Басма сөз

Жасалма мыйзамдарды мыйзамдаштыруу жана аларды «исламдаштыруу» бизге кайгы-капа менен бактысыздыктан башка эч нерсе алып келбейт

Басма сөз баянаты

Жасалма мыйзамдарды мыйзамдаштыруу жана аларды «исламдаштыруу» бизге кайгы-капа менен бактысыздыктан башка эч нерсе алып келбейт

Акыркы убактарда Сирияда, айрыкча революцияны колдогон чөйрөдө, атайылап четтетүү жана камкордуктун жоктугу натыйжасында чыңалуу жана нааразылык байкаларлык өсүп жатат. Бул бир катар оор жана чечилиши кыйын көйгөйлөр менен кризистердин пайда болушуна себеп болду. Бул көйгөйлөрдүн башында — суу ташкыны каптап, чатырларын жулуп кеткен лагерлердеги элибиздин азап-кайгысы уланып, кыштын катаал шарттарында алар ачык асманда калганы турат. Муну менен катар электр энергиясынын кризиси, анын баасынын кымбатташы жана төлөмдөрдүн кескин өсүшүнө даттануулар бар.

Ошондой эле мугалимдер жетишсиздиги жана алардын иш таштоосу орун алууда. Бул алардын абалын, кадыр-баркын жана адамдык наркын сактай турган деңгээлде жөнгө салуунун кечеңдеши, ошондой эле алардын мүмкүнчүлүктөрүнө тең келбеген башка катмарларга салыштырмалуу айлык акысынын төмөндүгү менен байланыштуу. Алар болсо революция жылдарында сабыр кылып, курмандыкка барып, мурдагы режим кулатылгандан кийин абал жакшырат деген үмүттө аракет кылышкан.

Мындан тышкары, өлкө калкынын басымдуу бөлүгүнүн чектелүү кирешесине салыштырмалуу товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы өсүүдө (эгер кандайдыр бир киреше бар десек). Революцияны колдогон чөйрөдө «тандалма адилеттүүлүк» жүргүзүлүп жатканына, шабихалар менен кылмышкерлерге мунапыс берилип жатканына нааразылык бар. Ошол эле учурда көптөгөн даават көтөрүп чыккандар, пикир туткундары, революциячылардын ыкластуу өкүлдөрү жана мужахиддер көп жылдан бери түрмөлөрдө калууда.

Ошондой эле «азчылыктарды» революция эли жана курмандыктар эсебинен ыраазы кылууга умтулуу байкалууда. Оорунун түпкү себеби — тышкы күчтөрдүн, айрыкча Американын талаптарына баш ийүү, мамлекетти секулярлаштыруу жана «терроризмге каршы күрөш» деп аталган коалицияга кошулуу аркылуу революциялык жана жихадий рухту басууга аракет кылуу болуп саналат. Бул коалиция менен Америка Исламга каршы күрөшүүнү гана көздөйт. Ошондой эле яхудий түзүмү менен мамилелерди нормалдаштыруу кадамдары да жашыруун эмес…

Адамдар күн сайын ар кандай турмуштук көйгөйлөргө жана биринин артынан бири келген оор кыйынчылыктарга туш болуп жатышат. Мунун себеби адамдардын иштерине кам көрүүдө мамлекеттин кемчилиги, негизги турмуш муктаждыктары болгон тамак-аш, кийим-кече, турак жай, медицина, билим берүү жана башка зарыл нерселерди камсыз кылууга аракет кылбаганы менен гана чектелбейт. Тескерисинче, бул узакка созулган кризистер жашоо чындыгында Исламды жана анын чечимдерин колдонуу жок болгонунун табигый натыйжасы болуп саналат. Революциянын туруктуу негиздери, максаттары жана ураандары четке кагылып, Ислам башкаруудан, турмуштан жана мамлекеттен алыстатылып, анын ордуна адамдарга кайгы, жакырчылык жана бактысыздыктан башка эч нерсе алып келбеген секулярдык, жасалма конституция колдонулууда.

Бир нече күн мурда Сириянын юстиция министри Мазхар аль-Вайстын жарандык мыйзамдар шариятка каршы келбейт деген сөздөрү эл арасында чоң таң калууну жаратты. Ал «диний баалуулуктар менен укуктук баалуулуктардын ортосунда карама-каршылык бар деген жаңылыш түшүнүктөр бар» деп айтып, алардын «баары чындык» экенин билдирген. Бул мурдагы режимден калган конституция жана колдонулуп жаткан жасалма мыйзамдарга «шарияттык» мүнөз берүү аракетинин кооптуу көрүнүшү болуп саналат. Ал Сириядагы конституциялык декларацияда «ислам фыкхы мыйзам чыгаруунун негизги булагы» деп көрсөтүлгөнүн Сириядагы конституция жана мыйзамдардын шариятка шайкештигинин далили катары баалады. Бирок «негизги булак» деген сөз башка исламий эмес (чыгыштык жана батыштык) булактардын бар экенин четке какпай турганын көз жаздымда калтырды.

