Трамп дүйнөгө жана мусулмандарга эмнени жеткиргиси келет?

Трамп дүйнөгө жана мусулмандарга эмнени жеткиргиси келет?
Эпштейн файлдарында документтештирилген айыптоолор жана чуулгандуу иштер ачыкка чыккандан кийин да, Трамп текебердигин жана менменсинген мүнөзүн токтоткон жок. Бул анын табиятынын ажырагыс бөлүгү. Ал Иранга сокку уруп, анын ички иштерине кийлигишүүдө. Буга режимдин өз элине болгон мамилесин шылтоо кылууда. Мунун баары аймактагы, айрыкча Ливандагы анын колдорун жок кылуу пландары менен коштолууда. Максат Америкага толук көз карандылыкты бекемдөө жана аймакты өзүнүн жана анын эрке баласы болгон яхудий түзүмүнүн эркине баш ийдирүү. Ошентип, аймакта күчкө же таасирге ээ эч ким калбашы керек, мейли ал көз карандылык тарабында болсун же чечиминин көз карандысыздыгын издеп жаткан болсун айырмасыз.
Трамп өзүнө көз карандылыкты ыраа көргөндөргө буйрук берүү ролун аткарууда. Алар өз өлкөлөрүн Американын пландары үчүн жөн гана инвестициялык материалга айлантып жиберишкен. Натыйжада, ал каалагандай бажы төлөмдөрүн киргизет жана өлкөлөрдүн байлыктарын, мүмкүнчүлүктөрүн системалуу түрдө талап-тонойт. Трамп дүйнөгө жана Ислам үммөтүнө жеткиргиси келген нерсе — менменсинген күч көрсөтүү аркылуу үммөттүн эркин сындыруу жана үммөт өз акысын кайтарып алуу же өзүнө зулум кылгандарды жазалоо жөнүндө ойлонушуна да жол бербөө.
Эки жарым жылга созулган Газадагы ырайымсыз согуштун жүрүшүндө бул эл аралык күчтөрдүн маалымат каражаттары кыргындарды атайылап документтештирип, анын үрөй учурган көрүнүштөрүн экрандарда көрсөтүп келди. Бул системалуу жарыялоо жабыр тарткандардын пайдасына эмес, Ислам өлкөлөрүндөгү жана Батыштагы коомдорду баш ийүүгө жана кордукка моюн сунууга даярдоо максатын көздөдү. Элдерди бул үстөмдүккө көндүрүп, аны качып кутулгус тагдырдай кабыл алдыруу аркылуу, адамдарды өз ишине ээ боло албаган үйүр сыяктуу абалга түшүрүү көздөлдү.
Бирок чоң бир чындыкты аңдоо зарыл, Трамп жана ага окшогондор мындай жиндилик жана адамзат баалуулуктарын ачык четке каккан абал менен чыга алышы, дүйнө элдерине жана Ислам үммөтүнө зулум кыла алышы — Исламдын эл аралык майдандагы күчкө ээ мамлекети жок болгондуктан гана мүмкүн болду. Ал мамлекет үммөттүн биримдиги аркылуу дүйнөдөгү үстөм күч болушу, бекем ишеним, сабыр жана туруктуулук менен ишке ашуусу талашсыз. Үммөттүн кайрадан лидерликке кайтышы Аллахтын Өз дини үчүн аракет кылгандарга берген убадасы жана Анын Элчиси ﷺ сүйүнчүлөгөн кабары менен сөзсүз болот. Исламга иззаттан башка абал жарашпайт, ал чек араларында бекем турган, Аллахтан жардам жана нусрат күткөн эли менен гана тик турат.
Аллах Таала айтат:
﴿وَقَدْ مَكَرُوا مَكْرَهُمْ وَعِندَ اللَّهِ مَكْرُهُمْ وَإِن كَانَ مَكْرُهُمْ لِتَزُولَ مِنْهُ الْجِبَالُ * فَلَا تَحْسَبَنَّ اللَّهَ مُخْلِفَ وَعْدِهِ رُسُلَهُ إِنَّ اللَّهَ عَزِيزٌ ذُو انتِقَامٍ﴾
«Чынында эле, алар (Мекке мушриктери) өздөрүнүн айлакерликтерин кылышты. (Бирок) эгер алардын айла-амалы себептүү тоолор жемирилип кете турган болсо да, алардын (бул) айлакерликтери Алланын алдында (маалым). (Эй Мухаммад) сен эч качан Алла Өз пайгамбарларына берген («Биз албетте Өз пайгамбарларыбызды үстөм кылабыз», деген) убадасынан таючу, деп ойлобогун. Албетте кудуреттүү Аллага жолуга турган Күндө (Кыяматта) өч алуучу».
(Ибрахим: 46-47).
Зубайда Умму Усман




