Борбор Азия жана талап-тоноо саясаты

Борбор Азия жана талап-тоноо саясаты
Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол долбоору Борбор Азиядагы эң ири стратегиялык долбоорлордун бири болуп эсептелет. Ал Кытайдын батышындагы Кашгар шаарын Кыргызстан аркылуу Өзбекстанды Андижан шаарына чейин туташтырууну көздөйт. Натыйжада Кытай, Борбор Азия жана Европа ортосунда соода жана жүк ташуу үчүн маанилүү эл аралык коридор түзүлмөкчү. Темир жолдун жалпы узундугу болжол менен 523 чакырымды түзөт. Анын ичинен 213 чакырым Кытай аймагында, 304 чакырым Кыргызстан аймагында жайгашат. Ал эми Өзбекстан аймагында иштеп жаткан тармакка туташтыруу үчүн кыска бөлүк каралган. Долбоордун жалпы баасы болжол менен 4,7 миллиард АКШ долларына бааланат. Каржылоо төмөнкүдөй жүргүзүлөт: 2,3 миллиард доллар Кытай банктарынан, анын ичинде Кытай өнүктүрүү банкы жана Кытай экспорт-импорт банкы тарабынан узак мөөнөттүү насыялар түрүндө берилет. Дагы 2,3 миллиард доллар биргелешкен компаниянын уставдык капиталы аркылуу каржыланат. Үлүштөр төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт: Кытай – 51%, Кыргызстан – 24,5%, Өзбекстан – 24,5%.
Долбоорду ишке ашыруу расмий түрдө 2024-жылдын 27-декабрында башталган, курулуш иштери болжол менен 5 жылга созулат деп пландалууда. Азыркы күндө долбоорду каржылоо жана курулуш иши баштаалууда.
Долбоор Кыргызстандын аймагындагы тоолуу татаал рельефке байланыштуу 50дөн ашуун көпүрөнү жана болжол менен 29 тоннелди камтыйт.
Бул темир жол Кытай менен Борбор Азия жана Европа ортосунда жүк ташуунун убактысын кыскартууга, Россия аркылуу өткөн салттуу коридорлорго болгон көз карандылыкты азайтууга, Кыргызстан менен Өзбекстандын аймактык транзиттик борбор катары ролун күчөтүүгө жана Кытайдын «Бир алкак – бир жол» демилгесин колдоого багытталган.
Бул долбоор жөн гана темир жол эмес, ири экономикалык жана геосаясий коридор болуп саналат. Ал негизинен Кытай тарабынан насыялар жана капитал аркылуу каржыланууда, ал эми Кыргызстан менен Өзбекстан азыраак үлүштөр менен катышып, узак мөөнөттүү келечекте айрым каржылык жүктөрдү көтөрүүгө мажбур болууда.
Кытай Борбор Азиядагы кен байлыктарды, айрыкча сейрек кездешүүчү металлдарды жана минералдык ресурстарды акырындык менен өзүнө алуу саясатын жүргүзүп, бул байлыктарды аймактан тышкары ташып чыгуу үчүн темир жол тармактарын өтө ылдам темпте куруп жатат. Ушул максатта Кытай өз аймагынан он миңдеген жумушчуларды алып келип, бул долбоорлорду ишке ашырууда.
Борбор Азиянын байлыктары Россия, Кытай, Америка Кошмо Штаттары жана Европа Биримдиги сыяктуу төрт ири күч тарабынан талап-тоноого жана бөлүштүрүүгө дуушар болууда. Бул байлыктар негизинен чийки зат түрүндө казылып алынып, аймак өлкөлөрүнө кошумча пайда алып келбесетен экспорттолууда.
Борбор Азия өлкөлөрү эбегейсиз байлыктарга ээ болгонуна карабастан, алардын эмгекке жарактуу он миллиондон ашуун жараны отуз беш жылдан бери чет өлкөлөрдө мигрант-ишчи болуп жашап, кордукка жана эксплуатацияга кабылып келишет.
Качан өз калкын каапыр мамлекеттерге кул кылып тапшырбаган, элинин кадыр-баркын коргогон, өлкөнүн байлыктарын чийки зат катары сыртка чыгарып талап-тоноого жол бербеген, тескерисинче фабрикаларды жана заводдорду куруп, жердин берекесин туура пайдаланган, өз байлыктарынын эсебинен элине жыргалчылык менен азаттык алып келген башкаруучу орното турган учур келет?!
Ахмад Хади
Роя гезити




