куралдуу топторду куралсыздандыруу кирет. Чынында эле, аз-Зайди Американын талаптарын ишке ашыра баштады: “Ирактын премьер-министри Али аз-Зайдинин коопсуздук жана экономикалык мекемелердеги кызматтан алуулары жана кеңири өзгөртүүлөрдү жүргүзүшү талаш-тартыштарды жаратты. АКШнын элчиси Том Баррак менен жолугушуусунан кийин жана Вашингтонго пландаштырылган сапарынын алдында анын “жүргүзгөн иш чаралары” мамлекеттик бийликти калыбына келтирүү кадамыбы же Иранга жакын тайпалардын таасирин бутага алган кысымга жооппу деген талаш-тартыш жаралды. (Al Jazeera Net, 2026-жылдын 19-июну).
Андан кийин Ирактагы саясий окуялар тездеди. Премьер-министр Али аз-Зайдинин буйругу менен, Ирактын борбору Багдадда Багдаддагы “Жашыл зонада” болуп көрбөгөндөй коопсуздук операциясы болуп өттү, анда Ирактын элиталык күчтөрү 47 кызматкерди, анын ичинде парламенттин 12 мүчөсүн коррупция боюнча айыптап камакка алышты. Бул коррупцияга каршы өнөктүгү АКШнын санкцияларына кабылган мунай министринин орун басары Али Мааражды кызматтан кетирди (BBC, 30.6.2026).
10. Ушундайча , Ирактагы саясий таасир толугу менен Американын таасири экени айкын болот. Анткени Америка Иранга берилген “Координациялык алкактан” Нури аль-Маликинин премьерликке көрсөтүшүн четке кагып, ага Али аль-Зайдини көрсөтүшүн талап кылды, ошондуктан ”координациялык алкак” муну жасады. Андан кийин ал аз-Зайдиге бул топторду жок кылып, куралсыздандыруу буйругун берген, ал дайындалганынан бир нече күн өтөөрү менен эле бул буйрукту ишке ашыра баштады. Андан кийин ал коррупцияга каршы күрөшүү өнөктүгүн ишке салды. Ошондуктан, коррупцияга каршы күрөшүү өнөктүгү ирактагы башка кызмат адамдарына тиешелүү болсо да Ирактагы Иранга берилгендердин моюнуна сунулган кылыч сыяктуу. Анткени Иракта коррупциядан таза чиновникти табуу кыйын. Америка түзгөн Ирактагы режим башынан аягына чейин коррупциялашкан. Муну менен Зайди өкмөтү жана анын артында Америка куралдуу топторду, Иранды жактаган топторду жана расмий адамдарды мамлекеттин буйруктарын тез арада аткаруу зарылдыгы менен коркутуп жаткандай. Эгер алар бул буйрукту аткарууну кечиктирсе, аларды коррупциялык документтер күтүп турат жана булар маанилүү документтер. Бул байланышсыз Иракта Америка курган жана бардык жагынан коррупциялашкан саясий системада коррупцияга каршы өнөктүктү түшүнүү мүмкүн эмес.
11. Али аз-Зайдинин 2026-жылдын 13-июлунда Ак үйгө барып, АКШнын президенти Трамп тарабынан жылуу кабыл алынды. Вашингтондон кайтып келгенден кийин, ал 2026-жылдын 23-июлунда Тегеранга иш сапары менен бар. Ошондой эле Axios басылмасы жарыялаган маалыматка ылайык, Иран аз-Зайдиден АКШга расмий сапарын жокко чыгарууну талап кылган. Буга карабастан, ал расмий сапарды ишке ашырган. Ушундан улам, айрым адамдардын Ирак Американын менен Ирандын таасирин тең салмактоого аракет кылып жатат деген ойлоруна келсек, Ирактын премьер-министри бир нече күн мурун Вашингтонго сапар алганга чейин Ирандын Жогорку лидери Али Хаменеинин сөөк коюу зыйнатына катышкан. Бул Багдад Тегеран жана Вашингтон менен болгон мамилелеринде тең салмактуулукту сактоого аракет кылып жатканын чагылдырган көрүнүш. (Аль-Арабия, 16.07. 2026).
