Жакынкы Чыгыш дилеммасы: тышкы үстөмдүк менен мабданын асылдыгы ортосундагы күрөш

Жакынкы Чыгыш дилеммасы: тышкы үстөмдүк менен мабданын асылдыгы ортосундагы күрөш
Биринчи дүйнөлүк согуш аяктап, 1924-жылы Халифалык кулагандан бери Жакынкы Чыгыш эл аралык күчтөрдүн оор жүгүн тартып келүүдө. Аймак Халифалыктын кайра кайтып келүүсүнө жол бербеген нукта калыптандырылып, анын географиялык жайгашуусу, мунай-газ сыяктуу энергия булактары жана суу жолдору дүйнөлүк таасир үчүн күрөштө курал катары пайдаланылды. Акыркы жетимиш жылдыкта Америка Британиянын колониялык империясынан калган мурастын басымдуу бөлүгүн аскердик төңкөрүштөр, кыйраткыч согуштар, аскердик базалар же каржылык глобалдашуу аркылуу өзүнө мурастап алды. Ал узак мөөнөттүү үстөмдүк моделин курууга умтулуп, аймактагы мамлекеттердин өздөрүн колдонуу аркылуу өз кызыкчылыктарынын туруктуулугун аймактык инструменттер менен камсыз кылууга аракеттенди. Муну менен үстөмдүктүн чыгымын азайтмакчы.
Бүгүнкү күндө америкалык стратегия 2018-жылы Брукингс стратегиялык институтунун кеңири баяндамасында көрсөтүлгөндөй, көзөмөл жүгүн төрт аймактык түркүккө бөлүштүргөн алкакка ылайык иш алып барууда. Анда Америка аймакта геосаясий туруктуулук менен коопсуздукту камсыздоодо өзүнө ылайыктуу деп эсептеген мамлекеттер катары Түркия, Иран, Сауд Арабиясы жана яхудий түзүмү аталган. Геосаясий коопсуздук жана туруктуулук түшүнүгү карталары кайра түзүлгөндөн кийинки географиялык абалды сактоону, ошондой эле саясий режимдерди, алардын көз карандылыгын жана америкалык үстөмдүккө баш ийүүсүн сактоону билдирет. Америка аймакка үстөмдүк кылуу үчүн үч негизги максатты койгон:
- Мунай, газ жана сейрек кездешүүчү минералдардын тоскоолдуксуз агымын улантуу.
- Аймактагы маанилүү суу жолдору аркылуу деңиз соодасынын үзгүлтүксүз жүрүшүн камсыз кылуу.
- Аймакта жана Америка көзөмөлдөгөн эл аралык тартипте америкалык таасирге коркунуч туудура турган кандайдыр бир саясий системанын пайда болушуна жол бербөө, бул жерде максат рашид Халифалык мамлекети.
Бул мамлекеттердин аталган колониялык милдетти аткарууга тандалышынын себептери төмөнкүчө: Түркия НАТО менен Ислам өлкөлөрүнүн ортосунда көпүрө болуп саналат жана тарыхый жактан аймакта Халифалыктын кайра кайтып келишине бөгөт коюуга кызыкдар. Иран болсо Афганистан, Ирак жана Сирия сыяктуу татаал аймактарды америкалык долбоордун кызыкчылыгына ылайык башкарууда натыйжалуулугун далилдеди. Мындан тышкары, үстөмдүк кылган мазхабдык көз караштан улам аймакта чыныгы исламий системанын орношу анын «исламы» жалгандыгын жана эки жүздүүлүгүн ашкерелейт. Ал эми Сауд Арабиясы 1974-жылдан бери доллардын абсолюттук дүйнөлүк үстөмдүгүн камсыз кылган петродоллар тутумунун сакчысы катары тарыхый ролун аткарып келди. Ошондой эле исламий саясий кыймылдарга каршы күрөшкөн, бар болгон режимдерди мыйзамдаштырып, аларды Ислам үммөтүнүн алдында коргогон түшүнүк үлгүсүн сунуштап келет.
