Комментарий
Trending

Мусулмандардын эң катуу душмандары альянс түзгөнүн жарыялашты

Мусулмандардын эң катуу душмандары альянс түзгөнүн жарыялашты

Жаңылык:

Индия премьер-министри Моди шаршемби күнү яхудий түзүмүнө барып, Кнессетте сөз сүйлөдү. Анын алдында Нетаньяху да сөз сүйлөп, экөө тең жаңы бир алкакта стратегиялык мамилелерди жана альянстык байланыштарды тастыкташты. Бул сапардын алкагында бир катар келишимдерге кол коюлду.

Комментарий:

Бул эки душмандын Кнессеттеги сөздөрү бири-бирине жакын, дээрлик мактоо-даңктоого окшош болуп, эмоцияга бай болду. Моди менен Нетаньяху Индия менен яхудий түзүмүнүн ортосундагы тарыхый жана стратегиялык байланыштарды, бекем карым-катнаштарды баса белгилешти. Бирок экөө тең «терроризмден» жапа чегип жатышканын, о.э орток нерсе катары «экстремисттик исламга» каршы стратегиялык альянсты айтышып, «варвардык мейкиндикте» эркиндиктердин коргоочулары экенин белгилешти. Ошондой эле Нетаньяху яхудийлер менен Индия эл аралык альянс жана ок түзгөнүн жарыялады.

Яхудий түзүмү менен Индиянын ортосундагы альянс жаңы эмес экендиги белгилей кетүү керек. Ал ондогон жылдардан бери уланып келет. Расмий дипломатиялык мамилелер 1992-жылы башталганы менен, бул альянстын негизи мусулмандарга болгон орток душмандык. Индия көптөн бери яхудий түзүмүнүн Пакистанга каршы кутумдары үчүн база болуп келген. Анткени Пакистанды алар өзөктүк куралга ээ исламий өлкө катары коркунуч деп эсептешет. Экөө биргелешип Пакистандын өзөктүк мүмкүнчүлүккө ээ болушуна бөгөт коюу аракеттерин жасашкан. Акыркы Индия–Пакистан кагылышуусунда да яхудий түзүмүнүн куралдары жана учкучсуз аппараттары Индиянын арсеналында болуп, чабуулда колдонулду.

Индия менен яхудий түзүмүнүн ортосунда жарыяланган бул стратегиялык альянс, ошондой эле ачык айтылган сөздөр т.а. мусулмандарга каршы индустардын жырткычтыгын жетектеп жаткан Моди жана Палестина элине каршы кыргын согушун жүргүзүп жаткан кылмышкер Нетаньяху тарабынан айтылган билдирүүлөр Исламга жана мусулмандарга каршы согуш алардын жүрөгүндө жашаган негизги тынчсыздануу бойдон калып жатканын айкын көрсөтөт. Мусулмандарга болгон душмандык ар кандай дин жана улуттагы душмандардын ортосундагы мамилелердин негизи болуп калууда. Бирок каапырлардын мусулмандарга мусулман болгону үчүн мындай душмандыгы жаңы нерсе эмес. Бул тууралуу Аллах Таала Өзүнүн Азиз Китебинде алардын кабарларын билдирип мындай деген:

﴿لَتَجِدَنَّ أَشَدَّ النَّاسِ عَدَاوَةً لِّلَّذِينَ آمَنُوا الْيَهُودَ وَالَّذِينَ أَشْرَكُوا﴾

«Ыйман келтирген адамдарга эң катуу душмандык кылуучу адамдар жөөттөр жана мушрик (Аллага бир нерсени тең кылуучу) болгон кимселер экенин көрөсүң». (Маида: 82).

Бул заалымдардын ортосундагы альянс да таң калычтуу эмес. Аллах Таала дагы мындай деген:

﴿وَإِنَّ الظَّالِمِينَ بَعْضُهُمْ أَوْلِيَاءُ بَعْضٍ وَاللَّهُ وَلِيُّ الْمُتَّقِينَ﴾

«Албетте, заалымдар бири-бирине дос. Ал эми Аллах — такыбалардын Досу». (Жасия: 19).

Бирок таң калычтуусу, индустар менен яхудийлер сыяктуу бул душмандар мусулмандарды кайсы жерде болбосун бир үммөт катары карап, аларга каршы альянс түзүлүшү керек болгон душман деп эсептеши. Алар көкүрөктөрүндөгү кекти толук ачыктык жана уятсыздык менен чыгарып, өз диний ишенимдерине таянып сүйлөшүүдө. Бул ишенимдерди алар улам-улам кайталап, бизге каршы жүргүзүп жаткан согуштарын диний согуштар деп жарыялап жатышат. Ал эми мусулман башкаруучулары болсо баштарын кумга тыгып, ачык жарыяланган бул согушка карабастан мусулмандарды бир үммөт катары бириктире турган ар кандай байланышты четке кагып, дин жана үммөт негиз болгон ар кандай түшүнүктөн жана негизден толук баш тартып жатышат.

Бул каапырлардын коркуусу жана мусулмандарга каршы биригүүсү исламий үммөттөгү жашыруун күч-кубаттардан, мүмкүнчүлүктөрдөн жана андагы өзгөрүү менен кайра жандануудан болгон коркуу. Бул, албетте, алардын башкаруучуларынан корккондуктан эмес. Эгер Моди мамлекеттер адатта карым-катнаштагы тең салмактуулукту сактагандай мусулман башкаруучуларын эсепке алганда, баскынчы түзүм менен альянс жарыяламак эмес жана, мисалы, өз кызыкчылыктарына зыян келтирүүдөн чоочумак. Анткени анын Булуң өлкөлөрү менен экономикалык кызыкчылыктары яхудий түзүмү менен болгон байланыштарынан ондогон эсеге жогору. Бирок бул – коркоктук, кордук, агенттик жана кутумчулук. Мындан да ашыгы Нетаньяху өзүнүн жаңы огун жарыялап, анын курамына айрым араб мамлекеттери да кирерин, ал шиит огуна жана анын айтуусунда жаңыдан түзүлүп жаткан сунний огуна каршы багытталганын билдиргенде көрүнөт. Демек, мусулман башкаруучулары жана алардын режимдери мурда да, азыр да мусулмандардын эң алсыз жери болуп келет жана алар жок кылынмайынча ушундай бойдон кала берет.

Абдурахман Ладавий

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button