Комментарий

Иран кайра-кайра өзүнүн мабдаий мамлекет эместигин далилдеп жатат

Иран кайра-кайра өзүнүн мабдаий мамлекет эместигин далилдеп жатат

Жаңылык:

Вашингтон менен Тегерандын сүйлөшүүлөрү ракеталар менен куралдуу күчтөрдү да камтыйт. (Sky News Arabia, 5.02.2026-ж.).

Комментарий:

“New York Times” гезити расмий өкүлдөргө таянып кабарлагандай, Америка менен Иран 18-Шаабан жума күнү, 2026-жылдын 6-февралында өтүшү пландалган сүйлөшүүлөрдүн алкагы кеңейип, тараптар сүйлөшүүгө өзөктүк программага кошо ракеталар жана куралдуу күчтөрдүн маселелерин да камтууну макулдашты. Ирандын Тышкы иштер министри Иракжи социалдык тармактар аркылуу жолугушууну уюштурганы үчүн «Омандагы боордошторго» ыраазычылыгын билдирди. Бул Америка Араб деңизине ири флот топтоп, Иранды сүйлөшүүлөрдө өз шарттарына т.а. буга чейин жарыяланган яхудий түзүмүнүн шарттарына ылайык моюн сундура алган соң, саясий процесске кайрадан дем берди. Трамп: «Иранга багыт алган ири флотубуз бар… Алар биз менен сүйлөшүп жатышат, анткени биз аларга кол салуубузду каалашпайт», — деди (TRT Араби).

Бул ирандык чегинүү жана моюн сунуу мамлекеттин мабдаий эместигин далилдейт. Тагыраагы, режимин жана бийлик тактысын сактоо үчүн Иран өзөктүк программасынан гана эмес, баллистикалык ракеталарынан да баш тартты. Мунун баары Америка таңуулаган программага ылайык жүргүзүлөт. Мындан тышкары, аймактагы күчтөрүн да таштайт. Натыйжада, Иран Америка тарабынан Булуңдагы майда мамлекеттерди коркутуп-үркүтүү үчүн колдонулуучу «куралга» айланып калат. Ал эми Америка колдогон яхудий түзүмүнүн алдында таасирсиз, алсыз мамлекет бойдон калат. Максат аймакта эң күчтүү болуп турган яхудий түзүмү Трампка баш ийген майда мамлекеттер менен «нормалдашуу» процесстерин уланта бериши.

Бул көрүнүш Ислам өлкөлөрүндө турган бардык мамлекеттер, канчалык өнүккөн курал-жаракка ээ болуп, душмандарына зыян келтирүүгө кудуреттүү болсо да, чыныгы эгемендүү мамлекет эместигин далилдейт. Алар өздөрүнө чийилип берилген жол жана жүктөлгөн милдет чегинде гана кыймылдашат!

Америка менен анын союздаштарын токтото ала турган жалгыз күч — башкарууда жана жашоонун бардык системаларында Исламды колдонгон, аны даъват жана жихад аркылуу дүйнөгө алып чыккан рашид Халифалык мамлекети. Бүгүн мусулмандар аны тикелөөнүн тарикатын издей баштады. Эгерде колонизатор каапыр биздин өлкөлөргө отургузган жалданма жетекчилер жана батыш сакофаты болбогондо, Халифалыкка кайтуу көз ирмемден да жакын болмок.

﴿إِنَّ اللَّهَ بَالِغُ أَمْرِهِ قَدْ جَعَلَ اللَّهُ لِكُلِّ شَيْءٍ قَدْرًا﴾

“Албетте Алла өзү (каалаган) ишине жетүүчү Зат. (Анын каалоосуна каршы туруучу эч ким жок). Чындыгында Алла бардык нерсе үчүн ченем-өлчөө кылып койгон (тактап айтканда, турмушта көрүнө турган ар-бир жакшы-жаман окуя же кубулуш Жалгыз Алла каалаган-белгилеген убакыт жана өлчөөдө пайда болот).” (Талак: 3)

Абдулазиз Хамид – Йемен вилаяты

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button