
АКШнын Иранга карата коркутуулары, режимдин жана Хаменеинин тагдыры
Жаңылык:
Иран президенти Масъуд Пезешкиян ирандык жетекчи Али Хаменеиге кандайдыр бир чабуул жасалса, бул жалпы согушка алып келерин эскертти. Хаменеи ишемби күнү сүйлөгөн сөзүндө: «Биз АКШ президентин өлкөдө адамдык жоготууларга жана материалдык зыянга себепкер болгону үчүн кылмышкер деп эсептейбиз», — деди. Ал ошондой эле: «Америка Ирандагы фитнаны андан да ири иш-аракетке киришүү үчүн баштапкы кадам катары колдоду», — деп белгилеп, бийлик «өлкөнү согушка түртпөйт, бирок ички же эл аралык кылмышкерлердин жазасыз калышына жол бербейт» деп баса айтты. Экономикалык абалга келсек, Хаменеи анын начар экенин моюндап, эл чыныгы кыйынчылыктарга туш болуп жатканын кошумчалады. (Маан кабар агенттиги).
Комментарий:
Чындыгында, Трамп да, Америка да Иранга, ирандыктарга жана бардык мусулмандарга каршы кылмышкерлер, алар өздөрүнөн башканын баарына душман, мусулмандарга гана эмес. Бул Трамптын ачык-айкын, түз саясаты аркылуу даана көрүндү. Ал Американы гана улуу кылууну каалай турганын айтты, ал эми калгандардын баары, кечээки союздаштар да, анын бутасына жана ашкере амбициясына кабылды. Ошондуктан картайган Европа да күн сайын башын улам-улам катырып калды. Трамп Венесуэлага кол салып, анын президентин эч тартынбай уурдап кетти. Куба менен Колумбиянын президенттерин коркутту. Гренландия аралы үчүн Данияны жана бүт Европаны коркутуп келет. Андан мурда Панаманы коркутуп, өз каалаганына мажбурлады жана башка көптөгөн иштерди Трамп эч жашырбастан, оройлук менен бир гана ураан алдында жүргүзүп келет. Америка эң күчтүү, ошондуктан ал каалаганын же колунан келгенин жасоого укуктуу экенин көрсөтүдө. А түгүл ага эл аралык мыйзамга же башка нормаларга маани береби деген суроо берилгенде, ал «менин мыйзамым — менин акылым жана ахлагым» деп жооп берүүгө чейин барды. Бул өткөндөгү Фараондун көрүнүшүн кайрадан кайталады:
﴿قَالَ فِرْعَوْنُ مَا أُرِيكُمْ إِلَّا مَا أَرَى وَمَا أَهْدِيكُمْ إِلَّا سَبِيلَ الرَّشَادِ﴾
«Фиравн айтты: «Мен силерге бир гана өзүм каалаган — туура көргөн нерсени (Мусаны өлтүрүү сунушун) көрсөтүүдөмүн жана мен силерди туура жолго гана жетектеймин». (Гафир: 29).
Бирок Хаменеи да, Иран жетекчилиги да ирандыктарга жана бардык мусулмандарга душман экендиги да чындык. Алар Иракта, Афганистанда, Сирияда, Ливанда, Йемендe Америкага кызмат көрсөтүүдө күчүн аяшкан жок. Алар эч качан Исламдын жана мусулмандардын кызыкчылыгын ойлошкон эмес, тескерисинче, Исламды ураан кылып, анын артына өздөрүнүн айла-амалын жана Исламга, анын үммөтүнө болгон жек көрүүсүн жашырышты. Американын жана анын аймактагы согуштарынын кызыкчылыгы үчүн, ошондой эле жетекчилердин жана бузукулардын пайдасы үчүн, элди ачка, суусуз калтырышты. Бул болсо Иран газга жана табигый ресурстарга бай экенине карабай жасалды. Эгерде бул байлыктарын Аллахтын алдында адамдардын иштерин камкордук менен жүргүзүүгө сарптаса, элге жетиштүү, татыктуу, жыргал жашоону камсыз кылмак. Бирок каражаттар башкаруучулардын чөнтөгүнө жана колонизаторлордун долбоорлоруна кетти.
