Кабар

Дүйнөлүк экономикалык форум кескин билдирүүлөр менен башталды

Дүйнөлүк экономикалык форум кескин билдирүүлөр менен башталды

АКШ президентинин Гренландияга карата улам барган сайын агрессивдүү болуп жаткан сөздөрү трансатлантикалык чыңалууну күчөттү. Швейцариянын Давос шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк экономикалык форумда Франциянын президенти Эммануэль Макрон «эрежесиз дүйнөгө» өтүү коркунучунан эскертип, «агрессорлорду» айыптады, бирок Трамптын атын ачык атаган жок.

Ал эми, Канаданын премьер-министри Марк Карни шейшемби күнү Давосто «эски тартип кайтып келбейт» деп, «ностальгия — бул стратегия эмес» экенин эскертти. Карнинин айтымында, жаңы тартип — бул «улуу державалардын атаандаштыгы күчөгөн система, анда эң күчтүүлөр өз кызыкчылыктарын көздөп, экономикалык интеграцияны мажбурлоо куралы катары колдонушат».

Трамп Карнинин сөзүнө макул эместигин билдирди. «Канада, айтмакчы, бизден көптөгөн бекер артыкчылыктарды алат. Алар да ыраазы болушу керек эле, бирок андай эмес»,  – деди Америка башчысы.

АКШ президенти Дональд Трамп Гренландияны басып алуу үчүн аскерий күч колдонбой турганын убада кылды. «Мен Гренландияны сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгүм келет. Мен Гренландиянын жана Даниянын элин абдан урматтайм. Бирок ар бир союздаш өз аймактарын коргоо боюнча милдетке ээ. Ошол эле учурда, Гренландиянын коопсуздугун эч бир өлкө камсыздай албайт. Муну АКШ гана камсыздай алат. Эки жума мурун Венесуэлада муну көрдүк», – деди АКШ президенти. Ал Вашингтон «Экинчи дүйнөлүк согуш маалында Гренландияны сактап калганын» кошумчалады.

Гренландия тууралуу сөз кылып жатып Трамп Батыш жарым шарын толугу менен «америкалык аймак» деп атады. «Бул чоң корголбогон арал чындыгында Түндүк Американын бир бөлүгү, Батыш жарым шарынын түндүк чек арасында жайгашкан. Бул — биздин аймак. Мен көп өлкөлөрдү жараштырдым жана көп нерсе сураган жокмун. АКШга Гренландия жөн гана керек. Сиздер “ооба” десеңиздер, биз ыраазы болобуз. Эгер “жок” десеңиздер, биз муну эстеп калабыз», – деди ал.

Ошондой эле, Трамп «Канада АКШ себептүү бар болуп турат», ал эми «Исландияда мени “атаке” деп аташат» деп билдирди. Ак үйдүн башчысы АКШда «баарын» бир ракета менен жок кыла ала турган курал бар экенин да айтты.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button