“Эркиндик долбоорлору” жана Американын Иранга карата услубдарын өзгөртүүсү

“Эркиндик долбоорлору” жана Американын Иранга карата услубдарын өзгөртүүсү
Америка администрациясы кайсы бир услубда ийгиликке жетпей калса, же максатына жете албаса, же анын чыгымы пайдасынан көбүрөөк болуп көрүнсө, тез арада аны өзгөртөт.
Иранда биринчи жана экинчи катардагы жетекчилерди өлтүрүү аркылуу режимди кулатууга же аны өзүнө баш ийдирип, көз каранды кылууга жетише албагандан кийин, ал 40 күн бою агрессиясын улантты. Андан соң аны эки жумага токтотконун жарыялады, кийин болсо белгисиз мөөнөткө токтотту. Ошондон кийин келишим түзүү үчүн сүйлөшүүлөргө багыт алды. Трамп болсо Ирандагы режимди өзгөрткөнүн айтты.
Бирок ал жактагы режимди кармап тургандардын позициясында олуттуу өзгөрүү болбогонун көргөндөн кийин, Иран портторун блокада кылуу жолуна өттү. Бирок бул да Ирандын ага багынышына алып келген жок. Тескерисинче, Иран Ормуз кысыгына үстөмдүк кыла баштады. Натыйжада жүздөгөн ири кемелер булуңда тыгылып калды.
Ал агрессияны баштаганда эч кимден жардам сураган эмес. Себеби, ал өзүн жерди сапырып, асманды өрттөп жиберүүгө кудуреттүүмүн деген текеберликке кабылган эле. Бирок өзүндөй куралдын ондон бирине да ээ болбогон өлкөнүн алдында алсыз экенин көрдү. Ошондо кысыкты көзөмөлгө алуу үчүн жардам сураган белги бере баштады, бирок батыштагы союздаштары ага жооп беришкен жок.
Ошондон кийин ал башка услубга өтүп, 2026-жылдын 4-майында “Эркиндик долбоору” деген аталыштагы операция башталганын жарыялады. Муну Ормуз кысыгында тыгылып калган жана Жакынкы Чыгыш кризисине тиешеси жок деп сүрөттөгөн “нейтралдуу мамлекеттердин” кемелерине жардам берүүнү шылтоо кылып, аларды кысыктан өткөрүү максатына байланыштырды.
Бирок бул да ийгилик алып келбеген соң, долбоорду токтотту. 2026-жылдын 6-майынын таңында операциясын токтотконун жарыялап мындай деди: «Пакистан жана башка мамлекеттердин өтүнүчү негизинде, ошондой эле Иранга каршы жүргүзүп жаткан операциябыздагы ири аскерий ийгиликтерди жана Иран өкүлдөрү менен толук жана акыркы келишимге жетишүү багытында чоң жылыш болгонун эске алып, өз ара негизде “Эркиндик долбоорун” кыска мөөнөткө токтотууну чечтик. Бирок блокада толугу менен күчүндө калат. Бул Иран менен акыркы келишимге жетишүү мүмкүнчүлүгүн көрүү үчүн жасалууда». Ошол эле күндүн кечинде ал дагы мындай деди: «Акыркы 24 саат ичинде Иран боюнча абдан жакшы сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк жана келишимге жетишүү мүмкүнчүлүгү өтө чоң. Иран өзүндө өзөктүк курал болуудан баш тартууга макул болду».
Бирок анын бул дооматтарынын эч бири ишке ашкан жок. Иран анын 9 пункттан турган сунушуна жооп да берген жок, тескерисинче 14 пункттан турган өз сунушун койду. Ошондон кийин ал Иран менен деңиздеги кагылышууларга киришүү жолуна өттү. Бирок муну согушка кайтуу эмес деди. Себеби, кайра согуш башталганын көрсөтүп коюуну каалаган жок. Анткени эгер бул согушту кайра баштоо болуп, андан да эч нерсе чыкпаса, анда ал экинчи жолу дагы ийгиликсиздикке учураган болот эле. Ошондой эле согушка уруксат алуу үчүн Конгресстен макулдук сурашы керек болмок. Көрүнүп тургандай, ал ушул услубду т.а. сокку уруу, кийин аны токтотуу услубун колдонот.
Ал эми анын мамлекеттик катчысы Рубио 2026-жылдын 5-майында мындай деп жарыялады: «Америка Иранга каршы чабуул операцияларын аяктады жана азыр коргонуу баскычына өттү. “Эпикалык ачуулануу” операциясы аяктады. Бул тууралуу президент Трамп Конгресске маалымдады. Биз анын бул баскычын жаптык жана “Эркиндик долбоору” операциясын баштадык». Ал дагы мындай деди: «Булуңдагы деңизчилер обочодо калып, ачарчылык тартып жатышат жана коркунуч алдында турушат. Мунун айынан кеминде 10 деңизчи каза болду. Алар жарандык деңизчилер».
Ал Иранды сүйлөшүү үстөлүнө кайтууга жана Американын шарттарын кабыл алууга чакырды. Ошондой эле америкалык өкүлдөр Уиткофф менен Кушнер дипломатиялык чечимге жетүү аракеттерин улантып жатканын белгилеп, мындай деди: «Чечим Иран дагы эле сактап жаткан жана терең жерге көмүлгөн өзөктүк материалдар маселесин да камтышы керек».
