Комментарий
Trending

Иран жана кара бука

Иран жана кара бука

Жаңылык:

Иран көчөлөрүндө режимди кулатуу талабын койгон ири нааразылык акциялары уланууда. Эгер демонстранттар күч жана ок менен басылса, АКШнын түздөн-түз аскерий кийлигишүүсү мүмкүн экенин билдирген өзгөчө коркутуусу айтылды. Муну менен бирге, биринчи ирет ачык түрдө Иран элин бүтүндөй режимди өзгөртүүгө үндөгөн чакырык айтылды.

Комментарий:

Балким, убакыт тандоосу күтүүсүз болгондур, бирок Иран режими күткөн тагдыр көптөн бери эле америкалык саткын капиталисттик саясатты кылдат талдаган адистерге айкын болуп келген. Экономикалык жана сакофий жактан кысымга туш болуп, эл аралык таасири көз алдында солгундап бараткан Америка дүйнөдөгү үстөмдүгүн жана көзөмөлүн сактоо үчүн убакыт менен жарышууга чечим кылды. Анын алдында ашыкча күч колдонуп, алдыга карай качуудан башка жол калган жок. Бул болсо кечээки союздаштардын эсебинен жасалууда. Жерлерин улам жоготуу коркунучунда турган Европадагы «дос» даражасындагылар болобу, же саткындын да өзү сатылган Иран режими сыяктуу «көз каранды» даражасындагылар болобу — айырмасы жок. Америка баалуулуктарын тебелеп, «жок» деген жоопту ким берсе, ага карата катуу таягын ишке салууда.

Иран режими Америкага ондогон жылдар бою кылган кызматтары менен өзүн куткара алган жок. Ирактагы жана Афганистандагы кызматтары да, ошондой эле Жакынкы Чыгыш аймагын белгисиз мөөнөткө чейин ыдыраткан ыплас мазхабдык согушту тутандыруудагы тыгыз кызматташтыгы да аны сактап кала алган жок. Америкалык көз караш боюнча анын кызматтары түгөнүп, мөөнөтү аяктап, алдыдагы этапка жана анын талаптарына ылайык келбей калганы — өлүм  барагын жазууга жетиштүү болду. Анткени Иран демонстрацияларды ок менен басса, Америка аскерий сокку урат деген коркутуу жана бул ирет ачык түрдө режимди кулатууга чакыруу — бул кооптуу кийлигишүү жана демонстранттарга толук калкан. Мындай калкан Сирияга берилген эмес. Эл ал учурда «Скад» ракеталары, химиялык курал, жарылуучу бочкалар менен кыргынга учурап жаткан эле. Иран режими бул билдирүүнү кеч түшүндү. Ал көрүнүштү Батыш менен кызыкчылыктардын кайчылаш оюну алкагында толук көзөмөлдөп турабыз деп эсептеп, өзүн сүйлөшүүдөн башка альтернативасы жок, Батыш долбоору үчүн орду толгус система деп эсептеп келген.

Чындыгында, Америка «вилаят ал-факих» бийлигин кулатуу менен тобокелге барат, анткени натыйжалар анын каалаган нугунда жеңил жана тынч өтпөйт. Тескерисинче, Иран режиминин кулашы аймакта зор башаламандыкка алып келип, Американын өзү өчүрө алгыс отту тутантып, балким, ондогон жылдар бою өзү курган нерселерин да өрттөп жибериши мүмкүн. Балким, ушул жамандыктын артынан кезегин күтүп турган жакшылык да тикелениши мүмкүн.

 Бүгүнкү күндөгү абал ата-бабаларыбыз кошунага да, жакынга да чыккынчылык кылган адамдын паскечтигин сүрөттөп айткан даанышман сөзүн ачыктап турат. Алардын сөзү тарыхта мындай деп жазылып калган: «Кара бука жеңилген күнү жеңилдим».

Шейх Аднан Мизян

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button