Уганда Трамптан да артыгына муктаж

Уганда Трамптан да артыгына муктаж
Жаңылык:
Уганданын негизги оппозиция лидери, 43 жаштагы Роберт Кьягулани (Боби Уайн), президент Мусевени 2026-жылдын 15-январына белгиленген шайлоолорду бурмаласа, Венесуэлада болгон сыяктуу, АКШнын кийлигишүүсүн жакында колдой турганын билдирди.
Комментарий:
Дүйнөдөгү бардык демократиялык капиталисттик өкмөттөрдөй эле, айрыкча Африкада, Угандада да элдин негизги укуктарын бузуу боюнча узун тарых бар. 1986-жылдан бери бийликте турган Мусевенинин өкмөтү муну менен белгилүү. Amnesty International уюмунун 2024-жылкы баяндамасына ылайык, мындай бузууларга негизсиз камакка алуу, кармоо, сөз эркиндигин, тынч жыйындарды жана бирикмелерди түзүү укугун чектөө, мажбурлап жоготуу, а түгүл өлтүрүү да кирет.
Бириккен Улуттар Уюму жана Amnesty International Уганданын шайлоолоруна көзөмөл жүргүзгөн органдардын катарында болгонуна карабастан, өкмөт шайлоолордун алдында да, андан кийин да угандалык элдин алсыз көпчүлүгүн туруктуу түрдө пайдаланып келген. Маселен, 2021-жылдагы шайлоолор маалында кеңири масштабдагы нааразылык акциялары болуп, алардын натыйжасында полициянын колунан ондогон адамдар каза таап, интернет бир жумадан ашык убакытка өчүрүлгөн.
Мунун баары БУУ, Human Rights Watch жана Amnesty International сыяктуу батыштык колонизатор уюмдардын, ошондой эле батыш капиталисттик мамлекеттердин көз алдында болуп өттү. Буга карабастан, Угандадагы оппозиция лидерлеринин — өздөрүн угандалык эл үчүн күрөшүп жатабыз деп эсептегендердин — саясий жана экономикалык кризистерине чечим издөө үчүн дал ушул колонизатор мамлекеттерге жана уюмдарга кайрылып жатканы өкүнүчтүү.
Уганда, Африкадагы башка мамлекеттер сыяктуу эле, мол ресурстарга ээ. Анын аймагы 242 034 чарчы километрди түзөт, анын ичинен 6,9 миллион гектары айыл чарбага жарактуу жерлер болуп, бул өлкөнүн жалпы аянтынын 34,41% барабар. Калкынын саны болжол менен 33,6 миллион адамды түзөт. Эгер бул жерлер оптималдуу пайдаланылса, анда 200 миллиондон ашуун адамды азык-түлүк менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүк бар. Угандадагы мунай кору болжол менен 6,5 миллиард баррелге бааланат, Альберт көлүнүн айланасында келечектүү мунай кендери ачылган. Мындан тышкары, климаты ылайыктуу, жез, кобальт, ак таш, алтын жана башка минералдык кендерге бай.
Бирок бул ресурстар Уганданын элине эмес, батыштык колонизатор компаниялардын пайдасына иштеп, калктын басымдуу бөлүгүн терең жакырчылыкта калтырууда. Чет элдик инвесторлор негизинен бийик тоолуу аймактарда топтолгон түшүмдүү жерлерди пайдаланып, кофе, чай, какао, кант камышы сыяктуу жогорку нарктуу товардык өсүмдүктөрдү өстүрүшөт, ал эми мунай болсо британиялык «Туллоу Ойл» компаниясына жана Кытайдын улуттук деңиз мунай компаниясына берилген.
Уганда калкынын мойнунда өздөрүнүн чыныгы душманы капиталисттик мабдага каршы, ошондой эле анын бузук демократиялык саясий системасы жана коомдук ресурстарды азчылык көзөмөлдөгөн эксплуатациялык экономикалык системасына каршы күрөшүү милдети турат.
Ошондой эле биз Уганда калкын Исламды адилеттүү жана чынчыл түрдө изилдөөгө чакырабыз. Анткени алар Исламда жашоодогу бардык көйгөйлөрдүн чечимин табышат. Ал чечимдерди болсо Халифалык мамлекети шартында гана ишке ашырууга болот.
Саид Битуму




