Кабар

«Израилдин» блокадысы себептүү Газада жаш балдардын өлүмү көбөйүүдө

«Израилдин» блокадысы себептүү Газада жаш балдардын өлүмү көбөйүүдө

Туулганына 12 күн болгон палестиналык ымыркай катуу үшүктөн улам көз жумду. Муну менен кыштын суугунда каза болгон балдардын саны 11ге жетти.

Катуу жааган жамгыр, бороон-чапкын жана ызгаардуу шамалдан улам миңдеген жер которгон палестиналыктар кыйраган чатырларда, талкаланган үйлөрдүн урандылары астында жашоого мажбур болушууда. “Израилдин” бомбалоолорунан келип чыккан кыйроолор менен коштолгон катаал аба ырайы кеминде 25 адамдын өмүрүн алып, убактылуу баш калкалоочу жайлардын дээрлик баарын жок кылды. 135 миң чатырдын 127 миңи жашоого жараксыз абалга келди.

Дарыгерлер өзгөчө балдар арасында оорулардын кескин көбөйгөнүн эскертишүүдө. Суук, нымдуулук жана антисанитария шартында дем алуу жана ичеги-карын оорулары кеңири жайылууда. Гуманитардык уюмдар күйүүчү майга, дары-дармектерге жана жылынуучу материалдарга коюлган чектөөлөр ар кандай бороонду жана жаанды өлүм коркунучуна айлантып жатканын айтып, жардамдардын тоскоолдуксуз жеткирилишин талап кылышууда.

Жарыяланган ок атышпоо режимине карабастан, блокада уланууда. Катардагы адамдар, баарынан мурун балдар суукка, ооруларга жана катаал шарттарга туш болушууда.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button