Роя гезити

Трамптын “Тынчтык Кеңеши” – заманбап Дар ан-Надва кутуму

Трамптын “Тынчтык Кеңеши” – заманбап Дар ан-Надва кутуму

Тарых сахнасында аткаруучулар жана каражаттар өзгөргөнү менен, акыйкат менен батылдын ортосундагы күрөштүн маңызы жана услубдары дээрлик өзгөргөн жок. Мекке мушриктери Каабанын жанындагы Дар ан-Надва деп аталган кеңеш үйүндө чогулуп, Ислам дааватын жок кылуу, мусулмандарды алсыратуу жана Пайгамбарыбыз ﷺдын эркин сындыруу үчүн эң айлакер жана эң кара ниет пландарды түзүшкөн. Дар ан-Надва жөн гана имарат эмес эле, Исламга каршы системалуу саясий чечимдер кабыл алынган борбор болгон. Ал жерде Курайш башчылары чогулуп, Пайгамбарыбыз ﷺды өлтүрүүнү жана анын дааватын толугу менен жок кылууну пландашкан. Абу Жахлдин сунушу менен мушриктер ар бир уруудан курч кылыч менен куралданган күчтүү бир жигитти тандоого макул болушкан жана алар Пайгамбарыбыз ﷺга бир убакта кол салып, аны өлтүрүшү керек эле. Бул кара ниет пландын максаты кан өчүн бардык урууларга жайылтуу жана Бани Хашим уруусу Пайгамбарыбыз ﷺдын өлүмү үчүн өч ала албай калышын камсыз кылуу болгон. Алар Дар ан-Надвада Исламды муунтуп, анын келечегине чекит коюуга бел байлашкан.

Бүгүн болсо Трамп жана анын айланасындагы кара ниет күчтөр берекелүү Палестина жана анын Газа аймагына байланыштуу жайылтып жаткан “Тынчтык Кеңеши” долбоору — Дар ан-Надванын ээлери уюштурган ошол тарыхый кутумдан кем эмес коркунучтуу заманбап көрүнүш. “Тынчтык Кеңешинин” максаты “тынчтык жана гүлдөп-өсүү” деген жабуунун алдында ошол эле эски максатты ишке ашыруу: Газанын калкын өз жеринен бошотуу, аны Америка көзөмөл кылган экономикалык аймакка айлантуу жана Дар ан-Надвада пландалгандай эле жамааттык фитна аркылуу исламий эркти жана акыйда рухун тамырынан жулуп салуу.

Трамптын акыркы билдирүүлөрүндө Газаны “стратегиялык мүмкүнчүлүктөрү бар аймак” деп мактап, аны француз Ривьерасына окшогон кооз курортко айлантуу жөнүндө айткандарынын артында мусулмандарды өздөрүнүн берекелүү жеринен ажыратуу жана материалдык азгырык аркылуу аларды акыйдасынан баш тарттырууга багытталган план жатат.

Дар ан-Надванын башчылары мусулмандарды  камоого алып, ачарчылык менен сыноого салып, кийин аларды өз шарттарын кабыл алууга мажбурлоого аракет кылгандай эле, бүгүн Газа элине каршы колдонулуп жаткан ачарчылык жана массалык өлтүрүүлөр мусулмандарды дал ушул “Тынчтык Кеңеши” долбооруна макул кылууга багытталган эки курал болуп саналат.

Бүгүн эң кайгылуу жана оор нерсе Дар ан-Надва бүгүн бир гана Вашингтондо эмес, айрым Ислам өлкөлөрүнүн башкаруучуларынын сарайларында да курулуп калганында. Бул каргашалуу фитна борборлору азыр Каир, Эр-Рияд, Абу-Даби жана Амман сыяктуу борборлордо гүлдөп жатат. “Тынчтык Кеңеши” дал ушул аймактык “шейхтердин” катышуусун көздөп, алардын колу аркылуу Газада Америка үстөмдүгүн орнотууну максат кылууда. Бул мамлекеттердин жетекчилери, айрыкча Мисир режими, Газаны курчоого алып муунтуу менен яхудий түзүмүнө кызмат кылуудан кубанып турган чакта, Бириккен Араб Эмираттары, Марокко жана Бахрейн “экономикалык өнүгүү” деген шылтоо менен Газаны куралсыздандыруу планына жетекчилик кылууну, мусулмандарды өз жеринен кууп чыгарып, “Абрахам келишимдерине” катышууну пландап жатышат.

