Трамптын бурмалоосу Американын хазарий, саясий жана экономикалык банкротко учураганын ачып көрсөтөт

Трамптын бурмалоосу Американын хазарий, саясий жана экономикалык банкротко учураганын ачып көрсөтөт
АКШ президенти Трамп Америка «мурда болуп көрбөгөндөй чоң, жакшы, бай жана күчтүү абалга кайтып келди» деп жарыялап, мамлекеттин абалы тууралуу кайрылуусунда анын администрациясы бийликке келгенден бери бир жыл ичинде тарыхый өзгөрүүгө жетишкенин белгиледи. (Al Jazeera Net)
АКШ башынан өткөрүп жаткан ийгиликсиздиктерди жаап-жашыруу жана чыныгы абалдан секирүү үчүн, ал АКШдагы саясий чөйрөнүн жана «терең мамлекеттин» өкүлү катары бурмалоо жана жалган маалыматтарды колдонуп, АКШ Ислам өлкөлөрүнө каршы «терроризмге каршы согуш» деп аталган крест жортуулун баштагандан бери жеткен хазарий банкроттугун жана ийгиликсиздиктерин жашырууга аракет кылды. Бул ийгиликсиздиктердин акыркы баскычы Трамптын башкаруу мезгилине туура келип жатат. Бул банкроттук Афганистан менен Иракты басып алуу жана андан кийин 2008-жылдагы оор экономикалык кризис менен коштолуп, убакыт өткөн сайын күчөп отуруп, АКШнын мамлекеттик карызы 39 триллион доллар чегине жетип, экономикалык банкротко жакындаган абалга алып келди.
Мындан тышкары, АКШ Батыштын негизги баалуулуктарынан жана принциптеринен, айрыкча эркиндик, демократия жана эркин рынок сыяктуу принциптерден баш тартуу аркылуу хазарий ийгиликсиздикке да жетти. Мунун акыркы көрүнүштөрүнүн бири АКШнын 60тан ашуун эл аралык уюмдан чыгышы жана эл аралык саясатта жалгыз үстөмдүк кылууга умтулуусу болду.
Сынчылар жана байкоочулар анын узак сөзүндө көптөгөн бурмалоолор жана адаштыруулар бар экенин белгилешти. Бул аркылуу ал америкалык шайлоочуларды өлкө жакшы абалда жана улуу держава бойдон калды деп ишендирүүгө аракет кылды, чындыгында андай эмес. Сөзүндө көп сандагы ашырылган, так эмес же ачык жалган билдирүүлөр болду, айрыкча экономика, миграция жана кылмыштуулук, шайлоолор жана тышкы саясат маселелеринде. Бул бурмалоолордун айрымдары төмөнкүлөр:
- Трамп «бүгүн иштеген америкалыктардын саны АКШ тарыхындагы эң жогорку деңгээлге жетти» деп, жумуш орундарын түзүүдө өзгөчө секирик жасаганын жана анын башкаруусунда экономиканын өсүшү «тарыхый бурулуш» болгонун билдирди. Бирок New York Times сыяктуу айрым маалымат агенттиктер жүргүзгөн талдоолор көрсөткөндөй, бул сөздөрдүн айрымдары жалпы сандар боюнча калктын көбөйүшүнө байланыштуу формалдуу түрдө туура болушу мүмкүн, бирок алар адаштыруучу мүнөзгө ээ. Анткени иштегендердин калкка карата үлүшү жана жумуш орундарынын өсүшү мурдагы жылдарга салыштырмалуу жайлаган, ал эми 2025-жылдагы ички дүң продукциянын өсүшү Байдендин башкаруу мезгилиндеги айрым жылдарга караганда алсызыраак болгон.
Ошондой эле Трамп 12 ай ичинде АКШга 18 триллион доллар жаңы инвестиция тартылганын айтып, муну болуп көрбөгөн жетишкендик катары көрсөттү. Бирок бул сан ишенимдүү маалыматтарга негизделген эмес. Ак үйдүн расмий сайты болсо 9,7 триллион доллар көлөмүндөгү инвестициялык билдирүүлөр тууралуу гана сөз кылат, алардын көбү бүдөмүк же узак мөөнөттүү убада түрүндө болуп, реалдуу инвестициялар эмес, ал тургай айрымдары мурдагы долбоорлорду кайра сунуштоо гана болуп саналат.