Ал эми Иран президенти Масъуд Пезешкиян Америка менен яхудий түзүмүнүн Газада, Ливанда, Сирияда, Йемендe, а түгүл Ирандын өзүндө жүргүзгөн согушун жалпы согуш жарыялоого жетиштүү деп эсептеген жок. Ал эми Хаменеинин өзүн мындан да маанилүү, улуу деп көрүп, аны бутага алуу жалпы согушка тете деди. Кандай гана жаман өкүм чыгарышат!
Демек, Иран эли үчүн Хаменеиден жана учурдагы режимден кутулуу жакшылык жана чоң жеңилдик болот. Эгерде эл туура альтернативага жол тапса б.а. Аллахка, Анын Элчисине ﷺ жана момундарга берилген, аларды Аллахтын шарияты жана Пайгамбарынын ﷺ Сүннөтү менен башкарган таза жетекчиликке жол тапса, чыныгы ийгиликке жетишет.
Эгерде Америка акыркы кырк жыл ичинде ага канча кызмат кылбасын, режимди кулатууга чечим кабыл алса, анда ага да, мусулмандарга азап тарттырган, жакырлаткан, кордогон жана алардын арасында Раббисинин шариятын орнотпогон ар бир адамга да өкүнүч жок. Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«اللَّهُمَّ مَنْ وَلِيَ مِنْ أَمْرِ أُمَّتِي شَيْئًا فَشَقَّ عَلَيْهِمْ فَاشْقُقْ عَلَيْهِ، وَمَنْ وَلِيَ مِنْ أَمْرِ أُمَّتِي شَيْئًا فَرَفَقَ بِهِمْ فَارْفُقْ بِهِ»
«Оо, Аллахым! Үммөтүмдүн ишинен бир нерсени колго алып, аларга оорчулук кылган адамга Сен да оорчулук кыл, үммөтүмдүн ишинен бир нерсени колго алып, аларга жумшак мамиле кылган адамга Сен да жумшак мамиле кыл».
Алардан кийинкилерге сабак жана белги болсун. Анткени бул — куфрга жана анын ээлерине таянгандардын тагдыры: алардын ролу бүткөндө же андан да жакшыраак моюн сунгандарды тапканда, каапырлар алардан тез эле кутулат. Ал эми Кыямат күнү:
﴿وَقَالَ الَّذِينَ اتَّبَعُوا لَوْ أَنَّ لَنَا كَرَّةً فَنَتَبَرَّأَ مِنْهُمْ كَمَا تَبَرَّؤُوا مِنَّا كَذَلِكَ يُرِيهِمُ اللَّهُ أَعْمَالَهُمْ حَسَرَاتٍ عَلَيْهِمْ وَمَا هُمْ بِخَارِجِينَ مِنَ النَّارِ﴾
«Ээрчигендер: «Дагы бир жолу мүмкүнчүлүк болсо кана. Алар бизди тангандай, биз да аларды танар элек» дешет. Ушинтип, Алла Таала алардын кылган иштерин өздөрүнө өкүнүч-касирет кылып көрсөтөт. Алар тозоктон чыккыс болушат». (Бакара: 167).
Ал эми ким Улуу, Күчтүү тирекке — Аллахтын тирегине — таянса, үммөтүн дос тутса, динин сактап, Раббисинин шариятын орнотсо, ал коопсуздукта, бекем калканда болот. Анын айланасында үммөтү топтолуп, баскынчыларды кууп, ач көздөрдү талкалап турат. Мусулмандардын халифаларынын жана жетекчилеринин доорунда кандай болсо, ошондой азиз, күчтүү болуп, дүйнөнү башкарып, дүйнөгө үстөмдүк кылышат.
Халил Абдурахман