Трамп 2026-жылдын 1-майында АКШ Конгрессиндеги Өкүлдөр палатасы менен Сенаттын жетекчилигине Ирандагы чабуул аракеттери аяктаганын маалымдаган. Бул Конгресс тарабынан ага согушту улантуу үчүн расмий уруксат сурашы керек деген басым жасалгандан кийин болду. Анткени согуш үчүнчү айына кирген эле. Ал ошондой эле президент 60 күндөн ашык убакытка аскер күчтөрүн колдонсо, мыйзам чыгаруучу бийликтен уруксат алышы керек деген мыйзамга баш ийгенин тастыктады.
Иран ага жооп бербей, ушул убакка чейин келишим түзүү үчүн сүйлөшүүлөрдү кайра баштоону кабыл албагандан кийин, ал кайрадан коркутууга өтүп, 2026-жылдын 9-майында “Эркиндик +” деп атаган долбоорун жарыялады. Бирок анын маңызын түшүндүргөн жок. Америкалык жооптуу адамдар болсо: «Бул долбоор Америка аскерлеринин Булуң аймагындагы катышуусун көбөйтүүнү, Иран портторуна карата деңиз блокадасын күчөтүүнү жана Ормуз кысыгындагы жооп кайтаруу операцияларын күчөтүүнү камтыйт» дешти.
Мурдагы версиясындагы “Эркиндик долбоору” соода мунай танкерлерин коштоп жүрүү үчүн белгилүү сандагы аскерий кемелерди жөнөтүү менен гана чектелгени айтылган. Ошондой эле анда болжол менен 15 миң аскер жана 100 учак жайгаштырылган. Бирок Ирандын коркутууларына туш келгендиктен, ал айрым кемелерди куткарууда жарым-жартылай гана ийгиликке жеткен.
Американын Axios сайты 2026-жылдын 6-майында пакистандык булакка таянып мындай деп жазды: «Америка менен Иран согушту токтотуу үчүн бир барактан турган меморандум боюнча келишимге жакындап калышты». Ал келишимде Иран уран байытууну токтотууга милдеттенме алуусу, Америка санкцияларын алып салышы, Ирандын тоңдурулган миллиарддаган доллар каражаттарын бошотуу жана эки тараптын тең Ормуз кысыгы аркылуу өтүүгө коюлган чектөөлөрдү алып салышы камтылары айтылган.
Бул Трамптын Иран менен келишим түзүүгө аргасыз экенин билдирет. Себеби, анын согушту кайра баштоосу Конгресстин макулдугун талап кылат жана бул кепилденген эмес. Ошондой эле согушту кайра улантуунун жыйынтыгы да анык эмес. Ал муну мурда сынап көрүп, ийгиликсиз болгон. Мындан тышкары, анын булуңда тыгылып калган кемелерди куткаруу долбоору ийгиликке жетиши үчүн узак убакыт талап кылынат жана ал чоң коркунучтар менен коштолгон.
Трампта байкалгандай, ал пайдалуу келишимдерге тез жетишүүнү каалайт. Ошондуктан саясий ишти өзүнүн соода ишмердигине окшош өлчөйт. Анын кыйроосунун сыры да ушунда.
Услубдарды өзгөртүү жакшы нерсе. Бирок аларды өтө кыска убакыт ичинде алмаштыра берүү мактоого арзыбайт. Тескерисинче, бул башаламандыкты билдирет жана вакыйлыкты, ошондой эле иштер кайда алып барарын изилдөө терең ойлонуу жана аң-сезимдүү кароо менен жүргүзүлбөгөнүн көрсөтөт. Ал пландоосуз эле ар кайсы жакка урунган адам сыяктуу: «Бул услубду сынап көрөлү, эгер пайда бербесе, башкасын колдонобуз» дейт. Мындай мамиле услубдарды түзгөндөргө болгон ишенимди жоготот. Анткени услуб кокустук негизде эмес, максатты ишке ашыруу үчүн терең изилдөөдөн кийин коюлушу керек.
Бул Американын абалы андан корко тургандай деңгээлде эмес экенин жана анын үстүнөн жеңишке жетүү мүмкүн экенин көрсөтөт. Бул болсо, Аллахтын уруксаты менен, пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык тикеленгенде жана чынчыл, аң-сезимдүү, темирдей эркке ээ саясий жетекчилик пайда болгондо ишке ашат. Мындай жетекчилик Хизб ут-Тахрир жетекчилиги сыяктуу болот.
Ал эми Пакистан башкаруучулары болсо, өз өлкөсүнүн баалуулугун жана Америкадан беймуктаж кылган мүмкүнчүлүктөрүн сезишпестен, Трампты анын кризисинен куткаруу үчүн операциясын жүргүзүп жатышат. Алар ортомчу жана кат ташуучу ролун аткарып, кожоюну Трампка кызмат кылууга ашыгышууда. Ошентип, аны кризистен чыгарып, аймактагы долбоорлорун ишке ашырууга жардам беришүүдө. Мунун ордуна алар Америкага каршы позицияны карманып, андан көз карандысыздыгын жарыялап, мусулмандардын жана алардын өлкөлөрүнүн биримдиги үчүн аракет кылып, бийликти Хизб ут-Тахрирге тапшырышы керек эле. Ошондо ал Америкага халифа Умар ибн аль-Хаттаб (разияллаху анху) Персия жана Римге көрсөткөн нерсени көрсөтмөк.
Роя гезити
Асъад Мансур




