Санадагы хусийлер жана Адендеги зубайдийлер… бизге эмне убада кылып, эмнеге үмүттөндүрүп жатышат?!

Санадагы хусийлер жана Адендеги зубайдийлер… бизге эмне убада кылып, эмнеге үмүттөндүрүп жатышат?!
Жаңылык:
«Sky News Arabia» сайты ушул жылдын 11-февраль шаршемби күнү «Зубайдий түштүк элди конституциялык декларациянын негиздерине бекем карманууга чакырды» деген аталыштагы кабар жарыялады. Анда мындай деп айтылат: «Йемендеги Түштүк өткөөл кеңешинин төрагасы Айдрус аз-Зубайдий шаршемби күнү түштүк аймактагы элди аянттарда жана талааларда күрөштү улантууга жана Түштүк өткөөл кеңешинин айланасына топтолууга чакырды. Ошондой эле аз-Зубайдий түштүк элин Түштүк Арабия мамлекетинин конституциялык декларациясынын негиздерине бекем карманууга чакырды».
Комментарий:
Албетте, Зубайдий мындай сөздү Британиянын агенти болгон Бириккен Араб Эмираттарынан башка жерде айта албайт. Бирок биз анын кайсы адамдарга кайрылганын жана аларга эмне убада кылып жатканын билбейбиз. Акыл жүгүрткөн адамдарга кайрылдыбы же кайдыгерлик ичинде адашып жүргөндөргөбү? Аларды эмнеси менен арбап жатат? Бул — андан мурда ондогон жылдар бою айтылып келген сөздөрдүн өзү. Алар түшүнүп, өздөрүнө таасир эте турган, ички түшүнүктөрүн өзгөртүп, бактылуу кылуучу мабдаий пикирлер да эмес! Жетүү үчүн жанды арноого арзый турган максаттар да эмес, ал үчүн тобокелге барууга арзый турган нерселер да эмес!
Кечээ хусийлер бизди 2014-жылы конституциялык декларация жарыялоо менен таң калтырган эле, ал болсо бизди туура жолго баштоонун ордуна абалды ого бетер оорлоткон. Бир айдан ашык убакыт мурда зубайдийлер да алардын артынан 2026-жылдын башында дагы бир декларация жарыялашты! Экөө тең Йемен ичинде согушуп, өздөрүнөн мурда өз бир туугандары, каны кол тийгис адамдар менен согушкандарга кошулушту!
Сана жана Адендеги башкаруучулардан кимдир бирөө конституциялык декларациясынан кийин мурдагы конституциядан толук баш тартканын жарыялап, анын ордуна андан түп-тамырынан айырмаланган, адамды көтөрүүчү пикирлерди камтыган жаңы конституция койду беле? Биздин башкаруучулардын ондогон жылдардан берки конституциялары алардын адам, аалам жана тирүүлүк тууралуу чириген түшүнүктөрүнүн үлгүсү. Инсаний проблемаларга берген бузук чечимдери динди турмуштан ажыратуу акыйдасынан келип чыгып, биздин алсыздыгыбызга, кор болушубузга жана элдер арасындагы төмөндөшүбүзгө себеп болду.
Мусулман өлкөлөрү башкаруучуларынын үлгүсү болсо Эпштейн аралында көрүнгөн, ал жерде адамдардын калдыктары даярдалып, элге башкаруучу кылып коюлат. Балким, эми биз эмне үчүн халифа мусулман, эркек, адилет, эркин, акыл-эстүү, балакатка жеткен, жөндөмдүү жана адамдар ыраазы болгон киши болушу шарт кылынганын түшүндүк! Бул шарттардын баары бизди башкаргандарда да, алар башкаруучу болсун деп сунуштагандарда да (мисалы, Айдруста) жок. Мындан тышкары, алардын сабатсыздыгы жана тайыз илими башкарууга ылайыктуулукка туура келбейт.
Ушунун баарынан кийин да пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекетине даъват кылып жаткан Хизб ут-Тахрир партиясынын даъватчыларында гана толук конституция жана бүтүндөй долбоор бар экенине, жана адамдарды башкарууга жөндөмдүү экенине адамдардын жүрөгүндө дагы деле күмөн барбы? Алар жер жүзүн зулум жана адилетсиздикке толгондон кийин адилеттикке толтурушат.
Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ»
«Андан кийин пайгамбарлык минхажы негизиндеги халифалык болот».
Шафик Хамис – Йемен вилаяты




