Роя гезити

Эмне үчүн Хизб ут-Тахрирге каршы күрөш жүргүзүлөт?

Эмне үчүн Хизб ут-Тахрирге каршы күрөш жүргүзүлөт?

Эл аралык азыркы түзүлүштүн эрежелерин тааныбаган, өз фикратын көтөрүү үчүн бийликтеги режимдерден уруксат сурабаган, өзүнүн мыйзамдуулугун адамдык конституциялардан же саясий таануунун негизинен чыгарууну кабыл албаган партиянын куугунтукка алынышы таң калычтуу эмес. Анткени Хизб ут-Тахрир түзүлгөн күндөн тартып белгилүү бир режим менен өзүнчө кармашка кирбестен, бул режимдер негизделген фикрий жана саясий негизге түп-тамырынан каршы күрөшкө кирген. Ошондуктан ага каршы багытталган чабуул башкасына караганда тереңирээк жана катуураак болду.

Биздин өлкөлөрдөгү азыркы режимдер ар кандай саясий же даъваттык ишмердүүлүк үчүн өздөрүнөн уруксат жана лицензия алышын шарт кылышат. Бул уруксат жөн гана бейтарап административдик жол-жобо эмес, тескерисинче, фикрий жана саясий моюн сунуу келишими болуп саналат. Ал мусулман өлкөлөрүнүн ортосуна колонизаторлор Халифалыкты кыйраткандан кийин чийип кеткен улуттук чек араларды таанууну, улуттук мамлекеттин мыйзамдуулугун моюнга алууну жана демократиялык системаны бийлик менен мыйзам чыгаруунун негизги булагы катары кабыл алууну камтыйт. Бул шарттар формалдуу эмес, анткени аларды кабыл алган адам эгемендик шариятка эмес элге таандык экенин, үммөт шаръий жана саясий жактан бөлүнгөнүн, ал эми колонизатор таңуулаган нерсе өзгөртүүгө болбой турган вакыйлыкка айланганын кыйыр түрдө моюнга алган болот.

Ушундан улам Хизб ут-Тахрир уруксат алуу же ижазат суроону башынан эле четке кагат. Анткени ал Исламга даъват кылуу башкаруучу тарабынан берилчү белек же министрликтен алынчу лицензия эмес, Аллах Тааланын шаръий буйругу деп эсептейт. Аллах Таала айтты:

﴿ادْعُ إِلِىٰ سَبِيلِ رَبِّكَ بِالْحِكْمَةِ وَالْمَوْعِظَةِ الْحَسَنَةِ﴾

(Эй Мухаммад) Раббиңдин Жолу – динине данакердик – хикмат жана көркөм насаат менен даават кылгын (чакыргын)!” (Нахль: 125).

Жана Аллах Таала айтты:

﴿وَلْتَكُن مِّنكُمْ أُمَّةٌ يَدْعُونَ إِلَى الْخَيْرِ وَيَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَيَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنكَرِ وَأُوْلَـئِكَ هُمُ الْمُفْلِحُونَ﴾

“Силерден жакшылыкка (Исламга) чакыра турган, ибадат-итаатка буйра турган жана күнөө-жаман иштерден кайтара турган бир жамаат болсун. Дал ошолор ийгилик табуучулар – (тозоктон) кутулуучулар”. (Али Имран: 104).

 Аллах Таала дагы айтты:

﴿مَثَلُ الَّذِينَ حُمِّلُوا التَّوْرَاةَ ثُمَّ لَمْ يَحْمِلُوهَا كَمَثَلِ الْحِمَارِ يَحْمِلُ أَسْفَارًا ۚ بِئْسَ مَثَلُ الْقَوْمِ الَّذِينَ كَذَّبُوا بِآيَاتِ اللَّهِ ۚ وَاللَّهُ لَا يَهْدِي الْقَوْمَ الظَّالِمِينَ﴾

“Тоорот жүктөлгөн-берилген андан соң аны көтөрө албаган (тактап айтканда, анын көрсөтмөлөрүнө баш ийбеген) кимселер (яхудийлер) дал китептерди көтөрүп кетип бараткан эшекке окшойт (тактап айтканда, анын оорлугунан чарчап-чалыгышат, бирок ал Китептин ичиндеги нерселерден пайдаланышпайт). Алланын аяттарын жалган деген коомдун мисалы канчалык жаман. Алла мындай заалим коомду хидаят кылбас!” (Жума: 5).

Мына ушундай чакырыкты көтөрүп жүргөндөн кийин, кантип Аллахтын шариятын иштен чыгарууга негизделген системаны курган режимдерден уруксат сурасын?

Андан тышкары, күрөштүн өзөгү белгилүү бир партияга эмес, ал көтөргөн фикратка байланыштуу. Хизб ут-Тахрир ачык түрдө Ислам үммөтүнүн биримдигине чакырат, улутчулдук менен мекенчилдикти четке кагат жана андай пикирлерди мусулмандарды бөлүп-жарган, бири-бирине касташ элдерге айланткан, башка күчтөрдүн кызыкчылыгына кызмат кылдырган сырттан кирип келген пикирлер деп эсептейт. Дал ушул даъват колонизатор мамлекеттерди эң көп тынчсыздандырат. Анткени үммөттүн биримдиги үстөмдүк куралдарынын кулашын, бөлүнүүгө негизделген саясий, экономикалык жана аскердик таасир тутумунун кыйрашын билдирет.

