Кабар

Сот жана милиция жарандардын арыздары боюнча алдыда

Кыргызстандын Акыйкатчы институтуна жыл сайын жарандардан 10 миңге жакын кайрылуу түшөт. Алардын 36 пайызы сот иштерине, ал эми 28 пайыздан ашыгы укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу. Бул тууралуу Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Жогорку Кеңештин комитетинин көчмө жыйынында билдирди. Анын маалыматына ылайык, кайрылуулардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарынан жана Чүй облусунан түшөт.

Жыйында жарандардын укуктарын коргоо маселелери, Акыйкатчынын аймактык өкүлчүлүктөрүнүн ишмердүүлүгү жана адам укуктарын камсыз кылуу багытында биргелешкен иш-чараларды өткөрүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Ошол эле учурда кайрылуулардын канчасы канааттандырылганы жана жыйынтыктары боюнча так маалымат берилген жок. Жыйынга жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катыштырылбастан, жабык өткөн.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button