Мажбурлап согушка тартуу аракеттерине аймактык уюмдардын сүкүт сактоосу

Мажбурлап согушка тартуу аракеттерине аймактык уюмдардын сүкүт сактоосу
Россиянын абактарында жана тергөө жайларында кармалып жаткан Кыргызстандын жарандарына Украинага каршы согушка жөнөтүү максатында системалуу басым көрсөтүлүп жатканы тууралуу маалыматтар байма-бай чыгууда. Анын ичинде Воркутада кармалып турган Астрагүл Турушованын уулуна байланыштуу окуя, мамлекеттик жана мамлекеттер аралык бардык мекемелерди ыкчам аракетке келтириши керек эле. Мындай кырдаалда кезектеги формалдуу жооптор менен чектелбестен, шашылыш чаралар көрүлүүсү зарыл. Бирок, иш жүзүндө расмий түзүмдөрдүн жообу бюрократиялык кайдыгерлиги менен таң калтырууда. Ал эми, эл аралык уюмдардын бул маселеге карата унчукпай турушу, чындыгында кылмышка тете жоопкерсиздик.
Согушка “өз ыктыяры” менен жалдануу маселесине карата расмий адамдардын көз карашы, алар саясатта канчалык сокур экенин көрсөтүүдө. Иш жүзүндө адамдар мажбурлоо менен согушка жөнөтүлүп жатса, эл ыктыярдуулук сөздөрүнө кантип ишенсин?
Ал эми, фронтко жөнөтүү үчүн «адамдын өзүнүн макулдугу талап кылынат» деген билдирүү, элди келесоого чыгарууга тете. Түрмөдөгү изоляциялык бөлмөлөрдө кармалып турган адамга күнүнө үч-төрт жолу келип, уйкусун бузуп, аны психологиялык жактан сындырып, чыдагыс шарттар менен кыйнап туруп ага согушка жөнөтүү тандоосун сунуштаса, муну “жеке ыктыяр” деп атоо канчалык туура болот? Бул чыныгы чакырыктын мисалы эпеспи?
Адам изоляцияланган абалда бул чечимге барууга аргасыз. Анткени дал ошол түзүм мындай абалга алып келүүчү жагдайды жаратып, адамдын акы-укугун чектеп, кыйноо менен коркутуп, ага басым жасап мажбурлаган абалда анын макулдугун алууда.
Башкы прокуратуранын кайрылууларды Тышкы иштер министрлигине жөнөтүп, мекемелердин ортосунда жоопкерчиликти биринен экинчисине оодарышы, чет өлкөдөгү жарандардын укуктарын коргоодо расмий дипломатиянын алсыздыгын көрсөтөт.
Аткаминерлер жыйын өткөрүп, суроо-талаптарды бир мекемеден экинчисине жөнөтүп, «айрым учурлар тууралуу билбей калышыбыз мүмкүн» деп билмексенге түшүп жаткан маалда, Орусиянын түрмөлөрүндө жана түзөтүү колонияларында кармалып жаткан миңден ашуун Кыргызстан жарандары чыкырык аракеттеринин жана касапчы түзүмдүн алдында коргоосуз калууда.
Аймактык уюмдардын позициясы да өзгөчө көңүл бурдурат. Биз ЖККУ менен ШКУнун жыйындарында көп жылдан бери «коопсуздук саммиттери», терроризмге, экстремизмге жана трансулуттук кылмыштуулукка каршы биргелешкен күрөш тууралуу шаан-шөкөттүү билдирүүлөрдү, туйгуга толгон отчётторду угуп келебиз. Бирок эмне себептен ушул саммиттердин биринде да Орусиянын атайын кызматтары тарабынан жарандарды согушка жалдоо аракеттери тууралуу маселе көтөрүлгөн эмес?
Бул коопсуздук жаатындагы кош стандарттардын айкын көрүнүшү. Буга чейин бул уюмдар Сирия сыяктуу куралдуу жаңжал жүрүп жаткан аймактарда жаштарды мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрдүн катарына тартууга каршы күрөшүү тууралуу көп жылдар бою катуу билдирүүлөрдү жасап, өз иштерин байма-бай даңазалап келишкен. Ал кезде айрым жарандар ал жакка өз эрки менен кетип жатканына карабастан, маселе коопсуздукка олуттуу коркунуч туудуруучу көйгөй катары каралган.
Бул бүгүнкү күндөгү кылмыштуу сүкүт сактоонун ачык мисалы. ЖККУ, ШКУ түзүмдөрү жана мамлекет башчылары эгемендүү мамлекеттердин жарандары түрмөлөрдөн жана колониялардан системалуу түрдө согушка жалданып, башка өлкөгө каршы жүргүзүлгөн агрессивдүү согушка катышууга тартылып жаткан маалда сокур, дүлөйлөрчө унчукпай турушат.
Көйгөй башынан эле көмүскөдө калтырылып жатат. Анткени ал тууралуу ачык айтуу, өзүн «стратегиялык өнөктөш» деп атаган колонизатордун аброюна шек келтирүү дегенди билдирет.
Андыктан жыйынтык белгилүү: ЖККУ менен ШКУнун жарандарды коргоо жана аймактык туруктуулукту камсыз кылуу тууралуу шаан-шөкөттүү декларациялары жарандардын коопсуздугу геосаясий кызыкчылыктарга каршы келгенде куру сөз бойдон калууда.
Эл аралык аткаминерлер саммиттерде кызуу иш жүрүп жаткандай түр көрсөтүп жаткан чакта, кыргызстандыктар бөтөн мамлекеттин түрмөлөрүндө кармалып, башка бирөөнүн согушунда «сарпталуучу куралга» айланып жатат.
Маалымат үчүн: Чакырык – адамды шантаж, психологиялык басым жана коркутуу аркылуу согуштук аракеттерге мажбурлап тартуу. Мындай учурда адамдын «макулдугу» өз эрки менен кабыл алынган чечим эмес, кысым аркылуу алынган мажбурлоонун натыйжасы болуп саналат.
Абду Шүкүр