Акырында яхудий түзүмү да бар. Ал 1917-жылы Бальфур декларациясы аркылуу түзүлгөндөн тартып, Батыштын кызыкчылыктарын, айрыкча Британиянын, кийинчерээк Американын кызыкчылыктарын коргоо үчүн алдыңкы аскердик жана чалгын базасы катары каралып келген. Бул көрүнүш 2023-жылдан бери Газага каршы жүргүзүлгөн ырайымсыз чабуул маалында ачык тастыкталды. Ал эми бул мамлекеттердин Жакынкы Чыгышта абсолюттук үстөмдүктү ишке ашыруусунун кепили — Кытай же Европа тараптан кандайдыр бир атаандаштыксыз — Америка менен Россия болуп саналат. Россия Сирияда өз ролун толук аткарды. Анын миссиясы аяктап, Сирия өкмөтү жана эли Америка үстөмдүгүнө киргенде, Россия сахнадан эч нерсе болбогондой чыгып кеткенин көрдүк!
Бирок бул америкалык долбоор ички түзүмдүк тоскоолдукка туш болот. Ал тоскоолдук яхудий түзүмүнүн өзү туруксуздуктун эң ири булагы болуп саналган табиятына байланыштуу. Бул анын негизги талаптарында айкын көрүнөт. Анын талаптары Американын аймак боюнча стратегиясына каршы келиши мүмкүн же Газа сыяктуу узакка созулган согуштар көбүрөөк күчтү жана убакытты талап кылгандыктан, аны кооптуу кылат. Түзүмдүн тоскоолдуктары анын стратегиялык жана кооптуу деп эсептеген төмөнкү маселелеринде жана талаптарында көрүнөт:
- Палестина мамлекети маселесин жабуу. Яхудий түзүмүнүн аймактарды иш жүзүндө аннексиялоого жана конуштарды кеңейтүүгө өжөрлүк менен умтулуусу келечекте Палестина мамлекетинин түзүлүшүнө болгон ар кандай үмүттү түп-тамырынан жокко чыгарат. Бул түшүнүк Түркия менен Сауд Арабиясын өз элдеринин алдында туңгуюкка такап, америкалык моделдин алсыздыгын ашкерелейт. Ошондой эле Палестина маселесинин тарыхый маңызын т.а. Палестинанын басып алынышын жана анын калкынын басымдуу бөлүгүнүн дүйнөнүн ар кайсы аймактарына сүргүн кылынышын дабалоону жокко чыгарат. Бул жагдайдын өзү эле америкалык көз караштагы аймактык саясий-географиялык туруктуулукка жол бербөөгө жетиштүү.
- Көчүрүү жана яхудий суверенитет доктринасы: баскынчы түзүм расисттик «яхудий мамлекет» идеясына жана географиялык чек араларды кеңейтүүгө таянат. Бул аймакты, а түгүл түзүмдүн өзүнөн да, мажбурлап көчүрүүнүн жаңы толкундарына түртөт. Мындай саясат Американын аймактык долбоорун толуктоо үчүн көздөгөн туруктуулук максатын кыйратып, аймакты дайыма кайнап турган казандын үстүндө кармап турат.
- Жекече үстөмдүк жана стратегиялык артыкчылык: яхудий түзүмү аймактык тең салмакка кирүүдөн баш тартып, абсолюттук аскерий жана өзөктүк артыкчылыкка өжөрлүк менен умтулат. Бул болсо моделдин башка түркүктөрүн (Иранды, Түркияны, Сауд Арабиясын) тынчсыздандырган кошумча көйгөй. Түзүм Ирандын өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербөө үчүн чечүүчү соккуларды урууну улантуу менен коркутуп келет. Бул Америка карманган аймактык тең салмак принцибине каршы келет. Ал принцип боюнча кайсы бир аймакта бир мамлекеттин стратегиялык артыкчылыкты жекече ээлеп алышына жол берилбейт. Муну Индокытай аймагындагы Кытай–Индия, андан соң Индия–Пакистан ортосундагы өзөктүк тең салмактуулуктан көрөбүз. Ал эми Жакынкы Чыгышта яхудий түзүмү өзөктүк стратегиялык күчтү жекече сактоону талап кылып, америкалык геосаясий туруктуулук концепциясына олуттуу тоскоолдук жаратууда. Макала жазылып жаткан учурда да түзүм Иранга каршы чечүүчү соккуларды даярдап, машыгууларды өткөрүп, Американын Жакынкы Чыгыштагы саясатынын негизги сызыктарын ачык чакырык менен бузуп келет.
