Өзбекстан президентинин Пакистанга сапары

Өзбекстан президентинин Пакистанга сапары
Жаңылык:
5–6-февраль күндөрү Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Пакистан премьер-министри Шахбаз Шарифтин чакыруусу менен Исламабадга мамлекеттик сапар менен барды. Сапардын жүрүшүндө Мирзиёев Пакистан президенти Асиф Али Зардари, премьер-министр Шахбаз Шариф жана куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы, фельдмаршал Асим Мунир менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Ошондой эле Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин биринчи жыйыны болуп, өзбек-пакистан бизнес форумуна катышты. Эки тарап ортосунда соода көлөмүн көбөйтүү жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө үчүн бир катар келишимдерге кол коюлду.
Комментарий:
Бул сапар АКШнын «Чоң Борбор Азия» долбоорунун алкагында аймактык коопсуздук түзүмү кайра калыптанып жаткан мезгилге туура келди. Борбор Азиядагы дипломатиялык жана аскерий кызматташтыктын күчөшү жана акыркы убактарда «терроризмге каршы күрөш» ураанынын кайрадан күн тартибине чыгышы Вашингтондун геосаясий стратегиясы менен байланыштуу. АКШ түз аскерий кийлигишүүдөн баш тартып, ортомчу мамлекеттер аркылуу таасир этүүгө өттү жана «терроризм жана экстремизмге каршы» деген ураан астындагы аймактык альянстарды өзүнө ылайыктуу аянтча катары көрүүдө.
2025-жылдын сентябрында Эр-Риядда Саудия менен Пакистан ортосунда өз ара стратегиялык коргонуу келишимине кол коюлган. Ага ылайык, эки өлкөнүн бирине жасалган кол салуу экинчисине жасалган кол салуу катары эсептелет, кийин Түркия да кошулууга чакырылган. Бул «ислам үчтүгү» деп аталып калды (Пакистан – өзөктүк мүмкүнчүлүк, Түркия – өнөр жай жана аскерий күч, Саудия – каржылык мүмкүнчүлүк). Бирок бул түзүм үммөттүн коопсуздугун камсыздоочу чара катары эмес, исламий көрүнүштү колдонуп, АКШнын геосаясий кызыкчылыктарына кызмат кылган жаңы коопсуздук курулуштун бир бөлүгү катары каралууда. Анткени үч өлкөнүн тең АКШ менен терең аскерий жана чалгындык интеграциясы бар.
Өзбекстан бул системада негизги ролду ойнойт: ал Афганистанга коңшу мамлекет болуп, Борбор Азиянын чок ортосунда жайгашкан жана Россия менен Кытай таасиринин ортосунда тең салмактуулукту карманат. Өзбекстанды Пакистан аркылуу байланыштыруу менен Америка афган маселесиндеги демилгени Москва менен Бээжинден тартып алууну, аймактык коопсуздукту батыш стандарттарына ылайыкташтырууну, Афганистан аркылуу өтүүчү коридорлорду көзөмөлдөөнү жана исламий ойгонуу факторун басууну көздөйт.
Афганистан бул геосаясий долбоордо чечүүчү фактор болуп эсептелет. Афганистан аркылуу өтүүчү темир жол линиясына жана деңиз портторуна жетүү Америка үчүн Евразиядагы күчтөрдүн тең салмагын өзгөртө турган геосаясий түйүн болуп саналат жана Россия менен Кытайдын таасирин чектейт. Мирзиёевдин сапарынан бир күн мурда, 4-февралда, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев да Исламабадга барып, Пакистан менен стратегиялык өнөктөштүк декларациясына кол койгон. Бул 23 жыл ичиндеги биринчи сапар болду. Бул кокустук эмес, анткени Борбор Азия лидерлери Вашингтон менен координацияланып, Түштүк Азия тарапка багыт алууда. Өзбекстан аскерий блокторго кошулбоо саясатын карманганына карабастан, афган фактору жана россиялык басым аны жаңы форматтарга түртүп жатат. Мирзиёев менен Асим Мунирдин жолугушуусунда аскерий-техникалык кызматташтык, биргелешкен машыгуулар жана коргонуу өнөр жайы маселелери талкууланды. Бул сыртынан модернизация сыяктуу көрүнгөнү менен, чындыгында америкалык моделдерге ылайыкташуу болуп эсептелет.
Америка «исламий экстремизмге каршы күрөш» ураанын глобалдык курал катары колдонуп, геосаясий максаттарын ишке ашырууда. Алардын ичинде Исламдын мабдаий өлчөмүн көзөмөлдөө жана исламий өлкөлөрдү өз системасына байлоо максаты бар. «Ислам үчтүгү» да ушул максаттагы америкалык демилге болуп саналат.
Ислам үммөтү үчүн эң чоң коркунуч — АКШнын өзү. Муну түшүнүү үчүн анын Газада жана Суданда болуп жаткан мурда болуп көрбөгөн кандуу кыргындардын артында турганын көрүү жетиштүү. Жалгыз чечим — пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө. Анткени Халифалык гана үммөттү бириктире алат, адилеттик менен иззатты кайтарат жана фитна менен зомбулуктан коргойт.
Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«إِنَّمَا الْإِمَامُ جُنَّةٌ، يُقَاتَلُ مِنْ وَرَائِهِ وَيُتَّقَى بِهِ»
“Имам – бул калкан анын артында туруп согушулат жана аны менен коргонулат”.
Аллахтан үммөткө Халифалыкты кайра тикелөө үчүн чыныгы шыктануу жана олуттуу аракет берүүсүн сурайбыз. Амин.
Ислам Абу Халил – Өзбекстан