А бирок бул ойлор чындыктан алыс. 2003-жылдан берки Американын аскердик катышуусу Американын Ирактагы таасиринен башка таасирди далилдеген эч нерсе жок. Көптөгөн аткаминерлер АКШ күчтөрүнүн чыгып кетиши жөнүндө сөз кылышат. Бирок кийинчерээк алар дагы эле ал жерде бар экени, ал тургай Ирактагы куралдуу топторго да сокку урууга жөндөмдүү экени билинди. Америка Иранга каршы согуш учурунда аэропортторго жакын аймактаргы иранга ыктаган тайпаларга тик учактар менен сокку урган. Ошондой эле Американын Иранга каршы чабуулдарын жүргүзүүнү жеңилдетүү үчүн Иракта убактылуу аскердик базаларын курууга жөөт режимине көмөктөшкөнүн да көрсөтүп турат. Мындан тышкары, ар кандай импорттоочу өлкөлөр тарабынан Ирак мунайынан түшкөн киреше АКШ Казыналыгынын атайын эсебине которулат. Америка Ирак өкмөтүнө Американын саясатына болгон реакциясына жараша ага каражат бөлөт. Бүгүнкү күндө ирак өкмөтүнөн тез арада жооп кайтаруу, өкмөтөн Ирандын таасирин алып салуу жана Иран менен байланышы бар чиновниктерди, мисалы, Нури аль-Малики сыяктуу аткаминерлер Америкага берилген малай болгонуна карабастан, кызматтан алуу талап кылынууда. Ошондой эле, Иранга берилген “Координациялык алкак” аз-Зайдинин талапкерлигин колдоп, андан бир нече күндөн кийин аз-Зайдинин аларга (Координациялык алкакка) каршы чыгышына түрткү болду. Америка бүгүн Зайди өкмөтүнөн шашылыш түрдө талап кылып жаткан нерсе Америкага каршы айрым операцияларды жүргүзгөн Революциялык корпус менен байланышы бар куралдуу топторду куралсыздандыруу. Ирак өкмөтү бул топторго куралдарын тапшырууга 2026-жылдын 30-сентябрына чейин мөөнөт койду. Башкача айтканда, өкмөт Вашингтон тарабынан берилген көрсөтмөлөргө ылайык өз жарандарына карата кол салуу үчүн өзүнүн коопсуздук күчтөрүн колдонот! Трамп Ирактагы таасири жана талап-тоноо менен мактанып, Ирак өкмөтү өз таасирин сактап калууга жетиштүү күчкө ээ болуп калганын айтты. Трамп ийри кабинетинде аз-Зайди менен жолугушуу учурунда: “Биз Ирактан чыгып кетебиз, анткени ал жерде аскердик катышуунун кереги жок деп эсептейбиз. Бизде азыр бардык мунай компаниялары Иракка барып, аны менен өнөктөштүк түзүп жатышат”, – деп билдирди. (Independent Arabia, 15.7.2026). Мына ушундайча , Америка өз кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн өз малайларын биринин артынан бирин садага чабат!
12. Жыйынтыктап айтканда, бир кезде Халифалыктын борбору болгон Ирак халифи Рим императоруна “жооп укканың эмес, көзүң менен көргөнүң болот”, – деп жазып андан кийин мусулман аскерлерин кыймылга келтирүү менен аны ордуна коюп койгон. Учурдагы Ирактын ушундай абалга келип калышы өкүнүчтүү. Бул өлкөнү бүгүн Америка саясий жактан гана эмес, анын каржы тармагын да бекем кармап турат. Ошондуктан Ирактагы режим эгерде Америка ага акчасынын бир бөлүгүн берүүгө уруксат бербесе өз кызматкерлеринин айлык акысын төлөй албайт! Чындыгында, бул эң чоң күнөөлөрдүн бири жана чоң кылмыштардвн. Аллах Таала бул жөнүндө чындыкты айткан:
﴿سَيُصِيبُ الَّذِينَ أَجْرَمُوا صَغَارٌ عِنْدَ اللَّهِ وَعَذَابٌ شَدِيدٌ بِمَا كَانُوا يَمْكُرُونَ﴾،
“Кылмыш кылгандар Аллах алдында кордукка жана айла-амалдары үчүн катуу азапка дуушар болушат”.
Учурда Үммөт үммөткө калп айтпаган Хизбге жардам берүү менен биргеликте өзүнүн адилеттүү халифалыгын калыбына келтирмейинче, бул кордуктан кутула албайт. Ошондо гана Аллахтын убадасы орундалат:
﴿وَعَدَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنْكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُمْ فِي الْأَرْض
“Аллах силердин араңардан ыйман келтирип, жакшы амалдарды жасагандарды жер жүзүндө халифа кылууну убадалады…”.
Биз жашап жаткан бул заалим башкаруудан кийин Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) кубанычтуу кабары орундалат. Хузайфанын риваятында Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) мындай деди:
ثُمَّ تَكُونُ مُلْكاً جَبْرِيَّةً فَتَكُونُ مَا شَاءَ اللَّهُ أَنْ تَكُونَ ثُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ أَنْ يَرْفَعَهَا ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ ثُمَّ سَكَتَ
“Кийин заалим падышалык болот, Ал Аллах каалаганча болот. Анан Ал аны көтөрүүнө каалаганда аны көтөрөт. Кийин пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот. Анан ал унчукпай калды”.
Анан Аллах бул улуу жеңишти орундатат:
﴿وَيَوْمَئِذٍ يَفْرَحُ الْمُؤْمِنُونَ * بِنَصْرِ اللَّهِ يَنْصُرُ مَنْ يَشَاءُ وَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيم﴾
“Ал күнү момундар Аллахтын жеңиши себептүү шаттанышат. Ал каалаган адамына жеңиш берет жана Ал – Кудуреттүү, Мээримдүү”.
1448-х, 22-сафар.
2026-ж, 5-август.