- Трамп тарыхтагы эң ири салык кыскартууларын жүргүзгөнүн, чайпулдарга (налогооблажения чаевых) жана социалдык камсыздандырууга салыктарды жокко чыгарганын, ошондой эле чайпул жана кошумча иштен түшкөн кирешеге салыктарды алып салганын билдирди. Бирок чындык башкача: текшерүүлөр көрсөткөндөй, бул пакет тарыхтагы эң чоң кыскартуу эмес, ички дүң продукцияга карата көлөмү боюнча болжол менен алтынчы же жетинчи орунда турат. Мындан тышкары, кошумча иштен жана чайпулдан түшкөн кирешеге салыктар толук жоюлган эмес, болгону айрым жеңилдиктер жана киреше чектөөлөрү киргизилген. Ошондой эле социалдык камсыздандыруудан пенсия алган көптөгөн адамдар өз жөлөкпулдарынын бир бөлүгүнө дагы деле салык төлөшөт.
- Трамп Байден администрациясы «өлкө тарыхындагы эң начар инфляцияны алып келди» деп айтып, 12 ай ичинде негизги инфляцияны 1,7%га чейин төмөндөттүм деп билдирди. Ал ошондой эле жумуртканын баасы 60% арзандаганын, тоок эти, май, жемиштер, мейманканалар, унаалар жана ижара баалары анын бийликке келген учуруна салыштырмалуу кыйла төмөндөп кеткенин айтты. Бирок CBS, CNN жана BBC сыяктуу маалымат каражаттары Байден мезгилиндеги инфляция тарыхтагы эң жогорку деңгээлде болбогонун, анын президенттик мөөнөтүнүн акыркы айларында жылдык көрсөткүч 3%дан төмөн болгонун белгилешкен. Айрым товарлардын бааларынын төмөндөшү чын болсо да, ал жарым-жартылай жана туруксуз болуп, дүйнөлүк рынок факторлоруна байланыштуу болгон. Ал эми ижара, турак жай жана саламаттык сактоо чыгымдары сөздө айтылгандай эмес, салыштырмалуу жогору бойдон калууда.
- Трамп бажы алымдарын чет өлкөлөр төлөйт жана алар бара-бара киреше салыктарын алмаштырып, америкалыктарга болгон жүктү жеңилдетет деп кайталап айтты. Бирок экономикалык далилдер бажы төлөмдөр чыгымынын болжол менен 90%ын америкалык импорттоочулар көтөрөрүн жана анын бир бөлүгү керектөөчүлөргө жогору баалар түрүндө өткөрүлөрүн көрсөтөт. Ошондуктан бул төлөмдөр иш жүзүндө чет өлкөлүк өкмөттөргө жүк эмес, жашыруун ички салык болуп эсептелет.
- Өзүнүн жийиркеничтүү расисттик билдирүүлөрү тууралуу Трамп акыркы тогуз ай ичинде АКШга мыйзамсыз мигранттардан «нөл» адам киргенин жана өлкөнүн түштүк чек арасы тарыхтагы эң коопсуз абалда экенин айтты. Бирок Трамп айтып жаткан нерсе анын расисттик мактануусунан жана ата-бабалары болгон европалык баскынчылар тарабынан кыргынга учураган кызыл терилүү индейлердин жерин басып алганын кыйыр түрдө актоосунан тышкары чек арадан өткөн же системага катталган бардык мигранттар эмес, кармалгандан кийин бошотулган белгилүү бир мигранттар тобуна гана тиешелүү. Чындыгында кармалгандардын саны жана чек арадан өтүү аракеттери дагы эле жогору бойдон калууда, ал эми чек араны «тарыхтагы эң коопсуз» деп атаган билдирүүнү миграция же баңгизат аткезчилиги боюнча маалыматтар тастыктабайт.
- Трамп өзүнүн саясаты кылмыштуулукту тарыхый деңгээлге чейин азайтканын кыйытып айтып, 11888 киши өлтүргүч мигрант катары өлкөгө киргенин жана кылмыштуулук түздөн-түз миграция менен байланыштуу экенин кайталады. Ошондой эле Улуттук гвардия жайгаштырылгандан кийин Вашингтон шаары эң коопсуз шаарлардын бирине айланганын билдирди. Бирок CNN, NBC жана AP жарыялаган иликтөөлөр бул сан көп жылдар бою киши өлтүрүү боюнча соттолбогон адамдар менен жаңы келгендерди аралаштырып эсептегенин, алардын көбү көптөн бери жашап келген тургундар экенин көрсөтөт. Ошондой эле Вашингтондогу кылмыштуулук боюнча маалыматтар айрым көрсөткүчтөрдүн төмөндөшүнө карабастан, шаарды эң коопсуз шаарлардын катарына киргизүүгө негиз бербейт.
