
УКМК төрагасы Ташиев кызматтан алынды
Президент Садыр Жапаров 10-февралда Улуттук Коопсуздук боюнча Мамлекеттик Комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевди кызматтан алуу боюнча жарлыкка кол койду. Ташиев менен катар анын үч орун басары да кызматтан алынып, башка жетекчилер дайындалды.
Президенттин маалымат катчысынын билдиришинче, мындай чечим “эң биринчи кезекте мамлекеттин кызыкчылыгы, коомчулукта, анын ичинде мамлекеттик түзүмдөр ортосунда да бөлүнүп-жарылууга жол бербей, тескерисинче биримдикти чыңдоо максатында” кабыл алынган.
Айрым маалымат булактар Ташиев кызматтан алынганын чет өлкөдөн укканын, бул чечим ал үчүн күтүүсүз болгонун жазышты.
9-февралда өлкөдөгү мурда-кийинки 75 аткаминердин аты жазылган кайрылуу тараган. Алар учурдагы бийликти президенттик шайлоону тез арада өткөрүүгө чакырышкан.
Анын алдында жеке автомектептерди жабуу маселесинде Ташиевге жакын депутаттар Жогорку Кеңеште президенттин чечимине каршы билдирүү жасашкан.
Жогорудагылардан келип чыгып, Хизб ут-Тахрирдин Кыргызстандагы маалымат бөлүмү буларды билдирет:
Кыргызстандын “эгемендүүлүк” тарыхында Ташиев-Жапаров сыяктуу бир катар тандемдер түзүлүп, тараптардын бири өз кызыкчылыгына жеткенден кийин урап, тарых таштандысында калган. Алардын акыркысы Атамбаев менен Жээнбековдун ортосунда түзүлүп, алардын тандеми Атамбаевдин камакка алынуусу жана куралдуу жаңжал менен аяктаган. Демек, мындай жыйынтык пайдага негизделген капиталисттик башкаруунун табигый натыйжасы. Андыктан, саясатчылардын тузагына түшүп, тараптардын бирин колдоо аркылуу элдин бөлүнүп-жарылуусуна жол берилбеши керек.
Буга кошумча, аймактагы империалисттер саясий кризис жүз берсе, өз таасирлерин бекемдөө үчүн саясий окуяларга аралашып, өлкөнү талап-тоноо үчүн жарышуусу талашсыз. Андыктан, кыргыз коомчулугу болуп жаткан окуяларга суук кандуулук жана саясий аң-сезим менен жандашып, өлкөдө колонизаторлордун кызыкчылыгы үчүн туруксуздук чыгышына жол бербеши керек.
Хизб ут-Тахрирдин Кыргызстандагы маалымат бөлүмү
11.02.26




