Иордания менен Пакистан ортосундагы Коргонуу кызматташтыгы: өлчөө жана суроолор

Иордания менен Пакистан ортосундагы Коргонуу кызматташтыгы: өлчөө жана суроолор
Иордания менен Пакистан өлкөлөрү өз ара коргонуу жана даярдоо багытындагы кызматташтыкты күчөтүүнүн жолдорун талкуулашты. Бул Иордания армиясынын Бириккен штаб башчысы, генерал-лейтенант Юсуф ал-Хунайти Амман шаарындагы кеңсесинде Пакистандын кургактык күчтөрүнүн штаб башчысы, маршал Асим Мунирди кабыл алган учурда болду.
Иордания армиясынын билдирүүсүндө тараптар «орток аскерий кызматташтык жана координация багыттарын, ошондой эле эки өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн ортосундагы эки тараптуу кызматташтык мамилелерин бекемдөөнүн жолдорун» талкуулаганы айтылды. Бул сапар 2025-жылдын октябрынын соңунда маршал Асим Мунирдин Падышалыкка жасаган мурунку сапарынын, ошондой эле Иордания падышасы Абдулла экинчинин Пакистандын борбору Исламабаддагы Дүйнөлүк өнөр жай жана коргонуу чечимдери компаниясына барган иш сапарынын уландысы болуп саналат. Ал жерде падыша мамлекетке таандык, заманбап технологияларды колдонгон коргонуу жабдууларын изилдөө-өнүктүрүү жана өндүрүү менен алектенген компаниянын иши менен таанышкан. Эки өлкөнүн ортосундагы өз ара сапарлар жаңыдан пайда болгон көрүнүш эмес, анткени алардын мамилелери тарыхый мүнөзгө ээ. Бирок акыркы окуялар жана аймактагы чыңалган абал жаңы багыттарды таңуулоодо. Бул кыймылдарга байланыштуу ар түрдүү талдоолор айтылууда. Айрымдар муну Индия менен яхудий түзүмү ортосундагы стратегиялык альянс менен байланыштырышат. Бул альянс Пакистандын улуттук коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч жаратат деп эсептелет. Бул көз карашты кармангандар Иордания–Пакистан мамилелеринин өнүгүшү яхудий түзүмүнүн Индияга «Барак» сыяктуу алдыңкы абадан коргонуу тутумдарын, «Хермес» учкучсуз учактарын жана электрондук согуш технологияларын берүүсүнө каршы турууга багытталган деп эсептешет. Бул каражаттар чек аралык жаңжалдарда Нью-Делинин мүмкүнчүлүктөрүн күчөтөт.
Бирок чындык таптакыр башкача болушу мүмкүн. Иорданиянын яхудий түзүмү менен мамилеси өтө терең мүнөзгө ээ болгондуктан, Иорданиянын яхудий түзүмүнүн коопсуздугуна коркунуч жараткан альянстарга киришин элестетүү да кыйын. Бул Вади Араба келишиминин милдеттенмелеринен гана эмес, Иордания режими менен түзүмдүн ортосундагы мамиленин табияты бардык расмий эсеп-кысаптардан ашып түшкөн. Бул баарына белгилүү мамиле. Иордания яхудийлерге каршы же алардын башка күчтөр менен болгон мамилелерине каршы альянстарды түзбөйт. Ошондой эле, бул жакындашууну Батыш Жээктеги ашынган оңчулардын аракеттеринин натыйжасы катары да кароого болбойт. Айрымдар бул сапарды «Иорданиянын Палестина маселесиндеги позициясын бекемдейт» же «(израилге) Индияны Кашмир сыяктуу маселелерде колдоосунан баш тартууга басым жасайт» деп жайылтып жатышат. Түркия же Саудия менен үч тараптуу келишимдер аркылуу яхудий түзүмүн «географиялык жана дипломатиялык курчоого алуу» жөнүндө айтылган мындай көз караштар саясий реалдуулуктан алыс. Анткени Пакистан АКШнын саясий багыттарын тыгыз ээрчийт, а түгүл өз аймагынын бир бөлүгү болгон Кашмир маселесинде да чегинүүлөргө барган. Айрыкча, маселенин аркандарын кармап турган аймактагы негизги күч АКШ болуп турган шартта, Пакистан Палестинага кантип чыныгы пайда алып келмек?!
Мындай түшүндүрмөлөр чындыкка дал келбейт. Балким, маселе мындан да алыс жана кооптуураак. Ал АКШнын жаңы стратегиясынын алкагына кирет. Бул стратегия өз күчтөрүн кайра жайгаштырууга жана негизги салмагын Батыш жарым шарга көчүрүүгө таянат. Трамп администрациясы экономикалык пайдасы жок же өз кызыкчылыктарына ачык коркунуч жаратпаган учурларда түздөн-түз кийлигишүүдөн чектелген позицияны карманат жана боштукту толтуруу үчүн альтернатива же «өкүл» күчтөргө муктаж. Вашингтон мындай рол үчүн өз орбитасында айланган, ага көз каранды өлкөлөрдөн артыкчылык таппайт. Бул «исламий аскерий кызматташтык» же «араб НАТОсу» деген ат менен жүргүзүлөт. Демек, бул келишимдер АКШ күчтөрү чыгып кеткен учурда алардын ордун баса турган альтернатива күчтөрүнө даярдык болушу күтүлөт. Ошол эле маалда элдердин сезимдери бул кадамдар «индия-яхудий» альянсына каршы же Палестина ишине кызмат кылат деген дооматтар аркылуу манипуляцияланат.
Жыйынтыктап айтканда, бул күчтөр өздөрүнө аныкталган функционалдык ролдордун чегинен чыкпайт жана яхудий түзүмү менен болгон мамилелерге доо кетирбейт. Чынында эле, бул армиялар ири державалардын кызыкчылыктарына кызмат кылууга түртүлүп, ошол эле учурда Кашмирде же Палестинада үммөткө жардам берүүдөн алсыз бойдон калып жатышы көнүлдү айнытат. Негизи алардын милдети душмандардын кызыкчылыктарын коргоо эмес, Исламды коргоо эле…
Роя гезити
Саъдуддин Халид