Ошондой эле ал: «өкүмдөр убакыттын жана жердин өзгөрүшүнө жараша өзгөрөт» деген коиданы кошумчалады. Бирок Ислам чындыгында өкүмдөрдү өзгөртүү үчүн эмес, тескерисинче, вакыйлыкты шарият өкүмдөрүнө ылайык келтирүү жана аны өзгөртүү үчүн келгенин, ал эми өкүмдөрдү вакыйлыкка ылайыкташтыруу өзгөрүүдөн баш тарткан, душмандарыбыздын көрсөтмөлөрүнө баш ийген адамдардын каалоосуна ээрчүү экенин жана мындай таптакыр болбошу керек экенин эске алган жок.

Эң чоң коркунучтардын бири — жасалма мыйзамдарга «шарияттык» мүнөз берүү жана соттордун мурдагы режим учурундагы абалында кала бериши болуп саналат. Натыйжада шариятты казылыкта колдонуу жалаң гана жеке абалдагы маселелерге (нике, ажырашуу, мурас) менен чектелип, ал эми башкаруу, мамлекет, ички жана тышкы саясат сыяктуу тармактар Ислам системасынан жана анын мыйзамдарынан алыс бойдон калууда.

Негизи, Ислам акыйдасы конституция менен мыйзамдардын жалгыз булагы болушу керек. Шарияттын майда-чүйдө (тафсилий) далилдеринен чечимдер чыгарылат. Ушундай жол менен адилеттик орноп, мамлекеттин карамагындагы адамдардын бакубат жашоосу жана бактысы камсыз болот. Ошондо гана мамлекет чындап камкор мамлекет болуп, салык жыйноочу мамлекетке айланбайт.

Ал эми умумий мүлктөр жана мунай, газ, кен байлыктары сыяктуу жер алдындагы байлыктар — адамдардын татыктуу жашоосун камсыз кылып, алардын жыргалчылыгынын кепилдиги болгондуктан, негизинен мамлекет аларды натыйжалуу жана көз карандысыз башкарууга тийиш. Бул чет өлкөлүк компанияларга, мисалы америкалык «Chevron» жана башка компанияларга артыкчылыктарды берүүгө эмес, мамлекеттин карамагындагы адамдардын укуктарын камсыз кылууга багытталууга тийиш. Анткени мындай иштер талап-тоноо жана көз карандылык кризисин күчөтөт.

Биз Ислам жана анын өкүмдөрү менен чечимдери колдонулмайын зулум улана берерине толук ишенебиз. Чыныгы жана шариятка ылайык түпкү кутулуу Ислам мамлекетин тикелөө аркылуу гана болот. Ал адамдарга урмат-сыйын, коопсуздугун, укуктарын жана байлыктар кирешесин кайтарып берет. Дал ушул мамлекет аркылуу гана биздин бул дүйнөдө жана акыретте оңолушубуз жана кутулуубуз болот. Анда адамдар Исламдын камкордугунда жашап, анын адилеттигинен ырахат алышат, ошондой эле адамдар аракет кылып жаткан мыйзамдуу турмуштук талаптары ишке ашат. Аллахтан мунун жакын арада Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык көлөкөсүндө ишке ашышын сурайбыз. Анын кайра кайтарын туура жол көрсөтүүчү Пайгамбар Мухаммад ﷺ  сүйүнчүлөгөн.

Демек, Ислам аркылуу урмат-сыйды каалаган ар бир ыкластуу адам бел байлап, динин колдоого жана шариятты өкүм чыгаруучу кылууга чын ниет менен аракет кылсын. Аллахтын жардамы жана өзгөртпөй, бурмалабай турган ыймандуу пенделерине бийлик берери тууралуу убадасы, Аллахтын каалоосу менен сөзсүз келет. Анткени Ал Өзүнүн мухкам Китебинде мындай деген:

﴿وَعَدَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُم فِي الْأَرْضِ كَمَا اسْتَخْلَفَ الَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ وَلَيُمَكِّنَنَّ لَهُمْ دِينَهُمُ الَّذِي ارْتَضَى لَهُمْ وَلَيُبَدِّلَنَّهُم مِّن بَعْدِ خَوْفِهِمْ أَمْناً يَعْبُدُونَنِي لَا يُشْرِكُونَ بِي شَيْئاً وَمَن كَفَرَ بَعْدَ ذَلِكَ فَأُوْلَئِكَ هُمُ الْفَاسِقُونَ﴾.

 «Алла силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдар кылган заттарга, кудум илгери өткөн (ыйман-ишенимдүү) заттарды (жер жүзунө) халифа өкүмдар кылгандай, аларды да жер жүзүнө халифа – орун басар кылууну жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон (Ислам) динин, үстөм-бекем кылууну, ошондой эле аларды (Меккеде көргөн) коркунучтарынан кийин, (Мадинада) тынтык-бейпилдикке бөлөп койушун убада кылды. Алар Мага ибадат кылышат жана Мага бир да иерсенн шерик кылышпайт. Ким мына ушул (убада)дан кийин (нематка) күпүрдүк кылса, демек алар баш ийбес адамдар». (Нур: 55).

Хизб ут-Тахрирдин Сирия вилаятындагы маалымат бөлүмү

10.02.26

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button