- Трамп Миннесота штатындагы сомалилик жамааттын өкүлдөрүн азык-түлүк программаларындагы алдамчылык аркылуу салык төлөөчүлөрдүн 19 миллиард доллар каражатын талап-тоногон деп айыптады. Бирок бул көрсөткүчтөр текшерилгенде, АКШнын Юстиция министрлиги болжол менен 1 миллиард долларга бааланган алдамчылык иши боюнча жүзгө жакын адамга айып койгону аныкталган. Конгресстеги иликтөөлөр бул сумманы болжол менен 9 миллиард долларга чейин жогорулатышы мүмкүн, бирок 19 миллиард долларга жакын көрсөткүчтү тастыктаган маалымат жок. Ошондуктан бул доомат негизсиз болуп саналат.
- Трамп өзүнүн президенттик мөөнөтүнүн он айында сегиз согушту токтотконун айтып, Пакистан менен Индия, Камбоджа менен Таиланд, Косово менен Сербия, Египет менен Эфиопия, Армения менен Азербайжан, Конго менен Руанда ортосундагы кризистерди, ошондой эле өзү негизги колдоочусу болгон Газадагы геноцид согушту «өтө төмөн деңгээлге түштү» деп мисал келтирди. Бирок ал атаган бул «согуштардын» көбү расмий согуш жарыяланбаган дипломатиялык чыңалуулар же төмөн интенсивдүү кагылышуулар болгон. Айрымдарында анын ортомчулугу тууралуу айтылганына карабастан, кагылышуулар уланган. Ошондой эле Газадагы этникалык тазалоо иш жүзүндө токтогон эмес. Демек сегиз согушту токтоттук деген билдирүү чындык эмес, элес гана.
Ошондой эле Трамп НАТО чыгымдарын көбөйтүүдө өзүнүн ролун ашыра көрсөтүп, дээрлик бүтүндөй альянс үчүн өзү төлөп жаткандай кылып көрсөткөн. Чындыгында АКШ тарыхый жактан НАТО чыгымдарынын чоң бөлүгүн көтөрүп келген, бирок акыркы жылдары европалык мамлекеттердин салымы да кыйла көбөйгөн. Бул мурдагы факторлор жана басымдардын жыйынтыгы болуп саналат, жана АКШ баары үчүн төлөп жатат деген маанини билдирбейт.
Жыйынтыктап айтканда, бул кайрылуунун жалпы багыты жана текшерүүлөрдүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, Трамптын 2026-жылдагы мамлекеттин абалы тууралуу сөзү контексттен ажыратылып берилген жарым-жартылай фактыларга, так эмес же ашырылган сандарга, кеңири шайлоо бурмалоосу, кооптуу мигранттар жана өзү токтоткон согуштар тууралуу далилсиз кайталаган баянга негизделген. Мунун каршысында текшерүү борборлору, журналисттер, адистер жана оппозициячыл саясатчылар расмий статистикага жана сот иштеринин материалдарына таянган каршы баян сунуштап, сөздө тартылган сүрөт менен АКШдагы экономика, демократия жана тышкы саясаттын реалдуу абалынын ортосунда чоң айырма бар экенин көрсөтүштү.
Бирок Трамп АКШнын саясий жана хазарий жактан жеткен оор абалын жашыруу үчүн ушундай баян жана бурмалоолорго аргасыз болду деп айтылат. Бул абал Ислам үммөтү аңдап, ушул мүмкүнчүлүктү пайдаланып, АКШнын үстөмдүгүнөн бошонуп, анын ордуна пайгамбарлык минхажы негизиндеги мамлекетти т.а. адилеттик менен эл аралык системанын ордун баса турган Халифалык мамлекетин орнотуу керек деген чындык.
لِمِثْلِ هَذَا فَلْيَعْمَلِ الْعَامِلُونَ
«Мындай иш үчүн аракет кылгандар аракет кылышсын». (Саффат: 76)
Билал Мухажир – Пакистан вилаяты




