Пакистандын аскердик жана саясий жетекчилиги Аллах, Анын Элчиси ﷺ жана момундар менен достошуунун ордуна, фараон Трамп менен достошуп жатат

Басма сөз баянаты
Пакистандын аскердик жана саясий жетекчилиги Аллах, Анын Элчиси ﷺ жана момундар менен достошуунун ордуна, фараон Трамп менен достошуп жатат
Эй Пакистан армиясынын күчтөрү, силер азыр кимдин тарабында турарыңарды чечишиңер керек!
Шаршемби күнү, 21-январда, Пакистандын Тышкы иштер министрлиги Пакистан «Тынчтык кеңеши» деп аталган түзүмгө кошулуу чакырыгын кабыл алганын жарыялады. Бул кеңеш фараон Трамптын колу менен Газаны басып алууну жеңилдетүү үчүн түзүлгөн. Бул кеңештин курамына яхудий түзүмүнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяху да кирет, ал эми Трамп бардык чечимдерге вето коюу укугун өзүндө сактап калат. Эртеси күнү дароо генерал Асим Мунир менен Шахбаз Шариф Давоско барып, кеңешке ыйгарым укук берүү келишимине кол коюшту жана Трампка берилген ишенимдүү жолдоочулар катары көрүндү.
Асим/Шахбаз өкмөтү яхудий түзүмү жана Трамп менен бир катарда биригип, ыйык Палестина жеринде яхудийлердин үстөмдүгүн бекемдөөгө жана каршылыкты басып, жанчууга киришти. Ушул максатта Пакистан армиясы америкалык кресттүү генералдын жетекчилиги астында операцияларды жүргүзөт. Бул вакыйлык эми баарына айкын болду. Пакистандын саясий жана аскердик жетекчилиги Трампка кызмат кылуу аркылуу Американын дүйнөлүк системасынан экономикалык пайда табууга үмүттөнүп, Пакистанды Америкага көз каранды мамлекетке айландырууну көздөп жатат.
Ошол эле Давос конференциясында Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер Газадагы планы менен тааныштырды: Палестинадагы мусулмандардын мүрзөлөрү үстүнө курулган турак жай комплекстери, шарап барлары жана адепсиз пляждар. Бул план америкалык генералдын жетекчилиги алдында мусулман армияларынын өтүктөрүн мазлум Палестина мусулмандарынын моюндарына коюу жана алардын каршылыгын басуу аркылуу ишке ашырылат. Бул Асим/Шахбаз өкмөтү айтып жаткан «туруктуу тынчтык» жана «акыркы ок атышууну токтотуу» ушулбу?
﴿سُبْحَانَ الَّذِي أَسْرَىٰ بِعَبْدِهِ لَيْلاً مِّنَ الْمَسْجِدِ الْحَرَامِ إِلَى الْمَسْجِدِ الْأَقْصَى الَّذِي بَارَكْنَا حَوْلَهُ لِنُرِيَهُ مِنْ آيَاتِنَا ۚ إِنَّهُ هُوَ السَّمِيعُ الْبَصِيرُ
“(Алла) бир түнү, Өз пендесин (тактап айтканда, Мухаммадды) – ага аят – кереметинен көрсөтүү үчүн (Меккедеги) Масжид – ал – Харамдан (Куддустагы) Биз айланасын берекелүү кылып койгон Масжид – ал Аксага сейил кылдырган (бардык айып – кемчиликтен) таза Зат. Чындыгында, Ал угуучу, көрүүчү Зат” (Исра: 1).
Палестинанын куралсыз эли миңдеген жандарын курман кылышты жана курал-жарагынын аздыгына карабастан яхудийлерге багынган жок. Алар дүйнөдөгү каапыр күчтөрдүн баарына каршы турушту, бирок багынышкан жок жана өз темир торлорунун артында туткун болуп жашап жатышканына карабай, жерин сатышкан жок. Ал эми Ислам өлкөлөрүндөгү эң күчтүү армиянын башчысы, өзөктүк күчкө ээ болуп, Куранды жаттаганын доомат кылган киши, жихадды фарз кылуудан жүз буруп, бир да ок чыгарбай, америкалык дүйнөлүк системанын алдында багынып, Давосто баш ийип турат!
Эй, Пакистан армиясы! Дагы эмнени күтүп жатасыңар? Силердин жетекчилигиңердин саясаты Трампка жагынуу жана Америкага кул болуудан башка нерсеби? Саясий жана аскердик жетекчилик Аллах Таалага, Анын Элчисине ﷺ жана момундарга эмес, Трампты тандады. Пакистан башкаруучулары исламий эмес бийликке (тагутка) баш ийерин ачык жарыялашты. Ал эми Аллах Таала тагутка каапыр болууга буйруган. Аллах Таала мындай деп айтат:
﴿أَلَمْ تَرَ إِلَى الَّذِينَ يَزْعُمُونَ أَنَّهُمْ آمَنُوا بِمَا أُنزِلَ إِلَيْكَ وَمَا أُنزِلَ مِن قَبْلِكَ يُرِيدُونَ أَن يَتَحَاكَمُوا إِلَى الطَّاغُوتِ وَقَدْ أُمِرُوا أَن يَكْفُرُوا بِهِ وَيُرِيدُ الشَّيْطَانُ أَن يُضِلَّهُمْ ضَلَالاً بَعِيداً﴾
“Бул Алла тарабынан болгон берешендик. Алланын өзү жетээрлик билүүчү” (Ниса: 60).
Эми чечим силердин колуңарда, бул аракет кылуу учуру. Силердин тартынчаактыгыңар, башаламандыкка түшүүңөр жана туруктуу өкүмдүн жоктугу бүгүн Пакистанды Нетаньяхунун союздаштарынын катарына койду. Мындайга Первез Мушарраф сыяктуу саткын да батынган эмес. Ошондуктан азыр чечим кабыл алгыла, Аллахка тобокел кылгыла жана Халифалыкты тикелөө үчүн Хизб ут-Тахрирге нусрат бергиле. Анткени аны тикелөө замандын талабы болуп калды, дүйнө бурулуш чекитинде турат жана Халифалык дүйнөгө жетекчилик кылып, адамзатты америкалык колонизатордук дүйнөлүк системадан куткарат. Халифалыкты тикелөөнүн урматы силердин колуңарда. Андыктан Мадинадагы ансар жигиттердин бир тобунун чечимин ой жүгүртүп көргүлө: алар Аллахтын Элчисине ﷺ нусрат берип, исламий мамлекетти тикелешкен жана Исламды миң жылдан ашуун убакыт дүйнөдө үстөм күчкө айлантышкан. Демек, бул тарыхты кайра кайталоонун учуру келди. Бул чакырыкка жооп бересиңерби?
Хизб ут Тахрирдин Пакистандагы маалымат бөлүмү
23.01.26




