
Мусулмандар үстүнөн тыңчылык
Нидерланддардын Жеке маалыматтарды коргоо боюнча агенттиги (AP) мечиттер жана өлкөдөгү мусулмандар тууралуу жашыруун жана мыйзамсыз маалымат чогулткан он муниципалитетке жалпы суммасы 250 миң евро өлчөмүндө айып салынганын билдирди.
Агенттиктин аныктоосуна ылайык, аталган муниципалитеттер мусулмандардын уюмдары жана мусулмандар тууралуу маалыматтарды камтыган отчетторду даярдап, алардын диний ишенимдерине жана жеке мамилелерине байланыштуу маалыматтарды чогултушкан.
Жыйналган маалыматтардын бир бөлүгү полицияга, Терроризмге каршы күрөш жана коопсуздук боюнча улуттук координациялык борборго (NCTV), ошондой эле Социалдык иштер жана жумуш менен камсыз кылуу министрлигине өткөрүлүп берилген. “AP” бул аракеттер негизинен мусулмандарга каршы багытталгандыктан, дискриминациялык мүнөзгө ээ экенин баса белгиледи.
“AP”нын корутундусуна ылайык, 2010-жылдары айрым муниципалитеттер радикалдашууга жана терроризмге каршы күрөшүү зарылдыгын жүйө кылып, “NCTV”нин сунуштарынын негизинде жеке изилдөөчү компаниялар менен кызматташкан. Алар мусулмандардын «таасир чөйрөсүн талдап», аларды «ыкчам текшерүү» иштерин жүргүзүшкөн. Ошондой эле, мечиттердеги жамааттын мүчөлөрү, мечит жетекчилери жана диний кызматкерлер жөнүндө кеңири отчеттор түзүлгөн, ошондой эле мусулмандардын үй-бүлөлүк байланыштары, мечиттеги ички келишпестиктер жана жеке алакалар тууралуу маалыматтар чогултулган.
Комментарий: бул жаңылык Батыш үчүн демократия, адам укугу деген нерселер эч бир мааниге ээ эмес экенин дагы бир ирет ырастап жатат. Бул көрүнүш айсбергдин учу гана. Батыштын мусулмандарга каршы мындан өткөн зулудуктары, айла-амалдары толуп жатат. Алар «демократияны» мусулман өлкөлөрүнө мурдун тыгуу, мусулмандарды бузуу үчүн гана колдонушат. Бирок, мусулмандар демократиянын жалганын убакыт өткөн сайын аңдап барышууда. Ошондой эле, мусулмандар «терроризмге», «экстремизмге» каршы күрөш мусулмандардын өзүнө, динине каршы багытталганын да баамдап жатышат. «Терроризм» мусулмандарды куугунтукка алуунун куралы экени эбак өз тастыгын тапкан. Буга карабай, Батыш жана алардын мусулман өлкөлөрүндөгү малайлары «терроризмге», «экстремизмге» каршы күрөштү шылтоолоп мусулмандарга каршы күрөштү күчөтүп келишет.
Харун Абдулхак




