Басма сөз

Чириген капитализмдин дагы бир үрөй учурган көрсөткүчү: дүйнөдө 1,2 миллиард жакыр адам бар!

Басма сөз баянаты

Чириген капитализмдин дагы бир үрөй учурган көрсөткүчү: дүйнөдө 1,2 миллиард жакыр адам бар!

Аллах Тааланын Мухаммадды ﷺ улуу Ислам рисалаты менен жибергени адамзатка берген улуу нематтарынын бири болуп саналат. Бул рисалат хидаяттын, ырайымдын жана нурдун рисалаты болуп, жакырга да, байга да рахмат, алсызга да, күчтүүгө да адилеттүүлүк болду. Бул Аллах Тааланын төмөнкү сөзүнө ылайык келет:

﴿الر كِتَابٌ أَنزَلْنَاهُ إِلَيْكَ لِتُخْرِجَ النَّاسَ مِنَ الظُّلُمَاتِ إِلَى النُّورِ بِإِذْنِ رَبِّهِمْ إِلَى صِرَاطِ الْعَزِيزِ الْحَمِيدِ﴾

«Алиф, Лам. Ра. (эй Мухаммад, бул Куран) Биз сага адамдарды Жараткандын ызны-ыктыяры менен караңыгылыктардан нурга — кудурет жана алкоо, мактоо ээси болгон Заттын жолуна алып чыгышың үчүн түшүргөн Китеп». (Ибрахим: 1).

Ислам болжол менен 13 кылым бою турмушта колдонулганда, муну бүткүл адамзат сезди. Өткөн кылымдын башында Ислам мамлекети кулатылып, Ислам башкаруудан четтетилгенге чейин ушундай болду. Андан кийин бир топ убакыт бою коммунизм менен капитализм үстөмдүк кылды. Кийин капитализм адамзатка жалгыз өзү үстөмдүк кылып, аны алсыратып, турмуштун азабын жана жашоонун оорчулугун тарттырды.

Кечээ, дүйшөмбү күнү Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы жарыялаган маалыматка ылайык, жакырчылыктын дүйнөлүк көрсөткүчү дүйнөдөгү жакыр адамдардын саны 1,2 миллиардга жеткенин каттады. Бул дүйнөдөгү 8 миллиард калктын сегизден биринен да көп дегенди билдирет. Муну менен бирге, Дүйнөлүк банк жана Бириккен Улуттар Уюму кабыл алган азыркы расмий эл аралык жакырчылык чеги бир адамга күнүнө болгону 3 доллар деп белгиленгенин да эске алуу керек.

БУУнун аталган агенттиги жана «Оксфорддун жакырчылык жана адамдык өнүгүү демилгеси» (OPHI) изилдөө борбору өздөрүнүн 2026-жылга карата жылдык баяндамасында өткөн жылга салыштырмалуу өтө жакырчылыкта жашаган адамдардын саны 51,5 миллионго көбөйгөнүн аныкташты. Бул эки уюмдун маалыматына ылайык, мындай өсүш акыркы 16 жыл ичинде биринчи жолу катталууда.

Башкача айтканда, дүйнөлүк өндүрүштүн көлөмү өсүп, дүйнө өлкөлөрүнүн экономикасы өнүгүп жатканына карабастан, бул элдерге, айрыкча жакырларга жана алсыздарга эч кандай жакшылык алып келген жок. Өнүккөн технологиялар да, экономиканын тездик менен өсүшү да аларга эч кандай пайда берген жок. Алардын курсагын тойгузууга же тамак-аш, кийим-кече, турак жай, билим берүү, медициналык жардам жана коопсуздук сыяктуу жашоонун эң жөнөкөй негизги муктаждыктарын камсыз кылууга да жараган жок!

Ошондуктан Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын директору Александр Де Кроо өз билдирүүсүндө: «Жакырчылык деңгээлинин мындай өсүшү бүткүл дүйнө үчүн коңгуроо болушу керек», — деп айтуудан башка арга таппады. Ал дагы мындай деп кошумчалады: «Бул сандардын артында ачарчылык, мектепти таштоо, ичүүчү сууга же электр энергиясына жетүү мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу сыяктуу бири-бирине байланышкан кыйынчылыктардын туюк айлампасына кабылган 1,2 миллиард адам турат».