Трамптын “Тынчтык Кеңешине” катышуу жана кафирлердин Газаны сатуу, мусулмандарды кордоо пландарын колдоо Аллах Таалага, Анын Элчисине ﷺ  жана Газада төгүлгөн таза кандарга жасалган эң жийиркеничтүү кыянатчылык болуп саналат. Бул жөн гана саясий альянс эмес, Исламды жок кылууга аракет кылып жаткан залимдердин кылмыштарына мыйзамдуулук берүүгө катышуу болуп саналат. Аллах Таала айткан:

﴿لَّا يَتَّخِذِ الْمُؤْمِنُونَ الْكَافِرِينَ أَوْلِيَاءَ مِن دُونِ الْمُؤْمِنِينَ وَمَن يَفْعَلْ ذَٰلِكَ فَلَيْسَ مِنَ اللَّهِ فِي شَيْءٍ﴾

«Момундар момундарды таштап коюп, каапырларды дос тутушпасын! Ким Ошондой кылса, анда ал Алла тарабынан эч нерседе эмес (Тагыраак айтканда Аллага чоочун)» (Аали Имран: 28).

Бул кеңешке катышуу — зулумга учураган балдардын кыйкырыктарын сатуу, зордук-зомбулукка туш болгон аялдардын укуктарынан баш тартуу жана мусулмандардын берекелүү жерлерин яхудий түзүмүнө белек катары тапшыруу дегенди билдирет. Бул чоң кылмыштын кесепети тарыхта каргыш тийген барак гана болбостон, Кыямат күнү Аллахтын алдында оор азап болот. Силердин Дар ан-Надва мураскорлору менен түзгөн келишимдериңер Ислам үммөтүнүн денесине сайылган уулуу канжар. Бул мушриктердин ар бир уруудан бир жигит алып, Пайгамбарыбыз ﷺды бирге өлтүрүп, жоопкерчиликти бөлүшүп алалы жана мусулмандар эч кимден өч ала албай калсын деген планына окшош. Силер да ушундай эл аралык жамааттык кыянат аркылуу Газанын эркин басып, муунтууга аракет кылып жатасыңар.

Бирок тарых күбө: Дар ан-Надванын кутумдары Пайгамбарыбыз ﷺдын жана анын асыл сахабаларынын туруктуулугун жана сабырын сындыра алган эмес. Аллах Өз Пайгамбарына ﷺ бул кутумдардан чыгуу жолун жана Ислам мамлекетин куруу үчүн жеңиш берген. Ошондой эле бүгүн Трамп жана анын малай башкаруучулары жайылтып жаткан “тынчтык кеңештери” да үммөттүн эрки алдында кыйроого учурай турганы анык. Анткени Газа сатылуучу мүлк эмес, ал Ислам үммөтүнүн абийири менен иззатынын символу.

Биз ачык айтышыбыз керек, Газада жана бүтүндөй Палестинада зулумду токтотуунун, мусулмандардын абийирин жана намысын коргоонун, фитна кеңештерин талкалоонун жалгыз жолу рошид Халифалык мамлекетин тикелөө! Мусулмандардын башына аларды коргогон, кафирлерди коркуткан жана Ислам системасы менен адилеттүүлүктү орноткон халифа келмейинче, Газадагы трагедия улана берет жана мусулмандардын каны төгүлө берет. Мусулмандарга колонизаторлор чийген “тынчтык” эмес, Халифалык роясы астындагы чыныгы илахий адилеттүүлүк керек. Ошол адилеттүүлүк аларды заманбап Дар ан-Надвалардан жана ички чыккынчылардан куткарып, жерин жана намысын коргойт.

Ошондуктан Аллах Тааланын бул катуу эскертүүсү үммөттүн тагдыры менен ойноп, фитна кеңештерине катышкандар үчүн сабак болсун:

﴿وَلَا تَحْسَبَنَّ اللَّهَ غَافِلاً عَمَّا يَعْمَلُ الظَّالِمُونَ إِنَّمَا يُؤَخِّرُهُمْ لِيَوْمٍ تَشْخَصُ فِيهِ الْأَبْصَارُ﴾

«(Эй Мухаммад) Сен эч качан: «Алла заалим адамдардын кылып жаткан ништеринен бейкапар (капарсыз)» деп ойлобо! Бар болгону Алла аларды(н жазаларын), көздөр (айбат-коркунучтан) катып кала турган, (коркунучтуу Кыямат) Күнүнө гана калтырууда». (Ибрахим: 42).

Роя гезити

Салахуддин Аль-Узбекий

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button