Бүгүнкү күндө колонизатор көпчүлүк мусулман өлкөлөрүн түздөн-түз башкарбастан, функционалдуу жергиликтүү (улуттук жана мекенчил) режимдер аркылуу башкаргандыктан, Хизб ут-Тахрирге каршы күрөш көбүнчө дал ушул режимдердин колу менен жүргүзүлөт. Ага кысым көрсөтүлөт, тыюу салынат, жигиттери куугунтукталат жана аларга «экстремизм» же «терроризм» сыяктуу даяр айыптоолор тагылат. Бул зомбулук же куралдуу аракеттерди жасаганы үчүн эмес, тескерисинче, бул саткын режимдерди ашкерелеп, алардын колонизатор мамлекеттер менен байланышын ачып берип, өз элдеринин алдында «исламий өкүлчүлүк» деген жалган мыйзамдуулугун жокко чыгарганы үчүн болуп жатат.

Колонизатор мамлекеттердин жана алардын куйруктары болгон мусулман башкаруучуларынын көз карашында Хизб ут-Тахрир туудурган коркунуч анын көтөргөн куралы же коркуткан аскерий иши менен эмес, Ислам өлкөлөрүндө заманбап (секулярдык) мамлекет негизделген пайдубалдарды түп-тамырынан кыйратуучу терең фикрий долбоор менен байланыштуу. Ал реформа талап кылбайт, жүздөрдү гана алмаштырууну көздөбөйт, тескерисинче, Исламга негизделбеген жана Анын шарияты менен башкарбаган бүтүндөй режимдерди жоюп, мыйзам чыгаруу менен эгемендикти Бириккен Улуттар Уюмунан да, чет элдик элчиликтерден да эмес, вахийден алган түзүмдү орнотуу үчүн иш алып барат.

Ошондуктан Хизб ут-Тахрирге каршы күрөш талаадагы аракеттерге жооп иретинде эмес, эгер жайылууга мүмкүнчүлүк берилсе, азыркы түзүмгө калууга эч кандай жүйө калтырбай турган фикратка каршы алдын ала чара катары жүргүзүлүүдө. Анткени «бийлик Аллахка таандык», «үммөт бир», «колонизатор — душман», «башкаруучулар — колонизатордун колундагы куралдар» деген идеяны көзөмөлгө алуу да, алсыратуу да мүмкүн эмес. Ошондуктан ага башынан тартып иш алып барууга уруксат берилбейт.

Кыскасы, Хизб ут-Тахрир белгилүү бир режимге каршы чыккандыгы үчүн эмес, бардык мыйзамдык (шариятка негизделбеген) системаларды четке какканы үчүн, артыкчылыктарды талап кылганы үчүн эмес, азыркы бар нерсенин мыйзамдуулугун таануудан баш тартканы үчүн, баш аламандыкка чакырганы үчүн эмес, тескерисинче, саясатты, бийликти жана мыйзамдуулукту түп-негизинен кайра аныктаган мабдаий өзгөрүүгө чакырганы үчүн куугунтукка алынууда. Ушундан улам Хизб ут-Тахрир менен болгон күрөш коопсуздук же юридикалык күрөш эмес, фикрий жана хазарий согуш экенин түшүнөбүз. Ага каршы чабуулдун күчөшү аны жок кыла албайт, анын жигиттерин коркутпайт да, алардын духун сындырбайт. Тескерисинче, анын душмандарын ал көтөргөн улуу фикраттан жана орнотууну көздөгөн мамлекеттен коркуп жатканын ашкерелейт. Бул мамлекет мурда Расулуллах ﷺ  негиздеген Ислам мамлекети өзгөрткөндөй тарыхтын жүрүшүн өзгөртөт. Бул — пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рашид Халифалык. Ошондуктан бүт дүйнө Хизб ут-Тахрирге каршы туруп, аны менен күрөшүүдө. Бирок жеңиш Аллахтын уруксаты менен анын тарабында, Аллахтын убадасы менен.

﴿وَعَدَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُم فِي الأَرْضِ كَمَا اسْتَخْلَفَ الَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ وَلَيُمَكِّنَنَّ لَهُمْ دِينَهُمُ الَّذِي ارْتَضَى لَهُمْ وَلَيُبَدِّلَنَّهُم مِّن بَعْدِ خَوْفِهِمْ أَمْنًا يَعْبُدُونَنِي لَا يُشْرِكُونَ بِي شَيْئًا وَمَن كَفَرَ بَعْدَ ذَلِكَ فَأُولَئِكَ هُمُ الْفَاسِقُونَ﴾

“Алла силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдар кылган заттарга, кудум илгери өткөн (ыйман-ишенимдүү) заттарды (жер жүзунө) халифа өкүмдар кылгандай, аларды да жер жүзүнө халифа – орун басар кылууну жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон (Ислам) динин, үстөм-бекем кылууну, ошондой эле аларды (Меккеде көргөн) коркунучтарынан кийин, (Мадинада) тынчтык-бейпилдикке бөлөп койушун убада кылды. Алар Мага ибадат кылышат жана Мага бир да иерсенн шерик кылышпайт. Ким мына ушул (убада)дан кийин (нематка) күпүрдүк кылса, демек алар баш ийбес адамдар”. (Нур: 55).

﴿إِنَّا لَنَنصُرُ رُسُلَنَا وَالَّذِينَ آمَنُوا فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا وَيَوْمَ يَقُومُ الأَشْهَادُ﴾

“Албетте, Биз пайгамбарларыбызга жана ыйман келтирген заттарга дүйнө тирүүлүгүндө, да, күбөлөр тура турган Күндө (Кыяматта) да жардам беребиз”. (Гафир: 51).

Роя гезити

Устаз Хайсам ар-Ражхи — Йемен вилаяты

 

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button