Бүткүл адамзат жакырларга жана алсыздарга орун жок болгон капитализмдин отуна күйдү. Тескерисинче, капитализм өзү туура эмес бөлүштүрүү жана бузук теориялары аркылуу жакырларды пайда кылып, алардын санын көбөйтүүдө. Буга башкаруучулардын бузукулугу да кошулууда. Анткени экономикалык проблема Ислам карагандай, бөлүштүрүүдө жатат, капитализм көңүл буруп, чоң ийгиликтерге жетишкен өндүрүштө эмес. Капитализм болсо бөлүштүрүүнү баа механизми сыяктуу пайдалуу деп эсептеген, бирок чындыгында андай болбогон механизмдер менен теорияларга таштап койду. Жогорудагы вакыйлык жана статистикалык маалыматтар буга күбө.

Батыш мактанып жаткан капитализмдин өзү эле калган адамдардын жана элдердин эсебинен миллиарддаган байлыктарды ири акча ээлеринин жана чоң капиталисттердин колуна топтоду. Ал эми Ислам мындан айырмаланып, өзүнүн шаръий өкүмдөрү аркылуу байлыкты бөлүштүрүүгө жана анын адамдардын чакан тобунун колунда гана калып калышына жол бербөөгө өзгөчө көңүл бурду. Аллах Таала айтат:

﴿مَّا أَفَاء اللَّهُ عَلَى رَسُولِهِ مِنْ أَهْلِ الْقُرَى فَلِلَّهِ وَلِلرَّسُولِ وَلِذِي الْقُرْبَى وَالْيَتَامَى وَالْمَسَاكِينِ وَابْنِ السَّبِيلِ كَيْ لَا يَكُونَ دُولَةً بَيْنَ الْأَغْنِيَاء مِنكُمْ﴾

«Алла кыштак-шаарлардын (каапыр болгон) элинен Өз пайгамбарына олжо кылып берген нерселер тээ силердин араңардагы бай-дөөлөттүү кишилер ортосунда гана айланып жүрө бере турган нерсе болуп калбасын үчүн – Алланыкы, пайгамбардыкы жана (ал заттын) тууган-уруктары, жетимдер, бен-бечара, кедей-кембагалдар жана жолоочу-мусаапырлардыкы». (Хашр: 7).

Ошондой эле Ислам байлардан башка адамдар да байлыктан пайдалана алышы үчүн мал-мүлктү казына кылып топтоону жана аны базардан чыгарып, жүгүртүүдөн кармап турууну арам кылды. Аллах Таала айтат:

﴿وَالَّذِينَ يَكْنِزُونَ الذَّهَبَ وَالْفِضَّةَ وَلاَ يُنفِقُونَهَا فِي سَبِيلِ اللّهِ فَبَشِّرْهُم بِعَذَابٍ أَلِيمٍ﴾

«Алтын-күмүштү жыйнап алып, аны Алла жолунда кайыр-садага кылбай турган адамдарга жан чыдагыс азаптын «куш кабар»ын жеткизгин!» (Тообо: 34).

Ошондой эле Ислам мамлекетке жакырлардын жана алсыздардын муктаждыктарын камсыз кылууну жана аларга камкордук көрүүнү фарз кылды. Абу Хурайрадан (розияллаху анху) риваят кылынган хадисте Расулуллах ﷺ мындай деген:

«أَنَا أَوْلَى بِالْمُؤْمِنِينَ مِنْ أَنْفُسِهِمْ، فَمَنْ تُوُفِّيَ مِنَ الْمُؤْمِنِينَ فَتَرَكَ دَيْناً فَعَلَيَّ قَضَاؤُهُ، وَمَنْ تَرَكَ مَالاً فَلِوَرَثَتِهِ، وَمَنْ تَرَكَ كَلّاً فَإِلَيْنَا»

«Мен момундарга алардын өздөрүнөн да жакыныраакмын. Момундардын кимиси каза болуп, артында карыз калтырса, аны төлөө менин мойнумда. Ким мал-мүлк калтырса, ал мураскорлоруна таандык. Ал эми ким багууга муктаж адамдарды калтырса, алар бизге тапшырылат».

Мындан тышкары, экономикалык түзүмдү курууда жана адамдардын иштерине камкордук көрүүдө мыкты тартипти орноткон дагы көптөгөн өкүмдөр жана шаръий мыйзамдар бар.

Адамзат өзүн капитализмдин азап-тозогунан жана башкаруучу түзүмдөрдүн бузукулугунан куткарып, улуу Исламдын рахматын жана жакшылыгын кайра алып келе турган рошид Халифалык мамлекетинин кайтып келишине кандай гана муктаж!

Аллах Таала айтат:

﴿وَمَا أَرْسَلْنَاكَ إِلَّا رَحْمَةً لِّلْعَالَمِينَ﴾

«(Эй Мухаммад), чындыгында Биз сени бардык ааламдарга ыракым (Алланын ыракымы-бейишке жетектөөчү) кылып гана жибердик». (Анбия: 107).

Хизбут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү

19.10.26

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button