Бул туңгуюк абалдын б.а. яхудий түзүмүнүн өжөр позициясынан улам келип чыккан кризистин шартында Америка толук жарылуунун алдын алуу үчүн түрк жана иран түркүктөрүн колдонуп, тең салмак түзүүгө аракет кылууда. Акыркы мезгилде Сирияда яхудий түзүмүнүн ооздукталбаган аракеттерин тыюу үчүн түрк–иран координациясы тууралуу сөздөрдүн чыгышы да ушунун далили. Чындыгында, аймакта яхудий түзүмүнүн талаптары түгөнбөйт. Ал АКШнын «коопсуз, туруктуу жана өзүнүн абсолюттук үстөмдүгүнө баш ийген» Жакынкы Чыгыш долбоорун толук аяктоодогу акыркы тоскоолдукка айланды.
Ал эми америкалык Жакынкы Чыгыш моделине эң чоң чакырык — исламий мыйзамченемдүүлүк жана тарыхый жүрүш катары Халифалык мамлекети. Бул модел улуттук бөлүнүүнү жана колониялык чек араларды четке кагып, чыныгы туруктуулук чет элдик көзөмөлдөгү алсыз күчтөр тең салмагы менен эмес, тескерисинче, үммөттүн көз карандысыздыгын кайтарып, колониялык абалды жойгон түпкү саясий биримдик аркылуу гана ишке ашарын баса белгилейт. Ал күчтөрдүн тең салмагына эмес, пикирий жана саясий биримдикке таянат. Дал ушул биримдик 1924-жылга чейин аймакта кылымдар бою хазарий бекемдикти жана чыныгы туруктуулукту камсыз кылган.
Эгерде Америка Жакынкы Чыгышка үстөмдүк кылуу долбоорун 1950-жылдан тартып, «Трумэн доктринасы» деп белгилүү болгон принциптин негизинде баштаган. Бул принципке анын мамлекеттик катчысы Дин Ачесон «Калыптануу учурунда» (Present at the Creation) аттуу эскерүүлөрүндө шилтеме берип: «Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки америкалык стратегия империялар чегинген жерлерде демилгени колго алууга таянды», — деген. Ошентип, аскердик, экономикалык жана идеологиялык күчү менен америкалык күч британдык империялык катышуунун ордун баскан, бирок өзү түздөн-түз колонизатор болуп көрүнбөгөн жаңы дүйнөлүк тартипти кайра куруу максатын айткан. 1950-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Америка жерде көптөгөн олжолорго жетишти: Жакынкы Чыгыштагы көпчүлүк өлкөлөргө үстөмдүк кылды жана башка өлкөлөрдө аскердик базаларды түздү. Ошого карабастан, долбоор толук аяктаган жок. Аны ишке ашырууга ушул кезге чейин 75 жыл сарпталып, жүздөгөн миллиард доллар сарпталды, миллиондогон мусулмандардын өмүрү кыйылды.
Ал эми Хизб ут-Тахрир жетектеген исламий долбоор америкалык долбоордон үч жыл кийин т.а. 1953-жылы башталган. 73 жылдык пикирий күрөш жана саясий амалдын натыйжасында ал Ислам өлкөлөрүнүн 50дөн ашуун мамлекетине жайылып, саясий, каржылык жана коопсуздук тоскоолдуктарына карабастан, үммөттүн арасында Исламдын кайрадан башкарууга кайтышы жана мусулман өлкөлөрүнүн биригиши зарыл деген коомдук пикирди калыптандыра алды. Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык мамлекетин орнотуу менен берилген исламий долбоордун реалдуулукка өтүп, толук бийлик ээси болушуна бир гана кадам калды. Ошондо Аллах Тааланын ачык жеңиши ишке ашат, иншаАллах.
﴿وَاللَّهُ غَالِبٌ عَلَى أَمْرِهِ وَلَكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ﴾
“Алла Өз ишинде үстөмдүк кылуучу (тактап айтканда, Аны Өзү каалаган ишти кылуудан эч ким кайтара албайт) бирок адамдардын көпчүлүгү (муну) билишпейт”. (Юсуф: 21).
Доктор Мухаммад Жилани
Роя гезити




